Кечээ Бакиевдин бийлиги өкүм сүрүп турганда, азыркы бийлик көзүрлөрү оппозициянын флагманы катары өзүлөрүнүн патриоттугун, жаратмандыгын, көрөгөчтүгүн көргөзүшүп, бийликке келсе эле тез аранын ичинде өлкөнү кризистен алып чыгып, баардык маселелерди чечээрин эл алдында чыркырап айтып, олчойгон убадаларын бергени - ар бир Кыргызстандыктын эсинде.

 

Дал ошол убаданын эң орчундууларынын бири Кумтөр эле. Элибиздин ырысына бүткөн кенге алтынына кимдер гана кызыккан жок?! Кумтөр ачылгандан баштап эле көз боёмочулардын объектисине айланып, коррупциянын чордону, уурулардын уюгу болуп келгенине көзүбүз жетти. Кумтөрдүн алтынына көздөрүн арткан өткөн жана учурдагы бийлик башчылары абройлору кеткенине карабай, каз катар тизилип алышып, бири-биринин баштарын жутуп келе жатышканы да ачуу чындык. Ал эле эмес, уурулук саясат менен камыр-жумур болуп, кыргыздын байыртан келаткан нукура үрп-адат, каада-салтын, көз-караштарын унуткаруу менен саткын интелегенция топторун жаратып, элдин ыркын бузуп келүүдө. Кумтөрдөн канчалаган алтын уурдалып жатканын бийлик жашырса да, элге маалыматтар тез эле жетээрине күбөбүз. Ушул себептер менен жер-жерлерибизде нааразычылык акциялары тез-тезден өтүп турат. 2010-жылдагы көңтөрүштүн шарданы менен бийликке келген оппозиция, үйүлгөн алтынды көргөндө баягы берген убадаларын унутуп, уурулук кылгандарга башчы болгону жалганбы? Кумтөрдүн тегерегиндеги көз боёмочулуктун бирин да ушу убакытка чейин чече албай, алтындын заарынан бийлик башчыларыбыз чыга албады. Өкмөт дагы президенттен көз каранды болгондон кийин парламент менен биргеликте атайын убакытты чоюшуп, маселе чечип жаткан кишиче өздөрүн көрсөтүшүп, имитация кылып, элди алаксытып келе жатышат. Туура 4 жылдан бери чечилбей, кайра-кайра талкууга салынып, натыйжалуу чечим чыкпай келаткан бул маселенин сыры эмнеде? 4 жылдан бери 120 депутатты тойгуза албай келе жатабыз, бир да бийлик өкүлдөрүнүн уурулуктан баштары чыкпай, өлкөбүз кризиске кабылганы чындык эмеспи. Кумтөрдү "улутташтыруу" маселесин Ө.Текебаев козгоп, катуу кирише баштаганы, албетте, жакшы кадам болду. Бирок, кеч баштаганы өкүнүчтүү. "Жоо кеткенден кийин кылычын ташка чапкандын" пайдасы барбы? Эгерде парламентке келээри менен аракет кылса, эки айлык иш эле да аттиң. Же Өмүкеңдин мындай кадамы шайлоонун учуру келип калганданбы? Айтор, сырдуу. Улутташтырып калса дагы төрт жыл маселени чоюп, чечпей, кайра мурунку калыбына келсе кандай болот? Жалаң сабатсыз, ууру, жүзүкаралар парламенте отурганы жалганбы? 4 жылдан бери Кумтөрдун орчунду маселесин чечпей келе жатышканын чыккынчылык катары баласа болбойбу?! Бийликтегилер жүзүкаралык кылып, баары эле "Кумтөрдөн устукан алсам" деген аракетте жүргөндөрү белгилүү эле да. Мисалы, улутташтырсак бул алтын кенин башкара турган кыргыздан чыккан жаратман жетекчи барбы, иштей турган жетекчини тапса болобу? Эгерде мындай адам табылып, тандалып калса, аны жөн иштетпестен кылган ар бир ишине киришип, кыянаттык менен уурулукка алпарбайбы? Көбүнчө бийлик өзү провакацияга барып, уурулуктун жолуна өзү түртүп, ит болуп жатпайбы. Ошондой жолго түшсө, бир жылдын ичинде Кумтөр, Макмал алтын комбинатынын кейпин кийип каларында шек жок. Мисалы, К.Кулматов, Т.Кулмурзаевге окшогон адамды алып келсе, албетте, Кумтөрдү бат эле талкалап, таш-талканын чыгарат. Ал эми Кумтөрдун улутташтырууга чоң салымдарын кошо турган бизде да билимдүү юристер жок эмес. Акысын берсе тандалган кыргыз юристери кен-байлыктын кылмыштуу келишимин эл аралык соттон дагы утуп берээри анык. Анткени, бул Кумтөрдүн келишиминин көп нерсеси бир тараптуу түзүлгөн. "Центерранын" президенти Кыргызстанга келгенден коркуп жатканы да бышык. Анткени, келсе камалаарын сезип, сүйлөшүүлөрдү Москвадан жүргүзүп жатканынын өзүн кылмышкер экенин шектентүүдө. Албетте, бул өтө таң калычтуу көз караш. 1990-1997-жылдары Макмалда талкуу жүргөндө, Кумтөрдүн келишими бир тараптуу экенин адистер менен биргеликте көрүнүктүү професорлор Б.Мамбетов, И.Айтматов, даражалуу эл атасы Т.Усубалиев келишим кылмыштуу экенин айтып чыккан эле. Бирок, бул келишимге А.Акаевдин күчү менен кол коюлуп, өзү жеке көзөмөлгө алган. Ошондон бери алтын ордосу президенттин көзөмөлүндө тураарын унутпайлык. 


Текебаев Кумтөр маселесине чын жүрөгү менен киришсе, анда түп-тамырынан бери кайра карап, соттук юридикалык экспертизадан өткөзүп, күнөөлүүлөрдү таап чыкканга күчү жетет. Кумтөр каражатка жана өлкөгө канча зыян алып келгенин даана билинет эле атаганат, андай болсо, төбөдөн көк түшпөйт беле чиркин?!


Тарыхка кайрыла кетсек, алгачкы Кумтөрдөгү алтын кенди өндүрүүгө киришкен "Камеко" компаниясы, Кыргызстан 70 пайыз, Камеко 30 пайыздык келишимди түзгөн. "Биссимилла" дегенде эле Кумтөр комбинатынын курууга ТЭО түзүлүп, проекттини аткарууга 276,6 млн доллар каралган. Кийин алкы бузук ажо жана анын ач көз үй-бүлөсүнүн айынан 452,5 млн долларга жеткен, андан кийин дагы бир нече жолу чыгымга учураган. А.Акаевдин шалаакылыгынан мамлекетте паракорчулук, ууручулук күч алып кеткен, ошонун үзүрүн азыр дагы көрүп келүүдөбүз. А.Акаев өзү акча жегенге жол издеп, "Камеко" компаниясын шарттарды бузууга мажбур кылган. Талап кылган каражаттын көлөмү ири суммада болгондуктан, "Камеко" аргасыздан, ресструктизациалоого барууга туура келген. Ар кайсы татаал кыйма-чийме АФЕРА схемасын колдонуп, башка компанияга башка келишим менен өзүлөрүнө 66,7 пайыз, Кыргызстанга 33,3 пайызга гана кол коюлган. Негизи бул келишим КР мыйзамына жана өнүккөн өлкөлөрдүн мыйзамына туура келбеген бир тараптуу, кылмыштуу келишим экенин эксперти жок эле тастыктатса болот. Ал эми "Центерра" азыр деле "30 пайызды өзүнө алып, 70 пайызын Кыргызстанга берели" деп жатышат. Ошого ажо макул болсо. Бирок, ажобуз бу жерден уурдап аткан жокпу? Биринчи келишимде "Камеко" 2002-жылга чейин НДС төлөөдөн бошотулган эле. Биринчи эле кадам таштаганда, коррупцияга баш алганы байкалып турат. Ал эми лицензия менен иштеп жатып, кайра концессияны бир нече жолу өзгөртүп, 8 кенге лицензия алышкан. Башындагы келишимде 2007-жылдан баштап, Кумтөр проектиси Кыргызстанга биротоло баш оту менен өтүшү керек эле. Бирок, ажолордун алкымына жараша ишке ашкан жок. 2007-жылы 250 тонна алтын алынгандан кийин фабрика Кыргызстандын карамагына толук өтмөк. 1992-жылкы келишимдин негизинде экологиянын коопсуздугуна карата жер астына казууга өтүшү керек эле. Тилекке каршы, компаниянын көзүрлөрү афералык жол менен акциянын көбүн өзүнө алып, өз билемдикке салып, "SB зонасынан 75 пайыз алтын алабыз" деп экологияга чоң зыян келтирүүдө.


1993-жылы түзүлгөн "Инвистициялык келишимдин" негизинен "Камеко" компаниясы чыгып кеткен. Анткени, компанияда көп келишимди аткарбаган уурулуктары бар эле. Мындан тышкары, биздин акциялар чет өлкөдө сакталып турат, ал эми мунун да 30 пайызынан ашыгы сатылып кеткени каңкууланат. Мындан тышкары, дагы 15 пайыз акция сатылганычы? А кана мунун пулу, кайда кеткен?


2005-жылкы каргашалуу аварияда цианид көлгө төгүлгөндө, зыян келтиргендиги боюнча келишимдеги милдеттери да толук аткарылган эмес. Ошондо М.Керимкулов комиссиянын төрагасы эле. Маселелер биринин артынан бири пайда болуп, убагында чечилбей улам унуткарылып келүүдө. Ошондогу цианидке караштуу маселелер ушул убакытка чейин чечилбей калды. 


Айтып отурса арман көп, 1997-жылдан ушул күнгө чейин алтын-күмүштүн экономикалык запасы катары белгиленген өлчөмүнүн ортолорунда хроноченем жүргүзүлгөн эмес. Канча көлөмдө айырмасы бар жана баланстан канча чыгышталды? Рекултивациянын фондусу ушуга чейин коррупциянын айынан чечилбей келатканы да жалган эмес. Айтор, алтын кен өндүрүүчү компания баардык шартта уурдаганды өздөштүрүп бүткөн. Мисалы, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн чыгымдарынан модернизациялоо, геологиялык чалгындоо, капиталдык чыгымдар, карьерден алынган жараксыз катмарды төгүү, жер астындагы жана жер үстүндөгү суулардын тазалык абалын, ошондой эле Петров көлүнүн кыйроо катаклизманын алдында турганы ж.б. Ал эми Кумтөрдө иштеген чет элдиктер менен Кыргызстандыктардын айлыктары асман менен жердей. Кыргыздарды абориген катары көргөндөрү курусун. Муз мөңгүлөрүнүн "борбордук" бөлүкчөгө карай жылышына ага карама-каршы дамбанын проектиси жооп береби? Ушундай өзөктү өйүгөн мамлекетке ири зыян алып келип жаткан Кумтөрдөгү ууручулукту тез арада токтотуп калаар эр жүрөктөр бар бекен? Кыргыз бийлиги тээ байыркы аборигендердей алдатып жүрө беребизби? Же ууручулуктан башка акылга сыя турган иштерди жасап, бир намыска келебизби? Эгерде азыркылар ууручулуктан башка иш кыла албаса, анда берки ажолордой эл- жериңерден качып, башка өлкөдө күн сүрөп, өз элиңерден кадырыңар кетип, сүйлөшүүгө адам таппай же уурдаган акчаңар ошончо кубат бербей, беркилердей жалгыз калган жол силерге керекпи? Токтоткула, Кыргызстандын бир ууч топурагына зар болосуңар алкы бузуктар! Окурман досторум, ачуу чындыкка качан чекит коёбуз? 

 

Качкынбек БУЛАТОВ,
укук коргоочу

Булак: "Азия Ньюс"