Коңшу өлкөлөрдүн алдында “эл караган бетибизди жер караткан” эшек этине байланышкан маселе акыры парламентке чейин жетип жыгылды. Жетпей коймок эмес. Көпчүлүктүн көңүл чордонунда турган маселеде бир нерсени айтып көрүнүп койбосо, депутаттардын башы оорубайбы.


Эми какшыгыбызды коюп олуттуу айтканда, бул каралбай койбой турган, кыргыздын кылымдык салтына көлөкө түшүргөн, жумушсуздук, сүткорлук, ветеринария кызматы, тамак-аш коопсуздугу, укук коргоо, кала берсе мыйзам чыгаруу өңдүү топ маселенин башын камтыган маселе болчу. Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча тармактык комитети ары тартышып, бери ооштуруп жатышып, бул маселе боюнча бир катар кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилигин кароо боюнча чечим кабыл алышты. 


Талкуу учурунда депутат Э.Исаков “Малды идентификациялоо мыйзамынын аткарылышы кечеңдегендиктен, ушундай көрүнүш болуп жатат, Өкмөттүн жоопкерчилигин кароо керек”,- деп оозубузду ачырды. Малды идентификациялоо мыйзамынын аткарылбай жатышы көптөрдүн көзүн кычыштырган каржы булагына барып такалаарын, Өкмөт менен Парламенттин ортосундагы улак тартышка айланып кеткендигин жакшы билебиз. 


Биздин айталы дегенибиз башка болгондуктан “идентификацияны” кичине ары итере туралы. Чындап келгенде “идентификациялоо” маселесинин кечеңдеп жатканына “Башкаруучу” аталган Парламент да жоопкер. Экинчи жагынан адал малды кое туралы, ит-мышык, эшектен өйдө кулагына “сөйкө” тагып “идентификациялап” жиберсек эле эшек сойгучтар чыкпай коймок беле? Кеп баары чириген системада (коомдук тамактануу-жайларын сапаттуу эт менен камсыздоо, ветеринария кызматы, укук коргоо, тиешелүү мыйзам ж.б.) болуп жатпайбы!


Ар бир мамлекетте тамак-аш коопсуздугу деген бар. Ал дагы ар бир элдин менталитетине жараша түзүлүп, мыйзам аркылуу бекемделет. Айталы, килейген СССР кезинде кадимки эле төөнүн этин коомдук тамак-аш жайларында колдонууга, базарларда сатыкка чыгарууга мыйзам аркылуу тыюу салынчу. Кокус, кимдир бирөө базарда сатып жатканы билинип калса, ал жакты караган ветврачтын башын жулуп алчу. Себеп дегенде, төөнүн этин жеген аялзат төөчө 12 ай көтөрүп, баланын төрөлүү, кийин өсүү процессине тескери таасир этээрин мамлекет билген. Экспортко да чыгарчу эмес. Бүт СССР боюнча ушундай мыйзам иштечү. Буга кылым кыргыз да тыюу салып аялдарга төөнүн этин берчү эмес. Ошондуктан төөнүн эти айрым гана чөйрөдө, негизинен армияда керектелчү.


Муну айтып жатканым эски ветврач, эмки депутат Т.Узакбаев ветеринария жөнүндө мыйзам бузулганын, эшектин этин Гонконгко экспорттоо кадимки эле көз боёмочулук экенин айтып чыкпадыбы. Андай болсо суроо туулат. Бизде арам малдын этин сатыкка же сыртка экспортко чыгарууга тыюу салган мыйзам барбы өзү?! 


Мына Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин босогосун аттаганы турабыз. Буга чейин Өкмөт экспортко эмнени чыгарып, эмнени коебуз тактады окшойт. Ошонун ичинде эшейген эшектин, ит-мышыктын эттери бар бекен? Же буга чейин болуп келди беле? Баамдаган кишиге депутат Т.Узакбаевдин “Ветеринариялык мыйзам бузулду”,- дегенинин артында көп нерсе жатат. Демек, бул жерде мыйзам бузулган. Тыюу салынган эшектин этинин кеңири сатылып жатышына ветеринарлар, укук коргоо кызматкерлери көз жумган. Себеби белгилүү.


Билген кишиге “эшейген окуя” Кыргызстандагы чоң “ЧП” болуп саналат. Бул го Чүйдүн тегерегинде болуп калып, ошондо да журналисттердин кийлигишүүсү менен ачылды окшойт. Мындай учурда Өкмөткө караштуу Ветеринария жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Кыргызстан боюнча бардык коомдук тамак-аш жайларын туташ текшерип, чаң эле түшүп калышы керек эле да. Андайды байкаган жокпуз. Болбосо, кайсы бир жерде, кайсы бир кайбар же дүнүйөгө тойбогон сүткор эшектин, ит-мышыктын этин “эптеп” коюп, “жыргап жатканын” кайдан билдик? Деген менен Өкмөткө бу маселе боюнча 15 күндүк мөөнөт берилди, жыйынтыгын күтө туралы.


Дагы бир жагдайга кайрылсак, макул, кайсы бир бизнесмен эшектин этин сатып байыгысы келиптир дейли. Бирок, ага жалданып, эшек союп иштегендер кимдер? КТРКдан көрүп аттык баары өңдөрүн таанытпай качып кетишти. Кыргыздарбы? Кыргыз болсо жети атасы кылбаган мындай ишке кантип колу барды? Жумушсуздуктун айынан ушуга барышты десек, оокат кылуунун башка жолу калбай калыптырбы? Балким кептин баары жан дүйнөнүн жакырданышында, акча берсе болду атасынын деле терисин сыйрып бергенге даяр болуп калган маңкурттардын арбып кеткенинде болуп жүрбөсүн?!


Эсимде. Азыр кичине басаңдап калды окшойт, мындан бир аз жыл эле мурда Кыргызстандын сыймыгы, Ала-Тоонун көркү болгон куш, ителгилерди тобу менен кармап сыртка саткан көрүнүш күчтүү эле. Кийинки экологиялык кесепетин ойлошчу эмес алар. Анткени ителги, куштар чоң акчага кетет дешчү. Ошону жасаган да өзүбүздүн эле “балта саптарыбыз” болчу...Деги кайда баратабыз?...Жардын кырына жакындап калган жокпузбу?!..

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg”