Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1322

КТРК дагы башчысы жок калды. Кеткен жетекчи Султан Жумагулов бир жума бою  ММКнын эрмеги болду. Кантсе да манасчы, кыялкеч эл эмеспизби, айрымдар тим эле Сукең менен кошо ичип, кошо жатып жүргөндөй жазышты. Деги эле чет элге барганда мейманканада кабаттан кабатка куушуп жылаңач чуркамай жагынан кыргыз журналисттери астына башкаларды сала элек болсо керек. Кантели, “Атың чыкпаса жер өрттө”, - дегендей, бир жагынан болбосо да бир жагынан эрдик көрсөтүп жатабыз.

 

Сөздү Сукенин “жинди суудан” ашыкча урдуруп алып ар өнөрдү көрсөткөнү тууралуу эмес, КТРКнын коомдогу абалы тууралуу кылсак кантет? КТРК мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат аркылуу  жан сактайт. Демек, мамлекетте жашаган букаралардын төлөгөн салыгынын эсебинен жашайт. “Ким төлөсө музыканы, ошол тандап койдурат”.- деген кеп бар. КТРКга келгенде андай болбой калууда. Ортого “бийлик”- деген ортомчу кошула калып, өздөрүнүн каалаган "музкасын" койдуруп келатышат. Мына ушул бийликтин “ортомчулук” кесепетинен КТРК акыркы жылдары жетекчиге да жарыбады, өзү да оңоло албады. Себеби эмнеде? Ал бирөө эле. КТРК коомдун күзгүсү. Андан барыбыз өзүбүздү көрөбүз. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактоону жана аны өстүрүп өнүктүрүүнү башкы максат катары койгон бийлик келмейин КТРКда чаң будуң жашоо болгону болгон. Бүгүнкү бийликтин жүзү так ушул Жумагуловдун жүзүндөй. Элдин, мамлекетин кызыкчылыгын ойлобостон, астындагы орунтугунун кызыкчылыгы үчүн бирин бири тытып жегенге даяр турушат. Тымызын интирига, бут тосмой, торой чалмай, бири-бирине көө жапмай апогейине жетти.

 

Султан ичсе ичкендир ( Аны өзү деле мойнуна алып жатпайбы). Бирок, ММКга чыккан башка өнөрлөрдү көрсөтпөгөн деле чыгар. Болгону бийликтин оюндагыдай "музыка" кое албай, жүдөөлүгүн көрсөтүп ишенимден чыккандыр. Анан “Көө шыбап туруп көчүкө тебели. Унчукпай жүрсүн”.- дешкендир. Болбосо ММК жарыялангандар  жашы алтымыштын босогосунда турган адамдын жасачу жоругу эмес го. Балким атайылап уюштурулдубу, ким билет. Ак көңүл “акторпоктун” ичкенине бир чымчым ак порошок кошуп жуткуруп коюшкандыр. Анан “акторпок” барын унутуп, торпоктой оюн салып кеткендир. Бул бийликтен баарын күтсө болот. “Темирди кызуусунда...”- дейт. Султанда бүгүн өзүн коом астында актап, тазаланып алуунун бир мүмкүнчүлүгү бар. Эгер коомго чындыкты айтып, “Мага бийликтен мындай тапшырмалар келгенде аткарбай моюн толгодум эле, жыйынтыгы ушул болду”,- деп момурап койсо араң турган коомчулук Сукеңди аппапак бала кылат да, бийликти тепкилеп жатып калат. Бирок мындай эрдикке Сукең бара алабы же тарыхта "Жылаңач баатыр" атыгып калабы, айта албайбыз.

 

Коммунистик партиянын саркындысы болуп калган элдин көзүн таңмай оюндарды коймой адатыбызды таштай албадык. КТРКга  кайдагы бир “коомдук көзөмөл” деген топту уюштуруп, көпчүлүгүн “ляп-пай” дегендерден түздүк да, арасына “бакырчаактардан” бир экини кошуп коюшту. Анткени алар “бакырып” турса коомчулук ойлойт, “Демократия" бар экен”,- деп. Ал байкуш "бакырчаактардын" пикири арык аттабайт. Талаага айтылган эле кайран сөз болуп кала берет.

 

Кайра да КТРКнын жетекчилигине ачык конкурус жарыяланат имиш. Заман өзгөрдү. Эл ким кандай иштейт, кантип алдап атат, бүт көрүп турат. Астыда чоң шайлоолор турат. Бул өнөктүктө КТРКнын ээлеген орду эбегейсиз. КТРКга бүгүн бийликти уучтап тургандар эмнени айтса, “кың” дебей аткаргандар гана жетекчи болушу керек. Анча-мынча кылтыңдагандарга, өз ою барларга, эртең эки фронтто ойноп кетүүчүлөргө орун жок. Талантың ташкындап турган чыгармачыл инсан, мыкты уюштуруучу, эмгек жамаатынын сүймөнчүгү болгонуң менен да бийликтин бир талабын аткарып, ишеничке ээ боло албасаң, КТРКга жетекчилике барууга үмүттөнбөй эле кой. Конкурсуна катышып убара тартпа.Элдин таламын талашып, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп, мыйзам менен иштегендер үчүн ал жакта орун жок. Себеби бизде мамлекеттик  бийликке баргандар бийликти менчик фирмасына айландырып алган оорудан эки революция кылып, эки президенти кубаласак да кутула албай келатабыз. Кеткен эки бийлик экөө тең үй бүлөлүк кыландык топтун кызыкчылыгына иштегени үчүн кубаланышкан. Бүгүнкү бийликтин коркунучтуу жагы бири-биринин кызыкчылыктарын коргоо үчүн уюшкан корупциялык чоң топтун биригишкенинде жана алардын мамлекеттик мыйзамдарды уруп да ойнобой өз кызыкчылыктарын гана коргогонунда болууда.  Бирок муну коомчулук ачык түшүнө баштады.

 

Чолпонбек Абыкеев,

жазуучу

Булак: “Майдан.kg”