Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1931

Соңку мезгилдерде башында еврей (жөөт) масондор турган дүйнөлүк мафия же жашыруун дүйнөлүк өкмөт АКШ аркылуу бүт Жер жүзүнө үстөмдүк кылуу аракеттерин  жасап келүүдө. Эгемен мамлекет болгондон бери биз дагы анын таасиринде калдык. Биздин мамлекеттик иштерге алар алгач Л.И.Левитин аркылуу таасир эте баштаса, Б.Бирштейн аркылуу кен байлыгыбызга да кол сала баштаган.

 

Ошентип, 20 жылдан ашуун мезгилден бери биздин сырткы материалдык жашообузга, б. а, чарбабызга – экономикабызга эле эмес, биздин ички жан дүйнөбүзгө, аң-сезимибизге, улуттук нарк-насилибизге, маданиятыбызга да  ачык жана тымызын диверсия жасалып келүүдө. Натыйжада азыркы учурда биз өтө кооптуу абалга кептелип турабыз. Анын негизги себеби Жердеги жашоо-тиричиликти өстүрүп-өнүктүрүүчү Ааламдан келген энергияны Кыргыз жери жана эли бүт Жер планетасына өткөрүп турганыбызда. Бул жөнүндө биометрикалык маалымат тууралуу макалада айтылган эле (“Майдан.kg”, 2014.20.08). Биздин жерибизге ээлик кылып, ошол Ааламдан келген энергияны пайдаланып, Ысык-Көлүбүздүн астында жайгашкан Шамбала Кайыптар дүйнөсүнүн Улуу Рухтары менен байланыш түзүп, алардын жардамы менен бүт Жер жүзүнө үстөмдүк кылуу АКШ, Кытай, Россия сыяктуу зор мамлекеттердин да, о. эле  майдараак мамлекеттердин да көксөгөн максаты болуп келүүдө.

 

“Кумтөр” кени 1978-ж. чалгындалып ачылып, 1989-ж. СССР Министрлер Советинин "Гиналмаззолото" институту тарабынан техикалык-экономикалык негиздемеси (ТЭН) иштелип чыккан экен. Бирок, “Кумтөрдөгү” экологияга орду толгус зыян келтирүү коркунучу болгондуктан, кенди иштетишкен эмес.

 

Өз алдынча мамлекет болгонубузда алгач швейцариянын жараны Б.Бирштейн аркылуу канадалык-швейцариялык “Сиабеко”  фирмасы менен “Сиабеко-Кыргызстан” деген корпорацияны түзүлдү кылып, ал аркылуу биздин алтын сыртка мыйзамсыз ташылып кетип турган жана бул маселе Жогорку Кеңеште (ЖКда) каралган. Андагы бардык иштер жашыруун жүргүзүлгөндүгү жана айрым маалыматтар боюнча Б.Бирштейн  АКШ менен Израилдин атайын кызматтарынын агенти экендиги ЖК комиссиясынын ошол отчетунда айтылган. ("Свободные горы" гез., 1993.03.12).  Бирок, кийин кворум болбогондуктан ал ЖК таркап кетүүгө аргасыз болгон. Ошол алгачкы учурдан тартып алтын боюнча маалымат элден  жашырылып келген. Соңку жылдары ЖКнын жана Өкмөттүн  "Кумтөрдү" текшерүү боюнча комиссияларына байланыштуу гана бир аз кеңирирээк маалымат белгилүү болгон.

 

“Кумтөр” кенин иштетүү боюнча кирешенин 80 пайызы КРга калтыруу шарты менен келген Англия, Түркия, АКШ компанияларынын сунуштары кабыл алынган эмес. Келишим Бирштейн таап келген канадалык уран иштетүүчү “Камеко корпорейшин”  корпорациясы  менен түзүлгөн. Аны менен Башкы макулдашууга 1992-ж. 4-декабрда кол коюлган  ана анда алтын менен бирге чыгуучу кошумча пайдалуу кендер (күмүш, вольфрам, теллур, күкүрт, палладий ж. б.) таптакыр эске алынган эмес. Ошондо "Камеко" фирмасы 1993-ж. 12-январда  "Кумтөр голд компани" деген (КГК) жабык акционердик коомду (ЖАК) түзүп, кенди  менчиктеп алып, ага акционер катары Бирштейн баштаган канадалыктар менен Акаев баштаган кыргыздар киргенин Кубан Мамбеталиев белгилеген (“Кыргызстандын алтындары”. Б. 2014, 12).

 

Кыргызстандыкы делген акциялар "Кыргызалтындын" акционерлерине таандык

 

Ал эми мамлекеттик концерн болуп 1992-жылы түзүлгөн "Кыргызалтын" КР президентинин 1999-жыл 23-июлдагы жарлыгы менен ачык акционердик коом (ААК) болуп кайра түзүлгөн. ("Кыргыз Туусу" /КТ/. 2013, 5. 02). Андыктан "Кыргызалтын" ААКы, анын акциялары жана Кыргызстан алууга тийиш болгон алтын үчүн дивиденддери менен кошо мамлекеттин карамагынан чыгарылып, КГКдагы КРга таандык делген "Кыргызалтын" ААКнын акционерлеринин – жеке адамдардын менчигинде болуп калган. Демек, Кыргызстандын үлүшү 67 %, ал эми Камеконуку 33 % болгон дегендеги акциялар аныгында  ошол алгачкы келишимден тартып эле Кыргызстандыкы эмес, "Кыргызалтын" ААКнын  акция ээлериники – жеке адамдардыкы болгон. А бирок, ошондон бери  ошол "Кыргызалтындын" акционерлерине таандык болгон акциялар, көз боёмочулук менен, "Кыргызстандын үлүшү" делип келет. Бийликтегилер муну жакшы түшүнөт болуш керек, а бирок элибиз мындай абалды жеткире түшүнбөй келет. Анысынан да, “Кыргызстандын үлүшү 67 % болсун” деп  мамлекеттин эмес, жеке акция ээлеринин укугун ЖК депутаттарынан тартып Саруулук митингчилерге чейин талашып, анын айынан айрым митингчи эр азаматтар азыр түрмөдө отурушат.

 

“Кумтөрдөгү” кенди иштетүүчү ишкана 1997-жылы ишке киргизилип, 2007-жылы толук Кыргызстандын колуна өткөрүп берилүүгө тийиш болгон. Бирок бул окуяны утурлай 2002-жылы “Жер казынасы тууралуу” андан кийинки афёраларга жол ачкан мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде  2002–2004-жылдары  "Камеконун" сунушу боюнча КР Өкмөтү менен канадалык ишкерлердин "Кумтөрдө" түзүмдү өзгөртүү (реструктуризация) жагындагы махинациялары ишке ашырылып, ал боюнча Өкмөттүн токтомуна премьер-министр Н.Танаев 2003-жылы 31-декабрда кол койгон. Ага ылайык "Центерра голд инк"  деген биргелешкен ишкана түзүлгөн. Бул келишим боюнча "Центеррадагы" КРнын үлүшү 33% болуп, бирок анын 17%ын  сатып жиберишкен. Ошондон тартып, "Кумтөрдүн" акциялары Торонтодогу биржада сатыкка коюлуп калган. Натыйжада КР акцияларынын үлүшү 15,66 %, "Камеконуку" 52 % жана башка акционерлердики 32 % болгон.  Жаңы түзүлгөн "Центерра" компаниясына "Камеконун" КГК ("Кумтөр голд компани") жана КОК ("Кумтөр оперейтинг компани") компанияларынын капиталы толугу менен өткөн.  Ошентип, акциялардын 52 пайызына ээлик кылган "Центерра"  Кумтөр кенине жана андагы кен ылгоо фабрикасына толук ээлик кылып калган.

 

Бул келишим Кыргыз Республикасы үчүн өтө зыяндуу болгондуктан ошондогу ЖК ага каршы чыгып, 2003-ж. 20-июндагы, 2004-ж. 25-июндагы жана 2005-ж. 20-январдагы 3 токтомун кабыл алган. Бирок,  "Кумтөр" (кен жана Кен ылгоо фабрикасы) бүгүнкү күндө  да "Центерранын" ээлигинде калып келүүдө.

 

Кыргызстандын өз менчигинен ажырап, Конституциябыздын бузулуп турушу

 

Демек, алгачкы келишим менен эле КР Конституциясынын: “Жер,  анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсү,  башка жаратылыш ресурстары КРнын гана менчиги болуп эсептелет, ...мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат” деп жазылган 12-беренесинин 5-пункту,  о. эле “Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес” деген жобосу да бузулуп (12-б. 2-п.), Кыргызстан өзүнүн менчик  укугунан ажырап калган. Жана мындай абал кийинки махинациялар менен биротоло бекемделген. Канадалык ишкерлер менен болгон мамиледе Кыргызстандын эмес, “Кыргызалтын” ААКнын акционерлеринин укугу корголуп, Конституциябыздын “Мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес,  бүткүл коомго кызмат кылат” деген жобосу да бузулуп турат. (5-б. 1-п.).

Бул маселе жана жаратылышыбыздын талкаланганы жөнүндө, Жети-Өгүз районунун төрөт үйүндө 2011-жылы тартылып алынган мандем менен төрөлгөн балдардын сүрөтүн (мен аларды Саруу айлында Ж. Мажиков менен С. Мааданбековдон алгам) тиркөө менен жазган макаламды бир топ гезиттерге берип, чыгара албай, "Центерра" менен Өкмөттүн сүйлөшүүлөрү боюнча Меморандум каралар алдында аны Ачык кат түрүндө 2013-жылы 24-декабрда КР президенти А.Атамбаевге жана  ЖК төрагасы А. Жээнбековго, о. эле 26-декабрда  премьер-министр Ж. Сатыбалдиевге  киргизген элем.  Кийин гана аны "Азия ньюс"  гезити чыгарган. (2014.9. 01).

2003-жылдагы КР үчүн зыяндуу келишим боюнча 2008-жылы Н. Танаевге карата кылмыш иши козголуп, анын документтери 2010-жылы өрттөлүп жок болуп кетти делип, токтотулуп турган экен.

 

Ал эми азыркы жолу Меморандумду парламентте талкуулоодо айрым депутаттар гана "Кумтөргө" байланыштуу  бир аз  сын айтып, бакылдамыш этип барып, анан тынчып калышкан эле. Бийлик тарабынан башка реакция болгон жок. Көрсө, КРнын бийлиги илгери үмүт-тилек менен аларды шайлаган элдин жана өздөрү башында турган мамлекеттин менчигинен ажырап,  Баш Мыйзамы, укуктары бузулуп, кен байлыгы тонолуп, табияты талкаланып ууланып, эли жабыркап, келечегине доо кетип жатышын токтотмок тургай, тескерисинче  аны калайык-калктан жашырып-жаап,  мындай абалды  узартуу менен алектенип жүрүшкөн экен.

 

Элден эмне маалымат жашырылууда?

 

2010-жылы 7-апрелде өздөрү Ак үйгө уюштурган чабуулдагы 90дой адамдын каны аркылуу бийликке келгендер 4 жыл бою 2003-жылы мамлекетибизге жасалган чыккынчылык боюнча үн катпай, аны жаап-жашырып келишкен. Көрсө, КР Кылмыш кодексинин 67-беренеси боюнча өзгөчө оор кылмыш жасагандарды кылмыш  жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү 10 жылды түзүп, жогоруда аталган кылмыш боюнча жоопко тартуу мөөнөтү 2013-жылы 31-декабрда аяктаган экен. Ушул учурга жакындатып, 2013-жылы сентябрда гана башкы прокуратура Н.Танаевге, о. эле мамлекеттик кызмат ордун ээлебеген, бирок 2003-жылы Торонтодо сүйлөшүүлөргө катышкан Айдар Акаевге (атасы үчүн баласы жооп берген мыйзам жок болсо дагы) жана саясий чечим кабыл алууга катышпаган  тоо-кен инженери Д. Камчыбеков сыяктуу 4 адамга кылмыш ишин козгогон.

2014-жылы 15-январда ЖКда коррупциялык кылмыштар боюнча мөөнөтү өтүп кетти дегенди алып салуу боюнча мыйзам долбоору каралып, өздөрүн актоо  ишараты жасалган.  Бул долбоорго 44 депутат "макул", ал эми  55 депутат "каршы" болуп, мыйзам кабыл алынбай калган. Ошентип, аталган кылмыш иши "мөөнөтү өтүп кетти"  деген шылтоо менен жабылган.

 

Ошондон бери “канадалыктар биздин 3 млрд доллардан ашык суммага алтыныбызды казып кетишти” деп буга байланыштуу маселени  Максат Бутаев жана Бакыт Стамов талдоого алышкан. (“Деньги и Власть” /ДиВ/, 2014, 24. 01). Андан бери деле канчалаган алтыныбызды казып кетип жатышат!

 

Ал эми кыргыздар  бири бири менен бийлик ыйгарым укуктарын талашып жаткан маалда – 2006-жылы 8-ноябрдын түнүндө Конституциянын К.Бакиев жана ЖК депутаттары башы, аягына кол коюп бекитишкен текстине  мурдагы долбоордо жок “Земля и другие природные ресурсы также могут находиться в частной собственности” (ст. 4, п. 5) дегендеги "и другие природные ресурсы" деген сөздөр уурулук менен киргизилип калганын Чоюн Өмүралиев жазган. (КТ, 2014, 25. 04).

 

Мунун "Кумтөргө" байланыштуу экени боюнча бийлик  бизден – өз элинен жашырып келген дагы бир маалыматка көңүл бурсак. Буга чейинки келишимдерге кол койгон жана "Центеррадагы" бардык иштерди аныктап келген "Камеко" мурдагы коррупциялык иштеринин бети ачылып калышынан чочулап, 2009-жылы 31-декабрда өзүнө таандык болгон бардык акцияларды Торонтодогу биржада сатып жиберип, "Центерранын" акционерлеринин катарынан чыккан. Андыктан "Центерранын"  32,75 % акциясына ээлик кылган Кыргызстан башкы акционер болуп калган. Буга байланыштуу Кыргызстан 3 жыл бою "Кумтөрдү" башкарып, "Центерранын" штаб-квартирасын Торонтодон Бишкекке же башка бир шаарга которуп ала алат болчу деп талдап жазган ЖКнын "Кумтөр" боюнча  комиссиясынын ишине катышкан көз карандысыз эксперт Гани  Абдрасилов. (ДиВ, 2013, 17. 05; Объектив, 2013, 16–22. 05). Бирок, биздин бийлик бул маалыматтарды да  элден жашырып, "Центеррага" мурдагыдай эле биздин алтынды каза берүүгө шарт түзүп берип койгон.

 

Ал эми башкача өңүттөн алганда, жогоруда айтылган  тексттин Конституциябызга уурулук менен киргизилиши жана андан кийин "Камеконун" өз акцияларын сатып, чыгып кетиши "Центерра" жеке менчик "Кыргызалтын" ААК менен биригип, Кумтөр кенин ага жакын жайгашкан Кан-Теңир тоосу менен кошо өз менчигине алыш үчүн жасалганы даана сезилип турат. Анткени, биринчиден, “Кумтөргө” караганда Кан-Теңирден алысыраак жайгашкан Үзөңгү-Кууштун шылтоосу менен А.Акаев Жердин Башкы энергетикалык борбору болгон  Кан-Теңир тообуздун бир бөлүгүн Казакстанга, бир бөлүгүн Кытайга берип койсо, Каркыранын Алматыдан Кан-Теңирге барчу жол жайгашкан бөлүгүн казактарга берип койгон К.Бакиев Кан-Теңирди да бөлүшпөс болуптурбу; экинчи жагынан, эгерде "Кыргызалтындын" акцияларына КР ээлик кылган болсо, анда Кыргызстан "Центеррага"  кошулуп өз менчигин кайра өзү менчикке алат беле?! Демек, мында  "Кыргызалтындын" жеке акционерлерге таандык экендиги мааниге ээ болуп турат.

 

А бирок, Кудай бизди сактап,  2010-жылы бийлик алмашып, Кан-Теңир тообуз “Кумтөр” менен кошо канадалык “Центерранын” атынан  дүйнөлүк мафиянын менчигине өтпөй калган. Кийин Конституциябыз да өзгөрүп калды.

 

"Центерра" менен сүйлөшүүлөр создуктурулууда

 

Азыркы "Центерра" менен сүйлөшүүлөр узакка создуктурулган шартта КР Өкмөтү  өзүнүн 2013-жылдын 11-ноябрдагы № 608 токтому менен  чет өлкөлүктөргө КРда кыймылсыз мүлктү менчикке сатып алууга жана жерлерди 49 жылга ижарага алууга укук берген токтомун кабыл алган жана ага Ж. Сатыбалдиев кол койгон. Бул токтом менен КР Өкмөтү "Кумтөрдү" Кан-Теңир тоосу менен кошо жеке менчикке ала албай калган "Центеррага" ал аймакты 49 жылга ижарага алууга мүмкүнчүлүк берип  салды.

 

Ошентип, бизде улам алмашып келген бийлик канадалык ишкерлер менен тил табышып, биргелешип мамлекетибиздин кызыкчылыгына каршы иштешип келүүдө. Анын себебин төмөнкүдөн улам түшүнүүгө болот.  “Кумтөрдүн” ишине кийлигишпесем 200 миң доллар сунушташкан”,- дейт  Люстрация кыймылынын ордо кеңешинин мүчөсү Ж. Шамыралиев. ("Көк Асаба", 2012, 4. 07).

 

“Кумтөрдөн уккан, көргөндөрүңүздү 50 жылга чейин мамлекеттик сыр катары  эч кимге айтпаганга убада бересиз” деген кагазына кол койбой, Динара Кутманова “Кумтөрдөгү” экологиянын кыйраган  абалын айтып чыкты. ("Учур", 2013, 04. 04). "Мага деле "көргөн, билгениңди айтпа, элге жарыялаба" дешип, беш жолу 100 млн долларга чейин акча сунуштап келишкен" дейт Садыр Жапаров. ("Майдан.kg",  2013, 04. 09). Демек,  "кийлигишпе", "айтпа" деп жүз миңдеген, жүз миллиондогон доллар сунуштап жатышса, алардын иштегени үчүн шарт түзүп берип жаткандардын ставкасы канча болду экен? Бекеринен С. Жапаров "Ак Үй "Кумтөрдөн" жылына 3 тонна алтын доля алат" деп айтпагандыр да. ("Арена kg", 2014, 23.01).

 

Ал эми мамлекетибиздин казынасына "Кумтөрдөн"  бюджеттин 5 % өлчөмүндөгү салыктан башка бир сом да, бир грамм алтын да түшпөй келген эле. Анткени, алтыныбызды казуудан мамлекет алууга тийиш болгон үлүштүн бир бөлүгү "Кыргызалтындын" жеке акция ээлерине дивиденд түрүндө түшүп келсе, башка бир бөлүгү биздеги бийлик төбөлдөрүнүн капчыгына түшүп турган деп айтууга толук негиз бар. Анык коррупция.

 

“Центерра” менен сүйлөшүүлөр боюнча Макулдашуу парламентте каралар алдында  2014-жылы 31-январда ЖКда "Ата мекен" партиясы өткөргөн коомдук угууга катышып калган элем.  Анда "Кыргызалтындын" акционерлери кимдер?"  деген суроо берилип, ага  "акционерлер кимдер  экенин "Центерра" да билбейт, алар жөнүндө маалымат алуу үчүн маалыматтык коллекторго кылмыш ишинин сотто каралгандыгы  боюнча  чечимин берип, сураш керек" деп айтылган. Демек, Кыргызстандыкы деп айтылып жүргөн акцияларга ким ээлик кыларын билүү үчүн  бул маселе бизде адеп сотто каралууга тийиш экен. Ошондон кийин алгач Д.Жапаров, кийин Токон Мамытов "Кыргызалтындын" бир гана Кыргызстан деген акционери бар экендигин айтып  жүрүшкөн эле.

Аталган отурумда "Кыргызалтындын" директору Дилгер Жапаровдун "Кумтөр голд компанинин" да директорлор кеңешинин төрагасы экени айтылды эле, премьер-министр Ж. Сатыбалдиев муну биринчи жолу угуп жатканын айтты. Кызык... Бир жылдан ашык мезгилден бери "Кумтөр" менен алектенип жүрүп, анын муну билбесине  ишенүү кыйын.

Март айынын аягында "Кумтөр голд компаниден" (КГКдан) 200 млн долларды КР Өкмөтү менен макулдашпастан "Центерра голд компаниге" дивиденд төлөөгө которуп жибергендиги үчүн Д.Жапаров камакка алынды. Мында алгач Д.Жапаровдун КГКнын директорлор кеңешинин төрагасы экендиги элге атайын жарыя кылынган эле. Ошол эле учурда "Кумтөр" долбоорундагы пияздай кабатталган  компанияларда КГКдан "Центеррага" дивиденд үчүн акча которулууга тийиш экендиги, аны которууга  директорлор кеңешинин төрагасы ыйгарым укуктуу экендиги да күмөн жаратат. Акча которуу КГКнын өз жетекчисинин милдети эмеспи. Бул окуяларды жогоруда айтылган Г. Абдрасиловдун билдирүүсүнө жооп иретинде жасалган балит технология  оюндары катары эле  түшүнүүгө болот. Анткени, "Кумтөрдү" Кыргызстанга башкартуу жана "Центерранын" штаб-квартирасын Бишкекке которуу канадалык шылуун ишкерлердин кызыкчылыгына туура келбейт да.

 

Экинчиден, Кыргызстанга коюлган доо арыздар үчүн КРнын атынан "Кыргызалтынга" таандык делген акцияларга арест салынышы да Кыргызстанга карата жасалып жаткан балит технология оюндарынын бири болду. Эми болсо Т.Мамытов "Кыргызалтындын" акцияларына арест салынышы туура эмес, анткени алар Кыргызстандыкы делгени менен жеке менчик" деп айтып жатты. Элди канчалык алдашканы менен турмуш өзү айгинелеп койду. "Шибегени капка ката албайсың" деген ушу да.

 

Табиятыбызга зор зыян келтирилди

 

"Кумтөрдү" иштетүүдөн ошол аймактагы  табият зор кыйроонго учурады, экологиябызга эбегейсиз зыян келтирилди. Ал зор зыяндын негизги себеби канадалык ишкерлер менен келишимдердин паритеттүү, б. а. тең укуктуу эмес шарттарда, Кыргызстандын укугун кемсинтүү менен түзүлгөнү болду. Экинчиден, кенди казып, иштетүүдө канадалык ишкерлер биздин мыйзамдарды юридикалык, экономикалык жактан эле эмес, техникалык жактан да бузуп келишет. Алар биздин эле мыйзамдарды бузбастан дүйнөдө жалпы кабыл алынган эл аралык техникалык, экологиялык нормаларды да одоно бузуп, каалаганын жасашты. Алсак, экологиялык системага азыраак зыян келтирилүүчү кенди жер астынан казып алуунун ордуна, алар жерди үстүнөн жардыруу аркылуу казып жатышат. Бийиктиги 120 – 130 метрге чейин жеткен жардырууларда туш-тушка чачырап түшкөн тоо-тек бөлүкчөлөрүндөгү сурьма, кадмий, арсений, мышьяк сыяктуу  ар кандай улуу заттар жана алардын  улуу кошулмалары  жалпы эле ошол аймактагы мөңгүлөрдүн үстүнө  түшүп, алардын эрип жок болуп кетишин тездетүүдө. Ал уулуу заттардын иондору, о. эле радиоактивдүүлүк да аба аркылуу тарап жатат.

 

Кенди жер үстүнөн казуунун дагы бир кесепети – алтын жаткан катмарга чейин казууда келип чыккан тоо-тек казындыларынын өтө көп болушу. Тоо-кен тармагы боюнча адис Исакбек Торгоевдин айтуусу боюнча 1 тонна алтын өндүрүү үчүн 34-35 миң тонна калдык чыгарылып,  анын 20 % - уулуу химиялык заттар экен. (Zаман  Кыргызстан. 2014, 07. 11).  Кен казылып жаткан 17 жылдан бери Асман тиреген тообуздун ордунда оңурайган терең оюк пайда болду. Өндүрүш калдыктары менен кошо ал тоо-тек казындылары мөңгүлөрдүн үстүнө ташталып, аларды  эритип, жок кылууда. Натыйжада Петров, Давыдов деп аталган мөңгүлөр биротоло жок болду, башкалары да жок болууда. Уулуу заттардын эритиндилери төмөндө жер астынан сызылып чыгып, ошол жакта Кумтөр суусу түрүндө башталып жаткан Нарын дарыясына кошулууда. Ал эми Нарын дарыясы анын боюндагы кыргыздарды  гана эмес,  төмөнкү агымында Сыр-Дарыя аталып, дээрлик бүтүндөй Фергана өрөөнүнүн элин суу менен камсыз кылып турат жана Казакстан аркылуу Аралга чейин жетет.  Демек, Нарын дарыясына уулуу заттардын кошулуусу ал жакта жашаган элдерге да коркунуч келтирүүдө.

Табияттын бузулушунан барыдан мурда  адамдар зыян тартууда. Республика боюнча  Ысык-Көл областы майыптардын көп болушу жагынан биринчи орунда турат жана майып адамдар 12 миңди түзөт. Майып төрөлгөн балдар көбөйүүдө. (Жаңы агым, 2014, 21. 02).

 Экологиялык зыян боюнча 2013-жылы 7-сентябрда  төмөнкүдөй аян кабыл алып жазган элем: "Жаратылышыңарга чоң зыян келтирилди. Кумтөр кенин иштетүүнү биротоло токтотушуңар керек.  Өзүңөр иштетсеңер деле зыяндар улана берет. Шамбала Кайыптар дүйнөсү, Жердин Башкы энергетикалык борбору болгон Кан-Теңир тооңор үчүн  да өтө зыяндуу. Жана акыры келип эле бүткүл Жер планетасы үчүн зыяндуу".

 

Ошондо "Кумтөр" жабылууга тийиш" деп макала жазган элем. (Азия Ньюс, 2014, 09. 01). Ал эми соңку күндөрдө Ж. Сент-Илер деген ылакап ат менен Елена Рерих жазган "Криптограммы Востока" деген  китептеги "Алтын" деген чакан макаланы  улам эле ачып, окуп калып жаттым. Көрсө, Кайыптар дүйнөсүндөгү аталар мага аны ачып, окуттуруп жатышкан экен. Анда төмөнкүдөй жазылган эле: “Золото. Уявлен газ, разрушительный для планеты. Чистое золото содержит его. Удержать его надо. Конечно, камни и металлы наиболее связывают человека с недрами планеты и могут быть очагами заразы.  Широкое почитание золота заставило обратить  внимание на него. Посредством сложных изысканий пытались  приложить воздействие  золота на различные проявления Космических сил.

 

Не было сомнения, что этот металл  особенно насыщен сильными эманациями света и золотые жилы сообщают  явления астрального света недрам земли. Потому, если мир астральный в порядке, роль золота может быть даже  благодетельна. Но именно этот проводник может обратиться в нить к взрыву.  Можно представить, как легко этот металл может передать коричневый газ, сгущенный безобразием Астрала.  И дух окажется взрывателем  и возбудителем вулкана." (Аталган китеп. М., 1993. 66).

Демек, алтын казып алуунун  бүткүл планетабыздын чаңын Асманга сапыргыдай зыян алып келиши мүмкүн экендиги жөнүндө мындан 100 жылдай мурда эле Е.Рерих аян түрүндө жазган экен.

 

Ал арада очогу Кумтөргө жакын жайгашкан аймакта 14-ноябрда – 7 балл жана 7-декабрда 3 балл болгон эки жер титирөө болуп, бизге  эскертүү берилип жатат. Мындай жер титирөөлөр да Кумтөр үчүн  коркунуч жаратат. Анткени, "Кумтөрдө" иштелип чыккан суулар сакталуучу Петров көлүнүн төмөн жагында  өндүрүштөн чыккан уулуу  калдыктар сакталуучу эки жай бар. Эгерде Петров көлү жырылып кетсе, андан чыккан суу уулуу заттарды төмөн агызып, ал суу Нарын дарыясына кошулуп кетиши ыктымал. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жер титирөө жөнүндө радио аркылуу маалымат бергенде (2012, 18. 11) "Кумтөр" боюнча суроо берсем, "ал жакта иштегендердин маалыматы боюнча баары жайында"  деп жооп берди Шамырканов У.М.  Өздөрү барып текшерген эмес экен. Ылайым эле "баары жайында" болсун.  Бирок, ал жактагылардын айткандарына да ишенип болобу? Карышкырга кой кайтарткансып. Жер титирөөлөр мындан ары да болуп тураары айтылууда. "Сактыкта кордук жок дегендей", сак бололу.

 

Азыркы учурда бир жагынан жалпы суммасы 1 млрд доллардай болгон  10го жакын доо арыз Торонтодогу  КР акцияларына тап берип турушат. Экинчи жагынан,  "Кумтөрдү" улутташтырууну жактагандар да бар. Улутташтырууга барсак, бери дегенде 3,5 млрд доллар компенсация төлөп, чоң зыян тартып каларыбыз айтылууда. ЖКда "Кумтөр" маселесин кароону дагы бир аз узарта турууну суранышты Өкмөт мүчөлөрү өткөн жумада.  Канадалыктар Торонтодо жатып алып, бизге өз талаптарын коюп жаткандай. Кандай болсо да алар Кан-Теңир тообузду ээлеп калуу маселесин  коюп жатышкан болуу керек.

 

Бирок, жогоруда келтирилген аянда айтылгандарды да эске алуу зарыл. Ал аяндар Шамбала  Кайыптар дүйнөсүнөн берилген. Биз, адамдар ашынып, чектен чыгып баратабыз. Ал эми Улуу Рухтар да сакчылыкта турушат. Алар биздин ар бирибиздин ойлогон оюбузду да сезип-билип турушат. Алар "Кумтөрдө" мындан артык кыйроонго жол бербеши да турган иш. Андыктан "Кудай урган турат, арбак урган турбайт" деп айтылганды да эске алуубуз зарыл.

 

Жакынкы эле жылдары Таласта Кароол чокуну алтын алабыз деп казган грузиндер аягында баса албай, замбилде көтөртүп кеткен эле. Алар эбак эле набыт болгондур.

 

Мында айтылгандардан улам, бизде жакын арада "Кумтөрдү" жабуудан башка жол жок. "Кумтөрдү" жабуунун башкы себеби – жаратылышыбыздын талкаланып, зор зыян келтирилип жатышы болууга тийиш. Андыктан биздин мамлекет жаратылышыбызга келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү талабын канадалык ишкерлердин алдына коюуга тийиш. Бул учурда азыр сотто каралууда турган Мамэкотехинспекция тарабынан коюлуп, жоболорду бузуу менен көп эсе азайтылып эсептелген 21 млрд сомдун ордуна көз карандысыз эксперт Динара Кутманова тарабынан КР Өкмөтүнүн 2011-жылы 19-сентябрдагы № 559 токтому менен бекитилген методика боюнча эсептелген 444 млрд сом болгон доону коюу менен биздин эле сотто соттоп, төлөтүү керек. Биз ушинтип гана өз мамлекетибизди басмырланган абалдан чыгарып, өлкөбүздө акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө  ата-баба арбагы жана урпактарыбыздын алдында милдеттүүбүз. Мен өлкөбүздүн жарандарын ушу милдетти ишке ашырууну бийликтен жапырт баарыбыз талап кылалы деп чакырып турам. Демократия аралчасы болгон өлкөбүздө элибиздин маалымат алуу боюнча укугу басмырланып, бийликке тең келе албай турат. Андыктан бул макаланы окугандар улам өз тааныштарына айтып билдирип, маалыматты бири бирибизге сөз аркылуу жеткирип туралы. Болбосо, бир гезитке чыккан макала бүткүл элге жетпей калат экен.  Муну биометрикалык маалыматтар боюнча деле көрүп жатпайбызбы. "Битке өчөшүп, көйнөгүңдү отко салба" дегендей, Кайыптар дүйнөсүндөгү аталарыбыз бизди бул жагынан да коргоого алып жатышат.

 

Гүлсара Мамбеталиева

Булак: “Майдан.kg”, №047-048 (176-177)