Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 3262

2016-жылдын кирешеси 124 млрд. сом болсо, чыгашасы 146 млрд. сомго жетиптир. Демек, 22 млрд. сом таңкыстык (дефицит) менен кабыл алынды. Каржы министринин айтуусу боюнча, бюджттин тартыштыгы грант, кредиттердин эсебинен жабылып, өнүгүүгө жумшалат экен. Кайсы өнүгүүнү айтат?

 

Жаңы курулган мектептерди, бюджеттегилердин турак-жайын, жолдорду айтып атабы? Мындай курулуштар өнүгүү эмес, жыртык-тешикти бүтөө эмеспи. Анан калса акимдин, мэрдин денгээлиндеги мындай тешигибизди жамачылаган иш-чаранын ачылыш аземине мамлекет, өкмөт башчылары барып ойду омкоргон, тоону томкоргон сөздөрдү сүйлөгөндө мамлекет үчүн арданасың. Анан дагы чет элдин садагага берген техникаларын борбордук аянтка каз катар тизип коюшуп, көрсөтмө кылгандарын кантесиң.

 

2009-жылдын бюджети таңкыстыгы жок кабыл алынганын, кирешси менен чыгашасы 1.5 млрд. доллар экенин эске алсак, 5-6 жылда бюджет болгону 100 миллиондой долларга көбөйгөнү өкүнүчтүү. Мамлекеттик бюджет карапайым элге ичин аралап баса албаган чытырман калың токойго окшош экени да чындык. Бирок, элге жапайы көрүнгөн токой мамлекетке, анын бийлигине таандык. Көпчүлүк ушундай түшүнөт. “Май кармаган бармагын жалайт”, “казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса” дегендей өлкө казынасына каалагандай киреше чогултуп, өзү билип чыгымдаган да бийлик эмеспи. “Мынча депутаттын эмне кереги бар, миллиондогон акчаны коротуп”- деп карапайым элдин анда-санда корстон болуп койгону да бар. “Мурда айлыгым 5 миң эле, азыр 7.5 миң сом болду”- деп бийликтин “марттыгына” башталгыч класстын мугалими сүйүнүп атат. Аткаминерлер менен депутаттардын бир күндүк чыгымына, мугалимдер менен врачтардын бир айлык акысы да аздык кылаары жалганбы? “Жылдан-жылга мектепти көп салып атабыз”- деп мактанабыз, бирок, билим-тарбияга көңүл бурулбай калганын мугалимдердин айлыгы айтып турбайбы. “Эмнени эксең ошону аласың”- дегендей, эгемендик жылдары жаш муундарыбызды кароосуз калтырып, мезгилдин агымына салып бердик. Орто мектеп, ЖОЖдагы билим-тарбия  берүү деңгээлин көрүп, өлкөнүн келечеги  кооптонтпой койбойт. Формация алмашып, ааламдашуу заманына туш келген жаш муундарды ата-бабабыздын нарктуу, салтуу жолун көрсөтүп, татыктуу билимге сугарып каныктыра албай аң-сзими, дүйнө таанымы бөтөн маданиятты сиңирип, диний радикализм, экстремизм, терроризм деген балээге кабылдык. Анан жоо сайып келгенсип “жардыруу даярдап жатышыптыр, алдын ала жок кылынды”- деген үрөй учурган суук кабар коомчулукту бушайман кылбай койбойт.

 

Ооба, эгемендик алганы көйгөйүбүз көбөйгөнү көбөйгөн. Баары келип эле каражатка такалып жатпайбы. Бирок, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, коррупцияны ооздуктасак, дагы бир бюджеттин акчасы табыларына көпчүлүктүн көзү жетип турат.  А.Атамбаев премьер-министир кызматын аркалап турганда “бюджетти 1.5-2 эсеге көтөрүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар”- деп айтканы бар. Эгер андай болсо бюджеттин чыгашасындагы коррпуция, кирешесине салыштырмалуу шоона эшпей калат тура.  Балким бир жарым эсе көбөйгөндүр бирок, девальвацияга, инфлацияга жедирип отурсак анын пайдасы канча? Өз жандарын өзү багып көнгөн элге сом кунун жоготпогондугу  маанилүү болуп турат. Кара күчүн сатып, соода-сатык менен жансактап келген калк каатчылыкты, кымбатчылыкты көтөрө алабы, колдоп-таяганга мамлкеттин чама-чаркы жетеби? “Какаганга муштаган” болуп, кайра элдин жонунан кайыш тилген мыйзамдарды токуган өкмөттөн эмнени күтсө болот? Анан өчөйгөн экономикабыздын абалын дүйнөлүк кризиске шылтай салганга машпыз. Тышкы эмес, ички рыногубузга товар өндүргөн өндүрүшүбүз жок болсо кайсы кризистин эпкини жетет экен? Ал эми Бажы союзуна кошулганы бажы алымдары көтөрүлүп, товарлар кымбаттаганы, Орусиянын рубли девальвация болуп, мигранттардан мурдагыдай акча келбей сомубуздун куну түшүп кеткени чын. “Бизге бүгүн 180 миллион калкы бар рынок ачылды”- деп ооз көптүрөбүз, бирок, экспорттон импортубуз үч эсе көптүк кылса акчабыздын куну кантип түшпөй койбойт... Атаандаштыка жөндөмсүз чабал экономикасы бар өлкө үчүн доллар таңсык, кымбат товарга тете. Доллардын курсун кармап, кымбатчылыкты ооздуктап, жумушсуздукту азайтып, социалдык чыгалууну басаңдаталык  десек, Бажы биримдигине кирген мамлекеттер менен соода-сатыкты улуттук валюта менен жүргүзө албасак да, өзүбүз өндүргөн товарларды ал өлкөлөргө эркин сатууга кенен жол ачылып, шарттар түзүлүшү керек. Экономикасы нефти, газга байланган Орусия менен Казакстанга караганда бизде арзан жумушчу күчү, сырье, электроэнергия, жамандыр-жакшыдыр тажйырба жана мобилдүүлүк бар. Чейрек кылымдан бери Кытайдын экономикасына иштеп келатабыз. Сапатуу товарларды чыгаруу менен гана кытай товарларына атаандаштыкты жарата алабыз. Муну кийим тигүү тармагы көрсөттү го. Арзан терибиз, жүнүбүз, пахтабыз турса эмне үчүн Кытайдын дермонтин, синтетика кийимдерин кийебиз? Анан “кыймылсыз, кыймылдуу мүлк улуттук валютада сатылсын”- деген чарадан пайда барбы? Кандай мүлкүн сатса да сомубуз күндөн-күнгө кунун жоготуп жатса кайра эле долларга айландырары турган нерсе да. Доллардын баасы көтөрүлүп, инфляция асмандап, сатып алуу жөндөмдүүлүгү солгундап, ички рынок басаңдап, ишмердүүлүк аксап, долларга болгон талап да өсүүдө. “Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт”,- дегендей, көп жылдан берки жара акыры ушинтип жарылмак. Дагы толук жарыла элек. Өкмөт чукул чара көрүп, тактикалык план-программа иштеп чыгуунун ордуна байдын кызын алгансып тоңмоюн, текеберлигинен жазбай баягы эле интервенциясына ишенет. Дартты убактылуу гана баскан дабаадан пайда барбы? Же буга чейин чыдап келген организмдин өзү күрөшүп жеңип кетерине  ишенеби? Чыдоонун да чеги болооруна бир эмес эки жолу күбө болдук го.

 

Ошол эле учурда өлкө казынасына валюта алып келчүү кен-байлыктарыбызды чет элдик шылуундар иштетип, талап-тоноп атышат. Жүздөгөн миллион кредиттерди алган энергетика системасынын тетик-жабдыктары эскирип иштен чыгып атат. Экономикабыздын бел аркасы болгон энергетика, тоо-кен тармагынан  пайда жок болсо, чет элдик инвесторлор келбесе, ички инвесторлор өндүрүшкө акча салуудан корксо, калктын калың катмарына арзан насыяларды, салыктан жеңилдиктерди берип жеке ишкерликти колдоп, товар өндүрүүнү колго алуудан башка арга жок. Тилекке каршы, Орусиядан турукташтуруу фондуна келип аткан акча орто бизнеси бар капчыктууларга  берилип жатканы көйгөйдү чечпейт. Анткени, орто бизнеске акча салчуулардын катмары калың бирок, алар атаандаштыктан эмес мыйзамдык, укуктук талаадагы бөгөттөрдөн, каракчылыктан кооптонуп, тобокелге баргылары келбейт. Ички тышкы инвесторлорго жагымдуу жагдай түзүп, ачык, укуктук коомдун жарчысы болгон жарандык, коомдук-саясий институттары ачылып, жигердүү иш алып баруусу зарыл. Ошол эле бюджеттин айкындуулугун, коррупцияны ооздуктоодо, аткаминерлердин моралдык-этикалык деңгээлин көтөрүп, жоопкерчилигин арттырып, бюрократияны азайтууда, көз карандысыз сот системасын түзүүдө, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо жөндөмүн өстүрүүдө мындай институттардын ролу зор. Цивилдүү коомдун аткаминерлери  кызматтык автоунаасын жеке ишине пайдаланып койгону билинип калса отставкага кеткенин көрүп жүрөбүз.

 

А.Атамбаев барган өлкөсүнөн акча сурап кайырчы болуп, инвесторлорду чакырып тили тешилди. Миллиардаган доллар элдин ырыскысын уурдап качып кеткен ажолору бар, бийликтегилери бизнесин өлкөдөн тышкары жүргүзгөн, байлары (ички инвестор) акчасын чет элдик банктарда жашырып-каткан, улам келген президенти Башмыйзамды өзгөртөм деген, трайбализм, регионализм өкүм сүргөн өлкөгө чет элдик бизнес келеби? Келгендеринин бизнесине мыйзам кепилдик болбой, аткаминерлер менен депутаттар “крышалык” кылып атканын көргөндөр жаа бою качпайбы. Парламенттик республика деп төш какканыбыз менен авторитардык режим өкүм сүргөн коңшу өлкөлөр инвестициянын уюгу болуп, завод-фабрикалар ачылып, күрүлдөп иштеп атканы жалганбы? “Акча тынчтыкты сүйөт”,- дегендей, ал өлкөлөрдө саясий туруктуулук, экономиканын өсүүсүнө кызыкдар, мамлекет келечегин ойлогон жоопкер бийлиги бар. Биздин саясий-экономикалык абалыбыз аба-ырайындай туруксуз, себеби бийлик мамлекетти жеке менчик бизнесиндей көрөт. “Бирөө ичерге суу тапай жүрсө, бирөө кечерге кечүү тапай жүрөт”- дегендей, бийлик менен карапайым калк эки бөлөк түшүнүк менен жашап калышкан. Бийликтин мекени мамлекет болсо элдин ата-мекени өлкө.  Анан калса, саясий системабызга чет элдик инвесторлор да ишенбейт. “Таза, калыс өттү” деген парламенттик шайлоодо добуштар кызылдай акчага сатылып, шайлоочулардын кайдвгерлигин, кош көнүлдүгүн көрдүк. Ишенимдин үлбүлдөгөн шооласы жок, акчага куралган ЖК мамлекеттик бийликтин жогорку бутагы катары моралдык укукка ээби?  Эки үч айда түзүлүп, парламентти ээлеп жатып калган саясий партиялардын “жеңиши” деги эле демократиялык коомдун, партиялык системанын табиятына ылайык келеби? “Добушунарды акчага саттыңар”- деп шайлоочуларды күнөөлөгө акым да жок жана алардын мындай позициясын түшүнсө да болот. Чейрек кылымдан бери ишенимди күтүп келген эл да чарчап, чаалыгып акыры түңүлөт тура. “Революциядан” тажаган эл бүгүн шайлоодон да көңүлдөрү калып  турат. Уруу-урууга бөлүнгөн ыркы жок эл экенибиз, мамлекеттин  түркүгүн бийик көтөрүп, бекем пайдубалын түптөй албаганыбыз өзүбүзгө өөн көрүнбөсө цивилдүү коомго жат көрүнүш.

 

Экономикабыздын абалы шал ооруга чалдыккандай таасир калтырат. Көрсө, экономиканын көрсөткүчү ички дүң продукция (ИДП), инфляция, девальвация  менен катар улуттук аң-сезимге, кулк-мүнөзгө, салт-санаага да байланган тура. Дегеним, саясат менен гана алпурушуп, жарандардын мүдөө-талабына, ишенимине, колдоосуна жооп берген саясий системаны, башкаруу бийлигин жарата албаган коомдо экономика жөнүндө сөз кылуу да мүмкүн эмес экен. Нечен кылым салт-санаасы, дүйнө таанымы, баалуулуктары менен жашап, улут катары сакталып келген кыргыздар азыркы базар экономикасы, капиталисттик коом дейбизби, жаңы заманды да өз түшүнүгү менен кабылдап жашап жатат. Мында да мыйзам ченемдүүлүк бар. Анткени, Европа цивилизациясы бир жылда, он жылда же кылымда жаралган жок. Ошондуктан эски менен жаңы түшүнүктүн ортосундагы жараканы жаңыча жашап бүтөй албайбыз. Жаңы коомго карай багытыбызда чукул бурулуш жазабай, басып өткөн жолубуз аркылуу баруубуз абзел. “Улуттардын айырмачылыгы канча болсо, өзгөчөлүгү да ошончо”- деп академик Д.Лихачев айткандай, кыргыздардын тарыхы тайыз, маданий мурасы жарды эл болсо бир жөн. Терең тарыхы, бай мурасы бар элге да өзгөчө кулк-мүнөз бүтөт окшобойбу. Канында чындык, калыстык, адилеттик жүгүргөн элдин жан-дүйнөсү да таза, назик келип “заманаң бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол” деген азыркы куу, амалкөй, караөзгөй заманда ак-көнүл, ишенчээк, байоо мүнөзү үчүн күнөөлүү сезип, кичирейип тургандай. Анан башчылары “үйдө баатыр, жоодо жок” дегендей бөтөндөргө тик багып, тең атадай сүйлөшө албай ич-ара бири-бирине корстон болуп, тытышып келет. Качкын ажолорду коюп,экономикага жооптуу өкмөттүн, анын башчысы премьер-министрдин тагдырын карап көргүлөчү? Шору арылбай, улам бир күйөөгө тийген катындай аягы суюк,туруксуз. Жок дегенде өз позициясы, эрки болсочу. Бир тарабы жуучу түшүп экинчиси  макулдугун берип башы байланган күңдөй эле бар. Анысы аз келгенсип өкмөт мүчөлөрүн да кайын, төркүн тарабы дайындайт. Анан “кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыкты” болуп эринен кайра бат эле ажыраштырып тынышат. Эл камын ойлогон камбыл чыгып, оозго алына баштаса бери дегенде кызматтан алып ыргытышат, ары дегенде жемкор деп иш козгошот. Көйгөйдүн баары жуучу түшкөнүн да, макулдугун бергенин да эл шайлап, бирок эч нерсеге жооп беришпей өкмөттү топтой тепкилеп ойногонду адат кылып алышканында болуп жатпайбы. “Кыргызга орусча айтпасаң ишенбейт”- деп Салижан Жигитов айткандай, көрсө кыргыздар “каалисиа, ббраксиа” деген ата-бабасынын тилин сындырган, тиши өтпөгөн сөздөрдөн куралган мыйзам менен жашап жаткандары, бир партияны тандай албаганы үчүн күнөөлүү тура. “Мышык  акпы, көкпү, чычкан алса болгону” дегендей, президентке да, парламентке да көз каранды болбогон түздөн-түз элге жоопкер өкмөт башчысына болгон муктаждык калк мүдөөсүндө жашап келет. Демек, президенттин  ыйгарым укугу кыскаруусу кажет. Ал эми парламентти элдин мүдөө- талабына жакындатуу менен укугун кеңейтүү керек.

 

Үсөнбек БЕЙШЕМБИЕВ

Булак: “Майдан.kg