Бишкек, “Саясат.kg” – Самат Борбукеев. Акаевдин убагында таскагы катуу чыгып, КТРдин алып баруучусунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып, бийликтин безине сайган сөздөрү менен эл оозуна алынып, саясат майданына кирген Адахан кыйла жыл чечендиги жана тапандыгы менен алсырап бара жаткан бийликтин айласын кетирип, оппозициянын көрүнүктүү өкүлү катары саясат айдыңында ондун бири болуп, чон аброй алды. Элге шайлоо алдында келип, куру сөзү менен эле - байлыгын чачып жугуруп жүргөн оппоненттерин мыш кылып, жеңишке жетишип жүрдү. Ал сөздөрү эл арасында аңыз болуп айтылып, жөнөкөй адамдарга аябай жагып, адамдар маашырланып угушчу.
 
Эл менен болгон бир жолугуушусунда бир оппоненти шайлоочуларга кайрылып: «Мен Сиздердин кулунуңармын» - деп, элге жакын көрүнөйүн деп кайрылганда, Адахан: «Кулун жетилгенче көп убакыт бар. Мына мен токулуу атмын. Мени мингиле!» - деп тапандык кылганын айтышат.
 
Ошентип, ары жаш, ары бийликтен чочубай шакылдап турган Адаханды жердештери бир нече ирет депутат кылып шайлашты. Бирок, убакыт өткөн сайын элге кызмат кыла турган токулуу ат эч кимди миндирбей ойт берип, оюн салып, айрыкча Бакиев хандыгынын тушунда алтын жабдуулар менен ак сарайда байланып, мурда бапестеп бакпаса да азуулууга тийгизбей кастарлап, кайра-кайра чоң маарага түшүрүп, сүрөп турган каратаман калайыкты эсинен чыгарды. Бийликтин кызыгына батып, күндүзү кымыз, кечте кыз болуп, ырчы кыз-келиндерди кыйла тайрактатты. Бакиевдин өзүнө жакындай албаса да ханзаада Жанышты жандап, аны айга-күнгө теңеп, МЧС сыяктуу оппонентин жыга чапканга жарады.
 
«Булбул» деген каймана аты бар МАК (Мадумаров Адахан Кимсанбаевич) ак сарайда жакшы эле сайрап, кызмат кылганы менен жаш ханзаадага негедир жакпай калган дейт. Ошентип, орустун көзү өткөн коомдук ишмери Александр Лебедь: “Эгерде сен бир адамды алдасаң - алдамчысын, эгерде сен миллиондогон адамдарды алдай алсаң, чон саясатчысын» - деп айткандай, «Ак Жол» партиясын уюштуруп, өлкөнү түрө кыдырып, кыргыз мамлекетинин келечеги жөнүндө жомок токуп, булбулдай сайрап, Бакиев акесине жакшы эле кызмат кылды. Парламенттин башчысы болуп турганда чоң мамлекеттик иштерге тиши өтпөсө да, кээ бир галстугу жок чоңдорго опурулуп, өз деңгээлин көрсөтүп, галстук тагынганы менен мамлекетти жеп, талкалаган аке-үкөлөрүнө калыстыгын көрсөтө албай, четке сурулду.
 
«Булбулдун» сайраганына элдин курсагы тойбой тургандыгын журтчулук эчак баамдаса да, өзү эч түшүнбөй, эмгиче “менден кыйын эч ким жок”, деп дубүрт салып, амбициясын ката албай, президенттикке көз артып жүрөт. “Жылкыңа карап бышкыр”,- дешет го. Ошол сыяктуу, алгач өзүн күзгүдөн карап алса жакшы болот эле. Себеп дегенде, азыр элдин кулагына “булбулдун” үнү жакпай турат, тажаганы качан?!