Интернеттеги айрым маалымат булактарында Д.Медведевдин “Кыргыз Республикасы мамлекет катары жашай айбай кулап калышы, жок болуп кетиши мүмкүн”- деп айканын камтыган маалыматтар бир эмес, бир нече жолу чыга калып жүрөт. 

 

Алгач  “Кайдан антип айтсын. Айрым ММКнын кезектеги өрдөктөрү го” – деп ишене бербедим. Ошондо да бул маалыматтын бир нече жолу чыгышы ойго салууда. Себеби Орусиянын экс-президенти, бүгүнкү премьер-министри болуп турган, Д.Медведев дүйнөдөгү он күчтүү мамлекеттик ишмердинби же дүйнөлүк масштабтагы он саясатчы болобу, ошонун бири.

 

Д.Медведев маңызсыз (голословно) сүйлөй салуучу көчө адамдарынан эмес. Колунда бир нече булактардан тынымсыз агылып келип туруучу маалыматтарга ээ адам. Стратегиялык жактан ар тараптуу аналитикага алынып такталган гана маалыматтарды окуган адам. Демек бул адамдын оозунан жогорку сөз чыкканы ырас болсо, анда Кыргыз мамлекети кайдыгар карабашы керек эле. Мындай маалыматты ЖК токтоосуз карап, Кыргыз Республикасынын мамлекет катары жашай албай, келечекте жок болуп кетишине себеп болгон коркунучтарды терең талдоого алып, аны жоюунун астына ала чараларын көрүүлөрү керек болчу. Тилекке каршы, биздин ЖК мамлекеттин мамлекетүүлүгүнө коркунуч келтирген, намысына тийген маселелерди карагандын ордуна “Экс-прокурордун күйөөсү эмне иш кылганын  карайлыбы же карабайлыбы”- деген маселеге бир күндү коротушууда.

 

Бир чети азыркы ЖКнын бул иши да туура. Ар ким өз акыл денгээли жеткен жана түшүнгөн маселеге гана ой жүгүртүп карай алат. Бүгүнкү ЖК денгээлдери жеткен маселелерди карашууда. Эгемендүү мамлекет болгонубузга 20 жылдан ашты. Эгемендикти алган тарыхыбызда биринчи жолу ЖК толук мөөнөттө иштечүүдөй болуп калды. Ушундан улам Кытайдын улуу ойчулу Лао-Цзинин сөзү эске түшөт. “Акылы чектелүү билимсиз адам ар нерсени сүйлөй берет. Бирок анын сөзүнө эч ким маани берип көңүл бөлбөйт.Ушундай адам мамлекеттик кызматка барып башчы болуп калса деле анын сөзүнө эч ким маани бербей, ар ким өз жашоосун жашай берет. Кызыгы ушундай адамдар кызматта өтө көпкө иштешет. Себеби алар эмне иш кылып атканына эч ким кызыкпайт”- деген. Кечээки эсил кайран СССРдин кыйрашына башкы шартты түзүп, пайдубалын түптөп кеткен Л.И.Брежнев да эске түшөт. Интеллектуалдык денгээли, маданий эстетикалык түшүнүгү жактан жалаң шылдың аскиялардын булагы болгон Ленка байкебиз СССР тарыхында Сталинден кийинки эле эң көп иштеген жетекчи катары 18 жыл отуруп койду го чиркин. Жашы жетип оо дүйнөгө кете бербесе СССР кыйрагыча отурмак.

Ушул мисалдар сыяктуу эле бүгүнкү ЖК да эгемендүүлүктү алгандан берки шайланган ЖК ичинен интеллектуалдык денгээлдери, маданияты, илимий түшүнүктөрү, маселеге кесипкөйлүктөн туруп кароо мүмкүнчүлүктөрү боюнча эң чабалы, акыл парасаттары төмөн билимсиздери болуп тарыхта калуучудай болуп калышты. Дүйнөлүк ойчул Конфуцийдин айтканы бар: “ Акылы төмөн маданиятсыз адамдан эч убакта ар намыс уят жөнүндө үмүт кылба”- деп. ЖК депутаттары далилсиз, жөнсүз сын айтып атат дешпесин бир эки мисал келтире кетели. Билимсиз адам дипломду сатып алып, депутат болуп, мамлекеттик сыйлыктарды алып жүргөнү ашкереленсе да бүгүнкү күнгө чейин депутат болуп жыйындарга катышып, мамлекеттин, элдин тагдырын чечкен маселелерге добушун берүүдө.

 

2010 – жылдын 7- апрелинде арбактар астында ант беришти эле. “Адал иштейбиз. Арам дүйнөгө кол салбайбыз. Андайды кулак угуп көз көрсө башты сайып күрөшөбүз” – дешип. Арак заводун арзанга сатып алып кайра үч эсе кымбатка сатып, “ Кудай буюрса депутат болууга чачкан акчамдын үч эсе ашыгы менен ордун толтурдум”- деп бири кымыйып отурат. Акыл эстеринде мандемдери бар экендиктерине өздөрү да шектенишет окшойт. ЖК төрагасы төрдөн туруп бир депутатынан “Деги сенин мээң барбы?”- деп сурады. Депутаттын мээсинин бар же жок экенине төрага шектенип аткан соң, сыртта жүргөн бизге эмне айтсак деле жарашат го дейм. Болбосо 5-класстын окуучусунан мугалим “Мээң барбы”- деп сурабайт. Себеби мээси жоктор 5- класска чейин көчүп окуй албашын билет.

 

3 тонна алтын мамлекеттен уудалып чыгып кеткен экен. Кумда кулак жок. Күнк- мыңк. Минтип 120 болбосо да 110 мисал келтирсек болот.

 

Кайра сөз нугуна түшүп “Кыргызстан мамлекет катары жашап кетээри коркунучтабы?” – деген суроого кайрылалы. Туура, коркунучта. Мен мурда да жазгам. Бүгүн да кайталап жазам. Мамлекетин мамлекеттүүлүгүн аныктаган негизги жөнкөй беш белгиси бар. 1-  Чектеш мамлекетердин бардыгы менен такталган жана бекем корголгон чек арасы. 2- Мамлекеттик бекем  бийликти камсыз кылган туруктуу мамлекеттик башкаруу  саясий түзүлүшү. 3-  Мамлекеттеги бүт жарандар тааныган жана ишенген, бир сөзү да бузулбастан так сакталып иштеген мамлекеттик мыйзамдары. 4- Мамлекеттин мамлекетүүлүгүнө ичтен жана сырттан коркунуч туулса туруштук берип каршы күрөшө турган куралдуу күчү. 5- Ар кандай күтүүсүз кырсык болсо мамлекеттин жарандарына белгилүү убакытка чейин жардам көрсөтүп бага ала турган мамлекеттик сактык кампасы.

 

Эми бирден карап чыгалы. 1- чек арабыз али такталбай, ким колу жеткени четинен жерибизди үзүп-үзүп алып кетүүдө. 2- 20 жылда мамлекеттик туруктуу башкаруу механизимин түзө албадык.  Буга чет элдиктерди кой, өзүбүздүн башыбыз жетпей калды. Баш мыйзамыбыздын талабы башка. Турмуштагы башкаруу башка.Бүгүнкү бийлик кеткенде эртең кийинкиси келип “ Буга чейинки мамлекеттер аралык келишимдер бүт мыйзамсыз келишимдер болгон” –десе эмне болот. 3- 20 жылда жарандарыбыздын аң сезимине мыйзам жана анын талабы деген түшүнүк калыптанбады.Тескерисинче “Мыйзам карапайым байкуштар үчүн бар. Мамлекеттик чоң кызматтагылар, акчалуулар үчүн жок”- деген түшүнүк бекем орноп калды. 4- Ичтен жана сырттан коркунуч туулса каршы тура алгыдай куралдуу күч тууралуу сөз кылбай эле коелу. 2010-жылы көрдүк. Карандай элдин күчү болбосо эмне болот элек? Кайталап айтыштын кажети барбы? 5- Мындай кампа бар десек да эч ким ишенбейт. Кыскартып айтканда бизде Кыргыз мамлекети деген аты алып жүргөн мамлекет бар. Бирок мамлекеттүлүгүбүз жок.

 

20 жыл бою мамлекетибизде мамлекеттүүлүктү камсыз кыла албашыбызга эмне тоскоол болду? Өлкөдөгү экономикалык кризис дечүүлөр чыгат. Кечиресиздер. Мамлекеттик эң жогорку бийликти ээлеп алып бүгүнкү күнгө чейин кетпей аткан коррупция тоскоол болду.

 

Легендарлуу парламентти эстегиле. Чынында эле легендарлуу парламент болчу. Биринчи жолу бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактаган баш мыйзамды кабыл алышкан. Ошол баш мыйзам жок дегенде он жыл туруктуу иштегенде бизде мамлекеттүүлүк түзүлүп, бутка туруп калмак. Андай болбоду. Акаев үй-бүлөлүк жана жеке башкаруусун чыңдоо далалаты менен мамлекеттик башкаруу бийлигинин будуң чаңын чыгарып, баш мыйзамды улам оңдотуп, мыйзамдуулук деген түшүнүктү таптакыр талкалады. Мамлекеттик жогорку бийлик башына чыккандар эч кимдин астында отчет бербегидей кылды. Мамлекеттик схемага коррупциянын чыккыс болуп орношуна жана тамырлашына кенен жол салды. Мамлекеттик кызыкчылыкты сатуу деген түшүнүк жок кезде “Кум-Төрдүн” кирешесин каалашынча сатып ойнотуп, “мамлекеттик кызыкчылык үчүн эмес, өз чөнтөгүң үчүн иштеш керек” деген арамдыкты кийирди. “Мамлекеттик байлыкты ким каалашынча, колунун жетишинче, мүмкүнчүлүгүнүн барынча, талап тоносо болот” деген түшүнүктү чыккыс кылып кийирди. Ким акчалуу болсо ошонун доорону сүрүп, интеллектуалдык билимдүүлүк, кесипкөйлүк деген тебелендиде калып баркы кетти. Айылдарга чейин жогорку окуу жайын ачып “жогорку билимдүү”- деген түшүнүктү жойду. Чек араны тактаганды кой, ар кимге каалашынча үзүп-үзүп берди. Кыскасы мамлекеттин мамлекеттүүлүгүн таптакыр талкалады.

Бакиевдин бийлиги алгачкы жылдары Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү аракетин баштап келатып, баягы тамырлашып, бекем орун алган коррупциянын жеми болуп байлыкка, жеке бийлик жүргүзүүгө азгырылып кетти. Азгырылганда да тим эле, асты-артын карабай анкидик атып Акаев даярдап кеткен дангыр жол менен зуулдап ал 15 жылда жасаганды 5 жылда жасаганга үлгүрүштү. Айрым маалыматтардагы айтылгандар чын болсо, качкан эки президенттин мамлекеттен чыгарып кеткен байлыктары 5 миллиард долардан ашык имиш. Ошондо биздин мамлекеттик тышкы карызыбызды эки эсе ашыгы менен жапмак.

 

Бүгүнкү бийлик эмнени жасады? Эч нерсе. Болгону булар билип калышты. Бир үй-бүлө, бир кол баарын басып алып, марып, жыргаймын десе, башкалар менен бөлүшпөсө, ар кимге өз “участогун” бербесе, жегени аш болбой качышка туура келерин. Ошондуктан 120га бөлүп алышты да, ар кимиси өз “участогун” ээлеп, колу жеткенин кемирип жымыйып отурушат. Беш жылда башканы кой, жок дегенде өздөрү толук түшүнгөндөй мамлекеттик башкаруу механизимин да түзө алышпады. Мамлекеттик бийликтин кадыры ушунча кетти: Вице-премьер-министр Токтогулга барганда жөнөкөй эле айылдын кемпир-абышкасы сүйлөтпөй айдап, жолуна салды. Кечээ эле президент өзү - “Бычактын мизинде басып жүрөт. Коррупция менен жан аябай күрөшүп атат. Керек болсо келечектеги президент”- деп мактаган экс-прокурор жөнүндө бүгүн миллондорду ичип жегени, бир жылда эле 13 миллиондон ашык мүлк алганы тууралуу шыбай башташты. Себеби экс-прокурор жаштык кылдыбы же чыдабай кеттиби, “Казакстандан ташылып келинген көмүрдүн тендирин уткан фирмага президенттин тийешеси бар”- деп балп эттирип жиберди. Экс-башпрокурордун 2012- жылдагы алган мүлкү тууралуу эле чыгарышты, астыда 2013-2014-жылдар турат. Кызыгы буга чейин көздөрү көр, кулактары дүлөй болуп жүрүшүп, эми эстерине келе калышканы. Таң кала турган эч нерсе жок. Бүгүн чоң кызматта иштеп жаткандар үчүн бул Акаевден бери калган мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бийликке коркунучтуусу - аял киши менен тирешип айтышууга барышпаса болот эле. Бир притча бар. Жигит талаада келатса астынан сулуу кыз чыгат. “Ээн талаада эмне кылып жүрөсүң? Жалапсыңбы?”- деп койсо кыз жинденип, жыланга айланып кетет. “Энеңди-и сен даана шайтан турбайсыңбы”- деп жинденип сөгүнсө баягы жылан ажыдаарга айланат. Коркуп кеткен жигит: “Койдум кагылайын. Мен тамашалап койгом. Сен бир ченде жок керемет сулуусуң да”- десе  кайра кылыктуу сулуу кызга айланып калат. Ушул притчадагыдай Аиданы ажыдаарга айлантышпаса болду. Салянова өтө көптү билет. Бүгүнкү бийликтин башын толук жутуп коюшу мүмкүн.

 

Мамлекетибиз мамлекетүүлүгүн калыбына келтире албай бечел болушуна негизи эмнелер тоскоол болууда?  Чындыкка тике карап, башты иштетип анализ жүргүзгөн адамга бизде экономикалык кризис экинчи, үчүнчү орунга жылып калды. Экономикалык кризис күчтүү болгон 1990-жылдан ашса 2000-жылдарга чейин. Андан кийин экономикалык кризисти  абийирсиздиктин, руханий акмакчылыктын кризиси басып кетти. Бүгүн ага саясий башкаруу элитасындагы кесипкөй кадр жетишсиздиги, мамлекеттик башкаруу механизминин иштебешине, мамлекеттик башкаруучуларга элдин такыр ишенбей калган саясий элита кризиси кошулду.

 

Коом кантсе да жогор жакты карап түздөлөөрү, кой да эркеч баштаган жакка ээрчири белгилүү. Мамлекет башындагылар көз көрүнөө каратып туруп ичип-жеп, арам оокатка кош колун салганга өткөндө комдогу руханий абал дээрлик талкаланды. Эстегилечи согуш мезгилинде, ачарчылыкта да адамдар байыганды кой, жанды аман алып калыш үчүн да арам тамакты жешкен эмес. Бүгүн деле карапайым элде аз болсо да абийир адамгерчиликтин жүгү бар. Коомду ириткендер бүт жогорку бийликте отургандар. Себеби алар ал бийликке арам акчанын күчү менен жетишти. Эшектин этин ким саттырды? Оокаты өтпөй карайлап калган адамбы? Жок. Арам жол менен тапкан дүйнөсү ирип-чириген адам андан да ашкан абийрсиз жол менен ашык акча табышка жанталашып эшек сойдуруп саттырууда. Эртең “эчкинин эти” деп кимдир бирөрөлөр иттин этин саттырып келатканы ачыкка чыкса таң калбай эле койгула. Коом  руханий жактан ушунча ириди, эки жашар баланы зордуктаганды кулак укту. Ушунун бары мамлекеттик башкаруу механизими шал болуп иштебей, мамлекеттүүлүктү орунотууга акыл эстери да, илимий интеллектуалдык денгээлдери да жетпегендер бийлик башына чыгып  башкарып отурганынан болууда. Бүгүн мамлекеттик кызматка алууда “Билими, кесиптик иш тажрыйбасы туура келеби”- деп эч ким сурабайт. “Акчасы канча экен”- дейт. Д.Медведев ушуну бүт билгендиктен “ Кыргызстан келечекте мамлекет катары жашабай жок болуп кетиши мүмкүн” – деп айтса керек да...

 

Бул киризистен кантип чыгабыз жана мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдей алабыз?! Жөнөкөй үч жолу бар.

 

Биринчиси- туруктуу иштеген жана мамлекет башындагылар жоопкерчиликти мойнуна алып элге мезгили менен отчетун берген мамлекеттик башкаруу механизимин түзүү. Бийлик башындагылар эл алдында отчет бермейин эч убакта жоопкерчиликти сезбейт. Демек эмне кылсам өзүм билемин токтотпойт.

 

Экинчиси- мыйзам диктатурасын орунотуу. Мыйзам президенттен баштап кайырчыга чейин бирдей таасир берип, эч ким буза алгыс болушу керек.

 

Үчүнчүсү- коомду туура руханий азыктандыруу. Адам күн сайын тамактанган сыяктуу эле күн сайын туура руханий азыктанууга муктаж. Айырмасы курсак ачканын адам физикалык жактан биле алат. Тамак талап кылат. Руханий ачка экенин билбей ыймансыздыкка барып байыш үчүн эшек этин да сатат. Бирок  “Руханий ачкамын. Мени руханий ачарчылыктан аман сактап кал”- деп эч кимден   суранбайт. Ошондуктан мамлекет өзү жарандарын руханий туура азыктандырууну колуна алышы керек. Ал эми ушул жөнөкөй үч жолду кантип ишке ашыруу керектиги тууралуу үч чоң макала жазууга туура келет.

 

Чолпонбек Абыкеев,

жазуучу, Улуттук жазуучулар союзунун экс-төрагасы

 

Булак: “Майдан.kg