Бишкек, “Саясат.kg”. “Глобалдык коркунучтарды изилдөө институтунун” терроризм коркунучтары туурасында макаласын сунуштайбыз...

 

 

Кечээ, жакында эле КМШ өлкөлөрүнүн айдыңында жоокер-интернационалисттер Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгын белгилешти. Жоокерлер согушта курман болгон жолдошторун көздөрүнөн жаш төгүп эскеришти. Англиянын колониалдык армиясынын мурдагы солдаты Редьярд Киплинг:  “Ким Чыгыштын чакырыгын укса - анын өмүр-тагдыры ууланат”,- деп качандыр бир кезде жазып кеткен.

 

Өткөн үч жүз жыл ичинде Ооганстан үчүнчү жолку куралы күч армадага тушукту. Бирок, Гиндикуштун чокусун Улуу Британия дагы, СССР дагы, көптөгөн союдаштары бар АКШ да багынта алган жок. Эми болсо коалициялык аскер артына тынчы кеткен жылуу уясын калтырып кетүүдө. Бул аймакта арадагы үч он жылдыкта кантип апийим айдаганды, кантип согушканды мыкты билген өзүнчө бир муун өсүп чыкты. Акыры кантер экен? Көптөн күткөн бейпилдик Борбордук Азияга орнойбу?

 

Таң, эксперттердин болжолдору жаныңды жай таптырбайт. Ооганстандын бийлигинде пайда болгон боштукту радикалдуу динчилдер тездик менен толуктай коюшту. 21-кылымдагы бул варварлардын куралданышы кабелтең, күчтүү, дүйнөдөгү мен кыйын деген армияга каршы согушуп, уруштун ыгын аябай өздөштүрүшкөн, мындан тышкары дүйнө жүзүнө бетпактык менен сатылып жаткан баңгизаттардан түшкөн финансы каражаты менен дагы жетишерлик камсыз болгон. Эми Ооганстандын айлана-чөйрөсүндөгү өлкөлөр булардын оңбогондой катуу кысымын сезип-туяр убакыт өтө жакын калды.

Өтө катууланган геосаясий катаклизм Борбор Азия мамлекеттеринин эшигин каккылап турганда ислам динин жамынган уюмдарга үгүттөө, жана анын эң негизги эрежелерин аткаруу радикалдуу уюмдар бардык жерде жандануусун баштады. Булардын ичинен “Өзбекстан ислам кыймылы” (мурдагы ИДУ), СИД (Союз исламских джихадистов), «Хизб-ут-Тахрир ал-Ислами» жана «Таблиги Жамаат» баарына чоң коркунуч жаратары белгилүү болду. Бул диний уюмдардын көптөгөн мүчөлөрү Ооганстандагы жана Пакистандагы аскердик окуу-даярдыгынан өтүшүп, андан кийин Жакьшкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү согуштук аракеттерге түздөн-түз катышкан, ойногонго болбой турган өтө каардуу душмандар. Ошондуктан алар менен күрөшүү үчүн Орто Азия мамлекеттери бардык болгон ресурстарын жумшоого туура келет.

 

Тажикстан, Өзбекстан, Казахстан жана Түркмения өңдүү өлкөлөр бүгүнкү күндө экстремисттик уюмдарга каршы жанкыярлык менен катуу күрөш жүргүзүп жатышат. Бул өлкөлөрдүн Өкмөттөрү кийин бешинчи колоннадан аркаларынан бычак жеп калбоо үчүн эртерек камынышып, сокку артынан сокуу урушууда. Мисалы, Тажикстанда акыркы 5 жылда “Таблиги Жамааттын” 600 талапташы сот жообуна тартылды. Тилекке каршы, Кыргыз Республикасында бул маселе таң каларлык көңүл коштугу, кайдыгерлиги менен боюнча айырмаланууда. Акыркы жылдарда улуттук экономикага кыйратуучу сокку урган эки революцияны башынан өткөргөн бийлик чамасы сабак деле алган эместей.

 

2014-жылдын февралынын башында Бишкекте Коргоо кеңеши жыйын өткөрдү. Анда диний маселе каралды. Адегенде жыйындын катышуучулары дуйнөдөгү диний оор абал боюнча акыркы маалыматтарды иликтешип, кез карандысыздык жылдардагы Кыргызстандагы тажрыйбаларды талдап көрүшүп, мамлекеттин позициясындагы динге кийгилишпөө стратегиясы каталык экендигин моюндашып, адегенде туура жыйынтыкка келгендей болушкан. Ал этникалык конфликт, диндер аралык тирешүүлөр сыяктуу терс көрүрүнүштөрдөн улам кирдеп, булганган деген тыянакка келишкен. Бирок, “Кыргызстанда “Таблиги Жамаатын” ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө” сунуш добушка коюлганда Коргоо кеңештин жыйынынын катышуучуларынын 20 гана пайызы колдоп, калгандары каршы чыкты.

 

Мындайча айтканда маселе өтө жоопкерчиликтүү болчу. “Таблиги-Жамаат” - бул эл аралык деңгээлдеги статуска атаандаштык кыла ала турган, бүгүнкү күндө зор куч-кубатка ээ болгон, өтө ири ислам уюму. “Таблигдин” глобалдык мүдөөсү - дүйнөнү исламдаштыруу. Сыртынан караганда “Таблиг” агартуу багытындагы ишмердүүлүккө басым жасагандай болгону менен медалдын экинчи жагы да бар.

 

“Таблиги-Жамаат” түздөн-түз же кыйыр турдө ислам динине жамынган көптөгөн тероррдук уюмдарга адамдарды алдап, азгырып тартып берүүчү уюм катары аракетте турат. Дүйнө жүзүндө “Таблиги Жамаатка» таандык адамдардын көптөгөн тероррдук актыларды жасаган окуялары тууралуу жетишерлик санда документалдуу далилдер көп. Аталган уюм өзүнүн жакшы репутациясынан жана контртероррдук органдардын өзунө болгон кызыгуусу жоктугунан пайдаланып, тероррчуларды жашыргандыгы жана алар бир жактан экинчи тарапка жылганда ар түрдүү жардамдарды бергендиги тууралуу кеп сандаган мисалдар бар.

 

Жөн жеринен эле “Таблиги-Жамааттын” ишмердүүлүгүнө Өзбекстанда, Казахстанда, Туркменстанда, Тажикстанда жана Россияда официалдуу турдө тыюу салынган эмес.

2010-жылы 10-сентябрда ОДБКнын(Организация договора о коллективной безопсности) секретарлар Кеңешинин Комитети «Таблиги Жаматты» экстремисттик уюм деп тааныган, Баарыбызга белгилүү болгондой Кыргызстан ОДБКнын мүчөсү болуп саналат. Ага карабастан Кыргызстан өзүнүн факты жүзүндөгү аракетсиздиги менен тероррчуларга тиешелүү адамдарды жаап-калкалап, өзүнүн мүчөлүк милдетин аткарган жок.

 

Аттиң, Кыргызстандын жетекчилигинин азыркы позициясы белгилүү француз саясатчысы, Наполеондун атактуу жарандык Кодексин иштеп чыккан Мыйзам чыгаруу комиссиясынын төрагасы Буле де ля Мертунун сөзү менен айтканда: “Кылмыш жасагандан да жаман нерсе бул - кайгылуу (адашуу) ката кетирүү”.

 

Бизде, баардыгыбыздын көз алдыбызда Кыргызстан - Борбор Азияга экстермисттик вирус таратуучуга айланып баратат. Жыйынтыгында Кыргызстандын эл аралык репутациясы жабыркайт. ОДБКнын алдында кадыр-баркы төмөндөйт, коңшу мамлекеттердин бизден обочолонуп, жатка айлануусу күчөйт, жана эл аралык террористердин экстремистердин санына кыргыз жарандирынын өзгөгө жаштарды кошулуп кетиши дагы көбөйөт.

 

Биздин өлкөнүн президенти, өкмөтү, парламенти акыр аягында -саясатта бекем эрктүүлүгүн көрсөтүп, макул болгусу келбеген сатылма кыйкырыктарга жалтанбай, кандай болгон күндө да Кыргызстанда “Таблиги-Жамааттын” диний ишмердүүлүгүн терең кылдаттык менен текшерип андан кийин тиешенүү тыянак чычарат деп ойлогуң келет. “Көзүм көрбөсө кабыргамды бөрү жесин” деген аянычтуу саясат диний радикалдардын согушкердик амбициясын ого бетер козутат жана биздин өлкөнү балээлүү кырсыкка алып келип, талкалануу коркунучуна туш келтирет.

 

“Глобалдык коркунучтарды изилдөө институту”