Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1591

Элден чыккан демилге…

     

 

Эгемендиктин чейрек кылым жолун баскан кыргыз эли бараткан багытын баамдай албаган адашкан жолоочуга окшошуп турат. Саясий өз алдынчалыгын алганы менен экономикасы айдан-айга, жылдан-жылга көз карансыздыгын жоготуп барат. Анткени, саясатты аныктаган экономика мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес бийликти атасынан калган мурасындай, байлыкты энчисиндей санаган бир ууч топтун пайдасына гана иштеп калганы качан. Мамлекеттин пайдубалын сөз менен түптөп, арабаны аттын алдына чиркеп, саясат менен гана алпрушуп келебиз. Шайлоо-референдумдардын саны боюнча кыргыздар алдына ат салдырбаса керек. “Эки ирет революция жасадык”,- деп эрдемсинген эл төңкөрүшкө катышкандарына көздөрү жетип, деми сууп, баарына кайыл, кайдыгер маанайга батып турат. Жыйынтыгы, натыйжасы болбосо анан кантип революция дегенге ооз барат.

 

Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, революциядан кийин кескин өзгөрүү болот тура. Же 2010-жылы кабыл алынган Башмыйзамды өзгөрүү деп санашабы? Жүздөй кырчындай өмүрдү алып кеткен 7-апрель окуясынан кийин бийликке келген оппозициянын саясий системаны өзгөрткөнү “авторитардык режим, үй-бүлөлүк башкаруунун” ички бетин сыртына аңтарып ачып салгандай эле болду.  Акаевдин демократияга жамынган либералдык саясаты экономиканын таш-талканын чыгарып, түзүп кеткен коррупциялык режими бүгүнкү Конституциянын өзөгүн түзүп калды.  Анткени, жоопкерчилиги жоголгон, кадыр-баркы кеткен бийлик менен коомдун ажырымынын  жеткен чеги орду толгус көйгөй жаратып, жөө тумандай каптаган коррупция көнүмүш адатка айланды. Шайлоо-референдум бийлик үчүн саясий оюнга айланса, шайлоочуларга добуш саткан көнүмүш адат болуп, көңүлдөрү калган көпчүлүк саясий өнөктүккө катышпоо менен каршы позициясын көрсөтүүгө өттү. Шайлоо-референдумга шайлоочулардын үчтөн бири же болбосо 30 пайызы гана катышып калган коомдо, бийликтин моралдык укугунан мурда мыйзамдуулугуна доо кетип, таңууланган саясий системанын эл мүдөөсүнө жооп бербегенин айгинелейт. Жарандардын жигердүүлүгүнүн солгундашы тескерисинче бийликтин чырагына май тамызып, режимдин күчтөнүшүнө түрткү болууда.

 

Партиялык система бийликтин формасын гана өзгөртүп, авторитардык, үй-бүлөлүк режим партияга өттү. Өтүп гана калбай, өлкөбүздү туңгуюкка алып келип такаган саясий элитанын өмүрүн чексиз узартканга өбөлгө түзүп берди. Эски режимдин акырынан жем жеп, камчысын чапкандар партиянын чапанын кийип парламентти ээлеп отурушат. “Уядан эмне көрсөң, учканда ошону аласын”- дегендей, жаш муундарды да жаман жолго салып, “татыктуу” орун басарларын тарбиялап атышат. Парламент элдин ырыскысын уурдаган, арам акчага мандат сатып алган, мамлекеттик жогорку бийлик жеке кызыкчылын канагаттандырган гана  жаңы кыргыз “буржуйларынын” менчик уюгуна айланды. Анан адал байлык дегенди билбеген “эл өкүлдөрүнүн” алар жамынган партиялардын ортосунда кайдагы саясий атаандаштык, системалык оппозиция? Экономиканы иретке келтирип, тартипке салып, рынок жолуна коюп, көз карансыздыгына жетишип, бизнесте атаандаштык пайда болсо, кызыкчылыгын, укугун коргой алган орто катмар калыптанса, мыйзамдын кулу болгонду үйрөнсөк гана саясий атаандаштык, системалык оппозиция, демократиялык коом жаралат. Бирок, “казды туураймын деп карганын буту сыныптыр”- дегендей тегибизди унутуп, бөтөн элдин баалулуктары менен мамлекеттин пайдубалын түптөй алабызбы? Элдин мүдөө-талабына жооп бербеген саясий система, эки жүздүү, өзүмчүл, кошаматчыл, калпычы башкаруу бийлигин жаратып, өзүбүз отурган бутакты кесип салгандай болду. Партиялык система элди бириктирмек турсун тескерисинче регионализм, трайбализмди курчутуп, коомду коргошундай уютпай, таруудай чачыратканга шыкак болууда.

 

Саясий партиялар программасын жүзөгө ашырып, убадасын аткарып, шайлоочулардын ишенимине, добушуна жетишүүнүн ордуна жергиликтүү айылдын, аймактын, уруунун төбөсү көрүнгөн тыңчыкма уул-кыздары аркылуу добуш сатып алып жатышса мамлекеттин деңгээлинде партия жаралабы? Айылдык кеңешти, өкүмөттү шайлоо бир айылды көчө-көчөгө бөлүп атса. Бийлик партиясы күчкө салып көпчүлүк добушту алып койсо да болот бирок, аймактан куралган клон партияларды түзүп “добушун” бөлүшүп, милдет-жоопкерчиликти коалициялык өкмөткө жүктөп, билгенин жасай бергени жакшы эмеспи. Бүгүн уурдаган элдин ырыскысына манчыркашып, баатыр болушуп, президент болом деген дымагы денесине батпай, баштарын жарып турат. Талапкерлер иттин кара капталынан болгону менен элдин тандоосу жок. Эл президенттикке ат салышкандардын баарынын жүзүн гана тааныбастан, ички дараметин да жакшы билет. Бирок, карапайым калк иллюзия менен жашап, эки жолу күч менен алмашкан бийлик Акаев чаап кеткен “даңгыр” жолду улап, кеңейтип келгенине, туңгуч ажонун доору Атамбаев менен аяктабасына  көзү жетип, көңүлү калып, жаңы заманды, жаркын келечекти самап турат. Президенттике ат салышкандар эски доордун адамдары экенин, мансап, байлык менен ооруган, айыкпас дартка чалдыккан, мезгил талабын, коомдун өңүгүүсүн сокур көкүрөгү көрбөй, режимдин камчысын чапканын “элге кызмат кылып кадыр-баркым өттү” деп санагандар экенин эл көрүп турат. Демократияга жамынган саясий элитанын саясий системасынан көңүлдөрү калып тажаган эл баатырын жарата алчу чыныгы элдик бийликти көксөп турат. Бүгүн өз арабасын тартып, өзү менен өзү болуп калган элдин биримдик, тилектештик сезими ойгонуп, капитализмге кадам таштаган коомдо улуттун менталитети эске алынбаган саясий системага, башкаруу бийлигине иммунитети каршылык көрсөтүп атат. Анткени, капитализм эмес, феодализмден оолак, өз каада-салты, үрп-адаты, нарк насили менен нечен кылым карытып жашап келген көчмөн элдин бөтөн баалулуктарды жерип атканы да мыйзам ченемдүү көрүнүш.

 

“Демократия - башкаруунун эң начар түрү бирок, адамзат андан жакшысын таба албады”- деп У.Черчилль айткандай, цивилдүү, демократиялык коом да адам баласынын эволюциялык басып өткөн жолунун арбыганы. Бирок, кыргыздын батыштыкындай демократиялуу коом кура албай атканынан кемчилигин эмес, артыкчылыгын гана көрүп турам. Анткени, элибиздин басып өткөн жолунда өз демократиясынын чыйыры жатат. “Ат айланып мамысын табат”- дегендей ата-бабабыз чаап кеткен жолдон чыгып, адашып алыска бара албайбыз. Балким эгемендикке ээ болгону багытыбызды көрө албай, жолубузду таба албай жатканыбызга жетимиш жылдан ашуун СССРдин курамында жашаганыбыздын кедергиси тийип аткандыр, бирок, сабатсыз көчмөн элдин көзүн төөнүкүндөй ачып, цивилизацияга жакындатып, мамлекетибиздин түптөлүшүнө опол тоодой салым кошуп, “кандай аял тууду экен Лениндей уулду” деп улуу Током айткандай шарапатын гана көрбөдүкпү. Элдин аң-сезиминде “баарын башкарма, райком билет” деген түшүнүк дале болсо жашап жаткандай. Бирок, “империализм, капитализм өзүнөн-өзү чирип жок болот” деген коомдун босогосун аттап,  эволюциялык өнүгүү жолуна түшкөнүбүздө миңдеген жыл басып өткөн жолубузга, тарыхыбызга кайрылууга мажбурбуз. Ч. Айтматовдун чыгармасындагы “Эсиңе кел, сен кимсиң? Кимдин уулусуң? Өз атың ким? Атың-ысымың? Сенин атаң Дөнөнбай! Дөнөнбай! Дөнөнбай!”- деп зар какшап учкан куштун үнү угулат. Бүгүн “аңгектен качып дөңгөккө” урунуп, багытыбызды аңдай албаган заманда Дөнөнбай куш жандай кайгып учуп, үн салып жүргөнүн көргүбүз, уккубуз келбейт.

 

Эгемендиктин баасын, баркын билбеген кыргыздын азыркы урпактары, саясатчы сөрөйлөрү ата-бабасынын мурасын, энчисин сактап кала алабы? Же мүлк-байлыгын талатып-тонотуп, элин тентитип, тумшуктууларга жем болуп, “туулбай жатып тунуга тумчугуп өлүптүр” болуп эгемендигин  да тарттырып талаада калабы? Күндөн-күнгө, айдан-айга, жылдан-жылга көз каранды болуп баратканыбыз төгүнбү? Элдин ырыскысын уурдап, тойгончо жеп, көздөрүн май баскандарга бөтөн эл-жер дагы мекен болорун мамлекет башчылары, “журт аталары” качкын ажолор көрсөтүп, үлгү болуп, “мен эл шайлаган, мыйзамдуу президент болчумун, бийлигимди күч менен тартып алышты”- деп денесине чаң жугузгулары келбей кийинкилерин күнөөлөшөт. Көздөрүнө сайып турсаң да элди көрүшпөйт. “Мурдагы көч кайда барса кийинкиси да ошол жак барат” дегендей, баары бир жолго түшүп алышса бири-бирин күнөөлөшөт да. Бирок, “көч бара-бара түзөлөт” дегендей, ал мезгил да келип калды. Демек, уурдап алган элдин тандоосун, шайлоосун ээсине кайтарып берүү керек.

 

Дегеним, Курултай институтун киргизүү менен гана чыныгы элдик бийликти жарата алабыз. Ар бир айыл өз арыгынан суу ичкен, тегирменинен нан жеген, элдин кадыр-баркына, сый-урматына татыган өкүлдөрүн шайлап алуу менен гана элдик бийликти орното алабыз. Төмөндөн жогору карай өөрчүгөн бийлик гана “элдин жалданган кызматкеримин, кулумун” деген түшүнүктөгү мекенчил баатырларын  жаратат. “Бийлик өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илет, мөөнөтүндө алмашпайт, алмашса да режимди, үстөмдүгүн сактап калат, шайлоо таза өтпөйт”- деген сын-пикирлер менен бийликти жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаап келебиз, бирок, кечээки ата-бабабыздын адилет башкаруусун, таза шайлоосун чанып, тааныгыбыз келбейт. Элдик Курултай элдин биримдигин, тилектештигин арттырып, кызыкчылыгын, укугун коргоо жөндөмүн ойготуп, саясий көз-карашын, жарандык жигерин өстүрүп, бийликтин жоопкерчилигин көтөрүп, коррупцияны ооздуктайт. Азыркы жемкорлука каршы бийликтин иш-аракети карышкырга кой кайтарткандай эле жорук болуп атпайбы. Себеби, элдин ишениминен чыгып, колдоосунан ажырап калган бийликтин таяныч тиреги коррупцияга кокосунан баткан, режимге гана кызмат кылган, кошоматчы жан-жөөкөрлөрү болуп калат. Чыныгы эл бийлиги саясий туруктуулукту жаратып, мыйзам үстөмдүгүн орнотуп, байлар бийликке жутунбай акчасын өндүрүшкө жумшап, сырттан инвестиция агылып, экономиканын өнүгүшүнө кенен жол ачылат. “Курултай жөнүндө” бир топ мыйзам долбоорлор  жазылган. Бүгүнкү мезгилдин талабына ылайык Курултайдын структурасын, функциясын, ыйгарым укугун дагы иштеп чыгып, коомдун талкуусуна чыгарса болот. Элдик Курултай батыш элинин баалулуктарындай эле Көчмөн цивлизациясынын нечен кылым карытып жетишкен демократиясы. Өзүнүн табияты, акыйкаттуулугу, карапайымдыгы менен батыш демократиясынан да артыкчылык кылат. Тилекке каршы, Батыш демократиясынын материалдык байлыгын гана көрүп калдык. Терең тарыхы, тамыры бар моралды туу тутуп жашап келген эл батыш цивилизациясынын таасирине, ааламдашуу процессине улут өзгөчөлүгүнө, баалулуктарына таянуу менен мамлекет катары сакталып гана калбай, кыска убакытта өнүккөн өлкөлөрдүн катарына да кошула алат.  

 

Асмандан алынган теория менен жашабай ата-бабабыздын нарктуу жолуна, өз турмушубузга кайтып баруубуз керек.  Башмыйзамды кол жоолуктай алмаштырып, эл тагдырын эксперимент кылып ойноп, эгемендиктин чейрек кылым жолунда саясий-экономикалык туңгуюкка келип кептелип турабыз. Ошондуктан элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогру коюп, эл мүдөө-талабына жакын башкаруу бийлигин сунуштаган, элим-жерим деген патриот талапкерди сөзсүз ийгилик коштойт. Акаевдин доору Атамбаев менен аяктап, жаңы замандын келишин эл көксөп күтүп турат.                                      

 

Үсөнбек БЕЙШЕМБИЕВ      

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: