Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2324

Абийирсизге бийлик берген,

Акылсыз – жиндиге кылыч бергенден опурталдуу.

Пифагор

 

Мамлекетти башкаруунун эки  жолу бар – коркунуч  жана жеке кызыкчылык (кнут и пряник).

Наполеон Бонапарт.

                                         

Шайлоо жакындаган сайын партиялар акчалууларды топтоп, биригүү – “ким менен барсак?”, “Кантип элдин добушун алабыз?”, “Канткенде бийликте калабыз?”- деген максатта саясий “базар”  башталгандай.  Мамлекеттин азыркы абалын унутушуп, адатынча эле, “элдин добушун  акчага сатып алабыз” деген максаттарды коюшуп, аукцион менен капчыктууларды партияларга тартуу соодасы кадимкидей жүрүүдө. Ушундан улам суроо туулат: “деги мамлекетибиз өзгөрүп, өнүгүү жолуна түшөбүзбү? Кыргызстан жаңыланабы? Же Кыргызстан жок болобу?”.

                                                                                                                                                                     

 

Эгерде кырдаал өзгөруп, калайык калк: “Биз талапкердин чөнтөгүнө эмес, анын саясий ишмердигине, башкаруу системасынын маанисин чечмелегендигине, принципиалдуулугуна жана мамлекеттин – калктын  кызыкчылыгын  коргогонуна  карата добуш берем  десе”, анда чынында эле акчанын мааниси  болбой калат. Аныгында  кырдаал ага жеткендей.

 

Бирок, буга карабастан, азыр партиялардан барган “ шумпайлар” (мамлекет, башкаруу, жана ушул сыяктуу саясаттардан кабары жок – акчасына, алдамчылыгына ишенген)  ”тондорун тескери кийип”, элге барып акчалай же башка бир материалдык  нерсе менен калктан колдоо издеп жүргөн мезгил.  Байкуш элге: “мамлекет канткенде оңдолот, кантип экономика көтөрүлөт”  деген маселеден  түшүнүк-максаттары жоктор келишип, жолго  шагыл төшөп, суу чыгарып, мектеп чатырын оңдоп, элге көрүнүү амалында жүрүшөт. Анан ушул абалда парламентке кимдер келиши мүмкүн? Элестетип көргүлөчү? Азыр Кыргызстан колуна май токоч кармаган акылы толо элек жаш баланы элестетет. Аны  ар ким алдап, коркутуп же арзыбаган тыйынга колундагы нанын алып жеп кетишип жатат. 

 

Владимир Ильич Ленин (Ульянов): “Мамлекет болгон жерде эркиндик болбойт, эркиндик болгон жерде мамлекет болбойт”,- деп өтө таамай айткан. Азыркы ааламдашыруу  заманында  мамлекетти  башкаруунун натыйжалуулугун камсыздоо өтө татаал системага айланды. Ааламдаштыруунун алкагында, мезгилдин  талабында атуулдарга шарт түзүү,  алардын маданиятка, билим берүү, саламаттык сактоо  жана башка кызматтарга  болгон талаптарын канааттандыруу оңой-олтоң жумуш болбой калды. Канткенде бул маселелер  чечилет билбей, бирок бүгүн  Кыргызстан эки айрылыш жолдо турат. Андыктан биздин максатыбыз бийлик талашуу эмес, жаңылануу, “Кыргызстанды канткенде сактап калабыз, канткенде  жаңыланган  Кыргызстанда  жашайбыз” деген ой, идея ар бир  атуулда болушу керек.  Бизде “кыргыз” деп чыркырап, “кыргыз эли өнүксүн, өссүн,  Кыргызстаныбыз  бакубат  мамлекет болсун” дегенден  башка максат  жок. Биринчиден  элибиз шайлоодо тандоону  үйрөнүш  керек, бийликтин  татаалдыгын  түшүнгөн,  билими терең, тажрыйбалуу, таза, мекенчил, тажрыйбалуу, компетентүү, чынчыл,  “Эл тилеген эр келээр, эр убайын эл көрөөр” – дегендей депутат – жетекчилер  керек  кыргызга. Мамлекетти башкаруу бул – керек десе канын, жанын аябай, көптүн жыргалчылыгына баш саюу, эл үчүн канжыгага баш байлоо. Убакыттын  өтүшү менен ушундай эл башчылар келет деген үмүт менен жашайбыз... Алардын  жөндөмдүүдүлүгү башкаруу системасын “вертикаль”  менен “горизонталды”  айкалыштырып, натыйжалуукту сөз менен эмес, иш жүзүндө  камсыздаганда гана калктын ишенимин актайт. Бийликтин горизонталдык (өзүн-өзү башкаруу) системасы таптакыр жокко чыгып, бардык бийлик “вертикалда” өнүгүп, паракорлук күч алып, аны менен жоопкерсиздиктин  натыйжасы бүгүнкү күн.

 

Биздин алыскы туугандарыбыз маймылдардын да бири-бирине баш ийүүсү вертикалдуу түрдө түзүлгөн. Учурда  мамлекетте да вертикалдуу башкаруу системасы тузүлүп, ал эми горизонталь ( өзүн – өзү башкаруу) бийлиги  курулай формалдуулука айланды.  Эгерде баардык ишти өз жолуна таштап салсак, вертикалдуу түрдө түзүлгөн пирамидалык иерархиялык башкаруу системасынан башка башкаруу системасы түзүлө албайт. Мындай структура табигый сезимдеги программанын иштешинин натыйжасында түптөлөт.  Жаш өспүрүм балдардын тобунда, түрмөлөрдө,  армияларда  да  ушул  нерселер  болот.  1917-жылдагы революциядан кийин жана баарыбызга белгилүү граждандык согушта жолдош  Сталин  партиялык  достору  менен  өткөн  кылымдын  80-жылдарына  чейин  сакталып  келген  вертикалдык бийлик  системасын түзгөн. 1991-жылдагы төңкөрүш менен Советтер Союзунун таркашынан кийин жогорудагыдай (Кыргызстанда) анархиялык  вертикалдуу  бийлик  системасы кайрадан түзүлүп, жыйынтыгы бүгүнкү оор абалга алып келди.

 

Азыркы замандын шартында жогоруда айткан вертикаль бийликтин бизге кереги барбы,  ал кантип түзүлөт жана ушундай мамлекеттик түзүлүштүн коомдук турмушта келечеги барбы? Ушул суроолорго биология илиминин көз карашында окмуштуулар жооп берүүгө  аракет жасаган.  Бул максатта этологияны  – айбанаттардын өздүк жүрүм-турумун (жана ошондой эле адамдардын) аныктоочу илимин  тартуу  менен  табигый сезимдеги иштөө механизмдердин программасын  жана молекулярдык биологияны тартуу аркылуу ар түрдүү психикалык абалдагы адамдардын генетикалык  түзүлүшүн  жана  алардын  кандай  коомдук уюм түзүүсүн аныкташкан.

 

Ушул жерден бир аз темадан бурулуп, Дольниктин китебинде айкын-ачык жазылган короздор (канатуулар) арасындагы иерархиялык түзүлүштөн  мисал айтып кетели.  Короздор арасында бийликтин башкы пирамидасын кайсыл короздун таажысы чоң жана өзгөчөлөнүп турса ошол ээлейт. Алар өздөрүнүн бийлигин сактап туруу үчүн ар дайым төмөн тургандарды чокуп, коркутуп турушат.  Булар өз учурунда даражасы төмөн тургандарды чокуп олтуруп, бул даражасын көтөрүү ыкмасы эң төмөндөгүлөргө, б.а.  “бузукуларга”  жетет, эң төмөндөгүлөр чокуп турганга эч ким жоктугуна байланыштуу айласыздан жерди чокушат. Айлакер окумуштуулар жөнөкөй эксперимент ойлоп таап жасап көрүштү. Алар  эң  төмөндөгүлөргө, б.а. “бузукуларга” бийик жана кооз жасалма таажы кийгизип, алардын кылык – жоругуна  байкоо  жүргүзүшкөн.

 

Натыйжасы  өкүнтөрлүк абалды көрсөттү: бийликтин башкы пирамидасына жасалма  жол менен келген жаңы  “лидерлер”  биринчи  күндөн баштап,  чыныгы  доминанттарга караганда, өздөрүн өтө  каардуу  жана  ашыкча  агрессиялуу алып жүрө башташкан. Бул  нерсенин  себеби  “бузукунун” табияттан ар дайым коркуп туруу сезими  менен  жетишерлик деңгээлдеги бийлик күчү менен өзүнүн жазаланбоо сезиминин биригип кетиши.  Дагы бир кызык жери, чыныгы доминанттардын таажысын өзгөртүү менен ченемсиз бийликти бөлүүгө болот экен. Короздордун ушул бийликтин  башкы пирамидасына болгон  мамилеси армиядагы офицерлердин пагонундагы жылдыздардын көптүгүнө жана чоңуна карап бийик болуу, армия иерархиясын элестетип жатпайбы?  Бирок биз бийлик вертикалынын кармап туруу жолдоруна кайталы. Вертикаль өзү жөндөн-жөн эле асманга асылып кармалып турбашы баарыбызга түшүнүктүү,  ал горизонталга таянып кармалып туруусу зарылдыгын билебиз. Биздин  айтып жаткан  темабыздагы горизонталь болуп, өзүн-өзү башкаруу бийлиги  формалдуу  болгондугуна байланыштуу “электорат” эсептелинет,  б.а.  добуш  берүүчү  шайлоочулар. Эгерде   бийликтегилер  төмөндөгүлөрдүн  турмушун  оңдогусу  келбесе, анда  кантип түрдүү улуттардан турган массаны бийлик вертикалын колдоого мажбурлай алабыз?   Бул   учурда шайлоолордогу фальсификацияларды карабай эле коёлу,  себеби бул адамдарды каратып  туруп  алдоо  болуп  эсептелинет. Айбанаттар өлкөсүндө да бири-бирин алдоо программасы кеңири жайылганын байкайбыз: каргалар  жана маймылдардын буюм-тыйындарды алмаштырууда өнөктөштөрүн  көп  учурларда  алдашат. Ак  ниет, эки  тарапка тең  пайдалуу  алмашууларга  жетишүү адамдардын бара-бара аң-сезимдеринин өнүп-өсүү эталонунун натыйжасы болуп эсептелинет, бирок бул тубаса сезимдин программасы  азыркыга  чейин калыптана элек. Жалпылап  алганда, айбанаттар  дүйнөсүндө ак ниет жашоо үчүн, Homo sapiens (человек разумный) уруулар тобуна  кирүү   жана ушул эле учурда белгилүү моралдык сапаттарга ээ болуу керек.

 

Көпчүлүк акылман ой жүгүртүүчүлөрдү тарыхтагы  жакынкы  эле аралыкта болуп өткөн окуялар – тирандардын (мисалы Сталин, Гитлер) кантип өз бийлигин узак убакытка сактап  туруусу  жана  ошол эле учурда  элдин сүймөнчүгүнө да ээ болуусу катуу ойлонтуп келген. Этологдор  бул  суроого  да  жооп  берүүгө  аракет  кылышкан. Айбанаттар  дүйнөсүндөгү  жогоруга  баш ийип келген төмөндөгүлөрдө доминанттарга карата төрт реакциялык  программа  калыптанган:

 

№1 – арылбас  жек  көрүүчүлүк;

 

№2 – өтө коркуу сезими (бул эки вариант төмөндөгүлөр үчүн пайдасыз,  себеби ар  дайым стрессте болуп  турууга мажбурлайт);

 

№3 – доминанттын бардык жасаган иш-аракеттерин акырындап белгилүү өлчөмдө доза берип тынчтандыруу ыкмасы аркылуу кабыл алуу;                                                                                                                                

 

№4 – төмөндөгүлөрдүн болуп көрбөгөндөй коркуу сезими доминанттардын кайсыл формада болбосун башкаруусуна баш ийүүсүн жана канаттануусун мажбурлайт.         

            

Иерархиялык  системада  түзүлгөн коомдо ишеним жөнүндө да, нейтралитет жөнүндө да сөз кылуунун  кажети жок. Вертикаль бийлигин  колдон  чыгарбай  кармап туруу  үчүн  бийликтин жогору жагында  “пахандар”  жана  “(шестерки) ушакчы - интригандар”,  төмөнкү жагында  “бузукулар”  турган  пирамиданы түзүшөт. Бул формадагы башкарууда ортолукта тургандар өздөрүн жыргал сезишет. Жогору жактын кысымынын, төмөн  жактын көралбастыгынын негизинде  алар  ашыкча  агрессивдүү  же  болбосо тез  эле  көңүлсүз болуп  кетишет, бирок ушул учурдан  пайдаланып өздөрүнүн пайдасы  үчүн  өтө  көп  материалдык байлыктарды таап алышат.  “Ушакчы-интригандарды” табиятынан  эч кандай мамлекетке  пайда алып келүүчү долбоорлор ж.б. ушул сыяктуу пайдалуу нерселер кызыктырбайт, алар ар бир  иште өздөрүнүн гана материалдык  пайдасын  ойлошот жана  бул  учурларда  өтө  битир, кан соргуч болуп кетишет. Алар аңкоо,  билимсиз болгондуктан жаңылануудан  коркушат, кыйын,  билимдүү жана  демилгелүү адамдардан  чочулашат. “Ушакчы-интригандардын” эң эле башкы куралы ушак болуп  эсептелинет. Ошондуктан аларды оппозиция  же “жакшы ийгиликтердин сүлүктөрү” (кан соручусу) б.а. көралбастары деп аташат.

                                                                                                                                                   

Бийликке  келген  жетекчи өзүнүн  аткара турган ишмердүүлүгүндө  башкаруунун  системасын (горизонталь-вертикаль) жана  экономиканын  түшүнүктөрүн  кабылдабаганда “ПАХАНга”  айланат. Анда мамлекети башкаруу тез аранын  ичинде  “ушакчы - интригандардын” тобуна өтөт. Алар төмөнкү жактагы “бузукулар” аркылуу бийликти жүргүзүшөт.  Натыйжада мамлекетте башкаруу жокко чыгып, экономика   кыйрайт  бардык  баалулуктар  тескери көрсөткүчтөргө айланат.  “Бузукулар” ( дүжүрлөр) “турмуш жыргал” деп жар салышат,  “ушакчы-интригандардын” капиталы өркүндөп, “ПАХАН” жалганчы  мактанчакка  айланат – калкка  жек  көрүнөт. Эң  жаманы  калктын көпчүлүгү  томаякка айланат,  ички – тышкы  миграция көбөйөт. Калк жакшы турмушту өз жеринен  үмүттөнбөй, четтен  издөөгө мажбур болот. Бул нерсе улут – мамлекеттүүлүк  үчүн  өтө  коркунучтуу... 

 

Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөр көйгөй маселелерди чечүүнү кийинкиге калтырып, туура эмес экономикалык саясат жургүзүп келишүүдө. Акыркы убактарда мен өтө коркунучтуу тенденцияны байкоодомун – кайсыл багыт боюнча анализ жасабайын, мен өзүмдү оптимист болуп кетип баратканымды байкоодомун. Акыркы убактардагы кризистердин себептерин айтып келген адам катары бул мени тынчсыздандырууда. Өсүү дээрлик нөлдө, инфляция өйдөлөөдө – ушуга жараша элдерде ишеним эчак эле жоголгондой.

 

Жогорудагыдай абалга тушуккан өлкө апатияга түшүп калат жана чындыгында эле бардык нерсе нөлдө болсо эч кандай реформанын кереги жок деп ойлошот. Инфляция  болгон жерде кирешелүүлүк же айлык акыларды жогорулатуу жөнүндө кеп кылуунун кереги жок, ал эми ишенимдин жоктугу – “саясатчылар же шайлоолор аркылуу мамлекеттин лидерлерин алмаштырууга болот, бирок алардын саясый багытын жана келечекти алардын ойлору боюнча көрүүсүн алмаштырууга болбойт”- деген тыянакка алып келет.

 

Учурда “апатия” өзүнүн эң жогорку чегине жетти, аны менен кандайдыр бир жолдор аркылуу токтоосуз күрөшүү керек. Массалык-маалымат каражаттары жана саясатчылар “андай болбойт, мындай болбойт” деп гана айтып келишет, алар так кайсы жол менен кетишибиз керектигин айта албай жатышат, ал эми айтылган ойлор, пикирлер жөн гана фантазия катары кабыл алынып жатат.

 

Бул пайда болгон боштукту - саясый системаны жана экономиканын келечектеги абалын өздөрүнүн ойлорунда жана түшүнүктөрүндө гана элестете билишкен, учурдагы болуп жаткан экономикалык жана саясый абалда эске алышпаган жаштар ээлеп жатышат. Республикабыздын бардык региондорун кыдырып көрүп, макроэкономикалык саясаттын коркорлук абалда экенин көрдүм, ушул эле учурда  саясатчылар өздөрүнүн статусун  көтөрүү менен гана алек болушууда.

 

Жогорудагы маселелерди чечүү боюнча менин сунушум, ишенем, сөзсүз ишке ашырса болот:

 

Биринчиден, Аллах Таала бизге эки кулакты, бир оозду жөндөн-жөн эле бербегенин унутпашыбыз керек: аз сүйлөп, көп укканга аракет кылалы. Биз көп угуп, аз сүйлөгөнгө  жаралганбыз.

 

Экинчиден, баарыбызга бир аз көбүрөөк амбиция  керек.  Өзүбүз, мамлекетибиз,  өзүбүздүн компания, ишканаларабыз үчүн... “бардык нерсени жасай алабыз” деп сүйлөйлү,  “бул нерселерди аткара албайм, ишке ашыра албайм” ж.б. “болбойт” деген сөздөрдү сүйлөбөстөн.

 

Менин саясый жана экономикалык платформаларым булар: (же менин платформам эмес, себеби мен бир кызматка өзүмдүн кандидатурамды койгон жокмун го, атүгүл кандайдыр бир креслого чуркаган жокмун, мисал катары гана):

 

№1-убадам: Президент катары эч нерсе кылбайм, бир гана мамлекетибизде болуп жаткан бардык жаңы башталууларды ар тараптан колдоого алам. Туура эмес макроэкономикалык  саясат - инновацияларга түрткү берүүгө жана анын натыйжалулугун жок кылат, капиталдардын жана рерурстардын туура эмес бөлүнүшүнө  өбөлгө түзөт. Бай  коом үстү  жактан эмес, алды  жактан пайда болот.

 

№2-убадам: Мамлекеттик сектор келечектеги он жыл ичи өсүп - көбөйбөйт. Үчтөн экисин  кыскартуу керек, ал эми жеке сектор  мамлекеттик сектордон көп болуу керек,  калган  мамлекеттик  кызматкерлер  эффективдүү иш алып барып, амбициоздуу болуу керек.

 

№3-убадам: Жаңы мыйзам кабыл алардан мурда, эки эски мыйзамды жокко чыгаруу керек. Азыр администрациялык маселелер күндөн-күнгө татаалдашып жана түшүнүксүз болуп кетүүдө, бул  нерсе пайдасыз жана натыйжасыз “башкарууга чыгашаларды”  чыгарууда.

 

№4-убадам: Бардык ишеничти жана болгон саясый капиталды  кичи  жана орто бизнеске топтоо керек, б.а. SME.

 

Жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы 85% жаңы жумуш орундары SME сегментинин негизинде түзүлөрү көрсөттү. Андан тышкары ал өндүрүштүн жана инновациянын да өсүшүнө жооп бере алат. Ошону менен бирге,  SMEде жаңы бизнес баштоочулар активдүү болгондуктан, аларга бизнесин өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүп берүү менен басым жасоо керек. Мен биринчи  үч  жылга салык амнистиясын киргизүүнү сунуштайм , (көпчүлүгү бешинчи жылдын баштап пайда көрө баштайт),  ошондой эле жаңы бизнес баштоочуларды салык жана пенсиялык базадан чыгаруу менен инвестиция менен камсыз кылууну сунуштайм.

 

Ушуну менен менин, эмне үчүн пайызсыз үстөк менен (көмүскө экономика) иштеп жаткан 40% жакын компаниялар (бул компаниялардын баары депутат жана чиновниктердики экени талашсыз) 100% жеңилдикти жана саясый капиталды алып жатышканын түшүндүргөн Бермуд үч бурчтуу экономикалык теориясы берген б.а. иштин чыныгы абалын көрсөтүп берген анализим аягына чыкты.

 

Сөзүмдүн акырында дүнүйөдө болуп жаткан экономиканын абалы боюнча эксперттердин  болжолуна токтогум келет. Федрезервдин (июнь, сентябрь айларында) ставкаларынын жогорулашынын негизинде активдерге болгон баанын кескин ылдыйлашы күтүлөт жана бул нерсе толкундоолорду пайда кылат. Греция Евросоюздан чыгат, доллар өзүнүн баасын чыңдайт, сатуулардын тартыштыгынан жана доллар каржылоосунун негизинде “кичи кризис” болот. Кризистен кийин дүйнө өзүнүн багытын өзгөртөт, бардык макроэкономикалык өзгөрүүлөр саясый катачылыктардан улам болот. Дүнүйө мамлекеттеринде  2015-жылды эксперттер “текке пайдасыз өткөн жыл” деп эсептешти, ал эми Кыргызстанда текке кеткен жылдардын бири болуп эсептелди.                                                                                           

 

Ойлойм,  2016-жылдан баштап бүт дүнүйө мамлекеттери  сыяктуу эле, биз да  саздактан  чыгып  кетебиз, эгер бийликке технология өздөштүргөн, акылдуулар, таланттуулар жана билимдүү адамдарды тарткан болсок, мен  бул  боюнча  оптимистмин. Эмне үчүн  деп ойлоп жатсаңыздар керек. Себеби азыркы кырдаал аябай оор, мындай абал эч качан  узак  мөөнөткө созулбайт.Анан дагы кыргызда сөз бар го: “Айыбын жашырган алыс узабайт”.

 

Абдималик Кудайбердиев,

эксперт, коомдук ишмер.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити