Кезектеги “беш өрдөк” 

 

Өлкөнүн тышкы карызы жөнүндө маселе коомчулукту тынчсыздандырып, ар кандай кайчы пикирлер айтылууда. Бири “4 миллиард 139 миллион 280 миң доллар Кыргызстан үчүн өтө эле көп, анын негизги суммаларын төлөй албай дефолтко учурашыбыз же алтын валюталык резервдерибизден айрылып калуубуз мүмкүн” дешсе, экинчилер “ бюджетти секвестр кылуу керек, антпесе Кытай жерибиздин бир бөлүгүн Тажикстан менен Пакистандыкындай кылып тартып алып коёт”- деген пикирлерди айтышууда. 

 

Экс-президент Алмазбек  Атамбаев да бул маселе боюнча билдирүү жасап, “өлкөнүн тышкы карызынын көлөмүнүн ички дүң жыйымга карата 48 пайыздын тегерегинде болуусу дүйнөлүк практикада тынчсыздандырарлык  эмес, нормалдуу көрүнүш катарында эсептелет”- деди. Акаевдин тушунда тышкы карызыбыз ИДЖга (ички дүң жыйым) карата 120 пайызга жеткен учурлар болгон. Андай сырткы карыздары бар өлкөлөр дүйнөдө азыр деле аз эмес экендигин айтып, өзү бийликте турган убакта экономиканын өнүгүшү, сырттан каражаттарды тартуу боюнча чындыкка коошпой турган бир катар сандарды келтириптир.

 

Ал сандарга төмөнүрөөктө токтолобуз, мында көз карандысыздыктан бери алынган сырткы карыздар, алар кайсыл бийликтердин тушунда алынгандыгы жөнүндө маалымат бергибиз келет.

           

Атамбаев сырткы карыздарды эки эсе көбөйткөн

 

Аскар Акаевдин 15 жылдык башкаруусунун убагында Кыргызстан чет мамлекеттерден жалпы көлөмү 1,88 миллиард, Курманбек Бакиевдин 5 жылдык башкаруусу убагында 730 миллион доллар, Роза Отунбаева Кедейкандык кылган 1,5 жыл ичинде 190 миллион доллар, ал эми Алмаз Атамбаевдин 6 жылдык башкаруусунда 1 миллиард 339 миллион 280 миң доллар кредит алынган. Акаевдин тушунда алынгандардын көбү улуттук валютанын курсун кармоого, анан Бишкек-Ош жолун реабилитациялоого, ал эми К.Бакиевдин тушунда алынгандардын көбү жолдорду реабилитациялоого жумшалды. Р.Отунбаеванын убагында алынгандар эмнеге жумшалгандыгын билбейбиз, алардан көзгө көрүнөрлүк эч нерсе калбады. Ал эми А.Атамбаевдин убагында алынган кредиттер жогорку чыңалуудагы Датка-Кемин электр чубалгысын тартууга, анан альтернативдүү Түндүк-Түштүк жолун курууга сарпталды жана сарпталууда.

           

Алынгандар реалдуу экономикага жумшалган эмес

 

Мындан көрүнүп тургандай көз карандысыздыктан берки алынган кредиттер туруктуу жумушчу орундарын түзүп, заманбап продукцияларды өндүргүдөй реалдуу экономикага эмес, дээрлик бардыгы социалдык инфратүзүмдөргө, сомду тейлөөгө гана жумшалган. Экономикабыздын өнүкпөй жаткандыгынын негизги себеби ушунда. Эгерде мигранттар которгон акчалардын көпчүлүгү маараке-тойлорго жумшалса, сырттан алган карыздарыбызды жолдорубузду оңдоп, жаңыларын куруп, чубалгыларды тартууга жумшоодобуз. Эгерде алар атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды чыгара турган өнөр жай ишканаларын курууга жумшалса, азыр экономикалык, социалдык жактардан эки эсе жакшы абалда болмокпуз. Тилекке каршы, А.Акаевди, К.Бакиевди убагында “өлкөнүн сырткы карыздарын көбөйтүп, бизди банкроттук абалга жеткирди. Өнөр жай ишканаларын курбады” деп аёосуз сындагандардын бири А.Атамбаев болсо, ал алты жылдык башкаруусунун убагында 15 жыл башкарган Акаевдикине барабар, 5 жыл башкарган К.Бакиевдикинен 2 эсе көп сырткы карыздарды алган менен бир да ири ишкана курбады, өлкөнүн экономикасындагы терс  баланстарды нормалдаштырууда кымындай да жылыш жасай албады. Муну ачык айтуу керек.

 

Экономикадагы диспропорциянын тереңдөөсүнө экс-ажо чоң салым кошкон

 

Экономикалары нормалдуу, туруктуу өнүгүү жолунда бараткан өлкөлөр үчүн тышкы карыздын ИДЖга карата 48 пайыздын тегерегинде болуусу тынчыздандырарлык  деп эсептелбейт. Бирок, маселенин баары биздин экономикабыздын нормалдуу эместигинде. Бюджеттин таңсыктыгы жыл сайын анын 15-20 пайызын түзөт, динамикалуу ишенимдүү өнүгүү жок, А.Атамбаевдин бийлигинин  алгачкы 3 жылында, ал өзү мойнуна алгандай экономикада өсүү да болбогон, экспорттон импорттун көлөмү бир нече эсе жогору,  нефти, газ ресурстарыбыз жокко эсе, атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды чыгаруучу ири өнөр жай ишканаларыбыз жок. Анын үстүнө тышкы карыздардын негизги бөлүктөрүн үстөктөрүнө кошуп төлөөнүн пики 2019-2025-жылдарга туура келүүдө. Бул жагынан аракеттеги президент, өкмөт аябагандай чоң сыноого туш болгону турат. Өлкөнүн мындай абалга тушуктурууда  экс-президенттин да салымы бар экендигин айтуу зарыл.

 

Кредиттер менен инвестицияларды чаташтырган Атамбаев

 

Экс-президенттин  бийликте турганда деле кредиттер менен инвестицияларды, меморандумдар, декларациялар, ошондой эле келишимдерди алмаштырып, чаташтырып сүйлөй бермей адаты бар болчу. Бул ирет да тактоону талап кылгыдай бир топ сандарды келтириптир. Ал өз билдирүүсүнүн бир жеринде “мен премьерлик жана президенттик кылган мезгилдерде жалпы суммасы 2,9 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө төлөмсүз гранттык жардамдарды алуу боюнча келишимдер түзүлгөн” десе, экинчи жеринде “мен жетекчилик кылган жылдар ичинде Кыргызстанга 3,5 миллиард АКШ доллары суммасындагы төлөмсүз жардамдар тартылган жана 550 миллион АКШ доллары суммасындагы карыздарды жокко чыгарууга жетишкен” дейт. Булар эң эле сылык айтканда, кудайды карабаган эпсиз апыртмалар. Билгенден экс президенттин тушунда Кытай, Түркия, Россия сыяктуу өлкөлөр  азыраак гранттарды беришти, бирок  жогоруда айтылгандай көлөмдөгү төлөмсүз жардамдар, гранттар көз карандысыздыктан бери деле өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу алынгандарды кошкондо да келген эмес. Эгерде чын эле тартылса, алынса, алар каякка кеткен? Анда  Бишкек ТЭЦин модернизациялоого, альтернативдүү  жолду курууга, Датка-Кемин чубалгысын тартууга кредиттерди алуунун кандай зарылчылыгы бар эле? Тилекке каршы, экс-президенттин мында  кредиттерди, жардамдарды, гранттарды, анан аларга меморандумдагыларды, фантазиядагыларды да  кошуп уруп жибергендиги көрүнүп турат.

 

Россиянын жардамдарына келе турган болсок, ал АКШнын “Манас” аэропортундагы авиабазасын чыгарып кетүүгө төлөнгөн кенемтелер. Кыргызстандыктар авиабазадан жыл сайын 150 миллион долларга жакын киреше алып келишсе, Россия ал жоготууларыбызды  карыздардын бир бөлүгүн кечүү, фонду түзүп берүү аркылуу жапкандыгы чындык. Анан эл аралык практикада келечексиз өнүмсүз карыздарды бардык эле мамлекеттер кечүүгө аргасыз болушат. Алсак, Владимир Путин Өзбекстандын 700 миллион долларлык, Кубанын 20 миллиард, Эфиопия, Ангола сыяктуу бир катар  өлкөлөрдүн  5-6 миллиард долларлык карыздарын кечти.

 

 Кыргызстанды таркаткысы келген ким же ал да Атамбаевдин калпыбы?

 

Экс-президент билдирүүсүндө өзүн Кыргызстандын сактап калуучусу катарында көрсөтүүгө аракеттениптир.  Ал чындыкка таптакыр коошпойт. 2010-жылы сепаратист Кадыржан Батыровду кайра-кайра кабыл алып, аны радикалдуу чараларга түрткөндөр ким экендигин, өлкөнүн түштүгүндөгү жаңжалдын чыгуусуна кимдер себепкер болгондугун Батыров  2010-жылдан бери жадабай кайталап келатат го! Июндагы  оор убакта экс-президенттин он күн дайынсыз жоголуп кеткендигин да Кыргызстандыктар унутушпайт. Эгерде ошол убакта КМШнын президенттеринин бири чындап эле Кыргызстанды үчкө бөлүп, Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга кошуп салууну сунуштаса, андай маселенин көтөрүлүшүнө түздөн-түз  күнөөкөрлөр А.Атамбаев баштаган временшиктер болуп саналышат. Кыргызстанды майдалагысы келген  президент ким экендигин эмне үчүн А.Атамбаев ачык айткан эмес? Же ал да анын көп калптарынын бириби?

 

2010-жылдын июнундагы коогалаңдар үчүн жооп берер мезгил алдыда. Временшиктер ашыгышпай турушса, ал күн сөзсүз келет.

 

Бир сөз менен айтканда, Атамбаевдин алты жылдык башкаруусунун убагында өлкөнүн сырткы карыздары эки эседей көбөйүп, алынган кредиттердин  баары коррупциялык жаңжалдары чыгып жаткан долбоорлорго жумшалгандыгы, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдө сезилерлик позитивдүү жылыштар болбогондугу чындык. Экономикалык өсүштө, макроэкономикалык  көрсөткүчтөрдө  Атамбаев өзү тынбай шыбап келаткан К.Бакиевге да жетпегендигин  калыстык, чындык үчүн ачык айтпасак болбойт.

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kgгазетасы, №34 (371), 12.09.2018-ж

 

Тема: