Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2156

"Анда деле күн ушинтип батчу эле,
Анда деле суу ушинтип акчу эле".
Анатай Өмүрканов

 

Отоо чөп деген балээ бар: тамырынан өйдөгө жул-саң да көктөй берет. Жулбай койсоң огородду каптап кетет. Кыргыз коомчулугунда да улам бир бийлик алмашкан сайын кудум ошол отоо чөпкө окшоп дүркүрөп өскөн дүжүрлөр көп. Аларды огородуңдагы сабиз, картөшкө, пиязды бапестегендей бапестебесең да өзүнөн өзү өсөт. Уругу деле жок. Башка өсүмдүктүн баарында урук болот, отоо чөптүн уругу - кык-пык, бок-сак. Болгондо да чириген кык-пыктын арасынан тамыр түйүп баштайт. Убагында жулбасаң, айланасындагы өсүмдүктөргө көлөкөсүн түшүрүп, күндүн бетин көрсөтпөйт. 


Анын сыңарындай, буга чейинки бийлик башындагыларга каш каккандарга каршы кампаниялар азыркы бийлик тушунда да отоо чөптөй тамырлай баштаганын өткөндөгү араб өлкөлөрүндөгү ажобуздун авантюралык жүрүштөрүн сындаган макаламдан кийин жонтеримен туйдум. Дүжүрлөр кампаниясы күжүлдөп, кыжылдап иштеп баштаганына жакамды уучтап, Анатай байке Өмүркановдун "...Анда деле күн ушинтип батчу эле, Анда деле суу ушинтип акчу эле" деген сабындагыдай: А.Акаев, К.Бакиев бийлигинен кийин А.Атамбаев бийлигинин тушундагы жаңы дүжүрлөр тымызын тамыр байлап, тымызын коомго көлөкөсүн түшүрөр кезең келгенби дедим. Бийлик алмашкандан берки төрт жылда канча күн батты, канча суу акты, коомдун аң-сезими баягысы баягыдай... Баягыдай эле дүжүрлөр, баягыдай эле бийлик курчоосундагы кошоматчылар "падышага сөз тийгизген жакшылыкка алып барбайт"; "жалпы эл шайлаган падышаны сындаганга болбойт"; "падыша деген улук"; "падыша элдин атасы"; "падыша менен мусулмандардын ыйык өлкөсүнө бирге барып келип, кайра артынан сөз кылган наркка жатпайт" таризиндеги "лекцияларынан" тажап, ушул макаланы баштап отурмун, окурман. 


Атаганат, мен деле эл шайлаган падышага сөз тийгизбей, мен деле падышаны элдин көсөмү, элдин атасы санап, мен деле нарк сыйлаган жигит болгум келет! Мен деле алыскы сапарга бирге барып, бирге жүргөн кишинин жанында котур ташымды коюнга каткансыган адамга окшобой, башкалардай жакшылыктын жарчысы болгум келген. Бирок Алмазбек Атамбаев мырза башка элге, башка журтка барып, өзүнүн эл башы экенин "тарс" унутуп коюп, кыргыздын каадасын, тарыхын тебелеп, бечара кейпин кийип турса, жаныңар кейибейби, товарищ дүжүрлөр?! Намыс-ариетиңерге доо кетпейби?! Ажону калкалаган кагылайын дүжүрлөр, силер айтмакчы, эгер "падыша элдин атасы" дей турган болсок, минтип ойлонуп көрбөйлүбү: сенин же менин атам бирөөнүн үйүнө бирибизди ээрчитип барып, ошол үйдө өөдүк-сөөдүк сүйлөп отурса, ошондон кийин атаңа болгон мамиле кандай өзгөрмөк? Болуптур, сенин же менин атам андайга барбаптыр, бирок улут башы деген адам бөтөн элге барып тилемчи кейиптенип турганы сынга алынбашы керек беле?!


Эгер кыргызды кулчулук психологиянын чынжырына байлаган дүжүрлөрдүн мага айткан кеп-кеңеши менен логикасындагыдай: ырас, ажо баш болгон делегацияны ээрчип араб өлкөлөрүнө жаныман бир тыйын кетпей бекер барып, бекер келдимби, демек, ажонун алгылыктуу иштеринен башканы жазбашым керек экен. Анткени А.Атамбаевге элибизди кыйынчылыктан чыгаруунун аргасы үчүн эмне айтса да жарашат имиш... "Себеби өлкөбүз ушундай кыйын кырдаалда турганда кандай болсо да четтен жардам алып келгени пайда" дегендей дөдөмөл акыл-кеңештерине кулагым бышканы мейли эле, жанымды кашайтканы -ажонун аракетине менин балакетим тийчүдөй жазбашым керек экен. Мен бекер барып келсем, Атамбаевдин чөнтөгүнөн барып келген жокмун, ал сенин, менин, элдин мамлекетке төккөн салыгынын эсебинен экенин унутпагыла, дүжүрлөр! 


Биринчиден, мен ал жакка журналист катары бардымбы, демек менин озуйпам иш-чаранын күнгөй-тескейин чагылдыруу; бийлик ордосун ичинен ириткендер өлкө башчыны уятка калтырар жосундарды кайта кайталабаса деген ниет; президенттик аппараттын мамлекеттик маанилүү иш-чарага жасаган жоопкерчиликсиз мамилелерин ашкерелегеним - менин да жаным күйгөндөн улам айтылган ачуу кеп. А жерде өз оюман чыгарган бир сап апыртмам болгондо, мени эбак сотко беришмек. Мен ошо Президенттин ар бир жолугушуулардагы диктофонго жазылып калган "балп" этмелерин сынчыл көз караштагы коомду калыптандыруу максатында эмнеге жазбашым керек?! Башка кеп, эгер мен атайы делегация мүчөсү болуп туруп, ажонун авантюрасын жазып чыксам, мүмкүн этикага сыйбас жосун болмоктур...


Бирок биз качанкыга чейин чөнтөгүбүздөн бир тыйын чыгарбай, (!) Президентти жандап алыска барып келсек эле жаныбызды жеп, чындыкты чымга бастырышыбыз керек?! Мурдагы бийлик тушундагылардын учурунда да өлкө башчыны айланчыктап жүргөндүн баары кийин А.Акаевдин да, К.Бакиевдин да түбүнө жеткени коомчулукка дайын. Арийне, ажону жардан алыс кулатчулар уудай ачуу сөз айткандардан чыкпай, тескерисинче, балдай ширин шилекейин чачыраткандардан чыкканын Кыргызстандын эле тарыхынан эмес, адамзат тарыхынан билебиз... Кеп бу жерде Президентибизде эле эмес, ошо кишинин ишенимине кирип алган айланасындагы жалпы командасында; кеңешчилеринде; аппаратта иштегендерде. А.Атамбаев көчтү түзөп кетүүгө дагы чоң мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок азыркыдай акыл кошчулары менен ээрден эрте шыпырылып калуусу мүмкүн. Президенттин сүйлөй турган сөзүн тыңгылыктуу жазып бералбагандардын айынан өлкө башчыбыз дагы далай сөзгө сөлтүк болбосун үчүн а киши да бийликтин башкаруу системасындагы интеллектуалдык потенциалдарды көтөрбөсө, азыркыдай командасы менен дагы далай уятка калары турган иш. Андай эле туура кеңеш берер кадрларга чукак болуп атса, атпай-журтта акыл чөйчөгү толук инсандар жок эмес. Айтсак, Эсенбай Нурушев, Түгөлбай Казаков, Орозбек Молдалиев, Марс Сариев, Эмил Үмөталиев, Нарын Айып, Чоюн Өмүралиев, Кубатбек Жусубалиев, Талип Ибраимов өңдүү Бакай атадай бакыйып туура жолго нускай турган кары десе кары, жашы десе жаш интеллектуалдар турат. Азыркы бийлик эч болбосо өздөрүн оппозиция санаган жээктегилерге кулак какпаса да, ушул аты аталган инсандарды өзүнө жакын тартып кеп-кеңеш алгандан кемибейт эле. Анткени бу кишилер мамлекет жерпайын түптөө; мамлекет түзүмүн оң жолго салуу; элди башкаруу идеологиясынын философиясын дүйнөлүк тажырыйба жана кыргыз кыртышы менен жуурулуштурууну канча жылдан бери какылдап-какшап айтып келаткандар. Макул, буларды уккусу келбесин, бизде турмушка керектүү ойлоп табуу жөндөмү менен Кыргызстанды күндүн жана шамалдын энергиясы аркылуу толук камсыздоого мүмкүн экенин далилдеп берер окумуштууларыбыз карайлап каражат таппай жүрү. Эмнеге ошондой окумуштууларыбызды делегация катарына кошуп, какыраган чөлгө бейиштей жашоо курган арабдарга ала барып, иштин көзүн тапса болбойт эле? Бизде адамдык потенциалды өстүрүүгө финансылык колдоо гана жетишпей жатканына арабдар деле кайдыгер карамак эмес. Себеби бүгүнкү күндө өнүгүүнүн тез жолуна түшкөн өлкөлөрдүн баары биринчи кезекте адамдын ойлоп табуу жөндөмүнө шарт түзүү саясатын алдыңкы орунга койгон үчүн дүйнөлүк атаандашуу күчөгөн заман. 


Мамлекетти өнүктүрүү максатында прогрессивдүү идеяларды элден сууруп чыгуу максатында ушуга чейинки бийлик мөөнөтү өткөнгө чейин президент А.Атамбаев чоң масштабдагы жыйын курдубу? Жок! Бир да жолу коомдун алдыңкы өкүлү саналган илим-билимдүү, абийир парасаты бийик инсандар менен кереге кеңеш курганга жарабады. Муну айткан себебим, Мустафа Кемал Ататүрк полковник деген аскердик чини менен эле тез арада өз элин дүркүрөп өнүгөөр жолго салган ийгилигинин сыры жөпжөнөкөй болгон. Ал күнүгө кечки тамакты коомдун абийирдүү азчылык чөйрөсүндөгү адамдар менен бирге отуруп ичип-жеп, акыл-кеңештерин куйма кулагына сиңирген үчүн улуу идеяларды ишке ашырган. Өлкөнү жарым-жартылай диктаторлук тартипке салып, элдин диний аң-сезимин биринчи кезекте түз багытка буруп, коомду агартуу ишин колго алуу зарылчылыгына көзү жеткен. Ал эмес өзүнүн экономикалык багытта билимсиздигин моюнга алгандан уялбастан, өлкөдөгү экономика жана өндүрүш тармагын кандай көтөрүү керектиги туурасында интеллигенция өкүлдөрүнөн кеп-кеңеш алып турган. Жалпы улуттун деңгээлин көтөрүү максатында диний фанатизмге согуш жарыялап, динди мамлекеттик көзөмөлгө алуу саясатын бекемдеген. Атүгүл араб тилинин мистикалык таасири түрк элин караңгылыкка гана алып барарынан кооптонуп, куранды арбир түрк баласы өз эне тилинде билүүгө милдеттүү экенин шардана кылган үчүн элди диний тескөөдөн тышкы таасирде өнүгүүгө үндөгөн.


Сөз соңунда айтаарым, агер А.Атамбаев мырза кыргыз көчүн оң жолго салууну кааласа, биринчи кезекте айланасындагылардын адамдык потенциалын көтөрмөйүн, кай өлкөгө, кай жерге барбасын оозунан мүдүрүлгөнү мүдүрүлгөн... 


Олжобай ШАКИР

Булак: "Жаңы Агым"