Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 931
"Коррупция кимдин болбосун көкөйүнө көк таштай тийген, атын укканда эле куйкасы курушуп, тиши кычырайт".
Алым ТОКТОМУШЕВ
 
Буга чейин бир да "кит" Башпрокуратуранын торуна түшкөн эмес. Албетте, чабактар түшүп келген, чабактар мындан ары да түшө берет. Арийне, азыркы бийлик тушунда "киттер" торго түшүшү күмөн болуп калды. Аида Салянованын кызматтан күтүүсүз кетип калышына дал ошол "киттерге" кол салуу мүмкүн эместиги себеп болду көрүнөт. Агер анчалык чоң мандеми болбогондо, Президент Алмазбек Атамбаевдин сыйына мынчалык моюн толгобос эле. Саляновага II даражадагы "Манас" орденин ыйгарышы шыгына шык, демине дем боло алган жок. Тескерисинче, азыркы ажонун эки жүздүү саясатын да, бийлигин да кежигемдин чуңкуру көрсүн деген таризде: сыйлыгын да албады, отпускесинен да кайтып барбады. Салянованын таарынычынын артында кандай таржымалдар жатканын чечмелөөнүн мөртү эми келип туру, сөз ошондон болсун. 
 
Сөз логикасы үзүлбөс үчүн артка кылчайсак: 2010-жылдан бери А.Атамбаевдин саясый илээшкерлери кимдер болду? Бийликке жетүү үчүн кимдер менен коалиция түздү? Акматбек Келдибеков башында турган "Ата журт", Өмүрбек Бабанов жетектеген "Республика" партияларынын лидерлери менен. Өзү президенттик креслого жетиш үчүн тигил экөөнүн бирине ЖК төрагасы, бирине өкмөттү башкаруу "мүмкүнчүлүгүн" түзүп берди. Ошону менен бийликтин үч бутагына тең мамлекеттик ишмерлер эмес, саясатта кызыл кулак болуп бүткөн адамдар конду. Бул үчөө тең Кыргызстандагы ашып-төгүлгөн байлыкка тунган даражага кимиси кандай жол менен жеткенин жаза берип калем, айта берип тил тешилген. Анын баарын саймедирегенге убакыт коротконубуз да бекер.
 
Аныгында Атамбаев А.Келдибеков баш болгон "Ата журт" фракциясынын биртоп депутаттары ири коррупциялык иштерге аралашып келгенин беш колундай билчү. Бирок билсе да бийликке ошолор аркылуу аттанды. 2010-жылкы 7-апрель окуясында курман болгондорду Ата-Бейитте акыркы сапарга узатууда шейит кеткен баатырлардын арбагы алдында, элдин алдында мукактанып сүйлөгөн Атамбаев мурунку эки бийликтин тушунда элди тоногон саясатчылар мындан ары бийликке келбестигине ант берип, алардын орду бир гана түрмөдө экенин айтып, көзүнө жаш алганы менен кийин эмне болду? 
 
Парламенттик коалицияны негиздеген КСДП К.Бакиевдин зулум бийлигин кулатууга чейин тилектеш болуп келген "Ата мекен" партиясын оппозиция жээгинде калтырып, мурунку бийликтин көрчеңгел тобундагы саясатчыларды кайрадан бийлик курчоосуна топтоду. Себеби бийликтин мерчемдүү үч бутагын бөлүшүүнүн оңой жолу ошол болду. Көп өтпөй ЖК төрагасы А.Келдибеков Кыргызстандын Башмыйзамы парламенттик башкаруу негизинде түптөлгөндүктөн өзүн өзү өлкөнүн биринчи адамындай сезген дымакка жетти. Тез эле каруусу күчкө толуп баштап, ал эмес каратүнөк кылмыштуу топтор менен чогуу жаңы жыл тосуп шапар тепкенин "атамекенчилер" видеоматериалдар менен далилдеп бергенден кийин гана ээрден көчүгү кыйшайып, кылмыштуу иштери биринин артынан бири ачыкка чыкты. Анын соңунан өкмөт башчысы Ө.Бабановдун төбөсүнөн кара булут айланып, Ө.Текебаев экөөнүн ит жыгылыш күрөшү ушуга чейин аягына чыкпай келет. А.Келдибековго улай өз партиялашы Иса Өмүркуловго Генпрокуратура тарабынан кылмыш иши козголгону менен бүгүнкү күнү экөө тең торго салынбачудай жагдай келип калды. Бул экөөнөн башка да ж.б.ларга кылмыш ишин козгоого мындан ары мүмкүн эместигине азыркынын Кыз Сайкалы болор Салянованын акыры көзү жетти көрүнөт. Себеби, алдыда шайлоо туру. 
 
Шайлоо алдында кайнай турган саясый соодалар Генпрокурордун бетине дагы көө жабаар чечимдерге барууга аргасыз кылышы ыктымал. Аида Жеңишбековнаны эки анжы кылып чайнай турган чечимдер улам чыга берери бышык эле. Ансыз да буга чейин Азиз Батукаевдин таржымалы бетине чиркөө болуп калганын билебиз. Адеп-ахлак ориентиринен ажыраган азыркы бийлик кылмыш дүйнөсүнүн анабашы А.Батукаевдин кандуу колун кыса кармап, атүгүл коопсуздугуна, ден соолугуна чейин кам көрүп "Манас" аэропортунан кантип узатканы дайын. Коомчулук арасында ушул күнгө чейин бул ишке тиешелүү киши Президент өзү деген имиштер чындыкка жакын экени сезиле баштады. Анткени расмий бийликтен ким жазага тартылды? Ошол кездеги вице-премьер-министр Шамил Атаханов кызматтан кеткенден кийин гана А.Атамбаев өзү Батукаевге тиешелүү кылмыш ишинде Атахановдон аз-аз кемчилик кетип калды дегендей жооптон башка ооз ачкан жок. Анда эмнеге Генпрокуратура тарабынан Атахановго иш козголбоду? Садагага чабылган жалгыз "сары улак" Турсунбек Акун гана болду. Башка бир да жан сот тургай, администрация жоопкерчилигине тартылбады.
 
Мүмкүн коомчулук биле бербеген ушул сыяктуу мамлекеттик деңгээлдеги окуялардын дагы канчасы Ак үйдүн амирине ылайык чечилүүсүнөн тажаган Салянованын да сабыры түгөгөн чыгар. Окуядан улам Президенттин карамагындагы Генералдык прокуратуранын жетекчилигине жогортодон түшкөн буйруктар көп болгон үчүн Аида Салянованын ички карама-каршылык күрөшү ушуга алып келген жокпу? Себеби, адам качан тез-тез чарчайт? Психологиялык туруктуу абалдын балансы бузулган кезде адамды ушундай ыргылжың мүнөз басат. 
 
Жаңы жыл туштай Президент А.Атамбаев Салянова боюнча журналисттерге: "Иштен кетем деп арыз жазган эмес, бирок ачык айтайын, мурда мындай учурлар болгон. Анткени Аида Жеңишбековнаны түшүнсө болот. Жумушу абдан кыйын. Дайыма найзанын учунда жүрөт. Эс алууга суранды. Мен да уруксат бердим" дегени да ушул ойго түртөт. Анан да Кыргызстандын болочок президенти болор адам Салянова экенин айтып да далысынан таптап көрдү, болбоду. Бул окуядан көп өтпөй, Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго кылмыш иш козголгону коомчулукка маалым болду. Аида Салянова болсо "Азаттыкка" убагы келгенде бардык жагдайлар ачыкка чыгарын айтканы да бекеринен эместей... 
Албетте, Кыргызстанда коррупция менен кармашуу процесси абдан татаал. Коррупция десе кимдин болбосун тиши кычырап, куйкасы курушат. Айрыкча Өмүрбек Текебаевдин. Бу киши Акаевдин заманынан бери коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө билегин түрүнүп, канчалаган мыйзамдарды токуду, канчалаган аракеттерди кылды, ал эмес коррупция каякта экенин Генпрокуратуранын көзүнө такаган фактылардын далайын парламент залынан көтөрүп чыкты. Айрым учурларда стрелканын учун түптүз көрсөтүп, коррупциянын анабашы делгендердин атынан өйдө атаган да жападан жалгыз ушу киши. Бирок кыргызда "айткандын оозу жаман" дегендей азыр коомчулукта Текебаевди жек көргөндөр толуп кетти. Азыр Текебаев ооз ачса эле аны жеткен популист санагандарды четтен табасың. Эмнеге? Арийне анын ушунчалык жек көрүндүгө айланганын жеке өзүм мындай түшүнөм: биздин коомдун сүйүүсү чындыкты айткан адамга карата эмес, жалганды көбүртүп-жабырткандарга карата көбүрөөк ысык. Байкашымча, журналисттер журтунун аллергиясын Текебаевге каршы козгогон адамдар толуп кетти. Алардын көбү кайсы бир майрамдардын шылтоосуна такап, журналисттерге чай уюштурган айкөл, сүткөлдүк менен коомчулукка кимди суук тумшук көрсөтүүнүн ыкмасын колдоноорун карапайым эл биле бербейт. 
 
Эгер Атамбаевдин чындап эле коррупция менен аёосуз күрөшүүгө каалоосу болсо, Текебаевди Генпрокуратуранын башына алып келип, эми моралдык жоопкерчилигиң үчүн оозуңан чыккан фактыларды далилдеп бер десе жарашаар эле. Себеби булардын 2010-жылкы төңкөрүштөн кийинки элге берген убадаларынын эң башкысы - өлкөнү чырмооктой каптаган коррупциянын тамырын түп орду менен жок кылуу болчу. Менимче, Ө.Текебаев Генпрокурор болуп калган күнү Ак үйдүн жарымы түрмөгө камалып, коомчулуктун жарымы титиреп отурмак. Бирок А.Атамбаев өзүнө ылайыктуу талапкер катары Индира Жолдубаеваны тандады көрүнөт. Жаңы талапкердин адилет чечимдерин убакыт көрсөтөр, азырынча жаңыдан Генпрокурорлукка дайындалган И.Жолдубаеванын ишине ийгилик тилеп туралы... 
 
Олжобай ШАКИР
Булак: "Жаңы Агым"