Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2225

 Редакциядан: Гезитибиздин №11-санында Чолпонбек Абыкеевдин “Бизди экономикалык эмес, руханий ачарчылыктын кризиси басып турат”,- аталышындагы макаласы басылган. Анда көтөрүлгөн көйгөйлөр окурмандар арасында кызуу талкууга алынган. 

 

Автор руханий кризистен чыгуунун үч жолу бар экенин айткан: Биринчиси - туруктуу иштеген жана мамлекет башындагылар жоопкерчиликти мойнуна алып элге мезгили менен отчетун берген мамлекеттик башкаруу механизимин түзүү. Бийлик башындагылар эл алдында отчет бермейин эч убакта жоопкерчиликти сезбейт. Демек эмне кылсам өзүм билемин токтотпойт. Экинчиси - Мыйзам диктатурасын орнотуу. Мыйзам Президенттен баштап кайырчыга чейин бирдей таасир берип эч ким буза алгыз болушу керек. Үчүнчүсү - коомду туура руханий азыктандыруу. Мамлекет башындагы адамдардын жоопкерчилиги тууралуу Ч.Абыкеевдин макаласы №13-саныбызга чыккан. Азыр эми назарыңыздарга мыйзам диктатурасы туурасындагы кезектеги макала сунушталууда....

 

Мамлеккеттеги мамлекеттүүлүктүн сакталышынын жана анын өсүп-өнүгүшүнүн, жалпы коомчулук туруктуу колдогон күчтүү мамлекетке айланышынын ички күчү - мамлекетти башкаруудагы мыйзам диктатуурасынын сакталышы жана анын эч бузулбастыгы менен аныкталат. Мыйзамдуулук туруктуу сакталбаган, мыйзамдары бат - бат өзгөргөн мамлекеттик башкарууну ошол эле мамлекеттин коомчулугу эч убакта колдоого албайт. Мындай мамлекеттин мамлекеттүүлүгү туура өнүкпөйт. Коомдо болобу, мамлекеттик башкаруу системасында болобу, дайыма баш аламандык өкүм сүрөт. Демек андай мамлекетте жок болуп кетүү коркунучу дайым сакталат. Андай мамлекет ар кандай сырткы күчтөрдүн опоңой оюнчугу болот. Ал түгүл дайыма коңшулаш же күчтүү мамлекеттерге көз каранды болушат. Себеби бийлик башына келгендер өз бийликтерин түрдүү жолодор менен узак сакташ үчүн мамлекетиндеги коомчулуктун колдоосуна таянбастан, ар кандай сырткы таасирлерге таянышат. Биз ошондуктан Кыргызстандын мамлекет катары жок болуп кетүү коркунучу бар деп айтып жатабыз. Ошондуктан биздеги мыйзамдардын бат-бат баш аламан өзгөрүшүн, мыйзамдуулуктун таптакыр сакталбашын,болгондо да мыйзам бузуулар мыйзамга гарант болуучу бийлик башында отургандар тарабынан бузулуп жатышын, мамлекет катары калыптанышыбызды жана туура өнүгүүбүздү каалабаган сырткы  күчтөрдүн таасири менен атайлап жасалып келаткан диверсиябы (?) деп жатабыз. Андай күчтөр бийлик жана байлык үчүн мекенди энесине кошуп болсо да сатууга даяр турган диверсанттарын тымызын даярдашып,  мамлекеттик бийлик башына  жетишине шарт түзүшүп, 24 жылдан бери мамлекетибиздин мамлекетүүлүгүнүн туура өнүгүшүнө тоскоол болушууда го деп жатабыз.

 

Маселе мыйзамдын жаман жакшысында эмес. Анын так аткарылышында. Бир да мыйзам толук талапка жооп бере тургандай болуп жазылбайт. Ал кандайдыр мезгилдин өтүшү менен айрым оңдоолорго муктаж болот. Бирок ошол оңдолгонго чейин эч убакта бузулбашы керек. Мамлекеттин малекеттүүлүгү бекемделип, ал түгүл империяга айланышына мыйзам диктатуурасынын сакталышы кандай таасир берээри тууралуу бир притча айтып берейин.

 

Кытайда бир күчтүү чыгарма бар. “Империянын жаралышы”- деген. (Орусчасы “О рождении империи”). Бүгүнкү кытай империясынын жаралышын баяндайт. Кыска үзүндү келтирейин: Жаш император империясында коомчулуктун туруктуу колдоосуна ээ болуу менен, бекем мамлекет түзгүсү келет да мамлекттик башкарууга чоң реформа жасоону ойлойт. Реформанын мыйзамдарын жана жолдорун жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөп берүүгө белгилүү акылманды чакырат. Акылман экөө сүйлөшүп отурганда акылман айтат: “Урматуу император, Сиз жаш экенсиз жана бийликтин балын татып калыпсыз. Сизге жашооңузду оор түйшүккө салып эмне кереги бар? Колдо бар бийлигиңиз менен сулуулардын кучагында жыргап жашай берсеңизчи. Бийликке реформа жасоо деген  күнү-түнү уйку качырган түгөнгүс түйшүк. Кырчылдата кыл чайнап тирешүүлөр. Өтө жакындарыңыз менен да тил табыша албай калган пикир келишпестиктер. Мунун барынын сизге эмне кереги бар? Сиз “ Реформа жасайт элем”- деп, жаштык кылып айтып жатат окшойсуз. Эртең реформа баштап алып кайра орто жолдон артка кайтсаңыз ошондо кыйын болот. Сөзүнө туруксуз чала кайым император деген атка коносуз”- дейт.  Император: “Биз  мамлекетти башкаруу реформасын жасасак болобу? Ошонун чыныгы ишенимдүү жолу барбы? Мага ошону айтчы”- дейт. Акылман: “Андай жол бар. Бирок аны сиз ишке ашыраарыңызга мен ишенбейм. Ар бир кадамыңызда буттан чалган оор тоскоолдуктар турат. Баштаган күндө да Сиз жаштык кылып чыдабай, реформа аягына чыкпай калат го  деп корком. Сиз али бийликтин ысык- суугун көрүп такшала элексиз,”- дейт. 

 

Император ойлонуп отуруп калат. Алардын сөзүн угуп турган императордун кеңешчилеринин бири: “Улуу урматтуу император, бул акылман эмес эле даана келжирек экен. Императорго “Айтканыңызды аткарам”-деп жүгүнүп турбай, каяша айтып сөз талашат деген эмне шумдук. Уруксаат бериңиз мунун башын алалы,”- дейт. Акылман: “Мына уктуңузбу. Биринчи тоскоолдук менин жана мага окшоп реформаны аягына чейин жеткиребиз деп берилип иштегендердин  башын алуудан башталат. Анан кайдагы реформа жөнүндө айтасыз. Мен сизге кайталап айтайын, тынч өмүр сүргөнүңүз пайдалуу го. Мени да жайыма коюңуз. Трактаттарымды жазып, тоодогу үйүмдө тынч жүрөйүн,”- дейт. Кыскасы биртоп талашып тартышуудан кийин император реформа жасоого чындап киришет. Анын жүрүшүн толук көзөмөлдөөнү акылманга тапшырат. Реформа биртоп жерине барып калганда  императордун баласы чоң кылмыш кылат. Анын жашы жете элек болгондуктан, жаза катары анын тарбиячысынын мурдун кесиш керек экен. Мыйзамда ушундай көрсөтүлүптүр.Тарбиячысы болуп мамлекеттин коргоо министри, императордун агасы катталыптыр. Ошентип күн тартибине императордун биртууган агасы, коргоо министринин мурдун кесүү маселеси коюлат, императордун агасы, “Мурдумду кестирип кантип элдин астына чыгам. Андан көрө колумду кескиле,”- дейт. Акылман болбойт. “Мурдуңду кесебиз”- деп. Император акылманды чакырып алып, “Балким агамдын колунун манжаларынын жарымын эле кеспейлиби. Мыйзамынды ушундай кылып оңдобойсуңбу,” – дейт. Акылман ошол замат “Реформа токтоду. Мен тоомо кетем”- дейт. Император “эмнеге?”- десе, “Эгер маселе сиздин агаңызга тийешелүү эмес катардагы карапайым бирөөгө тийиштүү болгондо жаза эч кандай талкуусуз, токтоосуз аткарылмак. Күнөөкөр агаңыз экен, жаза аткарылбай атат. Демек мыйзам иштебейт. Төмөнкүлөр үчүн токтоосуз аткарылып, жогоркулар үчүн аткарылбай талкууга түшкөн мыйзам мыйзам  эмес. Андай мыйзамды кабыл алуунун да кереги жок. Күнөө мыйзамда “мурунду кесиш керек”- деген мезгилде жасалды. Демек мурунду кесиш керек. Оңдосок мыйзамды жаза аткарылгандан кийин оңдойбуз. Мен башында эле айткам. Реформа жүргүзүүгө сиздин кайратыңыз жетпейт. Убара болбоңуз,”- дейт.

 

Император мамлекеттик реформаны токтотпош үчүн агасынын мурдун кестирүүгө макул болот. Императордун агасы, коргоо министринин мурду эл алдында аянтта кесилет. Ошндо эл ишенет, мыйзам карапайым эл үчүн да, император үчүн да бирдей таасирде экенине. Эл императорду колдоп, жакшы көрүп калат. Кыскасы кытай империясы ушундай оор кырчылдашкан кыйынчылыктарды баштан өткөзгөн реформалардан кийин түптөлүп жаралган.

 

Эмнеге биз кайта кайта “мыйзам диктатурасы”, “мыйзамдуулуктун сакталышы”- деп какшап жатабыз. Бизде жогорку императордой агасынын мурдун кестиргенге макул болгон башчы барбы? Агасынын мурдун кой, элдин мүлкүн көз көрүнөө кымырып алып кылтыйып жанында отурган париялаш өнөктөшүн жашырып-жаап, укмаксан, билмексен болушууда. Анан кайдагы мыйзамдуулук. Бийлик башында отургандар өздөрү мыйзамды каалагандай бузушууда. Маселен “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”- деген мыйзам бар. Анда министр, генпрокурор, кыскасы мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеш үчүн ошол тармакта 15 жылдан кем эмес, анын ичинде он жылдан кем эмес жетекчилигинде иштешиң керек. Бул мыйзам 24 жылда бир да жолу колдонулган жок. Анда эмнеге жазып коюшту? Бир эки мисал. Билим тармагын ичинен билмек түгүл, дегеле ал тармак боюнча түшүнүгү жок бир жаш кызга килейген билим берүү министрлигин берип салды эле, “Оозуң кайсыл” десе мурдун көрсөтүп, жогорку окуу жайларына жоолугушууга барса профессорлорду кой, студенттерге шылдың болуп жүрөт. Билим тармагы болсо түшүнгөн адамга өлкөнүн чыныгы келечеги. Маданият тармагына болгону жөнөкөй режиссерлуктан жогорку кызматта иштеп көрбөгөн немени алпарды эле, башы айланып отурат. Чет өлкөгө саякаттап, аскадан секирип ойногондон башкага жарабай. Маданият тармагы болсо мамлекетин ички өзөгү. Анан ойлойсуң да, “ушунун баары мамлекетти талкалаш үчүн диверсанттар тарабынан жасалып жатабы” - деп. Мындай ачуу мисалдарды ондоп келтирсек болот.

 

Жогорку Кеңешибизге адашкандар көп баргандыктан, көпчүлүк мыйзамдарыбыз чала кайым иштелет. Чыны дээрлик бардыгы Россиянын мыйзамдарынан которулат. Бир учурда А.Эркебаев төрага болуп турганда айтканы бар. “Э-эй айланайындар, Росиянын мыйзамдарын көчүрүп жатканда жок дегенде “Россия Федерациясы” – деген жерлерин өчүрүп койгулачы” – деп. Эгер кайсыл бир жаңы мыйзамды сунуш кылсаң, ал мыйзам Россияда кабыл алына элек болсо - анда эле ал мыйзамың өтпөйт. Муну өз башымдан өткөзгөм. Жазуучулар Союзунда иштеп турганда “ Көркөм адабиятты чыгарууну жана жайылтууну  мамлекеттик колдоо” – деген мыйзамды биртоп демилгечилер жазып чыгып, ЖКга сунуштап, ордунан да жылдыра албай койдук. Көрсө Россияда андай мыйзам жок экен. “Элдик курултайдын статусу”- деген мыйзам да жылбай турат. Себеби Россияда андай мыйзам жок. Ошондо бизге парламенттин кереги барбы? Балким “Россия мыйзамдарын которуп, иштеп чыгып кабыл алуучу агенттик”- деген чакан агентик түзүп койсок жетиштүү болоор...

 

Мыйзам ким алы жеткендин “Буйлалаган төөсү”болбой, чыныгы диктатуралык күчкө ээ болгондо гана сыйга ээ болот да, күчтүү иштей баштайт. Маселен биз азыр элдик салт деп жүргөн “ Жети ата өтмөйүн кыз алышпа”- дегенибиз, бир кездерде мыйзам катары кабыл алынган. Бир кездерде мыйзамдар “жаса” (аткар дегени) деп аталчу. Бул кылы кыйшайбай бүгүнкү күнгө чейин аткарылып келатат. Себеби коомго керек. Кеңири сиңип терең кабыл алынган. Дагы да миңдеген жылга чейин аткарыла берет. Өзгөчө өзөктүү негизги мыйзамдар бат-бат өзгөрбөй туруктуу иштеши керек эле. Маселен БАШ МЫЙЗАМЫБЫЗ. Тилекке каршы, 24 жылда 8 жолу өзгөрдү. Демек орто мектепти окуп, бүтүп аткандарды кой, жогорку окуу жайларында окуган студенттер да окууга, билүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Окуу программасына кийрүүгө такыр мүмкүн эмес. Студентерди кой дасыккан юристериңдин деле баштары айданып “Баш мыйзамыбыз” тууралуу так жооп бере алышпайт.  

 

Чынында “ Баш мыйзамыбыз”  кыска так жазылып, мамлекеттик өнүгүүнүн мыйзамдырынын негизги багыттарын ган көрсөтсө болмок. Жок дегенде 15-20 жыл өзгөрбөгүдөй болушу керек эле. 15-20 жылдан кийин да өзгөрсө бир аз толуктоолор же кошумчалар кириши керек эле. Негизги өзөгү туруктуу иштеш керек болчу. Демейде Американы мисалга тартканга кыйынбыз. Американын баш мыйзамына 300 жылдан бери 10го жетпеген өзгөрүү толуктоолор гана болгон. Аларда мыйзамга эки ооз сөздү кошуш үчүн эки жылдан ашык талкуулаган учурлар кездешет. Бизде болсо ээриккен бекерчилер деле баш мыйзам жазып алып “кабыл алгыла”- деп көтөрүп чуркап жүрүшөт. Мыйзамдарды туруктуу иштетүү механизимин түзүп, анын аткарылышына жетишмейин биздин мамлекетүүлүгүбүздүн өзөгүнө доо кеткени доо кеткен. Эч убакта күчтүү мамлекеттүүлүктү түзүүгө жетише албайбыз. Бул менин ойлоп чыгарган акылым эмес. Бүткүл дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин мамлекеттүлүгүндөгү бузулгус бекем тартип Конф-Цизим, Лао-Цизим, сыяктуу акылмандардардын трактаттарында кызыл сызык менен сызылып, какшап айтып кеткен жол. Биртоп жылдан бери эле чыркырап жазып келатам. Уккан эч ким жок. Кээде ой кетет. “Биздин бийлик башындагылар өтө акылдуу көрүнөт. Алар  мамлекеттин мамлекетүүлүгүн бекемдеген жаңы жол табышса керек. Мен аны түшүнбөй атат окшоймун.  Дүйнөлүк акылмандардын айткандарын кайталап жаза берген менин мээмде мандем бар болуш керек,”- деген. Өз оюма өзүм ишенейин десем мамлекетте өнүгүү жок. Артка кеткенибиз токтобой, астыга жылбадык. Ошондо кимдин мээсинде мандем бар болот? Жакында Россиянын ММКларында В.В.Путин жөнүндө “Президент” деген берүү болду. Кабарчы В.В.Путинден сурап жатат: “ Путинди мыйзамды бузууга түртүүгө же үндөөгө мүмкүн эмес. Таптакыр мүмкүн эмес – дешет. Ушул чынбы?”- деп. В.В. Путин жооп берди. “Менин табиятымдан мыйзамды бузбаган мүнөзүм бар. Ал түгүл жаңы студент болгон жылдарда деле мыйзам бузууга каршы турчуумун. Ал эми азыр бузууга акым жок,”- деген мааниде. Россиянын мыйзамы Президенти тарабынан бузулуптур дегенди уга элекмин. Мунун бир гана себеби бар. В.В.Путин өзү мыйзамдын гаранты экендигин так түшүнөт. Бул өтө чоң жоопкерчилик экенин жүрөгү менен кабыл алып, туят. Мамлекеттин мамлекеттүүлүгүнүн өзөгү  ушуга байланыштуу экендигин билет. Мамлекеттин кызыкчылыгын эч нерсеге алмашпайт.   

 

Чолпонбек Абыкеев -

жазуучу, коомдук ишмер

Булак: “Майдан.kg