Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1552

“Азаттыктын” атайын иликтөөсүнө ылайык, жыл сайын элден чогулган салык эсебинен парламентке 800 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт. Ар бир депутат маянадан тышкары, ай сайын автоунаасынын майына 10 жарым миң сом, тетиктерине 2000 сом, аймактарга чыкканы үчүн 4500 сом стипендия, кагаз-дептерге 2000 сом жана телефондук байланышка 2500 сом кошумча каражат алат. Ар бир депутатка ай сайын өлкө ичиндеги сапарларга 7 миң сомдон, жылына бир жолу чет өлкө сапарга 60 миң сомдон акча бөлүнөт.

 

“Жогорку маяна, кызматтык унаа, үй жана башка ыңгайлуу шарттарга карабай, депутаттар эмне үчүн сессияларга катышпайт? Сессияларга катышпаган мандат ээлери да четтен чыгат. Алар бизнесинен колу бошобойбу, айтор алардын ордуна кесиптештери добуш берген учурлар бар. Кээде залда болгону 30 эл өкүлү отурса, каттоодон өткөн депутаттын саны жүздөн ашканын көрүп эле жүрсөңүз керек”,- деп маселени кабыргасынан коюптур журналист Уланбек Эгизбаев.

 

Негизи, азыркы парламент депутаттарынын парламент жыйындарына кандай катышып, канча айлык алып жатканына кызыккан адамдын баары эле заматта “эл душманы” аталып калышат. Учурунда айрым коомдук уюмдар депутаттар эл тарабынан шайлангандыктан, алардын маянасы купуя сыр болушу керек эместигин айтышып, соттошуп да көргөн. Бирок, андан эч кандай майнап чыккан эмес. Жада калса, элдин таламын талашкан эл өкүлдөрү өздөрү бул маалыматты сурап, ала алышкан эмес. Бирок, бул маалыматты тактоо үчүн депутаттар өздөрү толтурган декларациясын окуп чыкса болот.

 

2011-жылдын декларациясы боюнча эң көп айлык алган алдыңкы 10 депутат төмөнкүлөр болуп чыккан:

1. Асия Сасыкбаева, вице-спикер, "Ата Мекен" фракциясы, - 1 миллион 108 миң сом.

2. Мамытбай Салымбеков, КСДПнын депутаты, - 1 миллион 33 миң сом.

3. Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракция жетекчиси, - 888 миң сом.

4. Дастан Бекешев, "Ар-Намыс" фракциясы, - 796 миң сом.

5. Ахматбек Келдибеков, "Ата-Журт" фракциясы, - 796 миң сом.

6. Исмаил Исаков, КСДП фракциясы, - 781 миң сом.

7. Туратбек Мадылбеков, "Ата Мекен" фракциясы, - 761 миң сом.

8. Садыр Жапаров, "Ата-Журт" фракциясы, - 738 миң сом.

9. Мыктыбек Абдылдаев, "Ата-Журт" фракциясы, - 775 миң сом.

10. Курманбек Осмонов, "Ата-Журт" фракциясы, - 661 миң сом.

Андан тышкары, ар бир депутаттын экиден жардамчысы, шоопуру, катчысы бар. Кыскасы, бардык алымча-кошумчаларды эске алганда, мамлекеттик бюджеттен 1 депутатка жылына 6 миллион сом чыгымдалаарын айрым депутаттар өздөрү айтып чыгышууда.

 

Кыргызстандын 120 депутатына кеткен чыгым, мисалы, Грециянын 300 депутатына кеткен чыгымдан алда канча көп. 2012-жылкы Жогорку Кеңештин чыгымдарына көз жүгүртө турган болсок, 770 миллион сом сарпташыптыр. Гректердин 300 депутатын кармап турууга ал жылы 20 миллион евро, же 120 миллион сомдун тегерегинде каражат кеткен. Казахстандын эки палатасынын 145 депутатына 312,5 миллион сом араң коротушат.

 

Салыштыра келгенде, президенттин чыгымдары деле элдин кыжырын келтире тургандай. Депутат Р.Жээнбековдун айтымында, мамлекет башчысын 10 унаа коштоп жүрөт, бир нече жүз кароолчусу бар. Ажону кайтарууга эле бюджеттин 300 миллион сому кемийт (парламенттин чыгашасынын дээрлик үчтөн бири). Бишкек, Ош, Ысык-Көлдө өзүнүн резиденциялара бар, аларды кармаганга да канча каражат сарпталып атат. Президент баш болуп чет өлкөлүк сапарларга чартердик жол менен учушат. Араб өлкөлөрүнө жасаган сапарында учак үчүн эле 300 миң доллар кеткен. “Биздин абал оор, ошондуктан, президент катардагы адамдар менен эле учса болмок”,- дейт Р.Жээнбеков.

 

Айтор, ыңкылап сайын ажо, өкмөт, парламенттин ашкере чыгымдарын азайтууга сөз беришет. А иш жүзүнө келгенде майлуу-сүттүү жашоосун улантышат. Дүйнөнү финансылык-экономикалык кризис тегиз каптап, кубаттуу көрүнгөн өлкөлөр да чыгымдарын азайтууга жапырт киришип жаткан маалда бизде гана -  кыргыздарда элдин канын соруу күч алат. Же мындай жол менен, кризис маалында бизнестеринен жоготконун элден чыгарып алгылары келеби, түшүнбөйсүң. Бул жолдон чыгуунун бир гана жолу бар – ал эрк. Эгерде президент өзүнөн баштап бюджет каражатын чачканды токтотсо, анын кошоматчы депутаттары кайда бармак эле?! Баса, эл ичинде пайдасынан зыяны көп парламентти таркатып, санын 40-50гө чейин кыскартып, жаңы шайлоо кылуу талабы күн сайын күч алып жатат. Бул чынында учур талабы. Буларды мөөнөтүнүн аягына чейин күтө турган болсок, дагы бир далай бюджет каражаты чачылып жок болуп кетчүдөй. Же “Кумтөрдү” чече албаган, кримавторитетти чыгарып ийген чиновникти жазалай албаган, президенттин чүчкүрсө “Ак чүч!” дегенди көпчүлүк добуш менен кабыл алган парламенттин чынында бизге эмне кереги бар? Кетсин!

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg