Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2200

Кыргыз Республикасы­нын мам­лекеттүүлүгүн бекемдөөнүн бирден-бир жолу 2010-жылдагы Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү деп ойлойм. Президент А.Атамбаевдин кечээ жакында журналисттер менен болгон жолугушуусунда белгилегендей, КР Конституциясы бир ай ичинде жазылыптыр, эми Конституцияга сот бийлиги боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү гана мүмкүн экен. Конституциянын чийки болушуна ким күнөөлүү экендиги тууралуу журналисттер да сөз козгошкон жок. Кандай болгон күндө да азыркы бийликтин Акаев, Бакиевдердин президенттик бийлигинен айырмасы жок экени элге белгилүү болуп калды.


Азыркы учурда да электр энергиясынын тартыштыгы, тарифтин өсүшү, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышы, казынадагы акчалардын сарамжалсыз пайдаланышы, өлкөдө тез-тез премьер -министрлердин алмашышы жана алардын жоопкерчилигинин жоктугу, элдин митингдерге чыгышы күч алууда. Жазында бул маселелер өзгөчө курчуйт. Кыргыз элинин эгемендүүлүктү алганына 23 жыл болсо да өнүгүү жолуна түшпөй келишине жалаң бийлик күнөөлүү экени белгилүү. Бийлик кабыл алган улуттук программалар, долбоорлор ишке ашпай жатат. Президенттик бийликке ким келбесин: "коррупция менен күрөшөм" деп элге жалган убада бермейи кытай философу Конфуций айткандай "адатка" айланууда. Барган сайын коррупция күч алып, өлкөнүн казынасы тонолуп, акча каражаты өлкөнүн өнүгүүсүнө жетишпей жаткан кез. 


Президент Атамбаев коррупцияга каршы күрөш жарыялап, аягына чыккан жок. Себеби, коррупциянын тамыры терең жана кеңири жайылганын, ал тамыр жалаң бийликтеги кызматкерлердин тамыры экенин президент А.Атамбаев билмексенге салганы таң калычтуу көрүнүш болууда. Ал тамырларды кыркып салчу айбалта элдин колунда эмес, эл шайлаган бийликтин колунда экенин эл жакшы билет, азыркы бийлик да аябай жакшы билет. Бирок, коррупциянын тамыры кыркылбай келет, анткени канткенде бийлик өзүнүн, баласынын, туугандарынын, санаалаштарынын колун, бутун өзү кесип салсын? 


Коррупциянын жылдан-жылга өркүндөп өсүшүнүн негизги себеби - Кыргыз Республикасында мыйзамдар мамлекеттик кызматкерлер тарабынан атайылап так аткарылбайт, жоопкерчилик жокко эсе. "Өлкөдө мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөөчү прокуратура органы жеткиликтүү иштебейт" - десек жаңылбайбыз. 


Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү прокуратура органы өзү коррупцияга малынып калган. 


Бүгүнкү күндө Президент дагы, парламент дагы кыңыр иши үчүн бир да прокурорду жумуштан кетирип, кылмыш жоопкерчилигине тарталбайт. Экс-башкы прокурор А.Салянованын жана өлкөдөгү прокуратура органдарынын аткарган иштери боюнча ЖМК кеңири баяндап, элге үзгүлтүксүз маалымат беришүүдө. Өкүнүчтүүсү - өлкөдөн кылмышкер Батукаев урмат-сый менен узатылганда экс-башкы прокурор биз үчүн ыйык болгон Жогорку Кеңеште "Батукаевдин ишинде мыйзам бузуулар жок" деп оозубузду ачырды. Ошол убакта А.Саляновада "кыргыз элинин кантип карайм, элдин ичинде кантип жашайм?" - деген ой болбогонбу же Башкы прокурор өз элин сыйлабай, урматтабай турган учур беле? 


А.Саляновага бийлик тарабынан "Манас" орденинин берилишинде сөз жок. Эми Манас атанын арбагы ак иш аткарган болсо ага ыраазы болор, кыңыр иш аткарган болсо башына түшкөн мүшкүл болор. "Манас" деген ат кыргыздар үчүн теңирге тете, кыргыз дүйнөсүндө ыйык ат болгондуктан Манас атанын орденин алган инсан терең ойлонушу керек. "Прокуратура органдары КР Конституциясынын 6-беренесин одоно бузуу менен коомдун белгилүү бир бөлүгүнө гана кызмат кылып жатат" - десек да жаңылбайбыз. "Чындап ыйласа сокурдун көзүнөн жаш чыгат" дейт элибизде. Прокуратура органдары Эсептөө палатасы менен бирдикте 2010-ж. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,7 миллиард куб болгон болсо,андан бери канча куб/суу агып кирди, канча куб/суу агып чыкты жана канча электр энергиясы иштелип чыкканын бухгалтердик документтер аркылуу тактаса болот эле. Арийне, Башкы прокурордун жана прокуратура органдары Президенттен, Жогорку Кеңештен көрсөтмө түшмөйүнчө, өздөрүнүн мыйзам бузууларын ачыктоого, көзөмөлдөөгө дараметтери жетпей келет. КР Конституциясынын 67-беренесинин 2-бөлүмүндө: "Президенттин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Башкы прокурордун корутундусу менен бышыкталган Жогорку Кеңеш тарабынан кылмыш жасалгандыгы жөнүндө коюлган айыптын негизинде гана Президент кызматынан четтетилиши мүмкүн" деп жазылган. Ал эми КР Конституциясынын 64-беренесинде Президент:4/1) "Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт"-деп көрсөтүлгөн. Президент Башкы прокурордук кызматка өз кишисин дайындаары айдан ачык. Бул жагдайда Башкы прокурор Президенттин аракеттериндеги кылмыш белгилери жөнүндө корутунду бере албайт, берсе да Президенттин пайдасына берет. Кыргыз элинде "өңдү көрсө жүз таят" деген макал дал ушундай жагдайларга карата айтылган. Натыйжада, Башкы прокурор жана прокуратура органдары бүтүндөй коомго кызмат кылышы күмөндүктү жаратып келүүдө.


Прокуратура органы коомдун кайсы бир бөлүгүнө кызмат кылганы Акаев, Бакиев мезгилинен бери келе жатат. Ошондуктан, азыр да экс-башкы прокурор А.Салянованын дарегине кандай гана сындар айтылбады. 


Өлкөдө элдин бийлигин орнотуу үчүн күйүп-бышка коомдук ишмер Д.Сарыгулов бая күнү теле берүүдөн Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен бийликтин жылдык отчетуна Курултай баа берүүсүн сунуштоодо. Ан үчүн "Курултай мыйзамын" кабыл алуу керек. Бул сунуш боюнча КР Башкы прокурору, анын орун басарлары жана 7 дубандын прокурорлору Курултай тарабынан дайындалып, жыл жыйынтыгы боюнча Курултайга отчет берүүгө тийиш. "Курултай" прокуратура оргадарынын ишине баа берип, аларды кызматка бекитүү жана бошотуу укугуна ээ болушу шырт. Ал эми Президент, Жогорку Кеңештин депутаттары, сот органдары жана премьер-министр, министрликтердин ишинен прокуратура органдарынын көзөмөлү менен баа берсе болчудай. Эгерде бүгүнкү күндө практикаланып жаткандай Президент Башкы прокурорду дайындаса, жогорку мамлекеттик бийликти узурпациялоо кайталана берет жана бул бийликтин Акаев, Бакиев бийлигинен эч айырмасы болбойт. Натыйжада, парламенттик бийлик болобу, президенттик бийлик болобу, баары бир Башкы прокурорду ким дайындаса, ошол бийликтин өкүмү аткарылат экен.


Өлкөдө бийлик парламенттик башкаруу формасында болсо да, негедир президент А.Атамбаевдин таасири ар тараптан күчтүү болууда. "Ачык саясат" гезитинин 17.10.2014-ж. №28-санында саясат таануучу Т.Акеров "Президент Атамбаев учурдан пайдаланып парламентти эбак эле чөгөлөтүп алган. Бүгүн парламенттин өз жүзү жок. "Парламенттик өлкө" - дегенибиз менен депутаттар президенттин аппаратына жүгүнүп барып келип, анан добуш берип жаткандыгы жашыруун деле болбой калды. Коррупциялык жолго депутаттарды президенттин өзү жана анын аппараты мажбурлап жатат. Ал эми каршы тургандары болсо ачык эле куугунтука алууда" деп жазат. Кайсы бир телекөрсөтүүдө комитет төрагасы К.Иманалиев экономика министри Т.Сариевдин комитеттин кароосуна сунуштаган документтерин кароодон баш тарткандыгы көрсөтүлгөн эле, бирок документтерге алеки саатта керектүү колдор коюлуп, Россиянын Москва шаарына жеткизилгенине таң калдык.


Кечээки 2 жаштагы жээн баланын зордук-зомбулука душар болгонуна Жогорку Кеңештин депутаттары 100 пайыз күнөөлүү. Парламент жаш балдарга карата зордук-зомбулук (педофилия) боюнча маселени кечээ жакында эле караган. Бирок мыйзам чийки, анткени анын тарбиялык мааниси жок. Алдын ала тарбиянын мааниси өтө чоң болуш керек. Адам андай ишти жасоодон мурда анын кийинки жоопкерчилигин ойлонууга мажбур боло турган шарт түзүлүүгө тийиш. Иш жүзүндө депутаттар "кыргыз элине боло берет" - деп кворум болбосо да чечим кабыл ала бериши адатка айланды.


Ошондуктан, Жогорку Кеңеш­тин 120 депутатынан 90 же 100үн КР Кылмыш Жаза Кодексинин 316 -беренеси менен соттоп жиберсе болот. Дагы бир маселе, ЖК депутаттары зордук-зомбулукка өлүм жазасын колдонууну коомчулук көтөргөндө гана ойгонуп жатышат. Бул дегенибиз, ЖК депутаттары эл үчүн ак ниети менен иштешпейт, жумушка келбей эле бир жылда бир миллион сомдон маяна алышып, элдин канын соруп жатышат десек жаңылбайбыз. Жогорку Кеңештин депутаттары сөз жүзүндө Кыргыз Республикасында парламентттик бийликти карманышат. Парламент өз бийлигин Конституцияда көрсөтүлгөндөй Премьер-министр аркылуу ишке ашырууга тийиш эле, бирок Жогорку Кеңештин депутаттары президент А.Атамбаевге чөгөлөнүшүп, ага кошумча ыйгарым укуктарды берип, бир Премьер -министрдин укугун чектеп салышты. Азыркы учурда Премьер-министр министрлерге да өктөм тапшырма бере албай же отчет алалбай ташыркаган аттын кейпинде турган мезгили. Мындайча айтканда, Премьер-министр эшектин тушоосун да Президенттин уруксатысыз чече албай калды. Ошондуктан "Алиби" гезитинин бетинде премьер-министрдин келин сыяктуу жоолук салынган сүрөтү пайда болгон. 


Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министрдин ыйгарым укуктарын президент А.Атамбаевге өткөрүп берген соң Кыргыз Республикасы Президенттик башкарууга өттү деп жарыялашы керек эле. "Ачык саясат" гезтинин 21.11.2014-ж. №32-санында Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков "Биз кайрадан эле президенттик мамлекетке айланып калдык" деген макаласында: "2010-жылы "Парламенттик башкарууга өтөбүз" -деп Конституция кабыл алганбыз. Бирок, иш жүзүндө андай болбой, тилекке каршы кайра эле президенттик башкарууга багыт алдык. Бийликти Атамбаев басып алды" деп таамай айткан. Бул жагдайда Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлык маянасы жана башка чыгымдар кыскарышы керек эле. Акаев, Бакиев мезгилинде президенттик башкаруу болгондуктан, алардын ыйгарым укуктарынын мыйзам менен кеңейиши мыйзам ченемдүү көрүнүш эле. Ал эми парламенттик бийлик деп жар салып алып, Президенттин ыйгарым укуктарын мыйзамдуу кеңейтүү боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын мыйзам кабыл алышы, алардын Конституцияга каршы иштеп жаткандарын далилдейт жана алардын мындай аракеттери кылмыш иш катары каралууга тийиш. Эгерде "Парламенттик башкаруу" деп жарыяланбаганда А.Ш.Атамбаевдин эл тарабынан Президент болуп шайланышы күмөн эле. А.Атамбаевдин канкор Бакиев менен иштешкенин эл жакшы билет эле. Кээ бир өлкөнүн президенттери башка өлкөгө 20-30 жылда араң кездешүүгө барса,президент А.Атамбаев Турция мамлекетине 9 ай ичинде 6 жолу иш сапары менен барганын "Деньги и Власть" гезити жазып чыккан(10.10.2014-ж.№30). Президент А.Атамбаевдин эмне себептен жана кайсыл иштер менен Турция мамлекетине барганы боюнча депутаттардын отчет алганга укугу барбы? Кыскасы, казына акчалары парламенттик бийликке да, президенттик бийлике да обу жок сарпталууда. Жогорку Кеңештин депутаттары "эл ишениминен толук кетти" - десек жаңылбайбыз. Эми элдин ишенимине "Элдик Курултай" кириши мүмкүн. Элдик Курултайга Башкы прокуратураны жана Эсептөө Палатасын берүү керек, албетте Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жолу менен. Башкы прокурорду жана прокуратура кызматкерлерин элдик курултай кызматка бекитсе, мамлекеттик бийликти узурпациялоо жоголот жана өлкөдө мыйзамдар так аткарылып, мыйзамдарга болгон прокурорлук көзөмөл күчөйт, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилиги өсөт. Бул жагдайда прокуратура органдары өз милдетин так аткарат деп ишенебиз. Биз "Элдик Курултай" маселесин оң чечишибиз керек. 


Бизге Батышты туураган "Омбудсмен" институтунун кереги деле жок. Ошол "Омбудсмен" институтунун имаратын жана алардын акча каражатын "Элдик Курултайга" ыйгаруу керек. Кыргыз эли ата-бабадан калган салт боюнча "Элдик Курултайды" калыптандырып, 23 жылдан бери келе жаткан бийликти узурпациялоого жана коррупцияга бөгөт коюшу бүгүнкү күндүн кескин талабы. Мына ошондо гана кыргыз мамлекети өнүгүү жолуна түшөт. Эл өзү өлкөдө мамлекеттик бийликти узурпациялоого болушун жол бербей, коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзөт. Азыркыдай болуп "Президент А.Атамбаев, Парламент коррупция менен күрөшүп жатат" - дегенге ишеним артпаш керек. Кыргыз эли мыйзамдардын так аткарылышына, казынаны талап-тоноону токтотууга, акча каражатынын сарамжалдуу сарпталышына, жашоо-турмуштун оңолушуна "Элдик Курултай" аркылуу гана жетишүүсү мүмкүн. 
 

"Элдик Референдум 
үчүн-2014" демилгелүү 
топтун жетекчиси: 
Айтбай Абдыкадыров