Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 538

3-июлдагы митингде Атамбаев бийликке жаңы элита келиши керектигин айтты. Бишкекте “Форумдун” алдында чогулгандар “Эски “элита”» кетсин! Жаңы, элдик лидерлер келсин!” деп жатышты.

Мурдагы президент болсо “Кой-Ташта отуруп жаңы элиталарды тарбиялап чыгара турганын” билдирип, анын миссиясы ошол экенин жар салды. Бул мурдагы президент мамлекеттин эң негизги болгон милдетинин бири, жаңы элитаны даярдоо процессин түшүнбөстүгүнөн кабар берет.

 

Теория тууралуу эки ооз кеп

 

“Элита” термининин бир нече мааниси бар. Бул сөз латын тилинен (eligere) же француз тилинен (elite) келип чыккан жана мыкты, тандалма дегенди билдирет. Бул термин саясий жана социологиялык сөздүктөрдө жетекчилик кызматтарды аркалаган жана материалдык жактан камсыз болгон коомдун тандалган бөлүгү экени жазылган. Депутат Кожобек Рыспаев “Биз чимкирик эмеспиз, биз саясий элитабыз” деп парламенттин жыйынында айтканы дал ушул мааниде болсо керек. Мындай сөзгө коомчулук теригип, бул сөздөр хайп болгонуна караганда коомчулук Жогорку Кеңештин депутаттарын элита деп санабагандай. Демек, элита деген саясий жетекчилик кылгандар гана эмес мындан дагы терең мааниге ээ деп санашат. Элита деген улуттун, элдин мыкты, тандалган өзгөчө сапаттарга ээ өкүлдөрү деп санашат экен. Мындан улам биздин эл элита деп жетекчилик кызматты аркалагандарды гана эмес, бөтөнчө баалуулуктарга ээ адамдарды санашат.

 

Кадрлар баарын чечет

 

Албетте, элита жаңыланышы керек. Тарыхка көз чаптырсак элита өз нугунда кезек-кезеги менен гана кетпестен анын түрлөрү өзгөрүп турушу зарыл. Эгерде башкарган, саясий элита тууралуу кеп кыла турган болсок, анда мамлекет элиталарды даярдоо системасын жөнө салуусу зарыл.

 

Европада элитаны даярдоо маселеси менен алгачкылардан болуп Англия алектенип баштаган. Итон, Оксфорд, Кембридж – Британия империясынын негизги билим берүүчү жайларынын бири, ал жакта келечектеги саясий жана аскердик элита “тапталат”. Окуучу ар түрдүү сабактар боюнча билим алган Германиядан (баса, бул система кийин совет мектептеринин негизин түзгөн) айырмаланып англиялыктар мүнөздү тарбиялоого басым жасашкан. Чыныгы жигит латын тилин билбесе койсун, бирок ар түрдүү кырдаалда өзүн татыктуу алып жүрүүсү керек деп санашкан алар.

Англиядагы жабык мектептер тууралуу азыр дагы уламыштар айтылып келет. “Жигиттер жайында” шарт өтө катаал делинет. Британиянын келечектеги элитасы абдан катаал шарттарда тарбияланат: уктоочу бөлмөлөргө жылуулук берилбейт жана терезелери дайыма ачык болушу керек, тартип өтө катуу, сөзсүз түрдө спорт менен машыгуу шарт.

 

Спортту мүнөздү калыптандыруу катары карашып, ал командада иштөөгө жана кыйынчылыктарды жеңүүгө жол ачат деп санашат.

 

Бирок бул Англия. Баса, дал ушундай элиталарды даярдоодо татаал шарттары бар система бул өлкөнү алдыңкылардын катарына жетеледи. Ал эми кайсы бир кездерде Советтер союзуна кирген өлкөлөрдө абал кандай? Эгерде коңшуларды карай турган болсок, анда Казакстандын тажрыйбасы кызыгуу жаратат.

 

Келечектеги элиталарды даярдоо биринчи президенттин көңүл сыртында калбаганы сезилип турат. Көз карандысыз жылдар ичинде Казакстан аскердик жогорку окуу жайларды түптөдү, ал жакта аскердик элиталарды даярдашат. Келечектеги чекисттерди даярдай турган окуу жайлары дагы жок эмес. Бул көз карандысыз болгон мамлекет үчүн өтө маанилүү. Анан албетте, Назарбаевдин маанилүү долбоорлорунун бири – 2008-жылы иштеп баштаган интеллектуалдык мектептер. Учурда Казакстанда 20 интеллектуалдык мектеп 15 миңге жакын окуучуга билим берет. Мектептер жатакана менен камсыздалган (интернат), ал жакта айылдан, кичи шаарлардан жана район борборлорунан келген 2 миңден ашуун окуучу бар. Мугалимдердин кесиптик бирликтери түзүлүп, ага окутуунун инновациялык ыкмаларын билген 3 миңге жакын мугалим (анын ичинен 195и чет өлкөлүк) мүчө. Акыркы жылдары Казакстандын интеллектуалдык мектептери Нидерландынын СITО деп аталган педагогдук институту менен иш алып барат. Окуучулардын баары сабактар боюнча катаал тесттен өтүшөт. Бул системада тааныш-билиш же пара берүү менен мектепке өтүү деген жок. Мектепке кирүүдөгү негизги талап окуучунун жөндөмү.

 

Ал эми бизде абал кандай?

 

Бизде болсо азырынча келечектеги элитаны тарбиялоо же окутуу иштери жок. “21-кылымдын кадрлары” деп аталган программанын азырынча эффективдүүлүктү баалоо боюнча белгилүү критерийлери жок. Көптөгөн бүтүрүүчүлөр чет өлкөлөрдө иштеп калышууда. Программа боюнча тандоо дагы таза эмес.

 

Биздин аскердик элита жана атайын кызматтын келечектеги кадрлары Россиядан билим алышат. Ал эми жергиликтүү билим берүү системасы коррупцияга белинен батып калган. Азыр ар бир окуучу, ал мейли жакшы окусун же аттестатты сатып алсын диплом ала алат. Бирок дипломдун артында билим барбы, бүтүрүүчүнүн деңгээли кандай деген суроо жаралат. Бул тармакта аз болсо да саз болсун деген принцип менен иш алып барыш керек эле. Баары эле университеттерден билим алганы менен чындыгында деңгээл башка болуп жатпайбы. Мындай болбойт жана өлкөгө дагы эч кандай пайда алып келбейт. Бизде ар түрдүү тармак боюнча диплому бар бирок билими жетишсиз адистер толтура. Көбү эле юрист жана экономист болуп кетишкен. Ал эми билимдүү кадрларга суусаганыбыз суусаган.

 

Атамбаевдин түшүнүгү боюнча элита

 

Жаңы элита керек деген пикир өзү актуалдуу. Бирок Атамбаев сунуштагандай, смартфонду колдоно билиши керек деген критерий менен тандап алсак анда өлкөгө коркунуч туулат. Атамбаев өзүнүн “чынчыл” жигиттерин “жаш элита” деп санап жатат. Бул тууралуу ал 3-июлдагы митингде айтты.

 

“Колуна телефон кармаганды билбеген адам санариптештирүү жана өлкөнү өнүктүрүү тууралуу кантип айтып жатат? Бул мүмкүн эмес. Муну жаштар жасай алышат” Өкмөт отставкага кетип, элдик өкмөт түзүлүшү керек. Түрмөдө биздин чынчыл жигиттерибиз отурат, ошолор өкмөткө келип, биздин өлкөнү өнүктүрсүн”,-деди Атамбаев.

 

Атамбаевдин пикиринде, түрмөдө отурбагандардын ичинен Мээрбек Мискенбаев татыктуу экен. Бирок бул жигиттин аброю боюнча маселе бар, ал уурдаганбы же андан уурдашканбы, айтор бир бүдөмүк иш болгон, андан кара так кала берди.

 

Бактыга жараша өлкөбүздө жаш, бычакка сап жигиттер жок эмес. Жаңы элита деген атка татыктуулар бар. Алар мыкты билим алышкан, алар китеп окуганды сүйүшөт, креативдүү жана жашоодон эмне каалап жатышканын билишет. Алар көп эмес, бирок өзүнүн жарандык позициясын билдирип, социалдык тармактарда дагы активдүү болуп келишет. Бирок алар эмнегедир саясатка же мамлекеттик кызматка барууга шашпай эле. Макул, мамлекеттик кызматка чакырбай жатышат дейли, бирок анда эмнеге саясатка аралашпай четте турушат? Себеби алар партиялар аркылуу саясатка келип, азыркы аксакалдарды кетирсе болоруна ишенишпейт. Себеби азырынча бизде Россиядагы шоу-бизнестегидей абал саясатта болуп жатат. “Голос” же ушул сыяктуу сынактар аркылуу канчалаган таланттар тапталууда, бирок сахнада ошол эле Киркоров жана Пугачева.

 

 

 

Сере Чалканова — атайын Elgezit.kg үчүн