Азыркы бийлик мурдагы Акаев менен Бакиев бийлигин бир беткей жамандоо менен өздөрүнүн арам ниеттерин жана максаттарын ырааттуу ишке ашырып жатканын Кыргызстандын эли аңдап түшүнбөй жатат. Бүгүн бийликте отургандар менен мурдагы эки президентти салыштырганда мурдагылардын жакшы жактары даана эле байкалып калат. Биз алардын кадырына жеткен эмес экенбиз.
Азыркылар элден да, эл аралык коомчулуктан да тартынып коюшпай, ушунчалык балит жана ыплас иштер менен алек болушууда. Адегенде жаштарды кандуу төңкөрүшкө түртө салышты да, өздөрү четте турушту. Натыйжада, апрель окуяларында бей-бечаралардын балдары набыт болуп, Убактылуу өкмөттө тургандардын биринин да баласы же жакын тууганы жаракат да алышкан эмес.
Бакиевди жаманатты кылуу менен элдин канын кызытып, ок менен отко салып беришти. Өздөрү жаш балдардын сөөгүн аттап келишип, майлуу орундарга отуруп калышты. Анан набыт болгон балдардын жакындарына миллиондоп акча карматышып, үстүнө үй тургузушуп, ошону менен алардын карызынан кутулдук дешти көрүнөт. Мындай ыпластык мурда болуп көргөн беле?
Темир жол акысы - Мекенби?
Кийинки кездерде массалык маалымат каражаттарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу тууралуу маалыматтар байма-бай берилди. Анын күңгөй-тескейи териштилип, кала берсе өкмөт башчы кендерди тейлеген министрге сөгүш бергенге үлгүрдү. Көрсө, темир жол курууга кытайлыктар каражат сарптап, анын акысына биз тоо-кендерибизди аларга берерибиз тууралуу өлкөгө чуулдап чыккан кеп калп экен да, аны министрлик эле жайылта салган имиш. Өкмөт таптаза бойдон калды. Адегенде элге айтаарын айтып, чуу чыккан соң дароо айткан сөздү кайра кайтарып алуу азыркыларга адаттагы эле нерсе болуп калган. Кыргызстанда үлкөн калп машинасы, элди алдоо машинасы иштеп жатат.
Бул темир жол державалардын геостратегиялык ири максаттарына туура келерлиги айдан ачык. Биз дайыма үлкөн мамлекеттердин кызыкчылыктарына гана кызмат кылып, өз элибизди жана жерибизди кемсинтип, шылдыңдап, тебелеп келе жатабыз. Бирок, тарыхка карасак, чыныгы патриоттор, журтсүйөрлөр башкача жашап, иштешкен экен.
Алсак, алар чет элдик баскынчылардан элин, жерин коргоо үчүн стратегиялык жолдорду, чептерди, каналдарды, тоскоолдук келтирүүчү жабдууларды курушкан. Мисалы, Осмон империясынын улуу султаны Мехмед Фатих экинчи Византия империясынын баш калаасы Константинополду басып алардан мурун Босфордун Европага караган жагына Рухмелихисар чебин курган.
Адольф Гитлер европалык кошуна мамлекеттерди басып алардан мурда 1933-жылы бийликке келип, биринчи кезекте Германияда кенен, тез ылдамдыкта жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү стратегиялык жолдорду курган (биздин «гитлерлер» эмне кылып жатышат?). Ал эми кытайлыктар өздөрүнүн Мекен чегин жат душмандардан коргоо үчүн көп кылымдар бою азыр дүйнөдөгү жети укмуштун бири эсептелген 7500 чакырымдык Улуу Кытай дубалын курушкан.
Азыркы кезде Кытайдын геосаясий умтулуштарын, Кыргызстанга карата сунуштарын карап отуруп, ушундай эле көрүнүштү байкоого болот. Бул геосаясий умтулуштар төмөнкү кызыкчылыктарга багындырылган:
- соода экспансиясы (басып алуу);
- кытайлык коммерциялык структураларды көбөйтүү;
- кошуна мамлекеттерде Кытай жарандарынын санын арттыруу;
- Кытай жарандарынын жер-жерлердеги титулдук улуттун өкүлдөрү менен болгон никесин колдоо;
- техникалык жана каржылык жардам берүү;
- кошуна мамлекеттерде кытайлык жогорку окуу жайларын ачуу;
- Кытайдын демилгеси менен жер-жерлерде ошол эле Асман алдындагы өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) аймактык структураларын түзүү;
- Кыргызстан аркылуу Батышка өтүүчү темир жолду куруу.
“Бул темир жол Кыргызстанга пайда алып келеби? Канча пайда алып келет?”- деген суроолор пайда болот.
Ошол эле кезде “пайда алып келбейт”,- деп так кесе айтууга болор эле. Себеби, биринчиден, Кыргызстан унаа жагынан алганда туюкка капталган өлкө эсептелинбейт, ал эми Ак үйдөгү мартабалуу чиновниктер аны тескерисинче айтуудан уялышпайт. Кыргызстан Борбордук Азиянын кургак жер жана аба жолдорунун тоомунда жайгашып турат. Орто кылымдарда ал аркылуу Чыгыш менен Батышты байланыштырган Улуу Жибек жолу өткөн.
Экинчиден, Кыргызстандын аймагында аталган темир жолдун курулушу пайдасынан көп зыяндарды алып келет: ансыз да көйгөйлүү жерибизге жана элибизге ашыкча көйгөйлөрдү жаратып, мамлекетибиз менен келечегибизге үлкөн кесепеттерин тийгизет. Муну төмөнкү жагдайлар менен тастыктаса болот:
- темир жол көп сандаган тоннелдер жана корукталган аймактар аркылуу өтүү менен экологияга опол тоодой зыян алып келет;
- Кыргызстан Чыгыш менен Батыштын трансмагистралдык тутумуна жана өргүй турган жерине айланып калат;
- Кыргызстандын флорасына жана фаунасына орду толгус зыян алып келет;
- өлкөбүздүн трансмагистралдык компанияларрга болгон көз карандылыгы артат;
- КЭРдин жарандарынын биздин өлкөгө (убактылуу же биротоло) көчүп келүүсү күчөйт.
Кыргызстанда вагондоп ташып чыгарып кеткидей деле ашып-ташып жаткан тоо-кен байлыктары жок, ал байлыктарды, жаратылыш ресурстарын автоунаалар менен деле кыйналбай ташып чыгарып кетсе болот.
Уйгур кейпин кийип калбайбызбы?
Атамбаев менен Бабановго 50 жыл мурдагы Синьзянь Уйгур автономиялуу районуна (СУАР) Кытай темир жолун куруу таржымалын айтып коюунун зарылдыгы бар. Ал темир жол курулган 1960-жылга чейин СУАРдагы хань улутундагы жарандардын саны бардык калктын санынын 5 пайызын гана түзгөн. Ал эми ошол автономиялуу райондогу түпкү, титулдук калк эсептелген уйгурлардын саны жалпы калктын санынын 77 пайызын түзчү.
Ал эми темир жол курулган соң бул абал тезинен өзгөрө баштады. СУАРдын борбору Үрүмчүдөн баштап Казакстандын чек арасына чейин (Достук станциясы) Кытайдын ички райондорунан хань улутундагы жарандардын массалык көчүп өтүүсү башталган. Өткөн кылымдын 50-жылдарынын аягы менен 60-жылдарынын башында Кытайдын коммунисттери курулуп бүткөн темир жолду пайдалануу менен СУАРга карата экономикалык, саясий, демографиялык жана аскердик экспансияны күчөтүшкөн.
Белгилүү уйгур жазуучусу, саясий жана коомдук ишмер Зия Самадий ошол кезде эле автономиялык аймакка курулуп жаткан темир жолдун уйгур эли үчүн алып келүүчү кесепеттери тууралуу ачык айткан. Анын ошол айткан олуя кептерин азыркы кезде СУАРдагы бардык уйгурлар жон териси менен сезип турушат.
Расмий маалыматтарга караганда, СУАРда хань улутундагы жарандардын саны жалпы калктын санынын 40 пайызына жетип калды. Ал эми уйгурлардын саны мурдагыдан азайып, 45 пайызга түшүп калды. Акыркы кытай расмий эл санагында СУАРдагы уйгурлардын саны 9 миллион 200 миң киши деп табылды. Ал эми көз карандысыз булактардын маалыматына караганда уйгурлар саны 16-17 миллионго жетет.
Өткөн кылымдын 50-жылдарынан кийин Кытайдын коммунисттери ички саясатта «камчы» принцибине өтүп алышкан. СУАРда ШКУ уюшулганга чейин иш кагаздарын жүргүзүүдөгү расмий жана улуттар аралык карым-катнаш тили уйгур жана кытай тили болуп келген. ШКУ уюшулгандан кийин уйгур тили СУАРдагы расмий тил болуудан калды. Андан тышкары да адам укуктары менен демократиялык эркиндиктер тебеленип келүүдө.
Ошондуктан да СУАРдагы кытай темир жолунун курулушунун кесепеттери, ошол тажрыйба менен сабактар биздин Атамбаев сыяктуу мартабалуу чиновниктерди ойлонуп иш жасоого, жети өлчөп туруп гана кесүүгө мажбур кылышы шарт. Алар жалпы Кыргызстан элине кытай темир жолунун курулушу эл-журтка эч кандай терс жагдай алып келбестигин убада кылуулары зарыл. Анан да, бул темир жол курулушунун тагдыры чиновниктер тарабынан гана көмүскөдө чечилип калбай, ал жалпы элдик референдумга чыгарылышы керек. Кыргызстандын тагдырын бир-эки киши гана чечип коюшун болтурбайбыз.
Эгемендик кайсы жерден көрүнөт?
Мурдагы президенттер мамлекетти чыңдашты, өнүктүрүштү, дүйнөгө таанытышты, башкалар менен бирдей таң-ата болушту. Азыркылар болсо даяр ашка, башкача айтканда, мамлекеттик эгемендиктин 20 жылдык торколуу тоюна келип отуруп калышты. Орустар айткандай, «из грязи в князи».
2010-жылдын апрелине чейинки чыныгы эгемендик менен андан кийинкисин салыштырууга болбойт. Мурда биздин президент башкалар кандай болсо ошондой эле. Башкаларга жылмаңдап жасакерленип, көзүн карачу эмес. Башкалар катуу айтса, ошондой жооп берчү, эл аралык, мамлекеттер аралык иш-чараларды ар-намыс, улуттук татыктуулуктун чегинде алып барчу. Ким-бирөөгө жетип барып, дубанага окшоп суранбады. Башын бийик көтөрдү.
Азыр эмне болуп жатат? Акыркы беш жылда Кыргызстан аймагында курулуп ишке берилген бир нече ондогон ишканалар ишин токтотту. Мурда иштебегендерин иштетип коюшса, апрелден кийин алар да токтоп калышты. Жумушсуздук күчөдү, баалар асманга чыкты. Коррупция жети атасын тааныбай калды. Бийликтин кадыры, күчү дос-тууган, уруу ичинде калып, башка жакка чыга алган жок.
Чү дегенде эле Убактылуу өкмөт бийликти Бакиевдердин сазайын берип коюу үчүн кыргыз улутунун душмандары болгон өзбек сепаратисттерине карматышты. Алардын саясий оюнунан от чыгып, июнь коогалаңы пайда болду. Жүздөгөн киши, алардын ичинен жаш бөбөктөр, кемпир-чалдар, кыз-келиндер боо-боосу менен набыт болду, жабыр тартышты. Бишкекте кофе ичип отуруп, зар какшагандар менен эч кимдин иши болгон жок. “Бириң өлүп, бириң кал”,- принциби менен иш тутушту.
Анан мамлекетке келген коркунучту сезе калган Отунбаева башка мамлекеттерден жардам сурап ийди. Колдорунан балээ да келбесин билип калышты. Бирок, түштүктөгү чыныгы улутмандар, эл-жерин сүйгөндөр, мамлекетти аздектегендер, улутуна карабай кишинин кадырын билгендер коогалаңды басып, тынчтык орнотушту. Бийликтегилер биз тынчтык орноттук деп жатышат: калп! Тынчтык орноткон соң гана алардын кезеги келип, мыйзамдуу куугунтук башталды. Ошондо да өздөрүнүн шериктеш сепаратисттерин чет жакка чыгарып ийишип, эч жакка кете албагандарды тыпыратып басып калышты.
Азыр президент Батышка, өкмөт башчы Россия менен Түркияга жүгүнүп, көздөрүн жалжылдатып, эртең кокус абал кескин өзгөрсө, бара турган жерин камдап жатышкансыйт. Өзбекстан чек арасын жапкан бойдон ача элек. Казакстан бир эсе боору ачып, бир эсе табасы канып, баш чайкап туру. Трайбализм, регионализм, уруучулук, партиялык бөлүнүүчүлүк, байлык менен бийлик талаш, ыпластык жана бетпактык бийлик органдарында туу чокуга жетти. Аймактарда бийлик органдарына жапырт ууру-кескилер же мартабалуу кароочулар келишти. Элдин үстүнөн күлүштү.
Өкмөт мактангандан, алдагандан, убада бергенден, артистизмден, жалган жалаалардан, ушактан ары кетпей, колунан эч нерсе келбестигин көрсөтүп койду. Дайындуу бир программа, багыт билинбейт. Бакиев учурундагы долбоорлор, багыттар гана болуп, ишке ашып жатат. Аны “биз жасадык” кыязында элге чуулдатып, өздөрүнө пиар жасашууда. Бир гана маселе: биз бул жалганчылардан качан кутулабыз?!
Кутчубек БЕККЕЛДИЕВ, Бишкек шаары