Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2509
2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик көтөрүлүштөн кийин жаңы Конституция, парламенттик система боюнча шайланган Жогорку Кеңештин сапары карып, күздө боло турган парламенттик шайлоого санаалуу айлар калды. “Аламан” жакындаган сайын саясый партиялар арасында атаандаштык күч алып, быкый чукумайлар арбып, далай-далай “белдүүмүн” дегендердин беделине доо кетип, эл жүзүн буруп кетип аткандар андан көп.
 
Бийликтегилер башында, “баары өз колубузда ким-кими болбосун, ит терисин башына кийгизебиз” дегенсип, мамлекеттик ЖМКларга таянып, атаандаштарын ары калчап, бери калчап, бир тобун шыкактап баш коштуруп, кайра талак бердиртип, шакаба чексе, башкаларынын, коррупциялык, криминалдык, зөөкүрлүк жоруктарын чагылдырып келсе, бүгүн ошол өзүлөрү туш тарапка чачкан поктун саркындылары кайра өзүлөрүнө чабылууда.
 
Кара пиардын капшабы КСДПга да жетти. Элге мораль окуп, кыйынсынган партияга коррупционерлер эле эмес, зордукчулар менен сутенорлор толуп алганы ачыкка чыгып, бийликти мыкчып турган президенттин партиясынын ишпалдасы чыкты.
 
Тайырбек Сарпашевдин “Градиент” фирмасы, биртуугандары аркылуу коррупциялык аракеттер менен эбегейсиз зор байлыкка ээ болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтарга Ыргал Кыдыралиеванын прокурор агасынын зөөкүрлүгү менен мамкызматта иштеген эжесинин сойкукана кармап, байып жаткандыгы, КСДПнын дагы бир депутаты Турсунтай Салимовдун “Прадо” сойкуканасы тууралуу макалалар коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп, эски жаңы омбудсмендердин эже-карындаштары, дагы толгон-токой депутат, мамкызматкерлердин сойкукана ачып, сутенорлук менен пайда таап жүргөндөрү ачыкталып, бийлик башындагылардын аброю орду толгус жоготууларга туш болду. Буга чейин КСДПнын депутаты Мамытбай Салымбековдун да группалык зордуктоого катышып, соттолуп, отуруп чыкканы ЖМКларга жарыяланган.
 
Криминал, коррупция, сойкукана, зордуктоо чатагынан катуу жабыркап, тазалануу жолун таппай кайсалап турган КСДПнын белдүү мүчөсү, Төрөбай Зулпукаровдун  кыз зордуктап, айыпталганы тууралуу маалыматтын чыгышы (“Искра” гезити 08.04.2015) чак түштө чагылган чартылдагандай элес калтырып, партия ичиндеги мандат талашты ого бетер козутуп кеткенсиди. Жеке кызыкчылыгын партия кызыкчылыгынан жогору койгон КСДПчылардын көзүн чел басып, партиянын кадыры кетип атканына көңүл деле бурдуртпай калгандай. Буга чейин, башкалардын “порно киносун” кайра-кайра шакабалап, акылдуусунуп келген КСДПчылар бүгүн, спикердин орун басарлыгын аркалаган кадрынын айынан “өлгөнгө-көмгөн” болуп, алапайын таппай, жел кай жактан чыкканын иликтөөдөн башка аргасы жок.
 
Серепчилер КСДПга жасалган бул соккунун артында, буга чейин бийликтин кара пиарынан катуу жабыркаган “Бир Бол” партиясы (Адахамдан талак алып, Ош аэропортун тоногондору ачылып, ноокаттыктар “элди тоноп келип, улак берип жүрүпсүңөр” деп чалкасынан кеткени) менен куугунтукталып, сот жообуна тартылып жаткан экс-спикер Ахматбек Келдибековдордун турушу мүмкүндүгү боюнча пикирди айтышууда.
 
Ажонун айланасына батышпагандыктан, бири-бирин жеп, жутууга даяр болуп калган Оштун “мыктыларынын” аракеттери өзүлөрүнө эле эмес, КСДПга да олуттуу зыян алып келип, бийлик башындагылардын кыжырын келтирүүдө. Тактынын айланасынан таалайын издеп, батышпай, тытышып аткандар билип кылыштыбы же билмексен болушуп, атайылап жасаштыбы? Ал ошолордун өзүлөрүнө, анан бир Кудайга белгилүү болгондуктан, азырынча аны чечмелеп жоругандар жокко эсе.
 
Бакиев заманында Оштун мерлигине отуруп, кийин Убактылуу өкмөт, андан кийинки бийликтерди тоготпогон, опурулуп жатып, азыркы бийликке жакпай кызматтан кетип, болбогон бир, саясый өч алуу ниетинде ойдон чыгарылган айыптар менен куугунтукка кабылып жаткан Мелис Мырзакматовду колдогон түштүктүк туугандардын маанайы бийликти чочуркатып турганы жашыруун эмес.
 
Түштүк борбордун бюджетин эселеп өстүрүп, шаарды гүлдөтүп, элдин алкышына арзыган экс-мэрдин колдоочуларынын нааразычылыгы күндөн-күнгө өсүп баратканы чындыгында эле кооптонууну туудурбай коючу жагдайбы? Түштүктү түрө кыдырып, элден: “Сен компьютер шайлаган президент Атамбаевди президент катары тааныбайм (!) деп жүрүп, кайра ага “зарплат” үчүн сатылып, эми кайсы бетиң менен келдиң, аның аз келгенсип, түштүктүн колго кармаар жалгыз таянычы Мелис Мырзакматовго кайсы бетиң менен асылып жатасың” деген сөздөрдү барган жеринин баарынан угуп, шагы сынып, мизи кайтарылган Адахан Мадумаровдон кийин Мелис мырзанын аброю ого бетер көтөрүлүп, бийлик эле эмес, атаандаштарынын да түн уйкүңусун бузуп жатат да.
 
Мындай кырдаалды пайдалаңгысы келген Оштун саясатчылары ар кандай “сальто, трюктарды” жасап, кандай жол болбосун, бийликтин колтугуна кирип, кара-жанын гана арачалап калбастан, “алтын акырдан” орун табуу ниетинде жандалбастап, бири-бирине чакалап жугунду куюшууда. “Бийлик менен тил табышып, кечирим алып, соттон акталып, шайлоого катышам” деген аракетке өткөн А.Келдибеков буга чейин Камчыбек Ташиевге каршы уюшулган кара пиарга спонсор болуп, “Ата Журт” партиясынын негиздөөчүлөрүн “партия аренда бергич” катары козутуп келгени айтылып келсе, бүгүн Ахматбек мырза: “Мени актап бергиле, мен Ошто Мырзакматовго каршы туруп, бийликти колдоп берем, менден башка эч ким Мелисти тизгиндей албайт” таризинде бийликке өтүнүч менен кайрылгандыгы тууралуу айың кептер айтылып, ушул такилип артынан талаш чыгып, оштуктар бири-бирине азууларын жанып калгандыгы айтылууда.
 
Ал эми Келдибековдун мындай “жардамынын” бийликке канчалык пайдасы бар? Бийлик мындай сунушка ынтызарбы? Бул суроонун жообу Адахамдын аракеттеринин натыйжасынан алууга болот! “Атамбаевге сатылып, Мелисти боктоп келдиңби (?), деген эл эртең эле кимдин ким экенин ордуна коюп, талдап алаарына бүгүнкү бийлик башындагылардын башы жетпейт” деп айтууга болобу? Жок, албете! Кандай деген күндө да президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчилеринин мындай суроолорду чечмелей алаарынан күмөндөнүү түккө турбайт! Эл эртең эле “Ахмат да Адахам сыяктуу Алмазга күнкор болуп калган тура” деген бүтүм чыгарып, бийликтин рейтинги төмөндөй берери шексиз!
 
Күнбү, түнбү, таң атып келе жатабы же кеч кирип баратабы (?) дебей туш келди кыйкырып, эмоцияга алдыра бермейи бар корооздордон айырмасы аз биздин президентибиздин ойлонбогон жоруктары эл ичинде ар кандай талкууларды жаратууда. 
 
Эл ичиндеги кадыр-баркы бар саясый соратниктерин чанып, мыйзамсыз жолдор менен каражатка ээ болгон сатылмаларга ставка жасаган Алмазбек Атамбаевдин аракеттери элге түшүнүксүз болуп, колдоо таппай жатканы айдан ачык! Кечээ эле, үй-бүлөлүк, криминалдык, авторитардык акаевдик, бакиевдик режимдерге каршы күрөштө чогуу жүргөн, орусча айтканда, “полчандарын” чанып, кай заман болбосун итаяк жалап, жагынуу менен күн көргөндөргө ставка жасаганы коомчулуктун колдоосуна ээ боло албады.
 
Тарых деле, мындай аракеттердин келечексиз экендигин миң ирет далилдегенине карабай, жагымпоздордун тилине кирген Алмазбек Атамбаев өз жолу менен, өзүм билемдигин улантып баратат. Мына кечээги 7-апрелдин беш жылдыгында да иргеп тандоо орун алып, бийликти сындаган апрел баатырлары сыртта калып, бийликти мактап-жактаган “баатырлар” урмат-сыйга татыды. Бизди гой, керек болсо бакиевдик режимди кыйратууда экинин бири болуп эмгек сиңирген Өмүрбек Текебаев майрамдык салтанаттардын бирине чакырылбагандан кийин бул жөнүндө айтып не керек?!
 
Ошентип, бүгүнкү бийлик өз жолун тандап алды. Таман жалагычтарга ставка жасап, эл деген эрендерди тепселеп өтүүнү кздөгөндөй. Ал жол кандай аяктайт? Алмаздын айтканы айткан, дегени деген болуп, кыргыз эли тизе бүгүп калабы? Же адатынча, эркиндик, акыйкаттык үчүн баарын салып, Манастын рухун туу тутуп, адилеттүүлүк үчүн тикесинен тик турабы? Аны убакыт көрсөтөт. А, азырынча сыртта, кудум ошол 7-апрелдегидей алашалбырт!
 
Сабыр МУКАНБЕТОВ
Булак: Азия Ньюс