Байыркы заманда эле даанышмандар “сенин ким экендигинди - сүйлөгөн сөзүңдү угуп  туруп айтып берүүгө болот”,- деп айткан. Маселен, А.Атамбаев Бакиевдин заманында оппозицияда жүргөндө: “келечекте бийлике ким келбесин, ал АЖЫДААРГА айланып  кетет”,- деген.

 

Бийлик алмашып, бардыгы өз колунда болуп турган шартта, президенттикке талапкер катары кезинде “Россия 24” телеканалынын журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып, “бул Конституция болгону бир айда жазылып бүттү. Мунун чийки беренелери, ондоого зарыл жерлери көп. Бирок аны оңдой берүүгө болбойт”,- деп айткан. Башмыйзамдын ошол калыбында сакталып калуусу, мезгил көрсөткөндөй, бийликтин жоопкерчиликтен качуусунун белгиси тура. Анын үстүнө, “Конституциянын атасы” катары айтылып жүргөн Өмурбек Текебаев да, “бул конституцияны жалгыз мен жазсам, мындай жазбайт элем”,- деген сөзүн да айтканы бар. Эмнеси болсо да эч ким эч нерсе үчүн жооп бербеген, “коомдон каалаганынча, мүмкүнчүлүгүңө  жараша ала берсең боло берет”- деген мүмкүнчүлүк берген Конституция кабыл алынып калбадыбы. Президент деле мойнуна алып айтып жатпайбы, “парламент фракцияларында кызмат орундары базардагыдай соода каражаттарына айланып кетти” деп. Мунун баарына Конституция жол ачып койгон.

 

Жогоруда сөз болгондордун баардыгы үчүн жалгыз эле Атамбаевди күнөөкөр кыла берүү бери дегенде эле адилетсиздик болуп калбайбы? Демек, доорубуздун залкары, кыргыз элинин азыркы жана келечектеги тагдыры үчүн күйүп-бышып жүргөн,  адамдык сапаты  жогору, кыргыз элинин чыныгы  идеологу Чолпонбек  Абыкеевдин: “бизди экономикалык эмес,  руханий кризис басып  жатат”- дегени чындык экен да? Ошондой  эле анын  катарында Шайлообек Дүйшеевдин өз  убагында таамай  айткан “бузулган  адам оңолоор,  бузулган  замандан  сакта”  деген сөзүнүн мааниси бизди  каптап,  дымыктырып  таштабадыбы? Ошону оз учурунда  Омор Хайям:

“Күп-күп сүйлөп дөөлөтүнө чиренген,

Көңдөй челек эшектерди билем мен.

Даңктуулардын сойлойт алар астына,

Кулдун күчү аларды антип жиберген”,-

деп  да таасын сүрөттөгөн.

Азыркы биздин  абийирсиз кулдар даңктуулардын заказын,  шайлоонун “тазалыгын”  камсыз кылуу менен бизди кайда алып бара жатышат? Мына шыпыргылар, кошоматчы-аткошчулар кимдер?  Алар  бардыгына даяр. БШКны  басып  алууга  да  кудурети  жеткен. Муну БШКда башчы болуп жүргөндөрдүн өздөрү учурунда айтып беришип  жүрүшпөйбү,  “тапшырманы  аткарбасаң күнүңдү көрөсүң деген сөздөр өкүм сүргөн”- деп. Мына сага  бийликтин  келечектеги шайлоону таза өткөрү ыкмасы! Доордун  салмактуу  афераларынын бири болуп  калчудай сезилген биометрикалык маалымат бийликтин  кызыкчылыгы  үчүн чоң кызмат  кылышы эч  кандай күмөн жаратпай калды. Биз ансыз эле шайлоолорду өткөрүп келгенбиз го. Биометриканы ким, кайсы акылдуу, качан, кайсы мамлекетте таап колдонгон, же биздикилердин өздөрүнүн  эле тапканыбы? Бардыгыбыз өзүбүздүн пикирибизди айткыбыз келет, анын түпкү мааниси-  жогорку кызмат орундагыларга жетеби? Булар ошентип жүрүп кайдагы өнүгүү жолун ойлошот? Мамлекеттин ички дүң кирешеси жөнүндөгү түшүнүк түштөрүнө да кирбейт! Биздин социологторубуз барбы, алар кайда жүрүшөт? Ал жөнүндөгү маалыматты элге эмне үчүн жеткизишпейт? Кыргызстан Казакстандан ички дуң продукция боюнча ар бир адамга эсептегенде он эсе артта деген сөз чынбы? Эмне үчүн социологтор аны элге жеткирбейт? Сингапур башында премьер министр Ли Куан Ю турганда, эч кимден жардам сурабай эле өздөрүнүн ички мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, 31 жылда ички дүң продукцияны 15 эсе өстүрүүгө жетишкен. Шаардын жолдору шампунь менен жуулат, элдин социалдык катмары тескелет... Биз эмне үчүн алардай боло албай, баарын талкалап алып, айлабыз  кеткенде чет мамлекеттерди кыдырып, тилемчилик кылып жүрөбүз. Бул айтылгандардын бардыгы биринчи кезекте бийлик башындагылардын  руханий ачарчылыгы, ички дүйнөсүнүн жардылыгы эмеспи?

 

Курандын 17-сүрө 36-аятында, “эй инсан, сен өзүндүн уккан, көргөн,  билген жана кылган ар бир нерсе үчүн кыяматта жооп бересиң”- деп айтылган. Ошол эле маселени Сент-Экзюпери Антуан: “Адам болуу демек анын баардык нерселер үчүн жооптуу экендигин сезүүсү”,- деп таамай айткандай, биздин бийлик башындагылар - баякы эле кулдар, кайдыгер жарандар өздөрүнүн жоопкерчилигин сезишпейт. Биз баардыгыбыз эч кандай жоопкерчиликти сезбесек, демек мамлекетибизди “адам эместер” башкарып жаткан экен да. Анан кантип биздин Кыргызстаныбыз өнүгөт?

 

Бийлик башындагылар өздөрүнүн бийлигин сактап туруш үчүн бардык амалдарын колдонот. Өлкөнүн өнүгүшү үчүн АКШнын биринчи президенти Джордж Вашингтон өзүнүн биринчи өкмөтүнүн курамына саясий багыты карама-каршы топтордун лидерлери, республикачы Томас Джефферсонду жана федералист А.Гаминтонду кошуп алган. А биздикилер андайдан өлө коркушат. Ошол эле Т.Джефферсон АКШнын үчүнчү президенти болуп  турганда “биздин осуяттарыбыз айткан сөздөрүбүз эмес, жашообуз болуп калсын” деген экен.Адамдардын бактылуу жашоосу үчүн кам көрүү бул өкмөттүн биринчи жана бирден-бир милдети. Эгерде кызыкчылыктар мыйзамдан жогору коюлуп калса, демек өкмөттүн толук кыйрагандыгы дей бер. Биздин президентибиз “алтындарым, ишенип койгула, оңолуп кетет” деп кылган иши менен эмес, сөзү менен гана ишендирип келет. Натыйжа эмне болууда? Өзү айткан адамдар эле эмес, жетиштүү сандагы “ажыдаарлар” пайда  болду, болгондо да өзү айткандай “жети баштуу ажыдаарлар” пайда болууда.

 

Эгер тескери мүнөздөгү ар кандай адамды - жакшы  тарбияланган  адамдардын  чөйрөсүнө кошсо, ал адамдын мүнөзү да сөзсүз түрдө жакшы жакка өзгөрөт.  Тескерисинче,  нормадагы  эле  адам жаман мүнөздүү  адамдардын  катарына түшүп  калса, аларга  кошулуп кетүүсү шарт.  Ошентип  отуруп биздин  бийликтеги адамдар  “ажыдаарга” айланып  жатпайбы.  Анын себеби – адамзат жашоосун майда-чүйдөсүнө  чейин талдаган улуу  бабабыз Жусуп Баласагын айткандай, “напсибизди  тыя  албагандыгыбыз” болуп жатат.  Анткен менен коомчулук жакшы  эле аракеттерди  кылууда.  Ошол  эле  учурда бийлик ар кандай мыйзамдарды өзүнүн  арзыбаган  эле  пайдасы үчүн бузуп жатышпайбы.  Мисалы,  өз мүлкүнө  декларация толтурууну  эле  алып көрсөк, жогорку  бийликтегилердин  өзүнүн  үйү да, мүлкү да жок болуп чыгып  жатпайбы. Аны жашыргандыгы үчүн дегеле жоопкерчилик тартпайт. Байлыкты  Кыргызстандан топтоп  алып, инвестицияны башка  мамлекеттерге салып, завод,  фабрикаларды кимдер куруп жатат? Эмне  үчүн ошол  инвестицияларды башка  мамлекетке чыгарууга  мыйзам жүзүндө тыюу салып, өзүбүздүн Кыргызстандын  кызыкчылыгы үчүн кызмат кылуусун камсыздоого болбойт?! Бул  элдин учурдагы  талабы болуп  саналат.

 

2010-жылдагы Убактылуу өкмөт качып  кеткен  Бакиевтен калган банк кутучаларындагы акчаларды тоңдуруп койбой, чет мамлекеттердин банктары  аркылуу сыртка  чыгарып  жиберишти. Өлкөнөн абалы тунгуюкта, кимди күнөөлөйбүз?  Бийлик  ким?. Мамлекетибиз  эл аралык эрежелердин натыйжасында гана сакталып турат. Мамлекеттүүугүздү сөз жок, талкалап алдык. Коомубузду каптап турган көйгөйлөрдү  кантип, ким чече алат? Арыз-муңуңду кимге  айтасың?  Бийлик башындагылар болсо балга малынып алып, андан ажырай  албай жаткан аарыны элестетип турат. Биз япондордой эмгэкчил эл эмеспиз. Табиятыбыз көчүп конуп, журт жаңыртып жүргөн, эч нерсеге көңүл бурбаган, өз эркинче күн өткөрүп, көп нерсеге маани бербей кайдыгерлик менен жашаган эл экендигибзди тана албайбыз. Азыркы абалыбыз ошонун нактай эле  бир көрүнүшү эмеспи.  Мындан  ары кайдыгерликтен арылып,  Кыргызстандын катардагы  бардык  жарандары  улуу –кичүү дебей, бардык эл биригип, “оппозиция  кылат” деп жата  бербей (оппозиция деген ким? Ал өлкөнүн келечектеги тагдыры үчүн кыйналып жаны  кашайган чыныгы  патриоту), аларга кошулуп, келечектин  жолун  табуу  керек.  Андыктан  АКШнын конституциясынын  авторлорунун бири, философ жазуучусу  Франклин  Бенджаминдин: “бул  жашоодо  өлүм менен салыктан башканын  баардыгынын  жолу  табылат” дегендей жолду  табуубуз  зарыл  болуп  турат.

 

Шарибидин Мамажанов,

Сузак району, Бек-Абад кыштагы.

 

Булак: “Майдан.kg”