Экономист-финансист, коомдук ишмер Абдималик Кудайбердиев менен маек

 

- Абдималик мырза, сиздин өлкөнүн өнүгүүсү, айрыкча экономикалык кырдаал тууралуу саресептериңиз учурунда чак түштө жарылган “бомбадай” эффект жаратып, канча кыргыздын көзүн ачты эле. Бирок, учурда, эл чындыкка суусап турган чакта, сиздин баяндоолор, анализдер жарык көрбөй калды. Деги эмне менен алек болуп жатасыз? Кайсы маселе тууралуу көбүрөөк ойлонуп жүрөсүз? Маек башында дал ушундай жөнөкөй суроого баш оорутсак...

 

- Атайын суроо узатып келгениңиздерге ыраазычылык билдирем. Эми мен сиз суроодо камтыган мактоолорго арзыбайм деле, тек гана, бийлик элди кантип алдап келе жатканын учурунда фактылар менен коомчулукка жеткирип келем.  Бийликке жакпаган жагдай камтылгандыктан, анымдын азабы эле тийбесе, бири басып келип, келечекте экономиканы оңдоо тууралуу менин сунуштарымды угуп койбоду. Минтип бийликтеги биз ишенген эрендер эл тагдырына кайдыгер карап жатса, чындыкты айтсаң жакпасаң, идеялар  өзүнөн өзү мокой түшөт турбайбы бул кургур жашообузда. Бир аз ошондой нерселер болбосо, мен өзүм билген тармактан кол үзгөн жокмун,  өлкөдөгү окуяларга терең анализ жасоого умтулуп, мүмкүнчүлүк болуп калса аны жарыялай коём. А айта турган, ойлоно турган нерселер көп!

 

Сиздин биринчи сурооңуз жөнөкөйдөй туюлганы менен, ичинде канча оор түйшүктү катып жатат. Мени акыркы кезде ойлонтуп келаткан жагдай – турмушубузда орун алган, терең жайылган – максатсыздык. Адам баласы өз турмушунда кандайдыр бир максатты көздөйт, мамлекет да ошондой.

 

Убакыт өткөн сайын, учурунда болуп өткөн урунтуктуу окуялар жүрөк сезимиңде тарых барактары катарында түбөлүк сакталып кала берет. Бул жалган сыноо дүнүйөгө кимдер гана келип, кимдер өтпөгөн. Жараткан ар бир пендеге ар түрдүү тагдырды насип кылып, бирине түйшүктү жүктөсө, кээ бирөөсү түйшүктөн кабары жок турмуш өткөрөт. Бардык нерседен өлүм улук экенин унутуп, тирүүлүктө түмөн түйшүктөрдү баштан өткөзүп, артыңда эсте калаарлык эч нерсе жасабай бул дүйнө менен коштошуп кеткендер канча?

 

Жашоо өмүрүн максат-тилек менен өткөрүп, жасаган иштери, элге болгон ак, адилет, калыс мамилеси, камкордугу менен өмүрүн өткөзгөн адамдардын артында жылуу сөз, тунук ой, таза пикирлер аңыз болуп айтылып элдин сезиминде, жүрөк түпкүрүндө сакталып калаарын кээ бир айкөл адамдардын басып өткөн жолу айгинелеп туураарына күбөө болуп жүрбөйбүзбү. Ыйман ызаат, ата-бабалардан калган нарк дөөлөттү сактап жашоо бул айкөлдүк эмей эмне. Адам баркын адам билет дегендей, элге жасаган адал кызматын, эл унутта калтырбай эскерип, муундан муунга өтүп элдин жүрөк түпкүрүндө сакталып калаары бышык. Табияттын табышмактуу мезгили ɵтүп кеткенден кийин, өкүнгөн менен өткөндөрдү ордуна келтирүү оңой болбой калат. Ошондуктан ар бир нерсени убакытка уттурбай, убагында жасап калуубуз зарыл.

 

Менин терең ишенимимде – бизге ушул нерсе жетишпейт, кадимкидей аксайбыз. Бийлиги туруп, аны максатсыз пайдаланып аткандар кашайтат. Элдин турмушун оңдоого колунда бүт  мүмкүнчүлүк турса да талдап-ойлоп  койбогон көңүлкоштук күйгүзөт. Азыр эл аралап бассаң да ушуну айтышат, эч бири бийликке ишенерин сөз кылбай калды. Минтип жатсак кантип өнүгөбүз? Азыр биринчи орунга жеке кызыкчылык чыкты, оӊой олжону ойлоп дүнүйөнүн, мансаптын кулу болуудан да жийиркенбей калышты. Андан алыстап, ак эмгек, таман акы, маӊдай тер менен элге кызмат кылууну ойлогондор өтө сейрек.

 

Замандын өйдө ылдый болгонуна байланыштуу чоң кызматтарда иштеген тааныш тууган-туушкандардын, куда-сөөктөрдүн колдоосу менен убактылуу кызматка келип, мансапка ээ болуп, өздөрүн бактылуу сезип, кулк-мүнөзү таңкаларлык деңгээлде терс жагына бурулуп,жанындагыларды адам ордуна көрбөй, капа кылып уруп соккон безерлердин бүтүндөй бир мууну өстү. Дарамети жок болсо дагы, утурумдук бийликтин ичи койнуна кирип, ар кандай жолдор, айла-амал менен кызматка орношкондордон жана кызматты сатып алгандардан кур эмеспиз. Бирок тагдырды сатып ала албайсың.

 

Мансапка жеткенде акыл токтотпой текеберчилик кылып, эл менен эсептешпей, билимдүү тажрыйбалуу адамдардын айткандарын көкүрөккө түйбөй, кулак сыртынан кетирип, көзү ачылбай өзүм билемдик өкүм сүрүп, тагдырга маани бербей жүргөндөр көп эле кездешип жүрөт. Ошондуктан тагдырдын бакыт нурун чачкан жүзүн көргөндө жарылбай, сүйүнүчтөн ашып-ташыбай, ага манчыркап калбай жашоо - бактылуу турмушту баалай билүү болуп саналат. Ал эми тагдырдын муздак борошон менен келген караңгы бетин көргөндө, мүңкүрөп муңайбай көтөрө билүү акылдуулук.

 

- Бул кебиңизден Кыргызстандын кадр саясатындагы караңгылык даана көз алдыма элестеп кетти. Сиз айткандай, ошол максатсыз жашоого ык койгон бийлик саясатынын натыйжасында чыныгы эл уулдары бааланбай, өлкөнү башкаруу - өткөндө бир орус тилдүү гезит жазгандай, шоопурлар менен бандиттердин колуна өтпөдүбү...

 

- Кадр саясаты өзүнчө чоң тема. Анын баарын айтып олтурбасак деле, эл кимдин-ким экенин билип калбадыбы. Өлкөнү кимдер курутуп, талоонго алып жатканы непадам белгилүү болгон иш да. Ошонун айынан, азыр тийиштүү билим, такшалган тажрыйбанын кызматка барыш үчүн кереги жок болуп калды. Кландык, үй-бүлөлүк, фракциялык кызыкчылыкка туура келбеген адамдын эл кызыкчылыгына иштеп берүү кыялы эзели ишке ашпайт! Ошон үчүн алган дипломуң чаң басып саргайып жатпайбы! Эки жолу эл ичинде толкундоо болду, президенттер кетти. Бирок, кошоматка кой союп, элдин кызыкчылыгын түкүрүп да ойнобогон кадрлар кайра эле саясий олимпке чыгып алышты.

 

Айта кетүү абзел - мындай элдин купулуна толбогон кадрларды убагында ордуна коюп туура жолго салбаса - аягы өкүнүчтүү, кайгылуу окуялар менен бүтөөрүнө күбө болуп келсек да, аларды кетирүү, саясаттан алыстатуу жагын эл чече албайт экен.

 

Аллах Таала мындай деген: “Раббысы инсанды (байлык) менен сынап, ага жоомарттык көргөзсө жана нээмат берсе - Раббым мени урматтады - дейт. Ал эми, аны (кембагалдык менен) сынап, ырыскысын ченеп берсе, Раббым мени кордоду – дейт” (Фажр: 15-16). Бай болгондо, бийлик келгенде, аны Кудайдын сыноосу катарында кабыл алып, аны туура пайдаланып, адамдык бийик сапатты сактап калбасак, бул жакшылыктардан ажырап калганыбызды, ал колдун кириндей жуулуп кеткенин өзүбүз дагы сезбей калышыбыз мүмкүн. Жараткандын жазасынан коркуп, келген бакытты көтөрүмдүүлүк, токтоолук, сабырдуулук, айкөлдүк менен асырабасаң андан тез эле ажырап каласыӊ. Ал ар түрдүү кырсыктар, оору-сыктоолор аркылуу да келиши мүмкүн. Убагында жасалбай, убакытка уттуруп ийген учурду кайтаруу кыйынга туруп калат. Ушуну эскертип койгум келет!

 

- Бул маселе тууралуу Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын салават-саламдары болсун): “Өзгөлөргө, башка адамдарга канчалык көп кубаныч алып келип, алардын кубанычы аркылуу өзүңдү бактылуу сезсең мындан артык бакыт барбы” – деген эле.

 

- Ооба, ошол сыңары, өмүрдүн баркы сенин ордуң, адамдарга жасаган жылуу мамилең менен аныкталат. Эч ким жалгыз жашоого мүмкүн эмес. Ошондуктан, бакыт айланаңдагылар менен болгон мамилеге байланыштуу. Жылуу мамиле оор кезди жеңилдетип, жашоону жагымдуу кылат. Кыйынчылыгыңды бирөөгө айтсаң жеңилдеп калаарыңды ар бир адам башынан өткөрсө керек. Ошондуктан аны айтыш үчүн дагы жылуу мамиледеги адам керек. Жылуу мамилени ар бир адамга, аны акыркы ирет көрүп жаткандай, экинчи ирет көрбөй калчудай мамиле жасасаң, ортодогу мамиленин жакшыраарында шек жок. Ошол эле убакытта адамга чоң ишенич болуш керек. Ишенүү бакыттын пайдубалы. Ишенимсиз мамиле узак болбойт. Ишенүү жан дүйнөнү күмөнсүнүүдөн, кабатыр тартуудан, тынчсыздануудан, коркунучтан сактайт. Бийлик башындагылар ушуну терең акыл-эсине түйүп коюушу шарт. Элдин ишеничине ээ боло алышпаса – кылган кызматы бир тыйын. Жүз жашка чыгып, бул дүйнɵменен коштошоорго жакындаган адамдан:”жашап ɵткɵн бир кылымдык ɵмүргɵкандай баа бересиз?” -деп сурашыптыр. Ал: “Бул ɵмүр мен үчүн үйдүн бир эшигинен кирип, бир эшигинен чыгып бараткадай эле сезилип жатат”, - деп жооп берген экен.

 

Кɵрсɵадам ɵмүрүндɵгү бир кылымдык убакыт бул деле кɵз ирмем убакыттай сезилгени менен, анын баалуулугу ушул убакытта эмне менен алек болдун, кандай ийгиликтерге жетиштиӊ, акырет үчүн кандай кам кɵрдүӊ, кимдер менен байланыштыӊ, кимдерге жардамыӊтийди, коомдогу ээлеген ордуӊ, сага жалпы элдин берген баасы ж.б.у.с. ɵлчɵмдɵр менен ɵткɵн ɵмүрдүн аз-кɵптүгүн ɵлчɵсɵболот турбайбы. Демек ɵткɵргɵн ɵмүр ɵлчɵмү, убакыт менен эмес андагы жасалган жакшы иштер менен ɵлчɵнɵɵрүн ар бирибиз билишибиз зарыл.

 

- Ошону билбегендиктен, азыркы көртурмушта жашап жатат окшойбуз. Эгемендик алгандан бери чеке жылытып, кубантарлык эч кандай иш көрүнбөйт. Сиз экономист катары ушул адилетсиздик тууралуу эмнелерди айта аласыз?

 

- Туура белгилеп өттүңүз, Кыргызстан акыркы 24 жылда өнүгүү жолуна түшө алган жок. Фактылар менен айталы. 1990-жылы пенсиябыздын орточо өлчөмү 112,50 рубл., орточо айлык акыбыз 259 рублди түзүп, 1 кг. нан 16 тыйынды (копеек) түзгөн болсо,орточо пенсияга 465 кг., орточо айлык акыга 1650 кг. нан сатып алсак, ушу тапта көрсөтүлгөн нандын өлчөмүн сатып алууга бүгүнкү нандын баасы менен ай сайын пенсия 40 миң, айлык акы 100 миң сом болушу шарт. Экинчи факт - сомдун курсу 60 сомдон ашып, америка долларына салыштырмалуу 15 эседен жогору нарксызданды (сом киргенде 1 америка доллары 4 сомду түзгөн). Бул убакыт аралыгында доллардын куну алтынга айырбаштаганда 10 эсеге жакын нарксызданды. Демек. эгемендүүлүктүн 24 жылында нарксыздануу (инфляция) 25 эсеге же болбосо 2500% ке жакындап, эл турмушун, жашоо шартын оордотту! Ушул белгиленген мезгилде жылдык орточо инфляция 100 пайыздан ашып, турмуш-шартыбыз 24 жыл ичинде ай сайын 10%ке жакындан төмөндөп келди. Мындан бир гана  жыйынтык чыгара алабыз - 24 жыл ичинде бийлик эл турмушун оңдоо үчүн реалдуу иш жасаган эмес!  Мына ушул аралыктагы 4 президент, 5 ирет парламент шайланды, 24 жолу өкмөт алмашты. Жакшылап назар салып көрсөк, ошончо жыл ичинде саясатта жаңы муун өсүп чыкпаптыр.  Башкача айтканда союздук тутумдан калган  жана замандын өйдө ылдый болгонунан  пайдаланган   бөрүлөрдүн элитасы эле улам кызматтан-кызматка  көчүп жүрө бериптир да,  алардын татыксыз жүргүзгөн натыйжасыз  саясаттарынан эл кыйналып, азап чегип келе берген. Ошондуктан, эл азыр бул элитага ишенбей калды. Себеби, ошол элита азыр да алдыңкы сапта жана ордун бошотуп бергиси келбейт. Биз азыр аларды бирден атап өтсөк да болот... Бирок, тагдырдын жакшылык-жамандыгын “Аллахтан” деп билген болсок, анда жакшылыкка да, жамандыкка да өзүбүз себепкер болуп эсептелебиз. Бийлике келгендер асмандан келип отурган жок, алар биз катышкан – катышпаган шайлоолор аркылуу келишти.

 

- Азыр деле: “шайлоого барганда эмне, баары бир бийлик каалаганын жасап коёт”,- деген сөз бар. Буга чейинки шайлоонун баарын бийлик өз кызыкчылыгына жараша чечип атса, кантип кайра эл күнөөлүү болуп калат?

 

- Ооба, “шайлоого барбайбыз, барсак биздин добушту туура эмес эсептешти” деп наалыйбыз, нааразыбыз! Ошол эле маалда эл өз атуулдук парзын такай аткаруусу шарт да. Бийлик ошол шайлоого келбегендердин добушун уурдап жыргап атпайбы. А шайлоого катышууга укуктуу жарандарга тоскоолдук жаратып, улам бир нерсени ойлоп атканы – кадимки эле ач көздүк. “Эгерде тамдын пайдубалы кыйрап турса, анын дубалдарын, шыбын, устундарын оңдоо эч кандай пайда бербейт – эгер дарактын тамыры илдеттенсе анын бутактарын, жалбырыктарын кооздоодон жыйынтык болбойт,”- делет. Пайдубал оңдолбосо, тамыр илдеттен арылбаса ал үй урайт, ал дарак кургайт. Аллах айткандай, адамдын пайдубалы жана тамыры - анын ыйманы. Ошол ыйман дефицитке айланган коомдо жашап жаткан чагыбыз. Коомубуздагы ар бир инсандын, улуттун кызыкчылыгы үчүн болгон аракети ички ыйман сезими менен күчтүү болсо гана, анда анын руханий мансап дөөлөттөрүн бүткүл дүйнөгө таркатуунун түрдүү жолдорун издөөсүнө көмөк түзмөк.

 

- Абдималик мырза, Кыргызстандын өз алдынча мамлекет катары эмнеге жетишип, эмнеден куржалак калганын “Кумтөр” темасынан эле аңдан билсек болчудай. Буга ким күнөөкөр? Эмнеге кайсы бир шылуундарга эл ырыскысын тонотуп келдик?

 

- “Кумтөр” долбоорунун натыйжалуулугу боюнча көп материалдар жазылды, бир канча саясий окуялар болгондугуна карабастан, азыркыга чейин экономикалык натыйжасы толук такталбагандай. “Кумтөр” боюнча экс-премьер Т.Чыңгышев мындай деген: “Апас Жумагулов мен кол койгон макулдашууну карап, өзгөртчү жерин өзгөртүп, 1994-жылы май айында “Кыргызалтындын” ошол кездеги жетекчиси Дастан Сарыгулов менен бирге жаңы келишимге кол коюшкан. Ал келишимди депутаттар колдоп беришкен. 66 пайызы Кыргызстандыкы, 33 пайызы Канаданыкы болмок. Апас Жумагулов кол койгон келишимде деле ошондой болгон. 1993-жылдан баштап келишим күчүнө киргенден кийин, алтынды казууга даярдыктар башталмак. Үч жыл даярдап, 1997- жылдан баштап алтын казыла баштамак. 2007- жылга чейин он жыл казылып, он жыл ичинде канадалыктар кеткен чыгымынын баарын кайрып алышмак. 2007-жылдан баштап “Кумтөр” толугу менен Кыргызстандын пайдасына чечилмек. Ага жеткирбей, 2004-жылы Акаев менен Танаев башында турган өкмөт келишимди өзгөртүп салышпадыбы. Келишимди өзгөрткөнү үчүн, Канададан миллиондогон долларларды алышса керек”.

 

Эми карап көрсөк, 2007-2009-жылдары “Центерра”, “КГК” жана өкмөт бири-бирине коюлган талаптарды чечүүнү шылтоо кылып, Эл аралык арбитраждык сотко кайрылып, анын натыйжасында тынчтык келишими түзүлгөн. 2009-жылдын 24-мартында болсо жаңы шарттагы келишим кабыл алынган. Ага ылайык, “Кумтөр”  кениндеги алтын-күмүш  запастарын изилдөө жана иштетүү жагы бекитилген. Анда даана айтылып жатат: Кыргыз тоо-кен комбинаты менен КОК чарбалык иш жүргүзгөн долбоорлук компаниялар, активдери “Центеррага” таандык. А “Кумтөр” ошо “Центерранын” алтын казуу жаатындагы долбоорлорунун бири. Келишимге ылайык “Центеррага” буга чейин канадалыктар иштетип келаткан аянтка кошумча 16 миң гектар аянт 40 тонна алтын запасы менен берилет. Мунун ордуна “Центерра” кыргыз тарапка 43.532.615 жөнөкөй  акция кошумча чыгарып, анын 18.232.615 акциясын  Кыргызстанга өткөрүп берип, калган  25.300.000 (10.7%)  акцияны шарт менен депозитке (барымтага) кармамак. Алардын колундагы акциялар деле “Центеррага” таандык болуп тураары белгиленген. Жаңы  шартагы  келишимге чейин  бардык акция 191,1 млн. даананы түзгөн. Анын ичинде Кыргызстандын  акциясы - 33,9 млн.даананы түзүп  17,8% болгон.                                                      

 

Кошумча  акциянын эсебинде жалпы акциянын саны 234,6 млн.даанага ( 191,1 + 43,5) жеткен, Кыргызстандын акциясы 52,133 млн.даана (33,9+ 18,233) – 22,0%,  депозиттеги (барымта) 25.300.000 (10.7%)  акция менен 77,433 (52,133+25,300) – 33,0%.  Жалпыга  маалым  болгондой, “Кумтөр” алты 300 тоннага жакын алтын казып, түшкөн киреше жылдар боюнча сатылган  баалар менен 10 млрд.америка долларына жакын сумманы  тузгөн. Кыргызстан тарап алган сумма - бардык төлөмдөрдү  кошуп эсептегенде (салыктар, социалдык төлөмдөр, фонддор) 2,15 млрд. долларды түзүп, жалпы суммадан 20% ке жеткен. Бирок, салык төлөмдөрү дүң кирешеден 13% алынып, башка бүт төлөмдөрдөн бошотулгандыктан, анык төлөнгөн салык төлөмдөрү 500 млн.доллар суммага жетпей, “төлөндү” деген 2,15 млрд. доллар кем дегенде  600 млн.долларга көбөйтүлүп көрсөтүлгөндүгүн эсептер айгинелеп турат.  Анын ичинен Социалдык  фондко пенсиялык төлөмдөр боюнча  4,5 млрд. сом  төлөнгөн жок.

 

“Кумтөргө” берилген  жеңилдиктер бир жылды эле алганда бажы төлөмдөрүнөн 2012- жылы 389,7 млн.долларды түзгөн.(18,9 млд.сом). “Кумтөр” ишин текшерген комиссиялардын эч кимиси Кыргызстанга тийешелүү акцияларды инвентаризация аркалуу тактаган эмес. Чегерүүлөр “Салык кодекси” менен эсептегенде кандай  сумманы түзгөнүн эсептеп 13%ке салыштырып,  талданган  эмес. Канча жеңилдиктер берилгенида так суммалар менен такталбаган. Бажы аркылуу да, канча сандагы – суммадагы алтын-күмүш экспорттолгондугу аныкталбаган. Өндүрүлгөн кымбат баалуу металдардын (алтын,күмүш ж.б.у.с.) саны-суммасы боюнча кыймыл – баланс  түзүлбөгөн.   Бирок ар түрдүү  жыйынтыктар  чыгарылып келинген. 

 

Кыргызстандан 2013-жылга чейин  168904  тонна руда-сырье (үч миңге жакын т.ж. вагон),  анын ичинде:  2013-жылдын 9 айында - 42,571 тонна алтын аралашкан  руда,  жалпы баасы - $12,391 миллион чыгарылыптыр.  Анын  1 тоннасын - 291 америка доллары менен эсептегенде. Чыгарылып   кеткен   алтын-сырьелор канчалык денгээлде  мыйзамдаштырылганын эч ким билбейт, бирок 2012-жылдын февраль  айында  Башкы  прокуратура  тарабынан үч министрликтин  жетекчилерине Кытайга  3,4 миң  тонна  составында алтын бар руданы  мыйзамсыз  чыгарып  кеткендиги үчүн Кылмыш  кодексинин 171, 204, 316-беренелеринин негизинде иш  козголгон.  Бул  кылмышты  Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы текшерип, тактап,  таап чыкты болуп, аны иш башкармалыктын жетишкендиги катарында жарыялашкан.  Кийин жыйынтыгы  жымжыртчылык болуп кетти. Ушундай фактылардын негизинде бүгүн биз – “Кумтөр” ири афералык долбоорго айланып кеткенин айгинелей алабыз. Азырынча  кыргыз бийлиги эл  аралык спруттардын кызыкчылыгын  коргогон   жактоочулукка жалдангандай түр берүүдө. Ошон үчүн маселе ордунан жылбай, канча жыл болсо да, чечилбей келатат.

 

- Кыргызстанга өтө ири чыгаша келтирилгени, бир ууч бийликтеги шылуундар менен инвесторлордун уюшкан кылмыштуу иши көрүнүп турат. Таза иштетсек, эчак бутка турмак экенбиз. Анын үстүнө, башка да алтын кендерибиз бар го?

 

- Кыргызстанда ар түрдүү кен байлыктарын түзгөн 72 долбоор бар. Анын ичинен 22си алтын-күмүш.  Булардын карапайым калкка пайдасы жок экенин, экономикага таасир бербестигин бир эле “Кумтөр” долбоору тастыктап турбайбы. Андан башкасы деле жыргап кетпеди. Мисалы, 2014-жылдын 21-октябрындагы Эсептөө палатасынын текшерүүсүнөн маалым болгондой, үч кен боюнча: “Фонта” (“Сулуу-Тегерек” жана “Куру-Тегерек” кендери”, “Бийкомпакт” (“Кара-Суу ортолук” кени) фирмалары жалпы суммасы 14 миллиард сомдон ашуун 6,5 тонна алтынды жашырып койгону аныкталган. Бул фактылар алтын казуу тармагында ири коррупциялык көрүнүштөр бар экенин кабарлайт. Арийне, анын баары боюнча жыйынтык чыкпай келет. Буга бийлик органдарынын, жогорку кызмат адамдарынын да катыштыгы бар экенинен ушундай көрүнүшкө күбө болуп жатабыз.

 

(Маектин кийинки сандагы уландысында “Кумтөр” темасына дагы бир ирет кайрылып, андан соң сомдун кунунун эмнеге түшүп жаткандыгы (Кыргызстандагы тыйын (акча-кредит), фискалдык (салык-бюджет) саясатынын натыйжалуулугу), ички дүң продукциябызды кантип көбөйтөбүз, Бажы биримдигине кирүүбүз туурабы-жокпу, деги эле канткенде Кыргызстанды экономикалык кризистен алып чыгабыз – ушул темалардын тегерегинде сөз кылабыз)

 

Маектешкен Нурдин Сейитов

Булак: “Майдан.kg