Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 612

Кезектеги ызы-чуулардын обьективдүү, субьективдүү себептери

Кыргызстанда ар кандай шайлоолордун алдында саясатчылардан тартып, эл дарбыса… дегендей, гранттар менен жан багышкан НПОчулардын да дарбый баштоосу адатка айланып калган. Республикада каттоодон өткөн 320га чукул саясый партиялар бар, жакында аларга дагы бир нечеси кошулганы турат. Алардын баары болбосо да басымдуу көпчүлүгү үчүн ченден чыгып, дене бойду жазып, ар жак, бер жакка саресеп салып, өздөрүнүн, башкалардын мүмкүнчүлүктөрүн калчап, реалдуу саясатка  аралашпаса да мелдешти, байгени көргөндөр  чуулдашып, ар кимиси өзү жактырганды сүрөп, кээ бирлери эч нерсени көрбөсө,билбесе деле Дарбанайчылык кылышкандай, уулдак-чуулдактарга” аралаша турган мезгил келди. Жок дегенде анткенге жарашпаса, алардын эмнеси саясый партия? Ал эми айрым НПОшниктер алдыдагы парламенттик шайлоолордун жыйынтыктарына жараша ачык жана жабык түрдө кордондун ары жагында тургандарга ашашкан гранттары үчүн да отчетторду беришет. Бир сөз менен айтканда, шайлоолор айрымдар үчүн экзамен болсо, сүрөөчү-коштоочулар үчүн беш жылда бир кайталанчу генералдык кароо, отчеттук мезгил  болуп саналат. Экзамендерден  жаман баа алгысы келген эч ким болбогондой эле, генералдык кароого катышкандардын да грант берчүлөрдүн ишенимдеринен чыгып, кийинки жылдарда  каржысыз калгылары келбейт. Албетте, алар үчүн ченден чыгышкандарын билдиргенге, асылганга, сүйкөнгөнгө, ызылдак-чуулдактарды көбөйтүп, активдүү саясый иштердин  имитацияларын жаратканга шылтоолор керек. Бул ирет алардын эңсегендери, самагандары оңунан чыкты, шылтоо бар. Ал - баш кесерди тарыхый мекенине мыйзамсыз чыгарып жибергендиги, мамлекетке ондогон миллион долларлык зыяндарды келтиргендиги, адам өлтүрүп, кызмат адамдарын барымтага алгандыгы үчүн айыпталып, шектелип, абакта, убактылуу кармоочу жайларда отурушкан мурдагы президент жана анын жан-жөкөрлөрү болуп саналышат.

Жаңыдан 120 мегаваттык гана кубаттуулук кошулса, гигакалориялык потенциалы мурдагы 1960-жылы жаңы курулгандагыдай  эле бойдон калган Бишкек ЖЭБинин 30 пайызын модернизациялоого 386 млн. доллардын сарпталуусунда уурдоолор, тоноолор болгондугун чарбалык иштерден, экономикадан кабарлары жоктор деле билип турушат. Анткени, ушундай эле кубаттуулуктагы Армениядагы жаңы ЖЭБ  250 млн. долларга бүткөрүлсө, Тажикстандагы 400 мегаваттык  жаңы ЖЭБ 350 млн. долларга эле курулду. Бишкектин батыш тарабындагы жаңы ЖЭБди  куруп, бүткөрүү иштерин өкмөт 200 млн.  долларга  баалоодо.   Ал эми бир нече адамды өлтүргөнгө түздөн түз катышып, алардын өлүктөрүнүн ар жерлерин кескилеп, чукуп кордоп, мазактаган “мыйзамдагы  уурунун” жалган документтердин негизинде чыгарылып жиберилүүсү - элдин, мамлекеттин алдындагы оор кылмыш экендигин макоо деле түшүнөт.

 

Саясий максаттарына жетүү үчүн мүйүздүү шайтандын куйругуна жабышканга даярлар

Мына ушундай оор кылмыштар боюнча айыпталып жатканды  буга чейин аны аёосуз сындап келген  Өмүрбек Текебаев, Чолпон Жакупова, Ширин Айтматова, Равшан Жээнбеков сыяктуулардын кээде түз болсо көбүнчө кыйыр түрдө колдоп, а түгүл алардын айланаларына биригүүгө аракеттенип жатышкандары - эң эле жумшак айтканда,алардын калыстык, адилеттүүлүк жөнүндө айткандарына   кылган иштери таптакыр дал келбей тургандыгын гана айгинелейт. Чолпон Жакупова “Адилет” деген укуктук клиниканы да жетектеп туруп, эн тамга басканга да таза жери  калбаган АШАга жан тартып жатканы - адилеттүүлүктү, укукту мазактагандык болуп саналат. Ал бункеринен “Альфачыларга” каршы ок атып, бирөөсүн  өлтүрүп, төртөөсүн жарадар кылганда эле биротоло цивилдүүлүктүн, адеп-ахлактын  чектеринен чыгып кеткен. Эми ал тийиштүү жерлерде күнөөсүн өтөп бүткөндө да кайра ал чектерге кире албайт.  Аны  мындан ары ичтеги, сырттагы аң сезимдүү саясатчылардын бири да мамлекеттик ишмер же саясатчы катарында эсептебейт. Ал снайпердик винтовкадан адамдарга каршы ок чыгарганда эле өзүн да саясый, моралдык жана  адеп-ахлактык жактан  атып салган. Андай адамды колдоо - чындыгында Азиз Батукаевге окшогондорду  колдогонго эле барабар. АШАга, АШАчыларга болсо баары бир, алар азыр жин шайтандар менен болсо да биригип, катарларын көбөйтүп,   реванш алганга дареметтери жетпесе да парламенттик шайлоодо бир партия аркылуу тарапташтарын өткөрсөк, анан алар биздин абалды жеңилдеткенге аракеттенишсе дегенде эки көздөрү төрт болуп турат. Электораттары эң төмөнкү кризистик чекке түшүп калган АШАчылардын айлалары кетип, кимдер келбесин катарларына кошуп алганга даяр экендиктерин акыркы окуялар көрсөтүүдө. Алар мыйзамдуу жол менен кайра  мурдагыдай позицияга ээ болуудан үмүттөрүн биротоло үзүшүп, ополоң-тополоңдорду, өңкөрүш-төңкөрүштөрдү гана эңсеп калышкан. Бирок, мында; буга чейин адилеттүүлүктү издеген көп адамдарга жардам берип, ал жагынан аздыр-көптүр  жакшы пикирлерге  ээ болгон, атасынын аркасы менен болсо да эл сыйлагандарга  өздөрүнүн абройлорун , саясый келечектерин анчалык  тобокелге салуунун кандай зарылчылыгы бар эле?- деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Эгерде АШАчылар, айрымдары убада кылып жатышкандай, жазда дагы бир авантюраны башташса, алардын айынан  өздөрү да биротоло жаманатты болуп, мүмкүн, Кой-Таштагы окуяларга активдүү  аралашкан айрым депутаттардай,  мыйзам алдында да жооп берип калышарын, анда саясый максаттары ишке ашмак түгүл, өздөрүнүн керт баштарына ээ болуулары да көйгөйгө айланарын билишпейби?

Мындай көрүнүштөрдө жердештик, трайбалисттик сезимдер да бар, айрымдар кордондун ар жагындагылардын буйрутмаларын аткарып жатышы да ыктымал, бирок эң негизгиси, эмне болсо, ошол болсун, бизге алдыдагы парламенттик шайлоодо  мандат алганга жардамы тийе турган болсо, биз мүйүздүү шайтандын куйругуна болсо да жабышканга даярбыз - дегендей саясый авантюризм, моралдык, нравалык нигилисттик маанай үстөмдүк кылып жаткандыгын ачык  айталы. Бул акыркы жылдарда улуттук көчө саясатына мүнөздүү болуп калган типтүү көрүнүш. Бул өңүттөн алганда, актардын, көктөрдүн, жашылдардын, кызылдардын, оңчулдардын, солчулдардын, атүгүл башка эч жерге тумшуктары батпаган оригиналдардын бардыгынын АШАчылардын айланасына чогула бериши  да ыктымал. Алардын көбүнүн АШАчыларды көрөйүн деген деле көздөрү жок, бүгүн алар АШАчылар менен болушса, эртең Бекболот Талгарбековчулар, Садыр Жапаровчулар, бүрсүгүнү  Алай Арстан  менен деле биригип кете беришет. Бул биздин азыркы мезгилдеги кресттибиз гана эмес, трагедиябыз .  

 

Кызыкчылыктарына жараша түстөрүн өзгөрткөндөр

Мында дагы бир кызык нерсе, алардын көпчүлүгү 2013-жылдын апрелинде А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушун айыптап, аны Кыргызстандын тарыхындагы жууса кеткис кара так катарында сыпаттап келишкен. Эгерде Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу, Чолпон-Атадагы ат майданын куруудагы, Улуттук тарых музейин оңдоп, түздөөдөгү  ж.б.коррупциялык иштерге аралашкандар камалып, соттолбосо, алар “аракеттеги бийликтегилер ичкич-жегичтерге каршы күрөшпөй жатышат! Минте беришсе Кыргызстан биротоло кыйрап, жок болот!”  дешип андан бетер айгай салып чыгышмак. Чындыгында  аларды маселенин мазмуну, мааниси анча деле кызыктырбайт, аларга айгай салганга шылтоо табылса эле болду. Мүмкүн Чикатилого же Пабло  Эскабарого  окшогон (тү, тү, кудай анын бетин ары кылсын) бирөө кармалса, биздеги авантюристтик  жана нигилисттик  демократиянын шартында, аларды колдоочулар деле ашыгы менен табылмак.

Мында АШАнын, анын табакташтарынын акчалары аябагандай эле көптүгүн, өздөрүн актар, көктөр, каралар, оңчулдар, орточулар, солчулдар деп эсептегендердин бириге калып, ЖМКлар аркылуу  аларды колдогон материалдарды, бийликтегилерди опузалаган опурулуп-жапырууларды байма-бай таркатып турууларында ал да аябагандай чоң роль ойноп жатат.  Өткөн жылдын ичинде соттук чечимдер аркылуу күнөөкөрлөрдөн 2005, 2010-жылдардагы революцияларда конфискациялангандан да көп мүлктөр, каражаттар мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Көп каражаттардын ээлери алмаштырылган жерлерде  көп чуу чыгаары  мыйзам ченемдүү көрүнүштөрдөн.

 

Текебаевдики Стокгольмдук синдромбу же…

Маевскийдин 1 миллион долларымды алдап алып, убадасын аткарбай койгон деген ӨмүрбекТекебаевге койгон доосунун негизиндеги мурдагы соттук чечимди  кайра кароо иштери  толук  аягына чыгарыла элек. Жогорку инстанциядагы сот Текебаевди толук актоосу да, же төмөнкү  инстанциядагыларга кайра кароого жибериши  да толук мүмкүн. Бирок, кандай вердикт чыгарылбасын, “эгерде бир илинчеги болбосо Москвада өз тирилигин оюндагыдай өткөрүп жүргөн  Маевскийге Кыргызстанга келип, Өмүрбек Текебаевге каршы 1 миллион долларлык доо коюусунун кандай кажети бар эле? Бир омоктуу себеп болбосо ал  Кыргызстанга келип эмнеге ызылдайт? Бул маселе жөнүндө Өмүрбек Абдрахманов партизан депутатка айлангандан бери эле айтып жүрбөдү беле” деген суроолор, күдүктөр  түбөлүккө элде калат. “Ата Мекенчилердин” айрым мүчөлөрү 2010-жылы апрелде мародёрлукка аралашып, партиянын аброюна кеткис так калтыргандай, АША аларды дайыма “сасыгандар, тарп аңдыган кузгундар, ганнибалдар,  мародёрлор” деп атап келгендей  эле, ал суроо-күдүктөрдү  биротоло эч ким жокко чыгара албайт.

Ар кандай нерсенин кел-кели менен кошо кет-кети да болот. Жандуу нерселерден, процесстерден түбөлүктүү өз ордунда, бир позицияда  турган эч нерсе жок. Текебаевдин кел-кели көз карандысыздыктан тартып өткөн кылымдын аягына чейин келип, анан инерциялык абалга  түшүп, акыркы жылдарда кет-кетке айланганга өткөнүн саясаттан кабардары барлардын бардыгы эле байкап, билип турушат. Ага анын партиясынын азыркы жана күмөндүү келечеги күбө. Биздин оюбузча, чектен чыккан бир нерсе эле болуп кетпесе, “Ата Мекендин” күздөгү  шайлоолордо парламентке кайра келүүсүнө эч кандай реалдуу шарт жок болуп калды.  Өзүнүн, партиясынын андай абалга жетүүсүнө көп жагынан анын мүнөзүндөгү  айланасындагылар менен тил табыша албаган терс сапаттар, диктатордук замашкалар, жеке кызыкчылыгына келгенде жакындарын да садака чаап иймейлиги (ага Алмамбек Шыкмаматовдун мандатып тапшыргандыгы далил),   күндө ар кандай болуп кубула берген саясый хамолеондук  себеп болгондугу да эч кимге жашыруун эмес.

Бир мисал. 2016-жылга чейин Ө.Текебаев АШАнын өкмөттү жыга чапкыч союлу болуп, анын буйрутмаларын гана аткарып келди. Ал кызматы үчүн АША анын А.Салянова, Д.Нарынбаев, Ж.Оторбаев, Болот Шер, Д.Чотонов сыяктуу  ж.б. партиялаштарын аябагандай чоң кызматтарга койду. Бирок, ал 2016-жылдан тартып, күтпөгөн жерден  АШАнын  айыгышкан оппонентине айланып, көп былыктарын чукуп чыкты. АШАнын үй бүлөсүнүн Дача-СУда кыйраган учактагы жүктөргө тиешесин аныктаарга аз калганда өзү камалып, узак жылга эркинен ажыратылды. АША аны өзү бийликте турганда түз жана кыйыр түрдө аябай шыбады, салыштырбаган  жаман нерселери калбады. Эми бир буту дагы деле түрмөдө, экинчи буту үйүндө экендигине карабастан АШАга жан тартып, тымызындан аны колдоп, айланасындагылар менен көз кысышууда. Же ал  саясый, моралдык, адеп ахлактык сын-ченемдерди, баалуулуктарды  уруп да койбостон өзүнүн жекече утилитардык кызыкчылыгынын кулу болуп, дагы  күнүмдүк  коньюнктуралык  нерселерге жетеленгенге өттү. Мындай адамдын саясат, элдин кызыкчылыктары жөнүндө айткандары курулай оозунун гана  жели экендиги  эч кимди шектендирбейт, айткандары эч кимди ынандырбайт. Биздин оюбузча, бул, айрымдар айтып жатышкандай, Стокгольмдук синдром (барымтага алынгандардын өздөрүн барымтага алгандарга окшоштуруп, аларга симпатиялуу мамиле жасай баштоосу) эмес, бул жөнөкөй эле хамолеондуктун  (мындан катуураак айтса да болот) өзү болуп саналат.

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №02 (437), 15.01.2020-ж.