Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 497

Баш маселе


Азыр айрым өлкөлөрдүн ички иштерине, анын ичинде шайлоолоруна башка өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын интернет, хакердик жолдор менен кийлигишүүлөрү адатка айланып калды окшойт. Алсак, АКШ менен Германия шайлоолоруна Россиянын кийлигишкендигинен көптөн бери шек санап келишет. Бирок, колдорунда конкреттүү фактылар болбогондуктан конкреттүү чараларды көрүшө элек. Ал эми биздин ички саясый процесстерге сырттан каржыланган өкмөттүк эмес уюмдардын, топтордун ачыктан ачык кийлигишүүлөрү нормага айланып калган. Алдыдагы парламенттик шайлоолордо ага да алымсынбастан электрондук, санариптик технологияларды ж.б. пайдалануулары да толук мүмкүн.

“РЕ-акция” деген кыймылдын пайда болгондугуна көп деле убакыт өтө элек. Ал аракеттеги бийликке каршы пикеттерди, митингдерди уюштуруп, чакырыктарды жасап турууга адистешкен. Бул жаатта алардын мүчөлөрү сезилерлик ийгиликтерге жетише элек, бирок дымактары аябагандай чоң экендиги айкын боло баштады. Анын артынан “РЕ-форма” деген саясый партия түзүлүп, ага Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жетекчи болуп калды. Өздөрүнүн уставдары боюнча саясаттан сыртта турган бир катар өкмөттүк эмес уюмдардын активисттери жана укук коргоочулар бул партиянын рейтингин арттырып, парламентке өтүшүнө мүмкүнчүлүк түзүүгө аракеттенип жатышат.

Парламенттеги 120 орунга талапкерлер аябагандай көп, учурга карата 50гө жакын партия шайлоого катышарын билдиришти. Стартка келгенде алардын канчасы тизмеде калар-калбасы азырынча белгисиз, ал үчүн аябагандай чоң уюштуруучулук, каржылык, медиалык ресурстар керек. Реалдуу алганда, ага “РЕ...”лердин жана аны коштогондордун мүмкүнчүлүктөрү жетпейт. Ар НПО өз күчтөрү менен  “РЕ...лерге” 1 миң доллардан деле кошо алышпайт. Өздөрү бирөөлөрдүн колдорун карап, жаланып-жуктанып отурушса, анча каражатты кайдан табышмак эле.

Бирок, сырттан кандай жолдор менен болбосун “РЕ...ни” парламентке өткөрүүгө кызыкдар атайын кызматтар же жөн эле кызматтар болсо, НПОлор аркылуу “РЕ...лердин” ойлоруна, түштөрүнө кирбеген каражаттардын келип калышы да ыктымал. Анча каражатты сарамжалдуу, максаттуу башкарууга да чоң жөндөм талап кылынат. Шайлоого катышкандардын көпчүлүгү С.Турдумалиев жадабай жазып келаткандай, чоң саясый максаттар менен биригишип, анан акчанын айынан араздашып, мушташып таркоолору кыргыз саясаты үчүн адатка айланып калган.

Бирок, ал өзүнчө башка маселе. Эл аралык Республикалык институт дегендин “РЕформа” партиясына атайын саясый технолог бөлгөндүгүнө караганда, ал партияны сырттан координациялаган сезилерлик эле күч бар сыяктанат. Анын ким экендиги азырынча белгисиз болгон менен “шибегени капка ката албагандай эле”, ал жакынкы күндөрдө эле белгилүү болорун бөркүңүздөй көрсөңүз болот. Анткени, Кыргызстандын коопсуздугу үчүн УКМК гана иштебейт, бул жаатта  Россиянын, Кытайдын ж.б. өлкөлөрдүн атайын кызматтары да кол кабыш кылып турушат.

“РЕформанын” саясый тактикасы Шаршендин ырларындай, куулук-шумдуктарындай эле жөнөкөй. Ал муну аткарам, тигини жайгарам деп деле убада кылбайт. Буга чейинки практикадан көрүнгөндөй, “РЕ..чилер” аракеттеги бийликтин ар бир иш аракеттин аёосуз сындап, элди ага кайраштырып, интернетте жана социалдык тармактарда  постторду  жана роликтерди таркатуу аркылуу гана өз имиджин түзүп келатат. Бул максатта алар азыр Кыргызстандагы пандемиялык оор абалды да аёосуз эксплуатациялашууда. “РЕ-акция” кыймылындагылар “РЕформага” бул жагынан онлайн жана көчө митингдерин уюштуруу жагынан жардамдашууда. Аларга океандын ар жагын караган, Батыштан гранттарды алган НПОчулар да унисон  болушууда. Жарменкедегидей ар кыл, ар түстүү болгон мындай топторду сырттан координциялаган кол бар экендиги барган сайын ачык сезилип бара жатат. Ал ачык билинип калса, эл аралык жаңжал чыгары да турган иш. Өзүн сыйлаган бир да мамлекет өзүнүн ички иштерине башка өлкөлөрдүн же алардын өкүлдөрүнүн кийлигишүүсүнө жол бербейт.

Бозгон-тозгондорду парламентке өткөрүүгө ал колдун күчү жетеби? Болжолубузда, жетпейт. Бирок, “шумим братцы, шумим” деген тактикада ал колдон олчойгон каражаттарды өндүрүп алышса деле чоң жеңиш да. Анча акча жерде жатыптырбы. “Май кармаган бармагын жалайт” дегендей, андан эч ким зыян тартпашы турган иш. “Шумим братцы, шумим!” Калганын убакыт көргөзөт.

Автандил Белеков, "Майдан. kg" гезити