Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1846

Президенти тууралуу эч ким атайылап жаман сөз айткысы келбестир. Элде “Падышага акаарат айтуу Кудайга жакпаган иш” дешет эмеспи. Бирок, ушул эле акылман элибиз “калкынын кызыкчылыгына каршы иштерди жасап жатса анын падыша болмоктон пайгамбар экендигине карабай чындыкты көзүнө сая айт” деп насаат кылган.

 

Ошондуктан, элибиздин, өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн ажобуздун кыңыр иштерине каяша айтууга журналисттик милдетибизден мурун жарандык парзыбыз багыттап тураар. Ажобуз Алмазбек Атамбаевдин өлкө мыйзамдарын тебелеп-тепсеген, мамлекетти аңга сүйрөгөн ишмердигинин артында көпөстүк аң-сезим жатканын көрүп туруп унчукпай коё албай жатабыз.

 

“Көпөстүк аң-сезим” демекчи, 2010-жылдан бери А.Атамбаев баштаган бийлик Кыргызстандын не деген стратегиялык объектилерин, дыңы бузула элек баалуу ресурстарын Орусиянын колуна итбекер өткөрүп берип келатканын эл-журт көрүп, билип турат. Кыжыры ашып-ташканына карабай акылман элибиз согуш оту кайнап будуң-чаң болуп жаткан араб өлкөлөрүн, Украинаны көрүп туруп ичинен тынып, үшкүрүнүп келет. Бирок, баардык нерсенин чеги болгондой эле, бийлигибиздин талап-тоноочулуктары улана берсе элдин чыдамынын да чеги бузулаары турган иш эмеспи. Өлкө жетекчилигинин Кыргызстандын кызыкчылыгын тепселеген акыркы “соодагерлик ишмердиктери” тууралуу 4 эле эпизодго токтололу.

 

Биринчи эпизод. Көмүр боюнча “тендердеги коррупциялык иштерге президент Алмазбек Атамбаев өзү аралашат экен”деген каңшаар Аида Салянованын жолдошунун кылмыш ишинин шарапаты менен тарап кетти. Бул сөз жөн кишинин эмес, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин оозунан чыккан экен. А.Салянова менен анын жолдошу ушундай көмүскө сакталуучу сырларды билгендиги үчүн бийлик тарабынан куугунтукка алынып жаткандыгы маалымдар адамдар тарабынан айтылып жатат. Белгилей кетсек, бул каңшаарды ажонун кечээ жакында дайындалган маалымат катчысы Жанар Акаев төгүнгө чыгарып “бул сөздөр чындыкка коошпойт. Чындыкка эле коошпой тим болбостон, таптакыр жоопкерчиликсиз, олуттуу эмес билдирүү деп айтканга болот” деп чорт кести.

 

Экинчи эпизод. Жылда эски аянтта өтүүчү айыл-чарба техникаларынын жарманкесиндеги, импорт-экспортундагы бизнесте ажо Атамбаев менен анын балдарынын соодасы коолап-чайлап жатканы жөн жерден айтылбай жаткандыр. УКМК кызматкерлеринин “мамлекеттик сырларды” ачкан маалыматтарына таянсак, көргөзмө-жарманкени өткөрүүдө жана техника бизнесинде ажонун балдарынын тыгыз катышы бар. Алар биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев аркылуу иш алпарышат экен. Эсибизде болсо, бул жарманкеге Орусиядагы “Композит Груп” холдинги активдүү катышат. Ал эми “Композит Груптун” катарында 2007-жылдан бери Атамбаевдердин “Автомаш Радиатору” да бар. “Автомаш” менен ажонун балдарынын Орусиядан айыл-чарба жана жол-курулуш техникаларын алып келип Бишкек мэриясынын тендерлерение мыйзамсыз катышып, “утуп” жүргөндүгү боюнча фактылар ачыкталып, кылмыш иштери да козголгон.

 

Үчүнчү эпизод. Жакында (13-мартта) ажонун ханордодогу №1-кишиси Икрамжан Илмиянов “Рус Гидронун” башчысы Евгений Дод менен казак миллиардери Алижан Ибрагимовду (Граф Токмакский) кабыл алып сүйлөшкөн. Кыргызстандагы майлуу-сүттүү ресурстарга көздөрү кызарып келген бул бизнесмендер экс-шоопур Икрамжан менен Кыргызстандын кызыкчылыгындагы саясат, мамлекеттин келечеги тууралуу сүйлөшүлбөгөнү, тескерисинче ыңгайлуу учурдан пайдаланып, Кыргызстандын майлуу-сүттүү жерлеринде биргелешкен ишкерликтерди жасоо, “пайыздар, үлүштөр” тууралуу соодалашуулардын болгону айтылууда. Ажонун кабыл алуусунан чыгып Илмияновдун кабыл алуусунда министрлерди узакка күттүрүп коюп (кызыгы кийинки кездери депутаттар, министрлер да И.Илмияновдун кабылдамасынан чыкпай, кезек күтүп калышканы айныгыс факт) сүйлөшүп чыгышканы өзү эле эмнени билдирип турат? Шоопур Икрамжан аркылуу отун-энергетика тармагындагы рынокто Атамбаевдин балдарынын кызыкчылыктары алдыңкы планга чыгып жатканы ушул эмеспи? Демек, ажобуз “инвесторлорду Икрам аркылуу “саайт”, инвестицияны балдарынын бизнестерине карай бурат” деген сөздөрдүн чындыгы барбы?

 

Алижан Ибрагимов казакстандык уйгур тектүү миллиардер, баалуу металлдар, мунай тармактарында иш жүргүзөт, “Евразия банкынын” ээси. Алдамчылыгы менен кыргыздарга аттын кашкасындай белгилүү еврей Александр Машкевич жана оффшордук зоналардагы банктары аркылуу “кара акчаларды” жууп-чайып иш кылган Патох Шодиев менен ынак партнер. Өзүнүн дагы бир катар эл аралык деңгээлдеги афералык жоруктары ачыкталган.

 

Төртүнчү эпизод. Ажобуз А.Атамбаев жакында Орусияга бараар жолдо “чукул” бурулуш жасап, Кишиневге түшүп, аэропортто Молдовадагы белгилүү олигарх Владимир Плахотнюк менен жолугушуп, 4 саат чай үстүндө жашыруун сүйлөшүп кетти. Бул жолугушуу тууралуу Молдова бийлиги да расмий кабардар болгон эмес. Кыргыз ажосун Бишкек-Кишинев-Петербург-Бишкек маршруту менен ташыган №1-борт Кыргызстандын өзүнүн расмий учагы эмес, В.Плахотнюктун “Нобил Эйр” компаниясына таандык “Эмбраер Легаси 650” учагы экендиги бат эле аныкталды. Ишенимдүү маалыматтарда, ажобуз Кыргызстандагы тоо-кен ресурстарына көп жылдан бери көз артып жүргөн Молдова олигархы менен Кыргызстандагы биргелешкен бизнестер, “үлүштөр” боюнча макулдашууларды да талкуулашкан. Ал эми бул олигарх тууралуу пикирлер бир кылка эмес – “паракор, көшөгө артынан Молдованын сот, банк системаларын, бийлик адамдарын көзөмөлдөп турат” деген пикирлер басымдуу. Бир даары Атамбаевдин бул жолугушуусун “геосаясий кызыкчылыктардын алкагында болду, Европа менен Орусиянын ортосунда эки анжы абалда турган Молдова менен Орусиянын ортосунда салам-дубай ташыгыч болду” деп айтышууда. Ал эми башка бир катмар болсо ажобузду Молдова бизнесменине өзүнүн жана балдарынын ишкерлик, көпөстүк кызыкчылыктары алып барды деп болжошууда. Бул жолугушууну айрым саясатчылар 90-жылдардагы А.Акаев менен еврей олигархы Борис Бирштейндин жашыруун жолугушуусуна салыштырып жатышат. Кызыгы, А.Акаевдин ошол жашыруун жолугушуусунан кийин Кумтөр кени канадалыктардын колуна өтүп кеткен.

 

Ушундай көрүнүштөрдөн соң ишенген ажоңдун сени багаарына, коргооруна, өргө карай жетелээрине кантип ишенесиң? Ажоңдун аң-сезими “көпөстүк” деңгээлден көтөрүлө албай жатканда мамлекеттүүлүк тууралуу айткандары эмнеге арзыйт? Президенттик пост менен Ак үйдү жеке күркөсүнө айландырып алган адам элди ойлойт дегенге ким ишенет? Элдин ишеними менен мамлекеттин келечеги, келечек муундун тагдыры кайда калат?

 

Кубатбек Айбашов

Булак: “Майдан.kg” гезити