Ислам дини негиздөөчүлөрүнүн башчысы  Мухаммет  пайгамбарыбыз “дин - бул насыйкат”,- деп бир эле сөз менен жооп берип жатпайбы? Ошол диндин – негизги өзөгү болуп “сооп” деген сөз эсептелет. Бул сөздүн кыргызча мааниси – “адилеттик”, “калыстык” деген өтө терең маанидеги дараметтүү сөз турат. 

 

Аны адамзат өзүнүн карт тарыхында, байыркы заманда эле афоризм түрүндө “өлкөнүн бейпилдиги  -адилеттүүлүктө”- деп бажырайта жазып коюшуптур. Айтылып жүргөндөй биздин бардык аракетибиз бакытка гана алып баруусу  керек. Бирок адилеттүүлүк болбогон жерде  эч кандай бакыт, тынчтык, бейпилдик жөнүндө сөздүн болушу мүмкүн эмес.

 

Улуу СССРден калган эбегейсиз жетишкендиктерди эч кандай баскынчылык согушсуз эле, башында бийлик турган өзүбүздүн түркөйлүгүбүздөн, Жусуп Баласагын бабабыз айткандай “напсибизди тыя албагандыгыбыздын” натыйжасында талкалап жатпайбызбы , бул үчүн ким жооптуу? Кураандын 17-сүрөсүнүн 36-аятында ар бир инсан уккан, көргөн, билген, кылган, ишенген ар бир нерсе үчүн кыямат күнүндө жооп берет деп айтылган. Ошондой эле Мухаммет пайгамбарыбыздын “мага ибадаттын баалуулугунан илимдин баалуулугу суйүктүүрөөк” (578-1001 Хадис) деген сөзү, “илимди Кытайдан болсо да барып үйрөнгүлө” деген осуяттарын өтө зор маанилүү. Ушуну түшүнбөй жатып аткаминерлер Ак үйгө мечит куруп не кылат? Жогорку бийлик баш болуп илимдин баалуулугун сезип , аракет кылышы шарт эле. Эмне үчүн биз реформаны Кытайдан үйрөнбөдүк? Баардыгыбыз “мен мусулманмын” дейбиз, бирок анын жөнөкөй  эле талаптарын аткара  албайбыз. Инди элинин белгилүү инсаны , философу Свами Шивананданын  АКШда суроо талаптын көптүгүнөн басмадан 14 жолу  кайра-кайра басылып чыккан “Жашоодогу ийгиликтерге жетүүнүн жолдору” - деген эмгегинде доордун, бардык илим техниканын жетишкендиктерине биз өтө чоң милдеттүүлүгүбүзгө карабай ал “мен” деген сезимге салыштырмалуу эч нерсеге арзыбай калып жатпайбы. Анткени бийликтин башындагы  ар бир аткаминер эч кандай ойлонбостон эле жалган сүйлөп,  пара алып жатат дегендей биздин бийлик башындагылар да өздөрүнүн бардык амалдарын мамлекеттин өнүп өнүгүүсүнө жумшабай, бийлигин сактап туруу үчүн гана аракет  кылып жатса, эч нерсеге, жооп бербесе,  кандай адилеттик болот? Мунун негизги тамыры баш мыйзам бийлик башындагылардын кызыкчылыгы үчүн гана кызмат кылып жатканында.

 

Мамлекетибиздин учурдагы абалы өтө кейиштүү. Анткени бийлик башындагылар башка мамлекеттер менен соода сатык сыяктуу маселелер боюнча келишим түзүү учурунда Кыргызстандын кызыкчылыгына “түкүрүп”, мисалы, бир эле түрдөгү товарды аларга өтө арзан ит бекер баа менен сатып, ошол эле товарды сатып алчу болсо, 5-10 эсе кымбат баада сатып алып жатса бул кандай деген шумдук. Бул “маңкурттук” эмей эмне? Маңкурттук эле эмес, кылмыштуулук да эмеспи. “Кумтөр” маселеси мындан да чатак. Башка өнүккөн мамлекеттерде чиновниктин дарегине айтылган адилеттүү сын үчүн ал чиновник өзү эле арызын жазып, кызматын таштап кете берет экен. Бизде болсо, революциясыз кызматтан кетпейт. Ошондо да берген “убадасын-антын” унутуп качып кетет. Эмне үчүн аларды качырбай кармап  калууга болбойт. Элибиздин жашоого болгон  “кайдыгер” мамилеси бизди ушунчалык аянычтуу абалга алып келип жатпайбы, “Кайдыгерлик - ажалынан мурда өлүү” (“Равнодушие - преждевременный смерть”) деп айтылат.  Өнүккөн мамлекеттерде бийлик тарабынан мыйзам талап аз эле бузулган учурда элдин көпчүлүгү митинге чыгышат. Ахматбек Келдибеков айткандай, “кичине болсо да патриот болуп койбойбузбу”.  

 

Кыргызстан - бейиштей жер болуп туруп,  эмне үчүн биз аны пайдалана албайбыз. Интернетте Улуу Британиянын борбору Лондон шаарынын калкынын 1/3 бөлүгү биогаз менен тиричилик кылат деп жазылып турат. Эмне үчүн биз аны кыла албайбыз. Биздин билимибиз жетишпейби? Ошого биз да жетишкен болсок, учурдагыдай энергетикалык кризиске учурамак эмеспиз. Бул көйгөй жөнүндө мамлекетибиздин илим изилдөө институттары, энергетика министрлиги жана биз сөз кылып жүргөн илимдин 800 докторлору эмне үчүн баштарын оорутпайт?  

 

Биз менчиктештирүү деп бардык мүлктүн 3 пайызын мамлекетке калтырып, калганын бөлүп алганбыз, АКШда  болсо 40 пайыз мамлекеттин менчигинде калган. Мейлиң базар экономиканын принциптери боюнча жашай берели. Бирок ошол эле учурда АКШнын  мамлекеттик администрациясы өзүнө тийиштүү болгон мүлктүн 40 пайызын кыймылдаткыч күчү катарында иш жүргүзүп, жеке менчиктеги 60% мүлктүн башкаруучулары менен атаандашып иштеп жатат. Бизде болсо, мамлекеттик администрациянын жеке менчиктегилер менен атаандаштык дегендин өзү жок, эмне үчүн болбойт. Мамлекеттин менчигиндеги мүлктүн өзү барбы? Алардын дайыны жок го? Ал да менчиктештирилип кеткенби? Мамлекеттик администрация менен өндүрүүчүлөрдүн ортосунда экономика жөнүндө сөз болуп калганда баардык көйгөйдү өндүрүүчүлөргө гана арта салып өздөрүнө эч нерсе калтырышпайт. Ошондуктан да министрлик жетекчилери менен өндүрүүчүлөрдүн ортосунда радио маек (байланыш) болуп калганда, мисал үчүн 05.02.2015-жылда бир өндүрүшчү – радио угуучу  айтып  жатпайбы: “Силердин эч кандай милдетиңер жок болсо, силердин  эмне керегиңер бар?  Таркап кетпейсиңерби? Эч болбогондо отурган  имаратынарды  жеке менчикке  же арендага берип  мамлекеттин казынасын толтуруп  койбойсунарбы?”,- деп. Ф.Ш.Куловдун эсеби боюнча өкмөттөгү 6 министрликти кыскартуудан 17 млрд сом унөмдөлсө, демек орточо эсеп менен 15 министрликти кармап туруу үчүн 42,5 млрд сом сарпталып жатыптыр. Бул деген мамлекеттик казынанын дээрлик жарымы болот го. Мына биздин өкмөттүн башындагылардын мамлекеттик казынага келтирип жаткан «пайдасы».

 

Эгемендүүлүктүн жылдарында кошунабыз болгон бир тууган казак эли өзүнүн заманбап борбору  болгон Астана шаарын куруп алды. А биз 25 жылдан бери айыл чарбасы үчүн эң зарыл болгон азот жер семирткичтерин чыгаруучу завод куруп алууга жарабадык. Башка мамлекеттердин көзүн карап, жалдырап, жүгүнүп, алардын минералдык жер семирткичтерин каалаган баалары менен да таба албай жатпайбызбы . Окутуучулар 5-8 миң сомдон айлык алып  жатканда “ыймансыз кудурети күчтүү жулкунбайлар” 50-60 миң сомдон пенсия алып жатса кайдагы адилеттик, бейпилдик болсун! “Ушуну адилеттик деп эсептесең, түкүрдүм бетиңе Алла таала”,- деп Омор Хайям айткан экен. Ошол үчүн да Жогорку Кеңешти баш кылып, бийликтегилердин баарын жоопко тартыш керек.

 

Медицина - латын сөзү. Адамдардын ден-соолугун сактоого, аны бекемдөөгө, өмүрүн узартууга, оорунун алдын-алууга, дабалоого багытталган илимдердин жана ишмердүүлүктүн системасы дегенди түшүндүрөт. Капитализмдин, анын катарында биздин элибиз тандап алган эч кандай эреже-талаптарга баш ийбеген жапайы капитализм доорунда анча мынча Улуу Британия сыяктуу мамлекеттерди кошпогондо адамдарга медициналык кызмат көрсөтүү - аны эксплуатациялоонун бир түрү катары кызмат кылат. Андан да бетер, “террордук” кызматты да аткарат десе боло берчүдөй. Анткени оорулуу адам өзүнүн ден соолугу үчүн врачтын баардык  айткан сөздөрүн сөз жок аткарууга аргасыз милдеттүү. Ансыз күнүңдүн эмне болорун элестетип көрө бер, башка айла жок. Ошондой эле азыркы учурда  биздеги “медициналык тез жардам” да акча төлөмөй  болуп калбадыбы (?). Жалпысынан бул абалга ким күнөлүү?  Социалисттик коомдо, СССР кезинде оорулууну артынан кууп жүрүп дабалоочу эмес беле. Мына сага эгемендүүүлүк, демократия. Биздин Кыргыз Республикабыз учурда жашоонун баардык  көрсөткүчтөрү боюнча дүйнөдөгү мамлекеттердин катарында эң арткы орундарды ээлеп турабыз. Ушул күндөгү маалыматта рак оорусу боюнча да эң акыркы орунда экенбиз. Ошентип жатып биз өзүбүздү кантип кыйын билимдүүбүз дейбиз? Мамлекетибизди мындай кейиштүү абалдан алып чыгуу үчүн ичи бузук ар бир чиновникти оппозициядан болобу, позициядан болобу, ички дүйнөсүн тазалоо үчүн АКШда жана башка өнүгүүнүн  жолунда  бара жаткан мамлекеттерде колдонулуп жаткан полиграфиялык аппарат менен гана тестирлөөнү колдонуу зарыл. Ансыз жогорку бийликтегилерге жагабы-жакпайбы башка жол жок.

 

Сулайман Кайыпов айткандай, “Жок жерден жомок жаралбайт”....            

                               

Ач  экен, ток экен, бар экен, жок экен, илгери өткөн заманда эмес, азыркы эле Кыргыз Республикасынын 25 жылдык тарыхында мурдунун учунан алысты көрө албаган, жеп ичкенден башканы билбеген популист реформаторлордун келечеги жок, жоопкерчиликти  сезбей жүргүзгөн жер реформасынын  натыйжасында бир дыйкан чарбасы өзүнүн жер үлүшү менен пайда болуп аны ошол чарбанын ээси дыйкан башкарып калат. Аны менен эч кимдин кабары, байланышы жок, жерге сен кандай эгин эгип жатасың, анын өндүрүмдүүлүгү, абалың кандай (?) деген жан жок. Ал өзү менен өзү убара. Жардам дегендин эч кандай түрүн (жерди эгүүгө даярдап иштетүү, анын технологиясы, агротехникалык эрежелер ж.б.) билбейт.

 

Эгин талаасы айыл өкмөтүндөгүлөрдүн түшүнө да кирбейт, алардын эч кандай салымы болбосо да, өздөрүнүн жашоосу үчүн гана болсо да салыкты ар кандай түрлөрүн жыйнап алуу алардын милдети. Жаз жарыш, күз күрөш... ар ким өз алына жараша, бирөө эрте, бирөө кеч дегендей иш жүрө берет. Кечиккендердин шору болуп жайлоодон кайткан мал жандыктар талаага жашылча эгиндерине жайыла баштайт, аны эч нерсени түшүнбөгөн жаш балдар эмес, алды неберелүү болуп калган ишсиз бекерчи “көк сакалдар” жасайт – “жайылган койго көз салып жамбаштап жатсаң сонун да”. Бул учурда баягы дыйкан жабылып бастырып келген мал жандыктардан эгинин коргой албай айласы кетип, кимдердин мал койлору экенин билбей, ээлерин таба албай айылды көздөй айдап калат. Бул учурда алардын ээлери баягы, “көк сакалдар” дыйканды мыскылдагандай таризде бири бирине көздөрүн кысып, өздөрүн көрсөтүшкөндөй болушат. Дыйкан болсо бир топ малдарды короого камап, байлап коёт. Иштин андан ары кандай нукта болорун ар бир эс акылдуу адам ойлоп өзү жыйынтыгын чыгара берсин (Бул болгон окуя).

 

Биздин кошуна Өзбекстанда жер реформасы болор замат,  кимдин болбосун малы бирөөнүн эгинине зыян кылса, ошол эле жерде аны союп, арзан баа менен сатууга буйрук берилген, мыйзам кабыл алынган. Бизде бул жагдай менен бир да адамдын, депутаттардын, бийликтеги атка минерлердин же башканын иши жок, эч ким эч нерсе үчүн жооп бербейт. Эмне үчүн, эмне үчүн! “Адам болуу – демек, анын баардык нерсе үчүн жооптуу экендигин сезүүсү” деп франциялык кесиби учкуч, жазган романдары үчүн Франциянын, АКШнын сыйлыктарын алууга татыктуу болгон жазуучу Сент-Экзюпери Антуан да айткан экен. Биздечи? Мамлекеттин азыркы абалы үчүн бир да жан-адам өзүнүн жоопкерчилигин сезбейт . Бирок, убактысы келгенде, улуу инсан Жусуп Баласагын бабабыз айткандай, “өз напсисинин кулу болуп, аны тыя албагандыгы үчүн жооп беришет”. Бийлик да алмашат…

 

“Той да болот, анын эртеси да болот”, андан ары мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калуу менен татыктуу жашоо үчүн бардыгыбыз бир жакадан баш чыгарып, бир максат менен бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү  пайдаланып аракеттенүүбүз зарыл. Анын негизи бүткүл элибиздин эс акылы, аны бириктирүү менен азыркы “асмандан түшкөн тамтыгы жок” Конституцияны, системаны алмаштырып доорубуздагы өнүккөн, үлгүлүү мамлекеттердин: Улуу Британия, АКШ, Щвейцария сыяктуу моделин тандап алуубуз зарыл.

                      

Шарибидин Мамажанов,

Сузак району, Бек-Абад кыштагы.

 

Булак: "Майдан.kg"