Бишкек, "Саясат.kg". Жашырып не, былтыркы апрелдеги бийлик алмашуу кимдир бирөөнүн бактысын чапса, кээ бир адамдар үчүн байлыгын арттырууга шарт түздү. Рейдерчилик, б.а. бирөөнүн оокатын күч менен тартып алуу фактылары ошондуктан аябай арбып кеткен. Мындай көрүнүшкө азыноолак цивилдүү боёк берүү максатында, ошол рейдерлик топтордун артында тургандар сотторду пайдаланышты. Кыргызстандагы соттор канчалык деңгээлде коррупцияланышканы мыша ошондо даана көзгө урунган.
 
Сот системасын реформалоо, тазалоо демилгесин президенттикти мыкчып турганда Акаев да, Бакиев да тарабынан көтөрүлгөн. Апрель төңкөрүшүнүн уюштуруучулары соттордун көз карандысыздыгын негизги лозунгдардын бири катары көтөрүшкөн. Бирок, бир да жолу соттордун эркиндигин шарттаган реалдуу кадам жасалган эмес. Баары сөз жүзүндө кала берген. Бийлик алмашуунун бир жылдыгы аралыгында соттор мүлктөргө байланыштуу канчалаган бирине-бири каршы келген чечимдерди чыгарышты. Акча берген тараптын гана сөзүн сүйлөп туруп алышканы, бир да ирет акыйкаттыкты эстеп коюшпагандыгы калктын кыжырын огобетер кайнаткан. Ал ортодо бийлик башында тургандар да сөз жүзүндө “соттор эркин болушу керек”,- демиш болуп, чындыгында өздөрүнө керектүү чечимди чыгартып турушкан. Президенттик аппараттын башчысы Э.Каптагаев баш болуп судьяларды Ак үйгө чакырышып, кысымга алган фактылары тууралуу канча жазылды. А бирок, бу маалыматтарга бийлик ээлери “ак” же “көк” деп койгонго жарашкан жок, чымын чакканчалык көрүшпөдү.
 
Мына ошондой кырдаалда парламенттик корпус тарабынан сот реформасы демилгеленип, бир катар мыйзамдар кабыл алынды. Анын негизинде Сотторду тандоо кеңеши түзүлүп, өз ишин баштаган болчу. Чындыгын айтуу керек, бу сот реформасын баштаган адамдар баарына даяр турушу керек болчу. Себеби, реформа канчалаган коррупционерлердин тамагына тыгылган кылкан болмок. Ошондуктан, коррупцияга чырмалып бүткөн сот корпусунун өкүлдөрүнө, аларды өздөрүнө керек учурда пайдаланып келген бийлик төбөлдөрүнө чыныгы реформа керек эмес болгон. Мына ошол ортодо дагыле коомдук уюмдардын колу менен сот реформасын муунтуу башталды.
 
Чып-чынына келгенде, Ак үйдүн бардык эшигин жаап, Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын үзгүлтүккө учураткан жоон топту коомдук уюмдардын ардактуу өкүлдөрү деп айтууга ооз барбайт. Ызы-чуу болбой да калмак, эгерде президенттик аппараттын анабашында турган чиновник 7-кабаттагы кабинетинен элдин аз келгенин көрүп, шаардык мекеме-уюмдарга “ар бириңер ондон адам чыгаргыла” таризинде буйрук бербегенде. Ошондогу имиштерге ишенсек, Эмикең мындай акцияларды уюштурууга көнүп калган “ОБОНчу” (Отряд баб особого назначени,- деп айтылып жүрбөйбү) аялдарга жакшы төлөп бериптир. Ак үй тараптан чыккан жаш жигиттин ары-бери чуркап, тыйын таратып атканын сөз кылышууда. Бу кептин канчалык чындыгы бар? Чын болсо Эмикеңде мынча каражат каяктан? Же ажылык сапарды уюштуруудан кемирип алган акчалардын эсебинен берип жатабы?
 
Ошондогу ызы-чууну “мына мен уюштургам”,- деп, “ата-мекенчи” депутат Эркинбек Алымбековдун түштөн кийин күпүлдөп чыкканын уксаңыз керек. Бу бала качантан бери баатыр болуп калган? Парламент партасында балыктай олтурбады беле, кеп таппай? Баарын уюштурган Каптагаев экени билине баштаганда, абасын коргоп калайын деген эрдигиби же? Айтса-айтпаса деле, Алымбеков менен Каптагаев жердеш гана эмес, мамилеси өтө ысык адамдардан экенин эл-журт бүт билет эмеспи.
 
Дагы бир патриот Тербишалиев жүрдү ошоерде кыйын болуп. Бу бала төңкөрүш убагында элдик кошуун түзүмүш болуп, ошонун арты менен КСДП тизмесине кирип, депутат болгон. 15-августтагы митингчилер арасында Тербишалиевдин кошунунан калган калдыктар жүргөнү да ошондон. Тербишалиев да, Алымбеков да эч качан өз алдынча кадам жасай алышпайт. Буларга өйдө жактан буйрук берилген.
 
Ошондуктан, сүйлөгөн сөздөрүндө бу эргулдар эмнени каалап жатышканын тыңгылыктүү айта алышпады. “Таркатабыз! Талкалайбыз! Бузабыз! Уюштурабыз! Аягына чейин турабыз”,- деген өңдүү гана добулбасты угуп жатабыз. А мыйзамда кандай? Сотторду тандоо кеңешин бу эки депутат, алардын артында турган Каптагаев, Эмикеңдин үстүнөн көзөмөл салган көшөгө артындагы спектаклдин чыныгы авторлору тарката алабы? Мыйзам боюнча, Сотторду тандоо кеңешин парламент тарката албайт (ушуну бу эки депутат жакшылап окуп алышсын), болгону, өз өкүлдөрүнө өз каалоосу менен анын курамынан чыгуусуна шарт түзүп бере алышат. Ушул эле мыйзамда көрсөтүлгөндөй, президенттин аппараты судьялыкка талапкерлерди Отунбаевага окшоп олтургузуп алып, экзамен алууга укугу жок экени даана жана ачык көрсөтүлгөн. Президент талапкерлердин документтерин өтө олуттуу каршылыгы болсо гана кайра кайтарып берүүгө укуктуу. Андай болсо мындай шоунун кимге кереги бар эле? Анын үстүнө, Отунбаева мунун баарын теледен толук көрсөттүрдү. Мамлекет башчысы баш болуп мыйзам бузуп жаткандан кийин, калганыбыз кайда барабыз? Экзамен алып жатканда, анын жанында Каптагаевдин, анан да Данияр Нарынбаевдин олтурганы кызык болду. Каптагаевдин олтурганы түшүнүктүү, океңдер айткандай, “он лицо заинтересованное”. А Нарынбаевге келсек... Мындан мурдараак, Данчиктин аялы судьянын ар-намысына доо кетиргендиги үчүн Отунбаеванын буйругу менен кызматынан учуп түшкөн. Өз аялына судьялыктын жакшы-жаманын үйрөтө албаган Данчиктин башка судьяларга суроо берип олтурганы кайсы моралдык этикага сыят? Дагы бир белгилеп кете турган нерсе: талапкерлер чындыгында 10 суроо болсо мисалы, анын 7-8ине туура жооп беришкен. Бирок, теледе так ушул жооп бере калбай калган жагын кыркып көрсөтүп, атайылап шылдың кылышканы азыр ачыкка чыгууда. Булардын экзаменинен үч гана талапкер өттү: Эмил Өскөнбаев, Клара Сооронкулова, Таштемир Чилдебаев (үчүнчүсүн парламент жыга чапты). Үчөөнүн эмне үчүн өткөнүн изилдеп көрсөк, кө-өп кызык жатыптыр. Моралдык жактан жазууга болбой тургандыктан, анын баарына кайрылып олтурууну туура көргөн жокпуз.
 
Сотторду тандоо кеңешинин коомдук көзөмөл комитети билдиргендей, бийлик бутактары сот системасын өздөрүнө көз каранды кылууга гана кызыкдар болууда. “Биз болгону айрым кемчиликтерин оңдоо керектигин айтканбыз. А булар ошон оңдоонун ордуна, сот корпусу үчүн кыжылдашканга чейин барып, өздөрүнө каратып алууга алагды болушууда”,- дейт комитет мүчөлөрү.
 
Тербишалиев сөз таппай калганда, “мыйзам чийки, кемчилик кетиргендерди чыгаруу механизми көрсөтүлбөптүр” деп да айтууда. А чындыгында, парламентте мыйзам каралып жатканда, дал ушул Тербишалиевдин айынан бул норма кирбей калган экен. Анын үстүнө, ал өзү мыйзамдын авторлорунун бири экенин коомчлук биле бербейт. Эми өзүнүн сөзүнө өзү каршы чыгып жатат. Ошондо биз кайсы Тербишалиевге ишенебиз?
 
Спектакль дагы уланчудай. Себеби, ызы-чуунун авторлору максатына жете элек. Бөлүп ала элек канча мүлктөр, менчиктер турат, соттогу тагдырын күтүп. Соттор чөнтөктө болсо гана ошонун баарын менчиктеп алышат эмеспи. Бул жагынан алып караганда, булар аягына чейин барчудай. Бир жагынан Сотторду тандоо кеңеши да жөн эле жеңилип бере тургандай эмес. Соттор кеңешинин дисциплинарлык комиссиясы З.Базарбековдун аракетинен бир да кынтык тапкан жок. Буга депутат Алымбековдун ачуусу келип, дагы бир митинг менен коркутууда. Эркин мырзанын оюна койсок, Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы З.Базарбеков да, Соттор кеңешинин дисциплинарлык комиссия башчысы А.Кудайбергенов да, Жогорку сот төрагасынын орун басары М.Осмонкулов да, кыскасы, бүт баары жеп-ичкич экен. Алымбековдо бет жок экен, соттордогу коррупцияга каршы реалдуу иш башталса, ага каршы чыгат. Ага “фас” деген кожоюндары анда периштеби?
 
Эмнеси болсо да, сот реформасы каршы тургандардын көптүгүнө карабастан, аягына чыгаарына ишене туралы. Анткени, бизде сотторго акыл-эси ордунда эмес адам гана ишенбесе, соо адам эзели ишенбейт.