Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2208

Айла кеткенден чыккан кеп...

 

Кайран Нүзүп, кайран Чиркеш уулу Өмүке десе! Ушунчалык да тагдырыңар окшошуп калабы? Же кыргыз журтунун тагдырына силерди бир “алла” атайылап жаратса керек. Мен “Сынган кылыч” романын окуп, жаштыгыма карабай Нүзүптун тагдырын ойлоп, бир айга жакын өйдө-ылдый, оор салмактуу ойлор көкүрөктү эзген эле. Азыркы учурда 2010-жылдан кийин кайрадан дал ушундай абалда калдым. Ошондуктан, өз ой-пикиримди айтууга туура келди.

                               

“Кокон ханы – 1”  (“Сынган кылыч романынан үзүндү)

 

Нүзүп:

 

- Ушунда эмне болот баатыр?

 

- Кармашуу…!

 

- А бали,- Нүзүп уурутунан жылмайып баш ийкеди. - Кармашуу болот.

 

…..- Как! Так ошерге как!

 

Шамшар диванхананын саймалуу дубалына кагылган соң, Нүзүп Шералынын бутун жакын тургандарга көрсөтө: - Тарткыла бутун!

 

- Өй селделер! Тарткыла дейм бутун, колуңарга жугуп калабы?

 

Кожолор Шералынын уурттары дулдуйган, чаң, аттын тери каткан чокоюн ичтеринен кор болушуп жатып чечтиришти. Сасыган чулгоолорун араң чыдап бүктөшүп, чокойдун кончуна тыккан болушту. Шералы кыпкызыл болуп, буттарынын башын шөлбүрөгөн чепкендин өңүрлөрү менен кымтынып отуруп калды.

 

- Чеч белбакты бери! – деди Нүзүп ага. Шерали унчукпай, эски кайыш белбагын чечип берди. Нүзүп белбак менен эки чокойду кошоктоштуруп бекем байлатты:

 

- Илгиле!

 

Житире кагылган  шамшарга чокойду алпарып илишти. Баары Нүзүптүн оозун тиктеп калышты. Диванхана тымтырс. Бул эмнеси? Бул кандай сыры?

 

Ошондо кийин гана, Нүзүп көпчүлүккө угуза:

 

- Шерали! Мына, карагым, эми сен журт эгесисиң. Журтка кайрымдуу бол! Бурадарга күйүмдүү бол! Акылдуунун тилин ал! Көздүүнүн артынан эрчи!- Чокойду колун сунуп көрсөттү: - Тетиги жаман көң чокой… Шерали, тааныйсыңбы ошону? Ал сенин чокоюң! Ал сенин өткөн күнүң! Шерали… Ошол өткөн күнүңду,ошол карыптыгыңды эч качан унутпа, күндө көрүп отур. Ал алтын такка чыгарган күчтүү кудуретти сага күндө эстетип турсун. Кара баштуу адамдын өмүрүнө, калың тайпа журттун тагдырына ойлук кылганыңда бул чокой дайым маңдайыңда болсун. Бул сени көптүрбөсүн, эсиртпесин....                

 

ххх

 

...Шерали дагы жулкунуп чыканактап тура калып чаңырды:

 

- Нүзүп! Нүзүп акеңиздин күнөөсү башынан ашып кеткен экен! Ошол күнөөсүн күнөө эткен башын кесип келүүгө жарлык бердим! Уктуңбу!

 

- Кокуй, кокуй …Эгер бүгүн Нүзүптүн башы кетсе, эртең сеники кетет. Ушуну билбейсиңби, кокуй жарым эс? Сен ошону менен кишисиң!

 

….Ал (Нүзүп) сеждеге баш койду. Ошол учурда чөп шырт-шырт деди. Бирок, жүрөгү козголгон жок, аны акылдын күчү, эрктин күчү бек кармап турду ….

 

….Абил жетпей калды. Желдет ичкери бактын ичинде Нүзүп аталыктын башынын канын сарыктырып, шалдырап отурган эле.

 

Ошол 1845-жылдын жазында Мусулманкул миңбашы ордодо жокто Исфара вилаетинин беги Сатыбалды датка капыстан ордону басып, Шерали-ханды өлтүрүп, Мурадбекти хан деп жарыялап жиберди.

 

Тыянагындагы ой:

1. Нүзүп ордодогу буйрукту - мыйзамды сыйлаганы;

2. Нүзүптүн да бул жашоодо бала-чака, жары жана байлыгы боюнча керээзи жоктугу;

3. Нүзүптүн өз өмүрүн, бийлигин сактап калуу мүмкүнчүлүгү;

4. Нүзүптүн башын ордодо эле кесип алса болбойт беле?

             

“КОКОН ХАНЫ - 2” (Кыргыз мамлекети 2010-2017-ж. аралыгында)

 

Кыргыз эли 2010-жылы жаңы Конституцияны кабыл алды. Мына ушул Конституциянын автору же негиздөөчүсү Текебаев Өмүрбек Чиркешович эле.

 

Текбаев негиздеген 2010-ж. Конституция президенттик кызматка киришкен Алмазбек Атамбаевке Шералынын чокою сыяктуу эле.

 

Аттиң десе! Нүзүп сыяктуу Өмүке азыркы бийлик тарабынан камакка алынды.

 

Ошол Конституция боюнча мамлекеттин башкаруу формасы “парламенттик” деп жарыяланып, “президенттик бийлик - элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат”- деп айтылат.

 

Конституцияда “президент коррупция менен күрөшөт”- деп так жазылган эмес. Ошол Конституциянын 70-бер. 1-п.: “Жогорку Кеңеш – өз ыйгарым укуктарынын негизинде контролдук кылуу мидеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат”,- деп жазылган. Бул жагдайда эмне үчүн коррупцияга каршы ишти ЖК депутаттары алып барбайт?

 

Бүгүнкү күндө бийликтин “Ак үйү” менен “Көк үйү” баякы эле Кокон хандыгы тушундагы ордого окшоп калды. “Сынган кылыч” романында жазылгандай: “Баякы эле ордо. Сыртынан караганда ынтымагы бүтүн болгонсуп калган ордо. Акылдуунун оозун кароо, сакалдуунун сакалын кадырлоо. Такыба, сыпаа, сылык. А ичи кырдыбычак, жылмайып отуруп алышкан, жанаша жүрүп жүлүк тиктешкен коркунучтуу ордо”, жазуучу Төлөгөн Касымбеков мүнөздөгөндөй, азыркы абал так эле 1840-ж. Кокон хандыгы ордосунунун кейпин кийди. Ушак-айыңга кулак салган Шералынын тагдыры биздин бийликте кайталанбаса богону.

 

Сөздүн ток этер жери президенттик шайлоого саясий партиялар өз талапкерлерин атын аташып, элге “көңүл бургула” дегенсийт. Саясий партиялар акчалуу болгондуктан, “акча чечет” деген иш-аракеттери айдан ачык болуп калды. Анткени карапайым элдин унчукпай калышы “акча каражатынан аксайбыз” деген ойдо болсо, кээ бирөөлөр тарп аңдыган жору куштай партияларды карап турушат. Элде: “Ыштанына чычкан колун аябайт”,- дейт. Ошондуктан саясий партиялар байлыктарын коргоо үчүн болгон аракетин жасашат. Бул багытта “Сынган кылыч” романындагы Фон Кауфман минтет: “- Мен силерге айрыкча эскертем. Эсиңерге келгиле! Тополоң чыгарып чаап жүргөндөргө ишенбегиле. Билип койгула, тиккен багы (завод-фабрикасы), салган тамы (2-3 этаж) болбогон соң кыргыздар согушуп, эчтемеси коробойт, мына силер, эй сарттар (байлар) мына силер чабыласыңар, силер таланасыңар! Эсиңерге келгиле!”.

 

Бул жагдайда бир топ аксакал-аталардын демилгеси менен “Хан ордо -7 ата” демилгелүү тобу түзүлүп жатат. Максаты - карапайым эл ичинен президенттик шайлоого талапкер атуулду тандоо жана элдин талкуусуна алып чыгуу. “Хан ордого” облустардан бирдей сандагы аксакалдар катышат жана маселени ата-аксакалдар  чечишет. Эми 25 жылдан бери өнүкпөгөн, жок болуу алдында турган  кыргыз элинин тагдырын  ата-аксакалдарга берели.

 

Биринчи жыйын 2017-ж. апрель айына белгиленүүдө.Кыргыз эли акылдуунун тилин алып, көздүүнүн артынан ээрчий турган учур келди. Учур да бир келет. Азыркы учурдан калбайлы кыргыз элим.

 

Айтбай Абдыкадыров,

юрист, фермер (Байланыш телефону 0555-305-113)

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №08 (286), 8-март 2017-жыл.

Тема: