Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1594

Жаңы саясий системада жашап жатканыбызга төрт жылдан ашты. Бирок, парламенттик башкаруунун, партиялык системанын  артыкчылыгын көрбөдүк. Парламенттин деле Башмыйзамдагы ыйгарым укуктары сакталбай, андай укугуна Р.Отунбаеванын президенттик мөөнөтүндө эле ээ болбосо, А.Атамбаев келгени, мурдагыдай  президенттик-парламенттик башкарууга жол бердик. Кагаз жүзүндө бийлигин сактап, бирок ишке келгенде президентке көз каранды парламенттин ишине кандай баа беребиз?

 

Эгер башынан Башмыйзамдын алкагында иш кылышса анда “жакшы” же “жаман” деген баага татып же болбосо эмгиче таркап кетип жаңы парламентке ээ болбокпуз. Демократия жолуна карай, жаңы коом куралык десек элдин тандоого, шайлоого болгон көз карашын өзгөртүүгө, милдет-жоопкерчилиги артып, тазалануу, жаңылануу процессине өбөлгө болгон кезексиз шайлоолорго баруубуз зарыл болчу. Табигый, эволюциялык процесске тоскоолдук кылуу мүмкүн эместигин Батыш цвилизациясынын тарыхы тастыктап турбайбы.

 

“Демократия эң начар башкаруу формасы, бирок адамзаат андан жакшысын ойлоп таба элек”,- деп У.Черчиль айткандай, Батыштын баалулуктарын көчмөн кыргыздар тула боюна сиңире алабы?  Батыш менен Чыгыш цвилизациясы эки бөлөк доордо жашап келишсе да батыштын жолуна түшкөн чыгыштын Япония,  Корея, Сингапур, Малайзия өлкөсү улуттук маданиятын сактап калуу менен кыска убакытта дүйнөнүн өнүккөн алдынкы өлкөлөрүнүн катарына кошулду. Алыс барбай тегибиз бир түрктөрдү алалы. Мейли алар илгертен Батышка жакын болуп, урушуп-чабышып да, ымалашып-жуурулушуп да жашап калышыптыр. Теги, тамыры жакын, тарыхыбыз бир көчмөн моңголдор да бизге үлгү көрсөтүүдө. “Бытие определяет сознание” деп марксистер айткандай, бүгүнкү батыштын баалуулуктары да базар экономикасынын негизинде элдин турмуш-тиричилигинин жакшырышынан улам жаралганы да мыйзам ченемдүү нерсе. Биз, кыргыздар, базар экономикасына өткөнүбүзгө чейрек кылымга жакындап калса да алдыга жыла албадык, кайра кетенчиктеп артка кеттик. Экономикабызды либералдаштырганыбыз менен укуктук жагын жолго кое албадык. Батыштын мыйзамдарынан көчүрүлгөн  Башмыйзам, партиялык система иштебей, иш жүзүндө Президент башкарып жатат. Саясий партиялар кыйратып салышкансып,  келерки шайлоонун камын көрүүдө. Саясий партиялардан бүгүн элдин тандоосун көргөнүм  жок.  Парламенттик, президенттик, жергиликтүү шайлоолордо шайлоочулардын 30 пайыз тегерегинде катышканы да буга далил деп ойлойм. Түштүк эли  газсыз калып, светтин баасы асманды чапчып, сомдун куну кургуйга түшүп, инфлация ичкенин ириң кылып, жумушсуздук жонунан кайыш тилип турганы - шайлоодогу баанын жыйынтыгы. Митингтердин азайганы, жамандыр-жакшыдыр саясий туруктуулуктун орногону Ж.Оторбаевдин ою боюнча «элдин бийликке карата ишениминин пайда болгону» экен. 7-апрель окуясы элге сабак болгонун, улут катары өзүн сактап калуу инстинкти ойгонуп, бийликке, оппозицияга да көңүл калуу, түңүлүү сезими менен жашап жатканын билгиси жок. Анткени, бийлик менен оппозициянын жүзү бир, айырмасы жок экенин эки жолку революция же төнкөрүш дейбизби далил болду. Өз жандарын өзү багып көнгөн эл, бийликтен эч нерсе деле үмүт кылбай калды, кылса ыйманды, калыстыкты, акыйкатты тилейт.

Ырас, “алма шагынан алыс түшпөйт”,- дегендей бүгүнкү бийликти да (азчылыгы болсо да) эл өзү шайлап алды. Бирок, табыйгатына мүнөздүү асыл сапаттарга эгедер элге алдамчы, кошоматчы, эки жүздүү, өзүмчүл бийлик качан  жаралып, кайдан келди? Тоо арасындагы  көчмөн элдин сабатсыздыгын жоюп, цивилдүү коомго кошуп, мамлекетүүлүгүн түптөп берген Советтик доордон калган мураспы же? Эгер Совет мамлекетин биздикиндей бийлик башкарса, анда жетимиш жылдан ашуун доор сүрбөй жети күнгө жетпей урап калмак. СССРден калган сансыз мүлк- байлыкты менчиктештирүү шылтоосу менен талап-тоноп, асмандан түшкөндөй бекер дүйнөгө чөмүлүп жатып калышты. “Коррупция Ак үйдүн жетинчи кабатына жетти, силерди Манас атанын арбагы урсун”,- деген Акаевдин өзүн уруп, элине келе албай бөтөн жерде күн кечирип жүрөт. Керт баштарынын гана кызыкчылыгын ойлогон, кошоматчыл жан-жөөкөрлөрү, аткаминерлери Акаевди айга күнгө теңеп, кареги менен кошо айланып, авторитардык режимди орнотууга түрткү болушту. “Кандай шайлашканы маанилүү эмес- кандай санашканы манилүү”- деп И.Сталин айткандай, шайлоодо каалаган пайыз добушун алып беришип, саясий оппененттери менен күрөшүүдө куралы болуп, жемкорулктун сазына баткан аткошчулары режимдин таяныч-тиреги болуп келди. Бүгүн дагы Башмыйзамдагы президенттин ыйгарым укугун кеңейтишип, анын канат алдында сайрандап доор сүрүүдө. Анан жапыс учкан чымчык өңдүү канаттууларды “жемкор” деп баса калышканын кантесиң. Коррупция менен күрөшүүнүн көрсөткүчү болгон мамлекеттик казынанын көлөмү экенин, аны Бакиев үч эсеге байытып, айлык акыны,  пенсия-пособиени көтөргөнүн калыстык үчүн айтпай койбосок болбойт.  Атамбаев да “бюджетти 1.5-2 эсеге көтөргөнгө толук мүмкүнчүлүк бар” деп бир нече жолу айтканы бар, бирок эл аны сезбей кымбатчылыка каржалып турат.

 

“Сен таза болсоң, мен таза болсом, ал таза болсо коом таза болот”,- деп И. Раззаков айткандай бийлик сөзү, иши менен үлгү болуп, акыйкаттыгы менен элдин ишенимине арзыса, Ажодон чор таманга чейин мыйзамдын кулу болгонду үйрөнсөк гана туруктуу онүгүү жолуна түшө алабыз. Мамлекеттин башкы милдети жарандардын Башмыйзамдагы укугун, эркиндигин, менчигин коргоо эмеспи. Мамлекеттүүлүк да ушундай баалуулуктар менен ченелсе керек. Тилеке каршы укук коргоо органдары  саясаттын куралы болуп, кызыл камчыга айланды. Президент Башмыйзамдагы ыйгарым укугунун алкагында иш алып барып, укук коргоо органдарын, сот системасын реформаласа демократиялык ачык, укуктук коомду негиздеп, экономиканын өнүгүүсүнө кенен жол ачмак. Анткени, жарандардын  укугун коргоо жөндөмү, жигери  артуу менен жоопкерчилик сезими ойгонуп, коомдун биримдиги чыңалып, кедергисин тийгизген терс, жат көрүнүштөрдөн арылуусу тездейт.

 

Оо, мен кыргызга  жукпаган кайдагы жомокту айтып жатам. Кыргыз жоош, момун, ток пейил “мал ээсин тартпаса арам өлөт” дегендей кой маарек, жылкы мүнөз эл. Кыргызга мүлжүлгөн сөөктү ыргытпай бир аз эти менен таштаса, ага да топук кылат. Бирок, ач көз бийлик элдин тапканын, байлыгын элге  ыраа көрбөй “май кармаган бармагын жалайт” болуп атпайбы. Май карматкан элин шайлоо жакындаганда  эстеп, садага бергени болбосо суудан өтүп алгандан кийин, “мен көр, сен көр”, дайынын таптырбайт. Бийликтин анысына эл да көнүп бүткөн. Бийлик менен эл эки жээке бөлүнүп жашап калышканы качан. Эл тарап тынч, үмүт-тилеги, ой-максаттары менен бир ынтымактуу. Чыр-чатак, ызы-чуунун баары бийлик тараптан чыгат. Эмне талашып, бөлүшө албай жатканы элди кызыктырбай да калган. Бирок кээде капшабы элге жетип дүрбөлөнгө салчу болду. “Кулунубузду канаттууга чокутпайбыз” деп аткаминер уулун, эли тумшуктуудан коргоп жатып калышат. Кимиси, эмнеге чокуп атканын, күнөөсү барбы жокпу, айтор “апакай балабызды каралап атасың”,- деп чоң тумшука эл  нааразы болушат.   

 

Дубалдын боору туш-туштан тешилип турса бирөө-жарым кирип уурулук кылбай койбойт. Канча кароолчу койгон менен майнап чыкпайт. Ошондуктан дубалдын тешигин бүтөп, жогоруда айткан реформаларга баруу менен гана жемкорлукту ооздуктаса болот. Дубал, бийлике тийиштүү эмес, элге таандык экенин коомчулук түшүнүп, көздөрү жетүү керек. Экономикага жооп бербеген президенттин коррупция менен алышканынан логиканы көрбөй турам. Экономикага жооптуу өкмөт, аны кураган парламент ишин, жүргүзгөн саясатын өзү көзөмөлгө алып,  жыйынтык, натыйжа чыксын десе коррупциянын да алдын алуусу кажет. Муну эл да туура кабыл алып, колдоп кетмек. Бирок, тилекке каршы бүгүнкү парламенттин ага дарамети жетпейт. Кана “саясий атаандаштык, системалык оппозиция”? Ошондой болсо да баары бир Башмыйзамдагы президент менен парламенттин ыйгарым укуктары сакталып, ар-бири мыйзамдан чыкпай, өз ишин кылыш  керек. Мындан эл, коомчулук гана утат.  

 

Мамлекет жеңил оокаттын, асмандан жааган байлыктын бейиши көрүнүп,  элдин ырыскысын уурдаган уурусу да мандай тери менен байыганы да “депутат болом, мамлекет башкарам” деген дымагына ээлик кыла албай, бийликке жутунган дартка чалдыктык, адат пайда болду. 200гө жакын саясий партиялардын пайда болушу, президенттике жүздөй талапкердин ат салышканы, саясий элитанын керт баштарынын кызыкчылыгы элдин, өлкөнүн кызыкчылыгынан өйдө турганын, мамлекеттүүлүк   жөнүндө али түшүнүгү, аң- сезими  калптана электигин айтып турган жокпу? Алардын  калпты айтып, алдап  жаткан кур убадаларына, элдин ырыскысын тоноп-уурдаганга баратканына көздөрү жетип турса да карапайым калк регионализим, трайбализим илдетине жетеленип же болбосо жарыбаган чай-чамеги, тыйын-тыпыры аш болсун деп добушун берүүгө абийири айдап барууда. Кыргыз кыртышына ылайык келбеген башкаруу системасы отоо чөпкө окшогон саясий элитаны жаратты. Жулган сайын кайра чыккан отоодон  арылуу үчүн кыртышын алмаштыргандай болдук. Болбоду. Физик Ө.Текебаевдин жерге жакын агрономияга тиши өтпөдүбү же мол түшүм алгысы келген үмүтүн таш каап сепкен үрөнү жакшы чыкпаганынан  каралбай калдыбы, айтор терең соко салмайын отоо чөптөн арылуу кыйын болчудай. Ошондуктан ара төрөлүп, тороло албай президенттин жетегинде калган параменттин ишине кандай баа берсек да жарашчудай. Ө.Текебаев “өз баласын” бага албай асыранды кылып койду. Атадай мамиле кылса баласы шайлоодо керекке жарап, таяныч-тиреги болмок.

 

Эгемен мамлекет болгонубузга чейрек кылым болсо да, өз алдынча оокат кылп, жансактап  кете албай, кайра орустардын канатынын алдына калкаланганга мажбурбуз. Элита элин “оокатыңарды кылып, күнүңөрдү көргүлө” дегендей экономикалык уюмга, “жайыты кең ээн талаага” айдап т.е. алып баратат. Кен-байлыкка бай, сууга мол тоолору, эмне эксең өнүп чыккан кыртыштуу жери, сансыз малды батырган жайлоосу, табыйгаттын бейиштей кооз күнөстүү жери тардык кылды кыргызга. Анан “Манастай баатырыбыз бар, духу күчтүү, руху бийик  элбиз” деп мактанабыз. Дастандардагы каармандардай, табыйгаттын сыйкырдуу күчүн ичине каткан, табышмактуу эл экенибиз да чын. Кулк-мүнөзүбүздөгү сабырдуулук, кеңпейилдик, ишенчээктик, ак-көңүлдүк, айкөлдүк өндүү касиеттер тегибиз бир түрк элдеринде да анча көзгө урунбай жана миңдеген жыл калптанган үрп-адатыбызды, каада-салтыбыздын айырымдары бүгүнкү замандын талабына жооп бербей калса да ыйык тутуп келебиз. Коом, мамлекет деген түшүнүктү да дале болсо  басып өткөн жолубуздун, тарыхыбыздын бийиктигинен карап эски доордун тартылуу күчүнөн чыга албай жаткандайбыз, бирок тарыхыбызды да жарытып билбей эпос, дастандарыбызга, макал-лакаптарыбызга, урууларга таянуу менен чектелебиз.

Казакстанда канчалаган заманбап завод-фабрикалар ачылып ишке кирип атат. Биз башкасын коюп тоо башынан агып түшкөн суубузду туура пайдалана албай электр энергиянын кымбаттыгынан «тезек» жагып отурабыз. Анан асылганыбыз Башмыйзам.  Ошондуктан Башмыйзам менен башталган Акаевдин доорун Элдик Курултай менен аяктоодон башка жолду көрбөй турам.                

 

Үсөнбек  БЕЙШЕМБИЕВ

Булак: “Майдан.kg”