Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 256

Акыркы айларда көпчүлүк саясий айдыңда жаңы оюнчунун – жаңы саясий партиянын пайда болуусун күтүшүүдө.

Айрым маалыматтарга караганда, мындай партияны түзүү долбоору бар жана платформасы дагы иштелип чыккан, тиешелүү адамдар тандалып алынган. Эми өздөрү жана амбициялары тууралуу жар салуусу гана калды.

Учурда партиялардын баарынын эле амбициялары айкын жана түшүнүктүү – келерки чакырылыштагы парламентте көп мандат алуу. Бирок мындай жөнөкөй жана түшүнүктүү каалоону ишке ашыруу үчүн аракет күч  болуусу жана бир катар шарттар болушу абзел.

Ал шарттардын эң маанилүүсү финансылык булактар, “административдик” колдоо, борбордогу жана жер-жерлердеги күчтүү адамдардан куралган команда.

Шайлоо алдындагы элди өзүнө тартуучу платформа, мыкты бэкграунд ж.б. дагы жаман эмес деңизчи, бирок артка кылчайып көрсөк булар анчейин деле маанилүү эместей.

Ошондуктан жакшылап аракет кылышса жана “административдик” колдоонун жардамы менен “президенттик” долбоор ийгиликтүү болушу толук мүмкүн. Долбоорду ишке ашырууга ашыккандар үчүн бул абдан ыңгайлуу шарт экени талашсыз. Себеби аларда жок дегенде 9 пайыздык босогодон өтүү мүмкүнчүлүгү бар.

Бирок учурда эң башкы маселе бул эмес. Азыр президенттин “өзүнө” партия керекпи, маселе мына ушунда.

Аскар Акаев жана «Алга, Кыргызстан!»

Акаев жана анын башкаруу мөөнөтүн узартуу үчүн саясий-укуктук платформаны камсыз кылуу үчүн 2003-жылы түзүлгөн “Алга, Кыргызстан!” биздеги эң алгачкы тажрыйба болгон. Күчтүү идеологиялык сунуштар, ар бир талапкердин шайлоочуларынын саны менен ченелген “салмагы”, жаңы чакырыктар, буга чейин колдонулбаган саясий технологиялык ыкмалар жана эң башкысы административдик ресурсту болушунча колдонуу менен шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоо “Алга, Кыргызстан!” партиясындагы талапкерлердин көбүнө жеңиш алып келген. Бирок ал убакта партиялык тизме деген түшүнүк жок болчу жана кайсы бир талапкердин кандайдыр бир партияда болушу анын жеңип чыгуусуна партиянын тиешеси болду дегенди билдирчү эмес.

Шайлоодогу добуштардын бурмаланышы элдин нааразы кылган. 2005-жылдын март айындагы эң башкы терс каарман Акаев эле эмес, “Алга, Кыргызстан!” да болду.  Ал партия дароо эле жок болуп кетти десек да болот, себеби бирдиктүү шайлоо округунан келген депутаттар андан дароо баш тартышып, алардын аталган партиянын өкүлү экени тууралуу кеп да болгон жок. Эч качан мындай партия болбогондой ой калтырды.

Курманбек Бакиев жана «Ак Жол»

«Ак Жол» саясий партиясынын тарыхы бир аз узагыраак десек болчудай. Аны түзүү максаты жогорудагыдай эле болгон. Бул партияны түптөгөндөр да эски жол менен кетишти – масштабдуу программа, саясий технологиялар, съезддер, баарына макул болгон админресурс.

Парламенттик шайлоо партиялык тизме менен өтүп, бул партиянын тизмесинин сап башында Чолпон Баекова, Адахан Мадумаров, Элмира Ибраимова сыяктуу ошол маалдын салмактуу саясатчылары турган.

Курманбек Бакиевдин “Ак Жолундагы” депутаттардын арасында мугалимдердин, жарандык сектордун, врачтардын, жаш саясатчылардын өкүлдөрү бар болчу. Бирок ага карабастан бул партиянын тагдыры дагы “Алга, Кыргызстандыкындай” эле болду.

Бир нече күндө эле “Ак Жол” “өлкөнүн келечеги үчүн баардык күчүн жумшоого даяр” партиядан “баардык жаманчылыктарды чакырган” партияга айланды. 2010-жылдын апрелинде борбордук аянтта болгон трагедия Кыргызстандын партиялык курулушунун тарыхына так калтырды. Президенттик партия кыйрады. Парламент таркады.

Алмазбек Атамбаев жана КСДП

2010-жылы жаңы парламенттин курамын аныктоо маселеси менен алек болчу адам жок болду, бирок абал канчалык оор болбосун биздин тарых үчүн уникалдуу шайлоо өттү – административдик ресурстун катышы жок шайлоо. Жаңы бийлик каалабай турса дагы шайлоодон “Ата Журт” партиясы алдыга оозуп чыкты. Парламентте жаңы саясий күч пайда болду — “Республика” партиясы. Ал кийин “Өнүгүү-Прогресс” жана “Бир Бол” партияларынын жаралышына түрткү болду. Бирок азыр кеп бул тууралуу эмес, кеп “президенттик” партия доору бүтпөгөнү тууралуу.

Кийинки шайлоо өлкөнүн жаңы президенти Атамбаевдин башкаруусу учурунда өттү жана анда КСДП партиясыны басым жасалды. Алгачкы экөөнөн айырмаланып, КСДП тарыхы бар партия болду. Ал партия азыр деле бар, бирок келечеги түшүнүксүз. Себеби «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы расмий түрдө каттоодон өткөнү баарыбызга маалым. Буга карабастан эски КСДП дагы кайсы бир жерден ижарага кеңсе алып, КСДПнын атынан билдирүүлөрдү таратып келет. Бул жерден бир нерсе гана түшүнүктүү – келерки шайлоодо КСДП партиясы башкы оюнчу боло албайт. Тигиниси дагы мунусу дагы.

Болгону эки гана жыл мурун биздин саясий жашообузда аталган партия өтө таасирдүү болчу, парламенттеги иштердин баары бул партиянын айланасында чечилчү. Ооба, азыр деле фракция бар, бирок мурункудай эмес. Партиясыз фракция дегендей…Багыт өзгөрдү, айрым адамдар жана аталышы гана калды.

Бул партиядан президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланды. Бирок КСДПнын негиздөөчүсу менен ал элдешкис душманга айланды.

Сооронбай Жээнбеков  жана анын партиясы?

Жаңы партия түзүлөрү тууралуу кептер айтылып жатканы тууралуу жаздык. Мандат алууга талапкер болуучулар азыр толугу менен өз багыттарын аныкташа элек. Биздин “илита” үчүн бул кадимки көрүнүш анткени алардын арасында   «Алга, Кыргызстан!», «Ак Жол», «Ата Журт», КСДП менен иштешип, оозун күйгүзүп алгандар жок эмес. Өзүн бийликтин партиясынан башка партияда элестете албагандар да бар. Бирок президентке партия керекпи деген суроо туулат.

Мамлекетти жетектеген адам башкаруучу партиядан болгону  дүйнөлүк практикада кадимки көрүнүш. Ушундай жол менен аткаруу бийлиги дагы түзүлөт. Биздин Конституция боюнча дагы баары ушундай. Президенттин институтунун болуусу укуктук талаада ар кайсы өлкодө ар кандай. Кыргызстанда президент эл тарабынан шайланат жана Конституциянын кепилдиги болот, ал коопсуздук маселелерин жана күч блогун карайт. Калган ишти болсо, парламент кураган өкмөт аткарат.

Эгерде президент партия түзсө, ал ага эмнени берет? Парламенттеги лоялдуулуктубу? Ал өзүнүн партиясы жок болсо деле болот.

Эгерде президенттин партиясы жана өзүнүн өкмөтү болсо анда аткаруу бийлигинин каталары үчүн президент жоопкерчиликтүү болот. Мамлекет башчысы жарандык коом менен аткаруу бийлигинин ортосунда тең салмактуулукту сактап туруусу керек.

Чын чынына келгенде СССРдин курамында болгон өлкөлөрдө суперпрезиденттик башкаруу болгондуктан аларга бийликтин партиясы сөзсуз келет жана анын себеби түшүнүктүү. Бул идеология жана туруктуулуктун пайдубалы. Мындайча айтканда, көпкө чейин бийликте болуу кепилдиги.

Бирок биздин шартта мамлекет башчысынын өзүнүн партиясы болуусунун канчалык кажети бар? Ал бир гана мөөнөтко шайланат. Ага анын колдоосу менен партиясы парламентке келип, эл жактырбаган өкмөттү шайлады деп жаман көрүнүүнүн не кереги бар? Азыркы шартта башкача көрүнүштү элестетүү мүмкүн эмес болууда.

Баарына бирдей мүмкүнчулүк берип, тарыхта калса кандай болот?

Бир чети, мындай кадамга барса айрым коркунучтар да бар. Алар тууралуу биз кийинки макалаларда сөз кылабыз.

 

Темирбек Орозбаев — атайын Elgezit.kg үчүн.