Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 4485

Улуу элдин башчылары, падышалары жеп тойбогон шүмшүк, арамкор, ачкөз болобу? Улуу элдин  журт башына келген уулдары башка жактарга качып кетеби? Кыргыздар улуу эл болсо, байлары дүнүйөлөрүн башка мамлекеттердин аймагында сактайбы? Улуу элдин жерин, суусун башкалар тартып ала береби? Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Советабад, Маданият, Шаймардан сыяктуу абат жерлерди улуу элдин тойбос улуу хандары сатып жейби? 

 

Кыргыздын мактанганын угуп отурсаң, кулагын ээрип, агып түшүп кеткенге аз эле калат. Мактанса бири калбай эле кайсы бир доорлордо атасы же бабасы болуш, бай, чечен, чоң молдо болгон, анан бардыгы эле акылдуу, кыйын, тилдеринен асманга жеткен чаң чыгат.

 

Эки кыргыздын бири “Биз, кыргыздар улуу элбиз! Биздин паланбай жылдык улуу тарыхыбыз бар!”деп айтат. Качандыр бир доорлордо боз үй, анан ошол эле материалдан тигилген калпакты, комузду ойлоп табышкан экен, ошолорун айтып эле ооздорун көптүрө бергенден тажашпайт. Ошол боз үйү менен комузунан кийин эч бир нерсени, кур дегенде от жакканга күкүрттү (ширеңке) да ойлоп чыгарыша элек. Башка калктар, улуттар небак ойлошуп, колдонушуп келишкен жанагы даараткана кагазынан башка эчтеке чыгарыша элек, жакын арада чыгара да алышпастыгы көрүнүп эле турат. А иш жүзүндө далай-далай калктардын, элдердин арасынан эң эле артта калган, анысы менен иштери жок. Эшитип отуруп, күйбөгөн жериң  кул болуп, ичиңден баш чайкайсың:

 

-Мындай мактанычтын кимге кереги бар?!. Жөн эле жүрсө болбойбу?!. Жасай турган эрдигин, эмгегин жар салбай туруп аткарыш мүмкүн эмеспи?!.

 

Колунан эч нерсе келбеген киши гана мактанып, көкүрөк кагат да!..

 

Деңиздердин, суулардын астына бийик кабаттуу тамдарды, ресторандарды курушкан жапандар, жер планетасынан чыгып айга, Марска конуп, үндөн, жарыктан да миңдеген эсе ылдамдыкта учушчу спутниктерди, аба кораблдерин жасашкан америкалыктар өз  иштерин унчукпай эле бүтүрүшүп жатышат го. Алар өздөрүн “Биз минтип ийдик! Биз - улуу элбиз! Биз аны жасадык, улуу улутпуз, журтпуз!” дешпей эле жүрүшөт.

 

Кыргыздар улуу эл болсо, калыс карап көрөлүк, кана эмнеси менен даңктанат, мактана алат? Аалам жашоочулары тытынып сатып алышкан “Мерседестей”машина чыгара алышабы кыргыздар? Деги кыргыздын кайсы буюму бүт дүйнөнүн базарларына чыгып, элди суктантып жатат? А жанагы даараткана кагаздары бир жагы Чалдыбар, чыгышы Түп, Торугарт, түштүгүнөн Алайкуу менен Сүлүктүдөн ары чыгалбайт го.

 

Мен көптөгөн жылдар ушул турган аймагына Германия, Шотландия, Венгрия, Австрия сыяктуу Европанын 4 өлкөсү батчу Казакстан менен, аянты андан да артык Орусияда жүрдүм. Казактар, орустар менен эле эмес, гректер, корейлер, дунгандар, комилер, кавказдар, каны, тили кыргыздардыкындай болгон  татар, чуваш, шор, хакас, саха, тыва, башкырлар менен да көп сүйлөштүм. Алардын бири дагы «Кыргыз - улуу эл» деп билишпейт экен. Ал түгүл Ингушетиянын байтактысы Назранда  бир Мавсар деген ингуш туулган күнүн тосуп жатып, көпчүлүктүн арасында мага собол таштаганы али да жадымдан кетпейт:

 

- Достум! - деген эле ал иңгуш, - Мурда, СССР бар учурда кыргыздар “Орус эли биздин улуу агабыз”,- дегенин укчумун. Азыр ким силердин улуу агаңар? Казактар болсо керек! - деген. Мен, албетте, азыркы түрк элдеринен түркмөндөр, уйгурлар, кыргыздар, анан ар кайсы, анын ичинде славян калктарына да сиңип кеткен каңды, үйсүн, сак, кыпчак деген калктарболгонун, казак, өзбек, каракалпак дегендердин тарыхы ары барса 600, бериси 500 гана жылды кураарын айткам. Бирок, ал кыргыздын байыркы эл экендигине баары бир ишенбегенин, кыргыздар саны боюнча да аз, сапаты жагынан деле алаар үлгү-өрнөгү жок, басым жасаган элдин таманында гана жүрө берчү эл деп санаарын билип, “сиңбеген жерге суу себе беришти”каалабадым.

 

Башкалар кантет билбейм, жеке өзүм маселен, чечендерди улуу эл катары тааныйм. Туура түшүнүшөлү, мен биерде аларды орустарга каршы койчу пикирде эмесмин, ошентсе да саны жагынан 800 миңдей чечендин 130 миллиондой эли бар Россиядан азаттык талашып кан төгүп жатышы не деген улуулук! Дагы мени туура аңдашыңызды сурайм, албетте, мусулман катары араптар тарабында боло берем, ошентсе дагы 4 миллионго жетпеген калкы бар, жер аймагы Ош обулусунчалык Израил өлкөсүнүн жөөттөрү тегерегиндеги 100 миллиондон артык арап тилдүү мамлекеттерди кууруп ойноп жатышы,албетте, алардын  улуу эл экенин далилдейт да. Эми элестетип караңыз, маселен, араптар 4, а жөөттөр 100 миллиондоп турганда, биздин диндештерибиздин жер бетинде калар-калбастыгы күмөн  эле да, чын айттымбы?

 

Кыргызды кыргыздардын өздөрүнөн башка бир да эл “Улуу эл” деп атабайт, санабайт, билбейт. Андай деп тааныган, билген, айткан элди мен алигиче уккан эмесмин.

 

Айрым бир пенделер бар, өздөрүн үлкөн аалым, билерман санашат. Ошолор “Биз, кыргыздар күндүн нурунан жаралганбыз!” дешсе, башкаларды билбейм, мен оозум эмес, башка жагым менен күлөм.

 

 –Биз, кыргыздар арийлерденбиз! - дешет. Ошоерден эле угуп туруп чычкың келет. Ийа, кыргыздар күндүн нурунан бүтсө, башка калктар ылайдан, көңдөн жаралып калабы? Кыргыздар нурдан жаралса, дааратканага барганга дейре ичинде сактап жүргөн покту денесинде неге көтөрөт?!.  Эмне, инсанаттын эң башы, башаты Адам атабыз менен Обо энебиз экенин танабызбы? Биз не, алардын урпагы саналбай калабызбы ошондо? Биз алардан аша түшүп эле күн менен айдын сыныгынан же нурунан жарала коебузбу?

 

Арийне, паланча жылдык тарыхтын, үлкөн “Манас” дастанынын ,20-кылымдагы окурмандарынын арбындыгы боюнча алдыга чыккан атактуу Айтматовдун болгондугу жакшы деңизчи, анткен менен ошолор бары үчүн мамлекеттин экономикасы, кыргыздардын жашоо абалы жакшырып, өсүп, жогорулап кеттиби? Улуу элдин башчылары, падышалары жеп тойбогон шүмшүк, арамкор, ачкөз болобу? Улуу элдин  журт башына келген уулдары башка жактарга качып кетеби? Кыргыздар улуу эл болсо, байлары дүнүйөлөрүн башка мамлекеттердин аймагында сактайбы? Улуу элдин жерин, суусун башкалар тартып ала береби? Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Советабад, Маданият, Шаймардан сыяктуу абат жерлерди улуу элдин тойбос улуу хандары сатып жейби? Улуу элдин арампөштөрү мына, жакында эле Таластагы Көк-Сай деген айыл өкмөтүнүн жерин да казактарга берип ийишиптир, жөн беришпегендир, сатып жешти да. Кыргыздар улуу эл болсо, башчылары жерине жер, элине эл кошмок го, ыраспы? Улуу эл болсо, анда неге кыргыздар учурда бүт жер шарында тентип, кара жандын айынан кор болушуп жүрүшөт? Улуу эл болсо, канчалаган кыргыздар чет жактарда ажал таап, жасаттары калып кетип жатат?

 

Кыргыздар улуу эл болсо, уул-кыздары минтип башка жактарга тентип, чачырап кетишип, башка өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшүнө салым кошуп, ит көрбөгөн азапты көрүп, кул деп аталып кетпейт эле го. Кыргыздар улуу эл болсо, уул-кыздары өз жеринин гүлдөшү, байышы үчүн иштемек. “Кыргыз” деген сөз бүгүн казактар арасында “малай, кул” деген маанини берип калды. Маселен, бир казак экинчисине “Канша кыргызың бар?” дейт. Бул “Канча малайың, кулуң бар?” дегенди түшүндүрөт.

 

- Сегиз кыргызым бар гой! - дейт беркиси.

 

- Ой-баай, - деп чочуп кетет собол таштаганы,- Аз гой! Олар өтө арзан жумыс истейди гой. Менде 14 кыргыз (малай, кул, күн) бар! - дейт.

 

Мына, эй “улуу эл”болгон кыргыздар!

 

А ошол малай, күң, кул, жалчы болуп тентип жүргөн карапайым кыргыздарда не жазык? Айып эл башыларда да. Ыржаңдаган, катын үндүү, башканы кой, катынына алы жетпеген, аламан журттун, жаамы калктын шоруна 100, ыктымал 1000 жылда бир жаралчу жугундукорАскар Акаевден бери жалаң гана журттун ырыскысын энесинен калгандай талап жегенге маш, Кудайдан коркпогон падышалар келип жатат, дал ошолор айыптуу. Акаевден бери дагы 3 падыша келди, Кыргызстан оңолдубу? Кыргызстанга башчы болгон калган үчөөсүнүн бири улуу болмок го жок дегенде. Демек, кыргыз улуу эл эмес, мактаныштын кереги жок.

 

Кыргыздар улуу эл болсо, эң ириде тилин сактамак, каадаларын, салттарын сактамак. Башкаларды билбейм, жеке өзүм менен Дүйшөн аттуу бир досумду жакшы билем - биз күн сайын дебейли, ар эки-үч күндө маршруттук каттамдарда кыргыз айдоочулар, жүргүнчүлөр менен кайым айтышып, сөгүшкөнгө чейин барабыз.  “- Передайте оплату! Следуюшая остановка  4-ая горбольница”,-дешет “улуу эл”болгон кыргыз жүргүнчүлөр менен айдоочулар. Угуп туруп кантип кайым айтышпайсың? Керек болсо оозу-мурдун тептегиз кылып койгуң келет, ошентиштин өзү сооп эле болот.

 

Маршруттук таксилердеги, коомдук транспорттордогу, авиакаттамдардагы “улуу элдин”тилине болгон мамилелери дал ушундай, буга сиз деле күбөсүз. Көрүп, угуп келатасыз. Бирок, качан, кайсы айдоочуну же жүргүнчүнү “улуу тилиңизде”сүйлөгөнгө чакырдыңыз? Жок, антпейсиз.

 

5-6 жыл өттү окшойт, намыстуу жигит Нурлан Мотуев жаңылбасам, бир кытайды кыргыз кызына кол көтөргөнү үчүн сабаган. Ошондо башкаларды билбейм, мен Нурланга ыраазы болгом. Туура да, башка жактан келип алып, өз жерибизде кызыбызды кордоп жатса… Дагы бир мертебе Нурланга ыракмат! Ошол Нурландай эрлер, намыстуулар көп болсун! Россияда көп учураттым, кыргыздын кыздары ашкере «жоомарт, берешен» болуп кетишкен. Кайсы улут болсун, ылгоо деген жок. Эптеп эле пайдасын көрсө,анча-мынча тыйын алса болду, жатып берет. Алар үчүн “улуу кыргыз элинин”ариети, намысы 1 тыйынга турбайт.

 

Адашпасам,2013-жылдын 12-13-апрелдеринде ЖКнын депутаттары чоң кисебир, ууру Азиз Батукаевдин бир эле күндө абактан бошоп, чет элдик самолет менен Чеченстанына кетип калгандыгын талкуулашты. Эй, 2 күн бою. 2 күн..! Не, башка иш жокпу? Кайдагы бир баш кесерди 2 күн “улуу элдин”саясий жогорку органынын талкуулашы туурабы? Бул намыссыздык эмеспи? Биринчиден, аны абактан азаттыкка чыгарбаш керек эле, себеби, ал деген “улуу элдин”далай байларын “сааган”. Акча өндүргөн. Далай уулдарын атып өлтүргөн, кулактарын кескен. Кыргыздар, жетекчилери улуу элдин тукумдары болушса, намыс, ариет үчүн деле Азизди небак жайлап коюшмак го! Кана, бир кыргыз Чеченстанга барып, бир жигитине жөн эле тийишип койсунчу, аны чечендер жеп коюшат же калппы?

 

Алтынды миң жыл бою турпакка, көң, кыкка көмүп койсоң да, баары бир ал мурунку сапатын сактап турат. Кара темирлерди заң, дат басат, чирийт. Кыргыздар улуу эл болсо, алтын сымал сапатын сактамак. Жок, анте алышпайт. Демек, дагы айтам, улуу эл эмес.

 

Алтын демекчи, ушуга дейре дүйнөдөгү мындай баалуу таш өндүрүлгөн бир да мамлекет чыгым тартпаптыр. Чыгым тарткан Кыргызстан гана экен. Эмне үчүн?

 

Кыргыздар улуу эл болсо, Кудай таалам жерине катып берген ошол баалуу заттарды башкаларга алдырып ийбейт эле да, ыраспы?

 

Кыргыздар улуу эл болсо,бири-бирин колдоп, көтөрмөлөп алмак го. Жан багыш, байыш, болбосо ата-энелерин, бир туугандарын багыш үчүн кыздары жалапчылыкка барып, денелерин сатып отурмак эмес. Шариятыбыз жол койбогон кайырдиндерге катын болуп, жээндердин санын арбытмак эмес.

 

Улуу элдин байтак шаары бүгүн «улуу элдин» таштанды, акылеттерине толгон, жолдору танка жүрөрлүк алда. Казактар «улуубуз» дебей туруп эле Азияда жок көркөм калааны куруп коюшту. «Улуу элбиз!» деген кыргыздар борбор шаарын  жайылтып отурушуп, чоң кыштак түрүнө келтиришти.

 

“Биз,кыргыздар улуу элбиз!”дегендерди угуп туруп,  шылдыңдап, оозум эмес, башка жагым менен күлөм.

 

Далай жылдар чет жакта жашап, иштеп келген бир саясатчы киши баягы жылдары: Биз, кыргыздар жалаң мифтер, жомоктор менен жашаган калкпыз, колубуздан эчтеке келбеген өксүк комплексибизди моюндагыбыз жок. Анан өзүбүздү башкаларга улуу эл катары көрсөткөндү, бышыксынганды жакшы көрөбүз! - деп айткан.

 

Мен ал кишинин кебине, пикирине толук кошулуп туруп, “Биз улуу элбиз!”деген кемпайларга “жок, сен өнүп-өспөй турган, намыс-ариети жок кыргызмын  дегенди уялбай эле айтып жүр!”деп кыйкыргым келет аргасыздан!..

 

Бектуруш Салгамани

Булак: “Майдан.kg” гезити, №39 (216), 22.09.2015-ж.