Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1696
2010-жылдагы төңкөрүштөн бери А.Атамбаевдин бийлиги бир катар реформаларды жасап, же болбосо бери дегенде жасоого аракеттенип жатат. Бирок бул “реформалар” барып-келип эле жөөттөрдүн атактуу “Сион акылмандарынын протоколдоруна” шайкеш келип жатканын Акүйдүн технологдору канчалык кооз тексттер менен ороп-чулгашканы менен иштин жыйынтыгы тескерисин көрсөтүп турат.
 
В.Богатыревдун “Өнүгүү корпусу-500” саясый технологиялык долбоору. Мурунку президенттер А.Акаев, К.Бакиевдерге кыргыздын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген, бирок “өнүктүрөбүз” деген кооз сөздөр менен жасалгаланган саясый технологиялык долбоорлорун папкелеп алып кирип, бөйпөңдөп жүргөн Валентин Богатырев деген пенде бар. Ушул пенде бул жолу да тынч жата албай А.Атамбаевге “Өнүгүү корпусу-500” деген долбоорун алып кирип, ажонун колдоосун алып чыккан. Концепцияны ачып карачу болсок, “эски элитаны утилизациялоо”, “парламенттин бир бөлүгүн тизме боюнча ротациялоо жолу менен тазалоо”, “бийликти (өкмөттү – авт.) бат-баттан алмаштыруу”, “элиталардын циркуляциясы” деген сыяктуу көп маанини берген сөздөр жыш кездешет. Окуп жатып “Сион акылмандарынын протоколдорун” (жөөттөрдүн бузуку насааттары) автор башкача сөздөр менен жазып чыккандай ойдо каласың. Анын бу жалганды бейишке айлантып жиберчүдөй таттуу кыялдарына эргип мас болгон президент жадагалса “Элитаны жаңыртам!” деп кыйкырып да чыккан. Уу-дуу менен ураалап колдоп кетет деген коомдун колдоосунан куржалак калганда ошол эле В.Богатыревдун шыкагы менен бул “реформатордук технологиянын” өңүн өзгөртүп, мамлекеттик машинанын программалык системасына киргизген. В.Богатыревдун ошол концепциясынын айрым “жемиштерин” айта кетели.
 
Улуттук гимнди бутап, талкалоо. Гимндеги “бейкуттук” деген сөздөн катачылыкты таап чыгып, экинчи куплетин толугу менен жоюп тынышты. Формалдуулук үчүн бул демилгени “ар-намысчы” Абдырахман Маматалиевдин оозу менен айттырып, Жогорку Кеңештеги башы көңдөй соодагер-депутаттардын колу менен бекитип беришти. Реформаторлордун баамы боюнча “бейкуттук” сөзү терс маанини билдирип, өлкөнү аңга сүйрөйт экен. Мамлекеттик машинанын ар кай рычагдарына отуруп алып, урдуруп жеп аткан партиялаштардан, аке-үкө, таяке-жээн, кайни-балдыз, жоро-жолдоштордон кемтик таба алышпай, чакалайдын чак түшүндө шам көтөрө “күнөөкөрдү” издеп жүргөн атамбаевчилер акыры аны гимндин текстинен таап чыгышты. Ал эле эмес, Кыргызстандын желегинен да кыйкым издешип, “кызыл түс кыргыздыкы эмес” деп чыгышты. Муну айрым аналитиктер “алардын бул аракеттеринде уруулук деңгээлдеги аң-сезим жатат, кыргызды оң, сол, ичкилик деп бөлүп-жарууну каалагандар желектин кызыл түсүнөн “жат” көрүнүштү издеп жатышат” деп айтышканы бар.
 
Эски элитаны утилизациялоо. В.Богатыревдун концепциясындагы “эски элитаны утилизациялоо” деген “жаңылыгын” президенттин жан-жөкөрлөрү шыр эле колго алды. “Коррупцияга каршы күрөш” деген ураан менен канча эски саясатчыларды сындырды. Чындыгында алардын жемкор экендигинен эл деле күмөн санабайт, бирок бул “тазаламай” саясатынын илип-термей ыкмасы менен жасалып жатканы калктын үмүтүнө суу септи. Ошол эле КСДП, “Ата-Мекен”, “Ар-Намыс”, “Республиканын” күркүлдөрү ээн-эркин жойлоп, же эл көзүнө кылмыш ишин козгомуш этип барып, аягы тумандап кетип жатканы эле нени билдирет? Саясатта “адашып” жүргөн канча кыйындарды кызмат беримиш этип, анан барып бир жыл өтпөй өкмөттүн отставкасына шылтап утилге айдап, “жайытты” бошотуп жатышат. Ар бир өкмөт таркап, жаңысы куралган сайын ЖКдан орун которгон же көчө саясатынан креслого конгон саясатчыны эл курмандыкка кетип жаткан койдой эле эсептеп калды. Өкмөт ошентип эл чарбасын жүргүзүүчү система эмей эле эски саясатчыларды утилизациялоочу машинага айланып калды.
 
Депутаттарды ротациялоо жолу менен тазалоо. Бул да В.Богатыревдун концепциясындагы негизги багыттардын бири. Өкмөт канча жолу таркап, кайра куралганы, министрлик орундарга канча депутат папкесин көтөрө агылганы боюнча эсебибизден да жаңылып бүттүк. Министрлик орундарга кетип жаткан депутаттар иш билги профессионалдуулугуна эмес, тескерисинче “галдирбайлыгына”, ыңгайсыздыгына карап тандалып калды.
 
Улуттук илим тармагын талкалоо. Улуттук илимдер академиясын коомдук статуска өзгөртүп, эски илимпоздорду утилизациялоо демилгеси жөөттүк насааттарга негизделип жазылган жанагы концепцияда сөзмө-сөз жазылбаганы менен “эски элитаны утилизациялоо” деген жалпы сөз менен эскертилген. Президенттин алдындагы илимий ишмердикти уюштуруу жана башкаруу системасын реформалоо боюнча коомдук эксперттик кеңештин Улуттук илимдер академиясынын статусун коомдук уюм кылып өзгөртүү аркылуу “эркиндикке чыгаруу” сунушу чындыгында “күтүүсүз” болду. Караманча каршы болуп, нааразы болуп чыккан илимпоздорго “бүгүнкү күндө иштеп жаткан чыныгы мүчөлөр менен мүчө-корреспонденттерге азыркы стипендиясынын көлөмүндөгүдөй пенсия чегерилсин, реформадан кийин кошулгандар коомдук башталышта бекер иштешет” деп “пряник” ыргытышты. Муну менен кары-картаң илимпоздордун утилге (В.Богатыревдун “термини” – авт.) аркы-терки кыжыңдабай кетишине, алардын ордуна “жаш, компетенттүү кадрлардын” келишине жол салышты. Ал эми ал “жаш, компетенттүү” кадрларды алып келүү механизмдери биздин коррупциялашкан системада бүдөмүк бойдон калды. Андыктан, кыргыздын илим жаатын жөөттөрдүн акылы менен «кыргызбайча» талкалоого жол ийгиликтүү салынып жатат десек болот.
 
Жогоруда А.Атамбаевдин бийлигинин Кыргызстандын эгемендигине, улуттук, мамлекеттик түзүлүшүнө доо кетирген жүздөгөн “реформаларынын” 3-4 гана айтылды. Өлкөбүздүн баалуу кен-байлыктарын Орусиянын колуна өткөрүп берип, иш-жүзүндө Кыргызстанды орустардын бир «крайына» айландырган А.Атамбаевдин сатма саясатын эл унутпастыр. Тарых калыс тараза эмеспи, убагы менен баарын өз-өз ордуна коёр, антпесе стратегиялык объекттерди сатуу жагынан өтө терең кирип кеткен бул бийлик ар кандай кадамдарга тартынбай бараары көрүнүп калды.
 
Кубатбек АЙБАШОВ 
“Алиби”