Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2622

Роза Исаковнанын өмүр жолуна кайрылганыбызда үстүртөдөн өтүп, майда чүйдөсүнө токтолгон жокпуз. Себеби каарманыбыздын өмүр жолу бай жана ар түрлүү. Баарын жазып отурсак макалабыз өмүр жолуна берилген “справка” менен эле аяктап калат.

     

Башынан айта кетээрибиз - Роза Исаковна тубаса таза саясатчы. Өмүрүн саясатка жана мамлекеттик кызматка арнап койгон адам. Айрым бир саясатчылар сыяктуу жашоонун кысымы менен байлыгын коргогону же жеке кызыкчылыктагы ишин жакшыраак жүргүзөм деген ой менен саясатка илешип калгандардан эмес.

 

Кыргыз Республикасы өз алдынча мамлекет болуп эгемендүүлүккө жеткенде биринчи тышкы иштер министри болуп иштеген Роза Исаковна андагы жаш Кыргызстандын дүйнө мамлекеттери менен байланыш түзүп, өзүнүн тышкы саясатын калыптандырышына эбегейсиз эмгек сиңирди. Отунбаева жетектеп турганда А.Акаевдин учурундагы мыкты иштеген министрликтердин бири, ал түгүл көзгө басып көрсөтөр жалгызы да тышкы иштер министрлиги болгон. Тилеке каршы Роза айымдын нар көтөргүс эмгектери ал учурда баалана бербеди. Дипломатияда дасыккан адис катары өлкө үчүн ак дилден жасаган иштери андагы мамлекет жетекчисинин көз жаздымында калды. Эгер мамлекетти башкаруу саясаты дүйнөлүк өнүккөн өлкөлөрдүн кабыл алган жолуна түшүүнү көздөп, демократиялык жол менен кетсе, мыйзамдуулук туура сакталса, цвилизациялык жол менен өнүксө балким Роза Исаковна жан үрөп иштей бермек. Андай болбоду. Мамлекеттик башкаруу принциптери өз жолунан тайып, барган сайын үй-бүлөлүк башкарууга ыктап баратканына көзү жетип түшүнгөндүктөн мындай жетекчи менен иштеше албашын ачыкка чыгарып министрлик орундан баш тартып баса берди. Өз эрки менен министрлик кызматтан баш тарткандар чанда болот. Кызматтык жеке кызыкчылык үчүн эмес мыйзамдуулук жана принциптүүлүк үчүн иштегендер жана келечекти көрө билген акылман билимдүүлөр гана ушундай чечимге бара алышат. Дүйнөлүк өнүгүү кайда баратканын, үй-бүлөлүк башкарууга ыктоонун арты жакшы болбосун, ал эртедир кечтир кулап түшөрүн так көрүүгө Роза айымдын билим денгээли жетиштүү болчу. А.Акаевдей мамлекеттик кызматты жеке кызыкчылыгы менен алмаштырып алган президент менен иштешүү өзүнүн да келечегине балта чабаарын туура түшүнгөндүктөн ушундай чечим кабыл алып отурат да. Күчтүү кадрдын кызматтан кетип жатканына президент А.Акаев өкүнбөстөн тескерисинче кубанганын, ошол кездеги эркин басылмалар басып чыгышкан эле. Себеби туура эмес иштерине сын айтып ал түгүл айрым суранычтарын аткарбай да койгон өзүнүн эркин көз карашы бар Розадан кантип кутулсам деп Аскар Акаев деле ылайыгын таппай жүрсө керек.

 

Мамлекеттик чоң жетекчилик кызматтарда топтогон иш тажрыйбасы, билимдүүлүгү, дүйнөлүк деңгээлдеги кадыр баркы А.Акаев эле эмес, кийинки мамлекеттик жетекчилердин да тынчын алып, Роза Исаковнадан кантип кутулсак дегенде түн уйкудан бездирип турду го. Себеби бирөө гана эле. Аял болсо да мамлекеттик эң чоң бийликке - президенттикке ат салышууга даяр, керек болсо жалгыз татыктуу да адам болчу. Бул саясатка аралашып жүргөндөрдүн сокуруна да көрүнүп турган.

 

Роза Исаковнанын бир нече чет тилдерде эркин сүйлөй алышы, ар тараптан өнүккөн билимдүүлүгү, интеллектуалдык аброю, мамлекеттик жетекчи кызматтарда көп иштеп дасыккан кесипкөйлүгү, кандай ишти колуна алса да майын чыгара иштеши, уюштуруучулук жөндөмү, мамлекет үчүн нечен бир жасаган эмгектери учурунда өз баасын албай, бааланбай калып жатканынын себеби да так ушул так талаш оюнунун кесепетинен болуп келди.

 

Жогоруда “Справка” дегенге “Алган сыйлыктары” дегенди биз атайлап кошкон жокпус. Себеби Роза Исаковнага берүүгө боло турган эчак татыктуу эмгек сиңирген мамлекеттик сыйлыктардын бирин да көрбөдүк. Роза Исаковна чогуу иштешкен президенттердин бары анын өз эмгеги менен жараткан эл алдындагы атак данкынан жалтактап коркондуктан бир да сыйлыкты ыраа көрүшкөн эмес экен. Болбосо эгемен Кыргызстандын биринчи тышкы иштер министри болуп иштеп, дипломатияга сиңирген эмгеги үчүн деле болбой калганда “Манас” орденине татыктуу болчу.

 

2005-жылдагы “кызгалдак революциясын” уюштуруучулардын башында турду. Өзгөчө Ош шаарында айлап жашап, дээрлик түштүктү көтөрүүдө чоң эмгек сиңирди. А.Акаевди кубалап бийликке келген топ Отунбаевага эч талашы жок тышкы иштер министрлигин беришти. Бирок бир аз иштегенден кийин Жогорку Кеңеш бекитпей койду. Бул ошол кездеги президент К.Бакиевдин одоно катачылыгы эле. К.Бакиев Роза айым министр катары кадыр-баркы артып, эртең так талашат деп ойлоп, коркон. Чындыганда так талашуу үчүн Розага кадыр-барк буга чейинки жасаган эмгектери менен деле жетиштүү болчу. Тескерисинче командасына тартып, акылдашып иш кылганда жаңылыштыктарга барууга Роза айым жол бербес беле. Бирок мындай жөндөмдүүлүк К.Бакиевде жок экен. Эч кылчактабай туруп А.Акаев салып кеткен даяр  жолго түшүп таскактап жөнөгөндүгү үчүн бийликтен беш жылда кайра куулду. Ал эми Акаевдин жолуна түшкөндөр менен Отунбаева иштеше алмак эмес. Ошондуктан 2005-жылдын мартында көңтөрүш жасагандардын көбү К.Бакиевдин командасынан чыгып, кайрадан оппозицияга өтүп кетишкен.

 

2010-жылдын апрелиндеги президент качкан көңтөрүштө да Р.Отунбаева башында турду. Бийликти колуна алып өздөрүн “Убактылуу өкмөт” атаган топ Роза айымдан “кутулуунун” куу жолун табышты. “Өткөөл мезгилдин президенти” деген макам ойлоп таба салышты да ошол орунга Роза Исаковнаны отургузушту.

 

Мыйзамдуу бийлик кулап, президент качып кетип, башкаруу бийлиги мыйзам жолунан чыгып, укук талаасы жок болуп, мамлекеттин мамлекеттүүлүгүнүн сакталып калышына коркунуч келип турган өтө оор мезгил эле. Жеке амбициялары баштарынан ашкан бир топ саясатчылар Бакиевдин үстүнөн жетишкен жеңишке эрөөпкүп бийликтин башкы тизгини президенттикти бири бирине ыраа көрбөй көздөрү тумандап турушкан.

 

Башкы максат мамлекеттүүлүктү жок кылып болсо да К.Бакиевди кубалап, бийликти тартып алыш эмес, тескерисинче малекеттүлүктүн туура жол менен өнүгүшүн сактап калыш үчүн бийликти алмаштырыш болгон да.  Ушундай оор учурда эки тизгин бир чылбырды колго алып, бийлик башына убактылуу болсо да отурууга макулдук берүүнүн өзү да эрдик эле. Мындай эрдикке Роза Исаковна барды. Ошол мезгилдеги түзүлгөн кырдаалда саясатта эрдемсип “менмин”- деп төш кагып жүргөн нечен эркектер жасай албай турган ишти  Роза айым мойнуна алды.

 

Жалгыз гана Р.Отунбаеванын бийликти колго алышын эл да, сырткы мамлекеттер да туура көрүшмөк. Өзгөчө тышкы саясатта ошол кезде Р.Отунбаевадан башка оозго илинген, коншу мамлекеттердин жетекчилери теңине алып сүйлөшө турган бир да Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жок болчу. Бул да башкы факторлордун бири. Кайрадан укук талаасына түшүп, мамлекеттин мамлекеттүлүгүн калыбына келтирүүнүн “жумшак жолу” да ушул эле. Муну туура түшүнгөн Роза Исаковна аргасыз саясий карьерасын токтотууга макулдук берди. Болгондо да нечен жылдар туруктуу, тырышып таза иштеп жүрүп мына эми туу чокуга жетээрде “оюндан” өз эрки менен чыкты. 1.5-2 жылдык “жалган президенттик” орунду ээлешке макулдугун берди. Роза Исаковнаны Убактылуу өкмөттүн ондун тегерегиндеги мүчөсү эле президент “шайлап” коюшту. Бул бир чети даана түркөйлүк, экинчиден күлкү келтирээрлик жорук болду. Мындай уккукту ал “убактылууларга” эч ким берген эмес. Өздөрүнүн түркөй жоруктарын жымсалдаш максатында “убактылуулар” “Жаңы Конституция кабыл алуу боюнча” деген референдум өткөрүштү да ага Р. Отунбаеваны учкаштырып коюшту. Ошентип “референдумда эл шайлады” деп кутулушту. Эл: “Жаңы Конституция кабыл алынсын” дегенге макулдук бердиби же “Р.Отунбаева убактылуу президент болсун” - дегенге добуш бердиби, түшүнүшкөн жок. Чынында бул  элдин башын айландырган опсуз иш эле. Деги эле “Убактылуу президент болсун”- деп референдум өткөрүүнү кайсыл ченемге сыйдырасың. Мезгил өтөт. Тарых кайта - кайта такталып жазылат. Ошондо кийинки муундар “Ушундай да түркөй иштер болгон экен”- дегидей таржымал. Баарынан да кызыгы, мыйзамды мындай кой, жөн эле кадимки адамкерчиликте да эч бир ойго келбеген ишти ойлоп табышты. Р.Отунбаева убактылуу президент болуу менен мөөнөтү бүтүп өткөрүп бергенден кийин саясаттан биротоле кетип депутаттыкка, президенттике, деги эле мамлекеттик бир да жогорку кызматка барбай турган болду. Ушундай макулдашуу келишими түзүлдү. Жеке адамдын келечек карьерасына балта чаап, мынчалык кара өзгөй катаал макулдашууну ойлоп табууга ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жандарына эмнеге күч келип, Роза айымдан анча эмне коркушту десең. Ошентип убактылуу “жалган президент” болуу менен кыргыз саясатчыларынын ичинен, болгондо да аял затынан чыккан чыныгы таза саясатчынын саясий жолуна чекит коюлду.  Буга Роза Отунбаева өз макулдугу менен барды. Кыргыз мамлекеттүлүгүн сактап калыш үчүн, кыргыз элинин келечеги үчүн барды. Муну кыргыз тарыхындагы өчпөй турган ак так катары гана карап коюшубуз керек.

 

Жеке мүнөзүндө кадимки кыргыз кыздарындай ат мингенди жакшы көрөт. Ошондой эле “Тай-Цзи” чыгыш философиялык йогасы менен да алектенгенин кулагыбыз чалганы бар. Лыжа, муз үстүндө конкини катыра тепмейи да бар.

 

Билим деңгээлине, окумалдыгына, дүйнөлүк саясаттан баштап Кыргызстандагы абалга чейинки түшүнүгүнө карасак кыргыз саясатчыларынын ичинен Роза айымга тең келе турганы жок. Бош убакытысында дүйнөлүк философтордун, саясатчылардын өмүр баяны, жазгандары тууралуу окуганды жактырат. Ошондуктан көлөмдүү өздүк китепкана чогултууга да жетишкен. Чогулткан китептеринин бир тобун Манас районундагы Р.Отунбаева атындагы мектепке жана китепканага тапшырган.

 

Учурда өзү түзгөн “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондун жетектөө менен кыргыз жаштарына  билим берүүнү өстүрүү, бала бакчадан баштап туура багытта тарбиялоону жүргүзүү сыяктуу келечеги өтө тереңде жаткан иштерди аркалап келатат. Демек “Р.Отунбаева саясаттан кетти” дегендер жаңылышат. Болгону Роза Исаковна мөмөсү тээ астыдагы жылдарда быша турган философиялык маанидеги саясатка өттү дегенибиз туура болоор.

 

Чолпонбек Абыкеев

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

Справка

 

Отунбаева Роза Исаковна 1950-жылы 23-августта андагы Фрунзе, азыркы Бишкекте  кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти Ош шаарынан алтын медаль менен бүтүргөн.

 

1972-жылы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн. Ошол эле жылы аталган университеттин аспирантурасына тапшырган. Стажировкадан Германияда өткөн. Философия илимдеринин кандидаты.

1975-1981-жылдарда Кыргыз мамлекеттик университетинде эмгектенип, катардагы окутуучудан кафедра башчылыгына чейин жеткен.

 

1981-1986-жылдарда партиялык кызматтарда Ленин жана Фрунзе райком партияларынын (Андагы Фрунзе азыркы Бишкек шаары) экинчи катчылык милдеттерин аткарган.

 

1986-1989-жылдарда КыргызССРинин Министрлер Советинин орун басары, тишкы иштер министри кызматтарында иштеген.

 

1989-1991-жылдарда ЮНЕСКОнун жоопту катчысы, СССРдин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын жетекчиси болуп иштеген.

 

1991-1992-жылдарда СССРдин Малайзиядагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси болгон.

СССР таркагандан кийин 1992-1997- жылдарда эгемендүү кыргыз республикасынын биринчи тышкы иштер министри, Америкадагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси, кайрадан тишки иштер министри болуп иштеген. Иштен өз каалосу менен бошонгондон кийин 1997-2002- жылдарда Улуу Британиянын жан Ириландиянын атайын ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген.

 

2005- жылдын мартындагы  А.Акаевдин үй бүлөлүк режимин кулаткан “кызгалдак” революциясынын лидерлеринин бири.

 

2010- жылдын апрелиндеги К. Бакиевди бийликтен кубалаган көңтөрүштүн жетекчиси.

 

2010- 2011- жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенти.

 

2011- жылдан бери “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун жетекчиси.

Кыргыз,орус,англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Немец тилинде пикирлеше алат.