Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 664

Мезгил-баам

№1 КСДПдагы  кезектеги араздашуу

Депутат Асел Кодураңова  убактылуу жетектеп турган № 1 Кыргызстан социал демократтар партиясынын саясый кеңешинин 26-майда өткөн отуруму  биз күткөндөй  эле чыр-чатактар менен коштолуп, Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина, Адиль Турдукулов үчөөсүнүн саясый кеңештен гана эмес, партиядан чыгышы менен аяктады. Же №1 КСДП дагы экиге бөлүнүп кетти десе болот. Ирина Карамушкина мурдагы президент А.Атамбаевдин балдары түзүп, 2019-жылы декабрда каттоодон өткөргөн Кыргызстандын социал-демократтары партиясына кетти. Ал эми берки экөөсү орустар айткандай, “эркин сүзүүгө” чыгышты.

Р.Момбековдун бийликтин партиясына болбосо да андан кийинкилердин бирине кошулганга мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми А.Турдукулов көнгөн иши көчө саясатына кетти окшойт. Анткени,  парламентке өткөнгө  шанстары бар партиялардын арасынан анын кызматына муктаждардын табылышы кыйын.

Алардан сырткары  №1 КСДПдан СИЗОдо жаткан Мээрбек Мискенбаев да чыккандыгын  биллдириптир. Анын эч кимге ысык-суугу жок деңизчи. Ошентип башка партиялар парламенттик шайлоо алдында чачылгандарын, бириндегендерин жана  бөлүнгөндөрүн жыйнашып, катарларын адашкандар, арбалгандар  менен толукташып, күздөгү  сыноого шайма-шай киргенге даярданып жатышса, №1 КСДП дагы бир жолу чачырады.

Саясый кеңештин отурумунун алдында И.Карамушкина “Булар Атамбаевди колдобой жатат” деп А.Кодураңова, К.Жолдубаева, А.Турдукулов үчөөсүн күнөөлөсө,  Адиль Турдукулов  “биздин партиябыздын атын жамынып, рейдерлик кылып жатышат” деп “Кыргызстандын социал-демократтары” партиясынын түзүүчүлөрү АШАнын балдары - Сейит менен Кадырды айыптаган. Чын эле алар КСДПчылар милиционерлерге, карантиндик посттордо тургандарга,  кирешелери аздарга атайын медициналык кийимдерди, азык-түлүктөрдү, атүгүл пирожкилерди таркатып жатабыз деген маанилердеги шоуларды уюштуруп келаткандыгын жакшы билебиз. Алар өздөрүнүн “гуманитардык  шоуларына” тигил үчөөсүн  кошпой коюшкандыктан  саясый кеңештин үч мүчөсү катуу нааразы болушуп, ага чейин аларды айыптаган  билдирүүлөрдү таркатышкан.

№ 1 КСДПдагы андай нааразылык анын бөлүнүшүнө гана эмес, лидеринин алмашуусуна да алып келди. №1 КСДПнын саясый кеңешинин төрагалыгынан А.Кодураңова кетип, анын ордуна  депутат Анвар Артыковдун төрага  болгондугу маалымдалар замат  АША темир тордун аркасынан  ага жалындуу куттуктоосу менен кошо нускоолорун да жөнөттү. Эми № 1 КСДП кандай жолго түшөт, аны турмуш көрсөтөт.

Кыргызстанда Социал демократиялык идеология кризиске учурадыбы?

Жаманбы - жакшыбы, жагабы-жакпайбы, айтор чейрек кылымдан бери саясый мейкиндикте келаткан партиянын минтип бөлүнүп, жарылып, анан жоюлуп кетүү стадиясына кирип кеткендиги – чындыгында кейиштүү көрүнүш. Бир колдун манжалары менен гана саналган  дүйнөдөгү негизги идеологиялардын бири-социал демократиялык идеология. Анын тарыхы жүздөгөн жылдар мурда башталган. Социал-демократтар дүйнөнүн ондогон өнүккөн өлкөлөрүндө негизги саясый күчтөрдөн болуп саналат.  Ачыгын айтсак, партияларынын аталыштары ар кандай болгон менен мазмуну боюнча дүйнөдө социалдык, социал-демократиялык идеология үстөмдүк кылып бара жатат. Эмне деген менен КСДП  курулай чакырыкты эске салган “Алга, Кыргызстан!”  же абышканын батасына окшогон “Ак Жол” эмес, мазмуну толук ылайык келбесе да аталышы  дүйнөлүк чоң идеологиянын  эпкинин эске салган, Социнтерндин эсебинде турган  партия болчу. Мына ушундай шартта ашыкча амбициялардан, жөн эле саясый маданияттын жетишсиздигинен улам ал да жогоруда аталган эки партияга окшоп саясый аренадан биротоло жок болгону калды.

Экинчи жагынан алганда,  мындай көрүнүш биздин саясый система үчүн көз карандысыздыктан бери калыптанган мыйзам ченемдүү көрүнүш десе да болот. Анткени,  Кыргызстанда ар бир лидер өзү түзгөн партияны өзүнүн үйүндөй, бизнесиндей эле жеке менчиги катары эсептейт. Алсак,  А.Масалиев дүйнөдөн кайткандан кийин Кыргызстан коммунисттеринин партиясы  жекече харизмасы же уюштуруучулук жөндөмү жок  анын баласы Исхак Масалиевге өттү.  Анын демилгесиздигинен улам элдин көпчүлүгү Кыргызстанда андай партия бар экендигин унутуп  да калышты. Азыр ал партиянын кылган иши ар жылы жазда  В.Лениндин туулган күнүндө анын эстелигине гүлчамбар коюу гана болуп саналат. Башка кенедей да иш жүргүзүшпөйт.  Идеология, ынандыруу,  уюштуруу иштери деген эмне экендигин билишпейт да окшойт. Аскар Акаевдин үй-бүлөсү  үчүн түзүлгөн “Алга, Кыргызстан” ал үй-бүлөсү менен качып кетээри менен чилдей тарап жок болду. Ырымга Юстиция министрлигинде аты да калбады. Бакиевдердин “Ак Жолун” алар кетээри менен “көчкү басып”, андай жол бар экендиги эч кимге көрүнбөй, билинбей калды. Мындай логикага ылайык, АШАнын башына кара булут айланар замат анын партиясынын да ыдырап, таркап жок болуусун  кыргыз саясатынын айдыңындагы мыйзам ченемдүү көрүнүш, бирок баары бир демократиялык жолду  тандап алып, өзүн социалдык мамлекет деп  Башмыйзамына жазып да алган Кыргызстанда  “социал-демократтардын” кризиске учурап жаткандыгы аянычтуу көрүнүш.

Мындан Кыргызстанда социал-демократиялык идеология кризиске учурады деген жыйынтык келип чыгабы?

Жок! Чындыгында Кыргызстанга чыныгы социал-демократиялык идеология келе да, мамлекеттик түзүлүшкө (маселен, Скандинавия өлкөлөрүндөгүдөй)  анын принциптери чындап трансформация да боло элек. Саясый банкротко учураган баш  корупционердин социал-демократиянын  атына жамынган менчик фирмасы гана чачырап, таркады. Ага банкроттун балдары да чоң салымдарын кошушту.

АША  эми акчасын балдарынын партиясына жумшайбы?

КСДПдагы  таасирдүү саясатчылардын тирешүүсү анын башында АША өзү турганда эле башталган. Ага Фарид Ниязов себеп болгон. Анткени,  формалдуу түрдө КСДПнын башчысы АША деп эсептелген  менен аны  толук  башкарып, тизмесине чейин түзүп  калчаган Ф.Ниязов болчу. Бакиевдердин  саясый банкрот болуусуна  анын аппаратындагы шакирттеринин бири кандай салым кошсо, АШАнын, анын партиясынын кудуретсиздикке учурап, анан чачырап, таркап кетүүсүнө Ф.Ниязов да ошондой салым кошкондугун  ачык айтууга тийишпиз.  Ал саясый кеңештегилерди бөлүп-жарып, айрымдарын АШАга жамандап, андан алыстаткандыгын, анын айынан КСДПга көзү түздөрдүн бир бөлүгү ага атаандашка айланып кеткендигин кечээ жакында анын катарынан чыккан депутат Рыскелди Момбеков мурда көп айткан.

Ошентип анын  жолу менен кеткен АШАнын балдары саясый кеңештеги айымдарга, жигиттерге баш ийбей, алардын айткандарына көңүл да бурбай “Кыргызстандын социал-демократтары” деген партияны түзүшүп, анын быйыл күздөгү парламенттик шайлоого катышаарын да жар салып жиберишти. Партияны каттоодон өткөрүп, анын жетекчиси деп жазылган мурда Чүй облустук статистика башкармалыгын жетектеп келген Жыргалбек Ишенов деген  адам экен. Бирок, анын таптакыр дайыны чыкпай партиянын атынан АШАнын Сейит, Кадыр деген балдары, анан Темирлан Султанбеков деген жаран гана сүйлөп, Ж.Ишенов алардын иш аракеттерине комментария берүүдөн да качып жаткандыгына караганда ал жөн эле  “подстлицо” окшойт. Эмне болсо, ошол болсун, ал алардын өздөрүнүн ички маселеси, ал эми мурдагы президенттин балдарынын, алардын жакын досторунун чамынып жатышкандыгына караганда алардын  демилгелерин, иш аракеттерин АША өзү колдогондугу билинип калды. Эгерде ал каршы болсо, балдары да түрмөдө жаткан атасынын ыктыярына каршы чыгышмак беле. Жаңы партияны түзүүгө ал тымызын буйрук берди окшойт. Мындан чыкты АШАнын  эки жылдан бери канча чачса да чети оюлбай жаткан акчасынын салмактуу бөлүгү  балдарынын күздөгү  саясый оюндарына жумшалат окшоп калды. Мени коргоп кала албагандан  кийин КСДП эмне болсо, ошол болсун,  ансыз деле анын көбүн Абдрахманов тартып кетти. Андан көрө балдарымды ат чабышка салып көрөйүн деген жыйынтыкка келген өңдүү. Эгерде ал чоң каражаттардын четин чыгарса, эч жерге илине албай жүргөн дымактуулардын сезилерлик бөлүгү  АШАнын балдарына кошулуп кетиши да мүмкүн. Бирок, ал канча акчасын чачпасын АШАнын мезгили өттү да кетти, балдары  босоголук чек түгүл, 2 пайызга да жакындай алышпаган менен атасынын ар кандай шектүү жолдор менен жыйнаган акчасын чачканга  эң сонун жарашары турган иш. Илгертен атанын арам табылган байлыктарын балдары чачып түгөткөн.

Болгон-толгонубуз ушул  болсо эмне кылабыз

КСДПдагы окуялар идеология жана идеалдар түгүл, бизде чыныгы саясат жөнүндө да түшүнүк жоктугун көрсөттү. КСДП бөлүнүп, жарылып жатканда Иса Өмүркулов, Турсунбай Чыныбеков, Рыскелди Момбеков  сыяктуу анын мүчөлөрү партиядагы абалга жүрөктөрү ооруп, кейишерин билдиришти. Бирок, партиянын калган көрүнүктүү мүчөлөрү  андай көңүл айтканга да жарашпады. Анткени, алардын көпчүлүгү мурда “Алга, Кыргызстандын” мүчөлөрү  эле. Ал кыйраганда партияң  түгүл кашка башыңды да урдук деп, түгөл  “Ак Жолго” кирип кетишкен. “Ак Жол” таркагандан соң баарын болбосо да көбүн КСДПнын катарынан көрдүк эле.  Эми алар КСДПны унутушуп, бийликтин башка партиясынын тизмесине киргенге аракет кылып жатышат.  Ал тууралуу бир КСДПчы ачык эле айтты. Алардын баары болбосо да көбү кирип, дагы жаңы партиядан депутат болушарын бөркүңүздөй көрө бериңиз.  Акчаңыз болсо, депутат эмес, губернатор, вице кыла тургандар да табылат.

Тилекке каршы, бизде саясый партиялар деген ат болгон менен алардын заты жок. Аларды электорат деп аталгандар да, саясатчылар да  дайыма алмаштырып, жаңыртып туруучу автоунаалардай, көк жашыл параддык формалардай эле карашат.

Мындай  көрүнүштү  тилдеринде  тибирткелери барлар катуу  сындашат, эң ыплас нерселерге да салыштырышууда, биз андай төмөндөп кетпейбиз, чындыгында алар айткандай эмес, ага алар күнөөлүү эмес, коом ошондой. Же баарыбыз ошондойбуз. Эгерде биз андай болбосок, алар парламентке келишмек түгүл, эшигине да жакындай алышмак эмес.  Алардын ким экендиктерин көрүп туруп, куру убадасына болбосо да бата жүрө турганына алданып  шайлаган ким? Сиз менен бизбиз. Өткөн  парламенттик шайлоодо алкомагнаттардын партиясына  Кыргызстандын муфтийи жанындагы калдайган селдечендери менен кошо үгүтчү болуп  элди арак-шараптар менен ууландыргандарды  мактап-жактап, иштериңер ийгиликтүү болсун деп  баталарын берип жүрүштү. Мага ишенбесиңиздер  өткөн парламенттик шайлоодогу партиялардын гезиттик,  үгүттүк баракчаларын караңыздар. Алкомагнаттардын жанында керилип турган селдечендерди көрөсүздөр, айрымдарынын колдорунда теспелери да бар. Мен аларды сактап койгом, өзүмдү өзүм күлдүрүп, көңүл ачкым келгенде, улам алып карап турам. Антпесем менин көңүлүмдү ким көтөрөт?

Адилеттик, калыстык, чындык, тазалык  деп  жер сабагандардын  колдору бир нерсеге жеткенде, койбос-тойбос жулкунбайлардан да өтүп кетээрин көрүп жатасыздар. Жакында эле мурда тазалык, актык, чындык десе ыйлап, коррупционерлерди  барса келбес тарапка көчүрүп жибериш керек  деп жулкунган  бир айым  Бишкектеги бак-дарактардын бир бурчуна кожойке болору менен сол чөнтөгүнө сол акчаларды солоп жаткан жеринен кармалды. Андай фактылар кадам сайын жолугат. Мурдагы прокурорлордун бири  мен жыйырма жыл иштеп жарыбапмын (тообо, жарыбаган прокурор, сот  болот дегенди  биринчи угуп жатабыз), ошондуктан байлардыкын басмачылардай болуп тартып алышым керек деп жулунууда. Мына, биздин болгон-толгон деңгээлибиз.  Андайлар азыркыдан да көбөйбөшү үчүн сиз менен биз добуш берерде  чындап ойлонбосок маселе чатак, Кукебиз айткандай  бовой баратат.

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

Тема: