Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 619

Бишкек, "Саясат.kg". Кыргызстанды бөлүп-жаруу үчүн америкалык план тууралуу...

Жыл башынан бери Кыргызстанга АКШнын элчилигине дипломатиялык жүк катары келгени айтылган 60 миллион доллардын тагдыры кызуу талкууга алынууда. Борбор Азия өлкөлөрүнүн америкалык таасирден алыстап, Россия менен Кытайга ыктаган саясатты тандап алуусу Вашингтонго жакпасы бышык. Дал ошондуктан, океандын ары жагындагы билермандар борбор-азиялык режимдерди жок кылууну көздөгөн стратегия кабыл алышканы ачык айкын эле көрүнө баштады. Бийликти алмаштырып, өздөрүнө керектүү адамды алып келейин дегенде көздөрү төрт болуп турушат.

Борбор-азиялык өлкөлөрдү башкарып турган режимдерди сындыруу үчүн АКШ тыйынын аябайт, ага дипжүк катары келген миллиондогон долларлар далил. Чыр чыгаруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктү колдонушаары бышык. Бул арам ойлорду ишке ашыруу үчүн аларга жергиликтүү бейөкмөт уюмдар, тагыраагы “агенттери” жардам беришет. Сыноо иретинде буга чейин #RЕакция хештеги менен бир нече жолу митинг өткөзүштү. Азыр эми элди козутуу үчүн түрдүү шылтоолорду ойлоп чыгышууда. Мисалы, Ат-Башыдагы логистикалык борбордун шылтоосу менен коомчулукту жакшы эле удургутушту. Натыйжада, инвестор бул долбоордон баш тартууга аргасыз болду. Жергиликтүү калк АКШнын “агенттеринин” жомогуна ишенип алышып, өздөрү үчүн абдан пайдалуу нерседен куржалак калышты. Логистикалык борбор курулса ат-башылыктардын турмушу кадыр-эсе көтөрүлмөк да. Ат-Башыда логистикалык борборду курууга фейк маалыматтар тоскоол болгондугун Кыргыз өкмөтү да моюнга алып олтурат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 19-февралда бизнес түзүмдөрдүн жана донор уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда нарындыктарга сырттан таңууланган, алардын кызыкчылыгына каршы келген пикирлер себеп болуп, алар жалган, ушак жана фейк маалымат таратуу аркылуу активдүү жайылтылганын айтты. “Мындай ири инвестордун кетишине биринчи кезекте ири долбоорлорду экономиканын флагманы кылуунун ордуна коррупциянын уюгуна айлантып, мурда кабыл алынган, өлкөнүн кызыкчылыгына чыккынчылык кылуунун, жаратылышты талкалоонун мисалы болуп калган чечимдерге карата элдин ишенбөөчүлүгү түрткү болгонун өкүнүү менен билдиребиз. Ошол эле учурда жарандардын ою эске алынбай, жергиликтүү элдин кызыкчылыгы корголбой келген”,- деди өкмөт башчы. Ошондуктан, Өкмөт бүгүнкү кырдаал инвестицияны коргоо багытында жергиликтүү эл, эң оболу жаштар менен иштөөнүн айрым принциптерин кайра карап чыгуу зарыл экенин билдирди.

“Инвесторго баштаган ишин жылдыруу үчүн өкмөт колунан келишинче шарттарды түзүп берди. Дал ошондуктан, долбоорду ишке ашыруунан активдүү фазасы башталды. Өкүнүчтүүсү, инвестор элдин ушак-айыңга ишенип, каршылык көрсөткөнүнө байланыштуу, долбоорду жабуу чечимин кабыл алды”,- дейт премьер-министр М.Абылгазиев.

Жер-жерлерде мына ушундай ызы-чууларды жаратуу менен элди көтөрүү миссиясын айрым коомдук активисттер, “энпоучулар” мындан ары да улантат. Андай активдүү аракеттер Талас жергесинде дагы күч алганын айта кетүү зарыл. Ат-Башыдагыдай стратегия, башкача айтканда ушак, фэйк маалыматтар аркылуу элдин канын кайнатуу тактикасы бул аймакта ийгиликтүү колдонула баштады. Ат-Башыда логистикалык борбор шылтоо болсо, Таласта “Жерүй” бар. Февралдын башындагы Элдик курултайда Айбек Мырза деген жаш активист “Жерүйдү” токтотуу талабын айтып чыкты. Буга чейин алар Таласка барып, элди чогултуп, фэйк маалымат менен тойгузуп келишкен болчу. Курултайчылардын көз карашы америкалыктардын ызы-чуу чыгаруу планына дал келип атканын карачы!

“Жерүй” – башынан бери эле саясатташкан долбоор болуп келатат. “Быйыл да “Жерүй” – чоң саясат болот!”- дейт депутаттыкка талапкерлердин бирөөсү жашырбай. Биз таластык саясатчылардын популисттик кыйкырыктары быйыл, шайлоого байланыштуу күч ала тургандыгын буга чейин да жазган болчубуз! Бир жагынан минтип талапкер болчулар ызы-чуу чыгарса, экинчи жагынан аларга американын грантына тойгон активисттер кошулса, ой тобоо, бул жакшылык менен бүтпөй калат го... Бир гана ишеним – элдин өзүндө. Элдин саясий деңгээлинин өскөнү чын болсо – алар арам ойлуу саясий оюнга азгырылбайт, ушак менен чындыкты айырмалай билиши керек. Тилекке каршы, учурда “Жерүй” боюнча чындык аз, ушактар көп болуп атат. Анын иштеп турушу биринчи кезекте Таластын элине пайдалуу, Кыргызстандын мамлекети үчүн дагы чоң утуш. Ошондуктан, эл ушакчыларга ишенбей, туура жыйынтык чыгарарына үмүт артып туралы...

АКШнын 60 миллион доллары иштей баштады... Кечээ мисалы #REforma деген хештег пайда болду. Видеороликте өлкөдө 30 жылдан бери чыныгы реформа болбой жатканы айтылып, өзгөрүүлөр керек экендиги айтылат. Ошондуктан, элге ачыктан ачык эле чакырык ташталган. Анын түпкү максаты – бийликти кулатуу, андан кийин АКШ дайындаган адамды ажолукка алып келүү. Кудай бизди америкалыктар сактасын! Өз эгемендүүлүгүбүздү сактайлы десек, алданганды токтотолу!

Арина Рысбаева – атайын “САЯСАТ.KG” үчүн

Тема: