Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1709

Жогорку Кеңеш өргүүгө тараар алдында «Ата Мекен» партиясынын катарынан убактылуу чыктым деп жарыя кылып, кыргыз журтчулугунун оозун ачырган депутат Болот Шерниязов кайрадан үйүрүнө кайтып келгенби (?), же дагы кандай максаты бар экенин ким билсин, айтор, бүгүн «атамекенчилерди» май-көл, сүт-көл кылып, өлө коноктогону жатканы маалым болду.
  
Асмандан түшкөнсүгөн сый-ургалга таңданып, шектенген айрым «атамекенчилер» «ай, Бабанчик с потрохами сатып алып жаткан жокпу, ыя?» деп таңданышып, «барсакпы, барбасакпы» деп олку-солку болгонун эшиттик. Өмүрбек Текебаевдин (Текенин) соратниктеринин минтип шекшинүүлөрү да бекеринен эмес. Бокең партиядан чыгаар алдында, «Шер жердешчиликке берилип, Роза Отунбаева менен Өмүрбек Бабановго шынаарлап, «апче, братишка» деп, жеке кызыкчылыкка бой таштаганы байкалган. Ал турмак, элчиликке жарлыгы чыга элек Дүйшөн Чотоновду көндүрүп ээрчитип алып, Кубатбек Байболовго барып, «давай коллективдүү түрдө партиядан чыгып, «Ата Мекен» партиясын талкалайбыз» деп эки саат үгүттөп көндүрө албай, андан соң Ө.Абдырахмановду көндүрүүгө далбасташып, андан да майнап чыкпаган соң чочуп кеткен Чотонов айнып, кайра «Текеге» шынаарлай качып,  Болот Шер өзү жалгыз партиядан кетип,  "братишкасы менен апчесине берген убадасын аткарды" деген сөз тараганы белгилүү (Байболов менен Абдырахманов партиялаштарына айтып салышкан). Анан эми минтип, Бокең кайрадан жайыл-дасторкон кылганы жатканда, «атамекенчилердин» башына ар кандай ойлор кантип келбей коёт дейсиң.
 
Алмазбек Атамбаевдин («Кабылан») «президент болуп калсам, сени премьер-министр кылам»  деген сөзүнө шыктанган Өмүрбек Бабанов, «акчанын күчүнө салып, сатып алсам да алайын» деп, өкмөт башчы болууга чындап ниеттенип талпынган түрү бар.
 
КСДП менен «Республика» фракциясынын добушуна кошумча кылып, «арнамысчыларды» сойкуландыруу жолу менен чөнтөккө салган да ушу «республикачы» менен «Кабылан» экени талашсыз. Анан эми, «оппозицияда турса тынч иштетпейт, андан көрө эптеп тилин табайын» деп, «атамекенчилерди» да колго алууга өткөнбү (?) деген ой келет.  Бирок, бир ирет «спикер кылам» деп ээрчитип барып, аңга салган Бабановго «Теке» ишенээр бекен? Дагы «оңко» коёт деп чочубайбы? Же Ө.Токтогулович бул сапар чын ниеттен биригүү сунуштап жатканына ынандырып, «Текени» чындап эле спикерликке алып баруу ниетин көздөөдөбү? Маселени андай жол менен чечүү мүмкүндүгү табылса, А.Атамбаевге да ыңгайлуу болуп, «Текенин» колдоочулары «Кабыланды» колдоого алышы толук мүмкүн. Бирок, ошол эле учурда, Алмаз Атамбаев  Бабановдон башка дагы бир далай адамдарга премьерликти сунуштаганы  тууралуу такталбаган маалыматтар да жайылып жатат (А.Келдибеков, М.Султанов, ж.б.).
 
Бирок,  кеп чынында, А.Атамбаев президент болуп калган күндө да, Бабанов турмак, башкасына да премьерликти бере албайт да. Ал болгону башкаруучу коалицияны куруу кезеги менен КСДПнын, анан сатып алган «арнамысчыларынын» добушун гана бере алат эмеспи (мыйзам чегинде дегенибиз да). Аларга «Республиканын» добуштарын кошуп алсам, өкмөт башчы болом» деп жаткан Ө.Бабановдун (албетте, Алмаз президент болуп, сөзүнө турса деген кеп да) алдын-ала «атамекенчилер» менен тил табышуу аракети кандай деген күндө да туура багытталган иш экени талашсыз.
 
Эгерде Ө.Бабановдун мындай жоболору ишке аша турган болсо, анда КСДП, «Республика», «Ата Мекен» фракцияларына, колдо турган «Ар-намыс»  фракциясын  кошуп, башкаруучу коалицияны түзүп, «Ата Журт» оппозицияда калабы? Мындай болушу да толук мүмкүн!  "Азыр президент ким болот? Премьерликти кимден алам?" деп отурбай, «кимиси болсо анысы болсун» деп,  премьер болууга жандалбастап, ЖКдагы фракциялардын тамырын тартып жаткан Ө.Бабановдун аракеттерин туура эмес деп да айта албайсың.
 
Бирок, айлакерлик, шылуундук менен алган премьерлик орунга Ө. Бабанов кандай отурат, эл кандай кабыл алат? Арты чатакка айланбайбы (?) деген жүйөөлүү сурактар да жок эмес. Же Бабанов кийинки келечек үчүн деп, «резюмеме өкмөт башчы деген жазууну түшүрүп, кыска мөөнөттө болсо да, болушунча мойсоп алып, бошотуп берсем болду да, эмнеси болсо да алайын» деген ниеттеби? Белгисиз.
 
Албетте, Бабановдун көксөөсү ишке ашуусу үчүн, «Кабыландын» президенттик шайлоодон жеңип, Текенин тилге келгени өтө ыңгайлуу болуп турат.  А бирок, Атамбаев өтөбү? Азыркы Түндүк-Түштүк болуп кыл чайнашкан кырдаалда Кабылан керек болсо экинчи турга өтпөй калышы да толук мүмкүн болуп тургандай. Түштүктүк кыргыздар катуу жаатташып, «өз улагыбыздан теке салабыз» маанайында Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев үчүн катуу туруп, мыйзам бузулуп, административдик ресурс  колдонулса катуу чатак чыгаарын ачык эле эскертип жатышкандай. Түндүк тарапка ишеним артып отурган Алмазбек Атамбаевди азырынча бул тараптан М.Абакировдон («Водолаз») башка эч ким ачык колдоого алганы байкалбайт.
 
Эгерде, А.Атамбаевдин чындап эле жеңишке жетүү ниети болсо, анда ал «Ар-намыстын» кашасын чыгарып, сатып алганына курсант боло бербестен, Түндүктүн тың чыкма уулдары Аликбек Жекшенкулов, Марат Иманкулов, Өмүрбек Суваналиев, Кубатбек Байболов, Арсланбек Малиев, Нариман Тулеев, Шамшыбек Медетбеков, Темирбек Асанбеков, Ө.Эгембердиев, Кубанычбек Исабеков, ж.б.у.с. сыяктуу эр-азаматтарды колго алуусу керек го. Болбосо, иш чындап чатакка айланып, бийликтен кол жууру турган иш.  Анткени, алардын ар биринин артында калдайган коомчулук, ага-тууган, эл-журт турат эмеспи.
 
Турмуштун чындыгы ушу экен. Ушинтип бөлүнүп-жарылып, «ар ким өз көмөчүнө күл тарткан заман». Башкача кылууга чамабыз, чаркыбыз туура келбейт экен! Кокту-кокту болуп жакалашып жатабыз. Качан эсибизге келээр экенбиз? Айтор, жакалашып жүрүп, жок болуп кетпесек экен десең!
Сабыр МУКАНБЕТОВ
Булак: «Учур гезити»