Саясат дегениң катаал, кээде атүгүл таш боор нерсе болот. Өзгөчө лидерлер майдаланып, Кыргызстанда эмнелер болуп жатканын, кимиси оппозиция, кимиси бийлик, кайсыл саясатчы эл-жер, мамлекет үчүн күйүп-бышып, кимиси өзүнүн керт башынын кызыкчылыгын көздөп жатканы билинбей турган чакта өзгөчө мерез. Башкы прокурор Аида Салянова дал ушундай кырдаалда отставкага кетти.
 
Салянованын унчукпаганынын сыры эмнеде? 
 
Кыргызстандыктар үлкөн чиновниктердин бат-бат алмашканына жедеп көнүп бүтүшкөн. Ошондуктан, бийлик башындагылардын ар кандай жоруктарына токтоо, атүгүл философиялык көз караш менен карашат. Анткени, бийлик коридорлорундагы ыйкы-тыйкылыктар, балит оюндар элдин күнүмдүк турмушуна эч кандай таасир этпесин беш колдой билишет. Бирок, бул жолу башкы көзөмөлдөөчү органдын тегерегинде Аида Салянованы кетирүү боюнча атайын операцияны уюштургандар түзгөн пландарын өздөрү ойлогондой ишке ашыра албай калышты көрүнөт.
 
Үлкөн жетекчилерден адатта кантип арылышат? Классикалык варианттары эреже катары экөө. Биринчи сценарий: отставка ың-жыңсыз ишке ашып, кабыл алынган чечим жөнүндө басма сөздө эки-үч саптан гана турган кургак маалымат берилет. Экинчи сценарий: ЖМКларда дүңгүрөгөн маалыматтык кампания уюштурулуп, тигил же бул чиновниктин кылган күнөөлөрү жөнүндө жарымы жалган, жарымы чын материалдар жарыяланат. Сындалган киши болсо буга жооп кылып актанат, каршылык көрсөтөт... Максат?
 
Максат түшүктүү да, кандай болбосун креслосун сактап калуу.
 
Аида Салянованын отставкасы болсо таптакыр башкачка өңүттө болду.
 
Бийликте отургандардын кимдир-бирөөсү "Башкы прокурор жакында отставкага кетет" деген маалыматты өтө билгичтик менен таратып ийди. Биздеги козу карындай көбөйүп кеткен аналитиктер ошол замат комментарийлерди жамгырдай жаадырып, басма сөз болсо алардын бирин калтырбай жарыялап турушту. Ушак-айыңдар көбөйгөндөн көбөйө баштаганда "Салянова эс алууга эле кетти, кайра ишке чыгат"- деп аларды президент өзү төгүндөп кирбеспи(мындай окуя буга чейин дегеле болгон эмес). 
 
Салянова болсо үн каткан жок.
 
Жаңы жыл келип, алгачкы иш күндөрү башталды. Башкы прокурор болсо дале жумушка чыккан жок. Пресса тынчсызданып, "эмне үчүн прокурор айым ишке чыкпай жатат?"- деген суроону коюшту.
 
Салянова унчукан жок
 
Жаңы жылдын экинчи иш жумасынын башында гана "башкы көзөмөл органынын жетекчиси отставкага кетти"- деген маалымат берилди. Анын кетишинин себеби эмнеде? "Аппаратчылардын" баары себебин билбегендей түр көрсөтүштү.
Салянова болсо мурдагыдай эле үн каткан жок.
 
Парламентте "президент башкы прокурорду иштен бошотуу боюнча Жогорку Кеңештин макулдугун сураптыр, регламент боюнча анын өтүнүчү бир нече күндүн ичинде каралышы керек" деген үндөр угула баштады. Бул иш жоо куугандай тездик менен жасалды: бир эле күн өткөн соң маселе палатанын кароосуна коюлду.
 
Интернетте, социалдык түйүндөрдө кызуу талкуулар жүрдү (көптөн бери мындай боло элек болчу). Баары Аида Салянова парламентке келип, эмне үчүн мындай чечим кабыл алганын түшүндүрүп берүүсүн күтүп калышты.
 
Бирок, ал бул жолу да унчуккан жок.
 
Суроолордун баары жоопсуз калды. Ушундан улам "кечээ эле, жаңы жылдын алдында Салянованы элдин баарына угуза мактап жаткан Президент да, отставка маселесин чагылгандай тездик менен чечип берген парламент да жарандар үчүн коррупцияга, коррупционерлерге каршы күрөшүүнүн символуна айланып, эл ишенимине кире баштаган адамдан тезирээк кутулгусу келген тура" - деген ой туулду.
 
Бийлик кантип оппозицияга арык чаап берди? 
 
Аида Салянова башкы көзөмөл органын жетектеп турганда таасири, кудурети күчтүү адамдардын арасынан өзүнө көп душман арттырып алганын шаршенчесинен кайра-кайра кайталабай эле коелу. Таза иштеп, мыйзам бузган "дөө-шаалар" менен сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө күрөшкөн прокурордун жазмышы дайыма ушундай кейиштүү болот. Ашкере чечкиндүү, ашкере элдешкис Башкы прокурорду кызматынан кетирүү баарынын - чуулгандуу иштердин фигуранты болуп, темир торго түшкөндөрдүн да, келечекте эркиндигинен ажырап калышы мүмкүн болгондордун да кызыкчылыгына төп келчү.
 
Аида Салянованын айланасындагы чыр-чатак оппозиция үчүн да ыңгайлуу эле, себеби, окуя ушул өңүттөн өнүксө бийликти, анын коррупцияга каршы күрөшүн дискредитациялоого мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
 
Бирок, бир суроо туулат. Башкы прокурорго тымызын тиш кайраган ишмерлердин жана оппозициянын (атүгүл алар бүт ресурстарын бириктирсе дагы) Аида Салянованы отставкага кетирүүгө күчтөрү жетет беле? Ай, ким билет. Биздин каарманыбыздын ар кошкон оппоненттери жана ар кошкон оппозиция өз күч аракеттерин бириктирип, кандайдыр бир жалпы милдетти чечүүгө мобилизациялай алаарына менин көзүм жетпейт. Анда, аларга кимдир- бирөө жардам бердиби?
 
Бул суроого түз, дээрлик ачык жоопту юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов берди. Муну менен Аида Саляновага каршы багытталган интригаларды президент Алмаз Атамбаевдин айланасындагы азаматтар уюштуруп жатканы тууралуу улам бир гезитте айтылып жаткан версиянын чындыгын тастыктап койду. Аларга Салянованын отставкага кетиши эмнеге керек болду экен? Алардын мотиви менимче, көр пенделик эле максат. Кимдир- бирөөсүнө Салянова айрым адамдардын же айрым топтордун кызыкчылыгы үчүн өтө маанилүү маселелерди чечкенге жолтоо болуп, а балким, кимдир- бирөөгө өз кишисин коюш үчүн бош орун керек болгондур.
 
Ошентип, Саляновага каршы күрөш канчалык таң калычтуу болбосун баррикаданын ар кайсыл жагында жайгашууга тийиш болгон кишилердин баарын -мыйзамдын кысымына кабылган коррупционерлердин, бийликке жетүүнү эңсеген оппозиционерлердин, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга, жар кырына кептелген жолдошуна колун сунууга милдеттүү болгон чиновниктердин башын бириктирип койду. Кыязы, президент Алмазбек Атамбаев Саляновага каршы баш кошкон кишилердин кысымына туруштук бере албай, Башкы прокурорду коргой албай ( а балким коргоону каалабагандыр?)койду окшойт.
 
Мүмкүн ошондойдур, ошондой болушу ыктымал... Бул маселеде жогорудагы сөздөрдү колдонбой коюу мүмкүн эмес, анткени, суроолор, бүдөмүк жагдайлар оголе көп. Бир күн Аида Салянова үн катса (бул иш эртеби -кечпи болушу керек) болуп өткөн окуянын деталдары аныкталып, ачык жана көмүскө оюнчулар ашкереленет деп үмүттөнөбүз. Анын сүкүтү канчалык созулган сайын суроолор көбөйгөндөн көбөйүп баратат.
 
Азырынча Аида Саляновага каршы маалыматтык согуш кантип даярдалып, кантип жүргүзүлгөндүгүн эске түшүрөлү.
 
Согуш учурунда колго тийген куралдын баары жакшы
 
Өткөн жылдын 10-мартында баш калаабыздын "Достук" кичирайонундагы үйүнөн чыгып кетип, кайра келбей калган Камила Дүйшөбаеванын табышмактуу өлүмү жөнүндө журналисттер, анын ичинде биздин "Обьектив" гезити да көп эле жолу жазганбыз. Ошентсе да болуп өткөн окуянын айрым деталдарын окурмандарыбыздын эсине дагы бир ирет сала кеткибиз келет, себеби, бул өтө маанилүү. Аида Салянованы кызматынан кетирүү боюнча операция кантип башталып, кантип ишке ашырылганын жакшылап түшүнүү үчүн керек.
 
23-апрелде ошол кездеги Ички иштер министрлигинин башчысы Абдылда Суранчиев Жогорку Кеңештин жыйынында Камила Дүйшөбаева "жеңил ойлуу кыз экендигин", 40тан ашуун киши менен байланышта болгону муну тастыктап турганын жар салды.
 
Бүгүнкү күндө Камила Дүйшөбаеванын трагедиясына байланыштуу көптөгөн гезиттик материалдар жазылып, маалыматтык агенттиктерден кабарлар берилип, телеканалдардан көптөгөн видеосюжеттер көрсөтүлдү. Бул маалыматтарда Суранчиев айткандай, маркум менен тыгыз байланышта болгон кишилердин аттары аталдыбы? Аталган жок.
 
Дүйшөбаеванын өлүмүнөн он ай өткөн соң (ушуга жакшылап көңүл буруңуз) бир белгилүү сайтта материал жарыяланып, ал бомба жарылгандай эле эффект жаратты. Анын детонатору катары жападан- жалгыз, бирок, өтө белгилүү фамилия - Башкы прокурор Аида Салянованын тууганы Калыбек Саляновдун фамилиясы кызмат өтөдү. Анан эле Салянов Камилага телефон чалганын, кафеде жеген тамагынын акчасын төлөгөнүн, Камиланы курбусу менен үйүнө жеткирип койгондугун баяндаган бир абзац улам бир гезитке жарыяланып жатты...
 
Тергөө органдарынын жетекчилери бири коюп бири "кыздын өлүмүнө Калыбек Саляновдун эч кандай тиешеси жок" - деп билдирүү беришти, бирок, алардын үндөрү "кимдир-бирөөлөр тергөөгө жолтоо болууда, кимдир -бирөө ишти жапкысы келип, кылмышкерди калкалап жатат" - деген маанидеги макалалардын шоокумунда угулбай калып жатты. Тергөөгө ким жолтоо болду? Бул суроого жооп катары бир катар ЖМКларда ИИМдин аты -жөнү белгисиз(!) оперативниктеринин "бизди прокуратура көзөмөлдөп турса, аны Салянова жетектесе, анан биз ишти кантип ачмак элек" - деген тариздеги ачык каты жарыяланды.
 
Көзөмөл органынын жетекчиси тергөөгө кандайдыр -бир таасир эткендиги жөнүндө эч кандай факты жоктугу, мунун баары божомол, фантазия экендиги эч кимди кызыктырган да, ойго салган да жок.
 
Башкы прокурорду дискредитациялоо боюнча операция ишке кирди.
 
Январдын акыркы күндөрү. Аида Салянова эс алууга чыгып, факт жүзүндө Башкы прокуратураны таштап кеткенине бир ай болуп баратат. Масс-медиа жымжырт. "Салянова кызматынан кетсе эле кылмышты ачып салабыз" - деп убада берген табышмактуу оперативниктер да эмнегедир ооздоруна талкан салгансып унчугушпайт. Төбөсү элге көрүнгөндөрдүн да эч кимиси Камила Дүйшөбаеванын өлүмү жөнүндө эстешкен жок. Трагедиядан саясат жасашты, трагедиядан пиар -эффект алышты, эми трагедияны унутуп койсо да болот.
 
Азыркы мезгилде баео кишилер аз эле калды болуш керек. Өзгөчө саясатка аралашып, саясатка кызыккандардын арасында. Азыр адеп -ахлак кайсыл деңгээлге түшүп кеткенин, биз саясий технологиялардын доорунда жашап жатканыбызды, ар кандай иш, ар кандай окуя, ар кандай трагедия өзүнүн атаандашын жоготуу максатында пайдалынышы мүмкүн болгон доордо жашап жатканыбызды баарыбыз эле билебиз. Бирок... Көрсө, реалдуу саясат, реалдуу турмуш, өзгөчө чоң бийликтин коридорундагы турмуш биз ойлогонго караганда да татаал, биз ойлогонго караганда да коркунучтуу болуп чыкты. Биз муну менен эмнени айткыбыз келет?
 
ЖМКлардын баары "агасынын бир кыздын өлүмүнө тиешеси бар экен" деп Башкы прокурорду каарып, "Салянова эс алууга кетти, эми кайра келбейт" - деп жазып киришти. Аңгыча эле сценада Президент Алмазбек Атамбаев пайда болду да Башкы прокурор жакшы иштеп жатканын, мындан ары да иштээрин жар салды. Бир-эки күндөн кийин Салянова президенттин Жарлыгы боюнча "Манас" ордени менен сыйланганы маалым болду.
 
Калыс байкоочу мындан кандай тыянак чыгарса болот? Жөнөкөй логика мамлекет башчысы өзү анын бедели таза экендигине ишенип жаткан соң Аида Салянова шек саноодон сырт экен, себеби, Президент бизден, жөнөкөй жарандардан айырмаланып толук, текшерилген маалыматтарды билет да деген ойду каңкуулайт. Бирок, мындай тыянак жаңылыш болуп чыкты.
 
20-январда маалымат агенттиктери күч түзүмдөрүндөгү анонимдүү булактарга таянып, мындай мазмундагы маалымат таратты: "Башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун Бишкек ТЭЦине көмүр ташып келүү боюнча пайдасыз келишим түзүлгөндүгүнө байланыштуу ачылган кылмыш ишине тиешеси бар. Тергөөнүн жүрүшүндө Башкы прокурордун күйөөсү пайдасыз контракт түзүүгө тиешеси бар экендиги айкындалды. Ушуга байланыштуу кылмыш ишине күнөөлүү катары тартылды. Ишти УКМКнын Антикоррупциялык кызматы иликтөөдө, тергөө атайын кызматтардын жетекчилигинин көзөмөлүндө".
 
Ошондон эки-үч саат өтүп-өтпөй Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет расмий түрдө Бишкек шаарынын ТЭЦине сапатсыз көмүр алып келүүгө байланыштуу УКМК иликтеп жаткан кылмыш иши боюнча Бакыт Абдыкапаровго айып коюлганын расмий түрдө жокко чыгарды.
 
Бирок, болор иш болуп калган эле. ЖМКлардын көбү УКМКнын жокко чыгаруусун элес деле алышкан жок, калың эл Башкы прокурордун күйөөсү көмүр боюнча кылмыш ишине аралашканын дале кызуу талкуулап жатышты.
 
Бир маалыматты жокко чыгарып, УКМК ошол эле замат башка маалымат таратты: "Тергөөнүн жүрүшүндө бир топ кишилер "Тазалык" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотууга жардам берем деп алдоо жолу менен 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алышкандыгы жөнүндө маалымат алынды. Кылмыш иши боюнча күбөлөр бул фактыга Башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыразаковдун тиешеси бар экендиги жөнүндө түздөн-түз көрсөтмө беришти".
 
Маалыматтык согуштун баягы эле ыкмасы колдонулду: күбөлөр көп, айыпталуучулар көп, бирок, ошолордун ичинен бир гана фамилия - Саляновага тиешеси бар гана кишинин фамилиясы аталды. Ушундан улам Башкы прокурорду дискредитациялоо боюнча операция улантылып жатканы, анын демилгечилери жашыруун маалыматтарга, анын ичинде тергөө органдарынын материалдарына ээ экендиги, өздөрүнүн бул аракети менен мамлекет башчысын жумшак кылып айтканда, оңтойсуз абалга алып келип коюшу мүмкүн болсо да көздөгөн максаттарынан кайра кайтышпасы түшүнүктүү болуп калды.
 
Өзүңөр деле ойлоп көрсөңөр. Чындыгында эле өтө кызык кырдаал түзүлүп калды.
 
27-декабрда Президент Алмазбек Атамбаев чоң пресс-конференцияда мынтип айтты: "Салянова эс алууга чыгуу боюча гана арыз жазды, ал сөзсүз өз кызматына кайра келет. Салянова өлкөбүз үчүн эң керек адам, Кудай буйруп, Кыргызстанга Аида Саляновадай президент келсе экен".
 
29-декабрда Президент Алмазбек Атамбаев "Укуктук мамлекетти жана демократиялык коомду чыңдоого кошкон зор салымы үчүн" Аида Салянованы II даражадагы "Манас" ордени менен сыйлоо жөнүндөгү Жарлыкка кол койду. 
20-январда УКМК 5-январда Башкы прокурордун күйөөсүнө карата кылмыш иши козголгонун маалымдады (анда эмне үчүн ошол замат кабарлашкан эмес?).
 
22-январда Аида Салянова Кыргызстандын Башкы прокурору кызматынан бошотулду.
 
Жогоруда келтирилген окуялардын хронологиясы жоопко караганда көбүрөөк суроолорду пайда кылат, туурабы? Мисалы, мамлекет башчысы 27-декабрда журналисттердин алдында Салянованын ишине жогору баа берип жатып канчалык деңгээлде чын сүйлөдү? Колдорунда Саянованы компроментациялай турган материалдары бар болсо да бул тууралуу президентке атайын маалымат беришпеген кызматтын жетекчилери кандай жаза алышат (эгер Салянованын кадыр-баркына шек келтирчү маалыматтарга ээ болсо, Атамбаев аны элдин көзүнчө мактап, атүгүл орден бербейт эле да)? Деги эле Салянова менен болгон окуяларды эми мамлекет башчысы элге кантип түшүндүрөт?
Бийликтен кеткен менен саясатта калды 
 
Алдын ала тыянактарды чыгарып көрөлү. Салянованы кетирүү боюнча аппараттык интригалардын чеберлери тарабынан даярдалган операция соңуна чыкты: Башкы прокурор формалдуу түрдө өз ыктыяры менен, факт жүзүндө болсо бириккен душмандарынын кысымы астында кызматын таштап кетти. Президент Алмазбек Атамбаев ага ишенген, анын коррупцияга каршы аеосуз күрөшүнүн зарылдыгы тууралуу сөздөрүнө ишенген кишини коргоп кала албады (же коргоп калууну каалабадыбы?).
 
Аида Салянованын оппоненттери, баарыдан мурда бийликте отурган, президенттин жанында жүргөн оппоненттери Башкы прокурорду кетирүүгө жетишүү менен өздөрү да байкабай (а балким билип туруп атайын жасашкандыр?) оппозициянын колуна аябай чоң көзүрдү берип коюшту. Оппозициянын айрым өкүлдөрү эми мындан ары Атамбаевдин сазайын кантип беришээрин көрсөтө башташты. Алар "президент адегенде өзүнүн прокурорун коррупцияга каршы күрөшкө үндөп, анан кыйын, кооптуу боло баштаганда (президентке) прокурорду сатып кетти" - деп айтып жатышат. "Алардын бул айткандары туура" - дешет байкоочулар.
 
Аида Салянова өзүнүн иши менен таасирдүү коррупционерлерден коркпой эле койсо болоорун, атүгүл азыркы саясий башаламандыктардын, саясий белгисиздиктин шартында да өзүн бекем кармап, чечкиндүү иш алпарып, өзүнө пиар жасабай, саясий технологдордон жардам сурабай эле кадыр-барк тапса болоорун көрсөтүп койду.
 
Аида Салянова азырынча унчукпай турат. Биз анын пландары кандай экенин, эмне менен алек болоорун билбейбиз. Болгону анын билими, иш тажрыйбасы, жеке адамдык сапаттары эл үчүн, мамлекет үчүн керек болоорун гана билип турабыз.
 
Аида Салянова бийликтен кеткен менен саясатта калды. Анын унчукпай койгону да кээ бир саясатчыларды санаага батырып, ага каршы интригаларды улантууга мажбур кылаарын билгени үчүн калды. Эгер Аида айым алардын интригасына жооп кылып, чоң саясаттын жашыруун сырларын ача баштаса, чечкиндүү аракеттерге өтсө кандай болоор экен?
 
Курманбек Мамбетов, 
Журналисттик иликтөөлөр агенттиги. 
"Объектив" газетасына жарыяланган.
Булак: "Алиби"