Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1217

Кол топтоодо алдыда болгондор жөнүндө

4-декабрда президенттикке талапкерлер үчүн дагы бир милдеттүү процедура – шайлоочулардан 30 миң кол топтоо аяктады. Эң көп 60 миңге жакын колду же тагы 59 998ди Садыр Жапаров топтоп тапшырды. Эң азы Кубанычбек Токтосуновдуку, аныкы -  30 106. Мында орточо оптималдуу  колдун саны 35-40 миң болгону жакшы. Анткени, БШКда колдор коюлган барактарды  текшерүү  учурунда ар кандай себептер менен  алардын бир бөлүгү жараксыз деп табылышы мурдатан болуп келген, бул ирет да ал кайталанышы мүмкүн. Кол койгондордун айрымдарынын маалыматтары толук болбой  же даана окулбай  калат, экинчилеринин койгон колдору шектенүүлөрдү жаратат. Үчүнчүлөрүнүн  паспортторунун (айди карттарынын) мөөнөттөрү өтүп кеткен болушу мүмкүн. Шайлоочулардын арасында эски документтер менен жүргөндөр да чыгат. Иши кылып дыкат сыдыргыдан өткөрө келгенде кемчиликтер табыла берет. Ошондуктан, талапкерлер мүмкүн болушунча, максималдуу чеги болбогондон кийин, минималдуу  чектен алда канча көбүрөөк кол топтогонго аракеттенишет. Акыркы күнгө карата 21 талапкер колдор коюлган барактарды тапшырышса, алардын топтогон колдору бирөөсүнүкүнөн (К.Токтосуновдукунан) башкасы 33 000ден  жогору, тактап айтканда, 35-45 миңдин тегерегинде болду.

Мыйзамда тапшырылган кол коюлган барактар 8 күндүн ичинде текшерилип чыгышы керектиги көрсөтүлгөн. Демек, БШКдагылар аларды 13-декабрга чейин толук текшерип чыгып, ар талапкер боюнча тийиштүү чечимдерди кабыл алышат. Текшерүү учурунда айрымдар чогулткан кол коюлган барактардын сезилерлик бөлүгү  жараксыз деп табылса, айрым талапкерлер жарыштан чыгып калуулары да  ыктымал.

Капчыктардын жарышы кандай болот?

Талапкелер үчүн эң негизги сыноо - шайлоо алдындагы үгүт иштери экендиги талашсыз. Кимдин эмнеге жөндөмдүүлүгү, ресурстары кандай экендиги мына ошондо көрүнөт. Үгүт иштери расмий түрдө 16-декабрда башталат. Бирок “чабал өрдөк мурда учат” дегендей, көпчүлүк тарапкерлер мурдатан эле тымызын жер-жерлерге чабармандарын жиберишип, колдорунан келишинче  таасирдүүлөр менен жең ичинен сүйлөшүп, ооздору толгуча убадаларды беришип, “жайыттарын” даярдап  жатышкандары эч кимге жашыруун эмес. Бирок тымызын  сүйлөшүлгөндөрдү, имиштерди эч  бир кагазга далил катары жамай да, тиге да албайсын. Ошентип,  расмий үгүт иштери 16-декабрдан башталат. Ал эми үгүт кампаниясы ортологондо кимдин эмнеге жөндөмдүүлүгү, талапкерлердин чама-чарктары билинип калат.

Мурдатан адат болуп калгандай, бул жолку шайлоодо деле каржы маселеси негизги ролду ойнойт.  Анткени, шайлоочулар чарбалык эсепке өтүп алышкан. Ага саясатчылар өздөрү көндүрүштү. Бөлөк-бөтөндөр түгүл  жердештери, жакындары деле “Эмне берер экен?” деген тейде бир нерсени үмүт кылып турушат. Бир нерсе ыроологондорго душмандары болсо деле добуш беришет. Бербегендер жакын туугандары деле болсо тескери бурулуп кетүүлөрү толук  мүмкүн. Талапкерлердин программа, концепциялары жер-жерлердегилерди түгүл, Бишкектеги окумалдарды деле кызыктырбайт. Анткени, жакшы чиймелегичке буйрутма кылса, ал супер заманбап  программа, концепцияларды оңой эле чүргөп таштайт. Адатта бизде программа, концепциялардын ишке ашып-ашпашына эч ким деле кызыкпайт. Ошондуктан, элдин көпчүлүгү  программа, концепция дегендерди талапкерлердин дилдеринен чыккан убадалар эмес, шайлоолордогу   эч кимге ысык-суугу жок милдеттүү ритуалдык кагаздар катары гана карашат.

Бул жолку шайлоодо саясый кырдаалга байланыштуу мурдагы шайлоолордогудай элге массалык түрдө акча таркатылбашы мүмкүн. Таркатышса да, өтө сак, этият болушат. Бирок түздөн түз элге акча таркатышпаган менен ишенимдүү адамдарды эпсиз көбөйтүп, алар аркылуу  шайлоочуларды өздөрүнө тартууга аракеттенүүлөрү же башка жолдорду табышы толук ыктымал. Анткени, мындай учурларда акылга сыйбаган, ойго келбеген жылчык-тешиктерди  таап алганга саясатчыларыбыз да, шайлоочуларыбыз да көнүп калышкан.

Тышкы таасирлер кандай болот?

Мында, албетте, бул жолку президенттик шайлоо эмнеси менен айырмаланат? Ага реалдуу таасир тийгизгидей ички, тышкы факторлор барбы? Болсо, алар кайсылар? – деген  суроолор жаралат. Алгач тышкы факторлорго токтололу.

Азыркы шайлоонун саясый өзгөчөлүгүнө байланыштуу сырттан тигил же бул талапкердин өтүүсүнө кызыкдар болуп, аны каржы же медиа тарабынан сүрөгөн күч болбойт десек жаңылышпайбыз. Анткени, пробатышчыл Равшан Жээнбеков, Абдиль Сегизбаев,  Клара Сооронкулова сыяктуу талапкерлердин реалдуу шанстары жок, аны алардын артында тургандар да эң сонун билишет. Ошондуктан аларга канча каражат жумшалса деле реалдуу жыйынтык болбой турган соң алардын батыштагы демөөрчүлөрү итке сөөк ыргыткандай, көңүлдөрүн улоо үчүн анча-мынча эле каражат бөлүп, усулдук сунуштарын берүү менен гана чектелишет, андан чоңго барышпайт. Демек, пробатышчылдардын бул шайлоого катышуулары реалдуу маани-мазмунда эмес, статистикалык мүнөздө гана болот. Эгерде аймактагы негизги саясый оюнчуларга токтолсок, алар төмөнкүдөй:

Евразия континентиндеги эң күчтүү супер держава, биздин жакын кошунабыз  Кытайдын тышкы саясаттагы негизги принциби – башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишпөө. Аны дайыма  бекем карманышат. Анын үстүнө Кыргызстанда прокытайлык туруктуу күчтөр келечекте эле калыптанбаса, азырынча жок.  Демек, “күн алдындагы түбөлүктүү мамлекеттин” бул шайлоодо кызыкчылыгы жок. Алар Кыргызстанда кимиси шайланса да саясый туруктуулук  тезирээк  калыптанып, биргелешкен долбоорлорго, инвестицияларга  жол ачылышын гана каалашат.

Кыргызстанды жетектеген саясатчы үчүн пророссиялык болгондон башка жол жок. “Көп векторлуу саясат жүргүзгүсү” келген К.Бакиевдин  тагдыры  кандай  болгондугун көрдүк.  Мындан ары акыл-эси ордунда турган бир да жетекчи  анын кемчилигин кайталабайт.  Кайталаса, өзүнүн эле шору болот, залакасы элге да тийет. Биздеги Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев, Канатбек Исаев, Улугбек Кочкоров сыяктуу негизги талапкерлердин арасында андай адамдар жок. Демек, бул жолку шайлоодо тышкы прессингдик басым-кысым болбойт деп ишенимдүү айтсак болот. Жакынкы кошуналарыбыздан айрым талапкерлерге артыкчылык берип, ошолордун бири шайлануусун көргүсү келгендер, кээ бирлерин көргүсү келбегендер  болушу ыктымал, бирок алар Москва менен Кытайды карап турушат. Ал жактардан ишарат болбосо, ачыктан ачык кийлигишкенге батынышпайт.

 

Ички факторлор кайсылар?

Бизде мурдатан аймактык, кландык фактор чоң роль ойноп келген, бул жолу да шайлоо процессине, анын жыйынтыгына өз таасирин тийгизүүсү толук мүмкүн. Эң негизгиси, шайлоо алдындагы үгүт иштеринде аймактар, улуттар боюнча жиктелип кетүүлөргө жол бербөө зарыл. Эгерде талапкерлердин бирин башка аймактын өкүлдөрү ачыктан ачык тоотпой же шылдыңдап, дарегине ар кандай сөздөрдү айтышса,  ал дайыма тескери натыйжасын берет. Же калган аймактардын өкүлдөрүнүн, шайлоочуларынын ага каршы биригип кетүүсүн  шарттайт. Ошондуктан кандай талапкер болбосун биринчи кезекте өз тарапташтарын, туруктуу электоратын башка аймактардын өкүлдөрүнө сый-урматта мамиле жасоого чакырып, өзү да ашкере агрессивдүү сындардан алыс болуусу зарыл.

Дагы бир негизги фактор, Кыргызстандын калкынын 1,5 миллиондон ашыгын титулдук эмес этностордун өкүлдөрү түзүшөт. Аларды талапкердин расмий тилге, башка этностордун укуктарына, тилдерине жана маданияттарына карата мамилеси гана кызыктырат. Ким расмий тилди, тышкы интеграцияны, теңдикти колдоп сүйлөсө, ошого ооп кетишет. Ошондуктан,  бардык талапкерлер улутчулдук чакырыктардан, билдирүүлөрдөн өтө этият болуулары зарыл. Супер мекенчил болгон күндө деле дипломаттык, реалдуу жагдайды эске алган этияттык  бардык адамдарда, ал эми мамлекетти башкарууга умтулгандарда жөнөкөй адамдарга салыштырганда он эсе көп болуусу зарыл. Чыныгы саясатчы деген — реалдуулук менен эсептешкен адам. Реалдуулук менен эсептешпегендер, ошого жараша жүрүм-турумдарын, сүйлөгөн сөздөрүн ыңгайлаштырып  тура албагандар эч качан улуттук деңгээлдеги чоң саясатчылардан боло алышпайт.

10-январда ким  жеңет?

Эми акыркы суроо: 10-январда өткөрүлө турган президенттик шайлоодо жогоруда биз санагандардан кимдердин шанстары жогору?

2021-жылдын  6-январына же талапкерлердин тизмеси биротоло бюллетенге киргизилгенге чейин бир айдай убакыт бар. Бул мезгилдин ичинде талапкерлердин айрымдары өз ара бир тилге келишип, айрымдары өнөктөшүнүн пайдасына талапкерлигин алып салуусу толук мүмкүн. Баамыбызда, негизги күрөш, атаандаштык 5-6 адамдын же тактап айтканда, С. Жапаров, А. Мадумаров, К. Исаев, К. Иманалиев, У. Кочкоровдун ортосунда эле болот. Мына ушулардын ичинен кимиси  атаандаштардын  көбүрөөгү менен тил табышып, өзүнүн айланасына көбүрөөктү топтогонго жараса, ошонун шансы кескин жогорулайт.

А. Мадумаровдун компромисске баруусу кыйын, ал бардык жерде биринчи болгусу гана келет. Ал эми калган негизги талапкерлердин ич ара бөлүштүрө тургандарын бөлүштүрүп, бир тилге келишсе, өздөрүнө да, элге да жакшы болмок. Азыркы шайлоонун негизги фаворити - албетте, Садыр Жапаров. Анын башынан бийликти алмаштырган революционердин ореолу кете элек. Мамлекеттик ресурстар да ал үчүн иштейт, салт болуп калгандай күркүлдөр да ага ыкташат. Бул жагынан алганда, башкалардыкына салыштырганда анын шансы жогору. Бирок  шанс менен аны туура пайдалануунун ортосунда чоң аралык бар экендигин да унутпайлы.

Дагы бир жагдай, №2 форма алынып салынгандан соң шайлоону легитимдештире турган милдеттүү  минималдуу шайлоочуларды добуш берүүгө келтирүү  да өзүнчө маселеге айланганы турат. Анткени, бул жолку президенттик шайлоо климаттык жактан эң оор учурга туура келүүдө. “Жаман айтмайынча жакшы болбойт” дегендей, кокус 10-январда 2018-жылдын 22-25-январындай суук болуп кетсе (антпейт деп эч ким айта албайт), кары-картаңдардын, ооруп-сыркагандардын көпчүлүгү жөн эле шайлоого келе албай калышы да ыктымал. Жергиликтүү бийликтегилер, БШКдагылар муну да эске алып, андай кырдаалга да даяр туруулары керек.

Жыйынтыктап айтканда, эл олку-солкулуктан, ополоң-тополоңдордон тажады. Жаңы дем менен келгендерге да мүмкүнчүлүк  берели. Алардын ойлору, сунуштары жакшы. Аларды сөздө гана эмес, иште да сынап көрөлү. Мүмкүн, чындап эле Кыргызстанды сормо саздан сууруп чыгарышар.

 

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити