Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2138

“Кеп чынынан бузулбайт”,- эмеспи. Кыргыз бийлиги куру шаңдануучулуктан кутулбады, куру убадалар менен элди алдап, көкөй кескен маселелерди чечүүгө келгенде президент парламенттик башкарууга өткөнүнө байланыштуу Жогорку Кеңешке түртсө, парламенте депутаттар президенткеби, же аткаруу бийлигинеби, ошол маселени карап көрүүнү жалооруп кат жөнөткөндөн башка талап коё албай келет.

 

Президенттинби, Жогорку Кеңештинби, сот бийлигининби  кол тийгис укуктары кеңири иштелип чыкканы менен алардын тиги же бу иште туура эмес аракети же аракетсиздиги боюнча жоопкерчилиги мыйзамдык жактан такталып көргөзүлгөн эмес. Ал эми аткаруу бийлиги ороюраак айтканда – “эки эрлүү аялга” окшоп калды. Бул бийлик бутагында кадрлар партиянын, парламенттин жана президенттин тандоолору менен кызматка жайгаштырылышы өкмөттү алсыздандырып гана тим болбостон, башаламандыктын туу чокусуна жеткирип койду. Ошентип өкмөттүн ишмердүүлүгүнө премьер-министрдин жоопкерчиликсиз мамиле жасоосуна шарт түздү.

 

Мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык жана аскердик-согуштук кубаттуулугунун жогорку деңгээлге көтөрүлүшү негизинен аткаруу бийлигинин натыйжалуу ишмердүүлүгүнө жараша болору өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасынан белгилүү. Партия мамлекеттин саясий-идеологиялык багытын гана аныктоого тийиш. Ансыз бийликтин бардык бутактарынын шал канат болуп каларын турмуш өзү тастыктап отурат. Алып көрөлүчү, акыркы үч эле жылдын ичинде канча министр алмашылды? Бул алмашуулардан өлкөдө кандай алга жылыштар болду? Экономикалык жактанбы, социалдык багыттанбы, эч кандай өзгөрүүлөр байкалган жок. Себеби эмнеде?

 

Мында мамлекеттик жашыруун сыр деле жок. Премьер-министр күчтүү командасын түзө алган жок. Түзө да албайт, анткени Өкмөт башчысын парламент бекитет, иштен кетирет. Ал кадрларды тандап ала албайт, парламент таңуулаган кадрлар Өкмөт башчысына көз каранды эмес, таянганы өзүн министрликке бекиткен парламенттеги партия. Кадрлардын жөндөмсүздүгүнө жоопкер эмес. Ал эми ишин жөндөп кете албаган министрге колдоо көргөзгөн партия да буга жооп бербейт. Ошентип кагаз жүзүндө коалициялык бир Өкмөт бар, чынында коалицияда төрт партия болсо, Кыргызстанда төрт Өкмөт бар десек жаңылыштык болбос. Партиялар папка талаштын ана башчыларын айланышынан улам кирешелүү орундар көшөгөнүн артында соодалашууга алып келип жатпасын? Коррупция ушундан улам күчөбөйт деп ким кепилдик бере алат?

 

Жогорку Кеңеш мансап бөлүштүрүүнүн очогу

 

Парламентке депутаттыкка ат салышкандар: “мен депутаттык мандатка ээ болсом, кыргыз элине ат көтөргүс кызмат кылам”, - деген сулуу, нары жылуу сөздөрүн көп угушат. Эл байкуш кантсин, ушул убадасын аткарар бекен деп үмүт менен аларга добуш берип келишет. Максатына жеткенден кийин алар берген убадаларын унутуп коюшабы, саясий маселелерден жадашабы, айтор, “конкреттүү иш аткаргысы келип”, министрлик кызматка, болбой калганда акчасы арбын мамлекеттик ири мекемелерден орун ээлөөгө ат салыша баштайт. “Кокуйдун кошкон кошогу а-ай”, алардан билими десең билими, ишмердүүлүгү, ар ишке жоонкерчилиги, эрудициясы, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон, адамдык сапатын акчага же мансапка сатпаган абийири жогору миңдеген мыкты кадрларды тандап таап кызматка койсо болбойбу.

 

Тетирисинче, биздин парламент мансап бөлүштүрүүнүн очогуна айланганын ачык айталы. “Капка шибегени каткан” ЖоКебиз жана партиялар кадрларды жайгаштырууда “жаман да болсо өз улагымдан теке салам” принцибин бекем кармагандыгын баса белгилейли. Элибиз аларды министрлик кызматка эмес, эл өкүлчүлүгүнө – депутаттыкка добуш беришпеди беле? Менимче, депутаттык мандатка ээ болгондор мөөнөтү бүтмөйүнчө башка кызматка көтөрүүгө партиянын да, парламенттин да укуктарына чек коюу зарылдыгы келип чыкты.

 

Бул пикирге бекеринен келип жаткан жокпуз. Мисал келтирели. Мурдагы депутат Т.Мамытов күтүүсүз жерден парламенттен чек ара аскер кызматынын жетекчилигине которулду. Вице-премьерликке жетти. Эми алтын тармагын чапчыды. Буга эч ичи тардыгыбыз деле жок. Ортобузда бөлүшө албай жаткан байлыгыбыз болгон эмес. Бирок бул адамдын бир кызматка туруктуу иштебей, улам орун которуштуруунун себеби эмнеде? Ушунчалык кымбат кадр болсо, анын чек ара кызматында, вице-министрликти аркалаганда кандай зор иштерди аткарганы неге элге билинбей калды? Же өз милдетин аткара албай калдыбы? Бир адамдын кызматтан тез-тез которулушу өзүнүн кызмат милдеттерин аткара албагандыгынан болуп жүрбөзүн? Кызматта орун алмаштыруунун түпкү сырын ачыкка чыгаруу айкындуулук болмок жана бул адамга болгон элдин күдүк пикирлеринин  кайсынысы туура экендиги да аныкталмак.

 

Парламент партиялардын мансап талашкан уюгуна айланбашы зарыл. Шайлоодо ат салышкан партиялардын алдыңкы экөөсүн алтернативалык түрдө кайрадан ат салышуусун камсыз кылуу зарыл. Жеңген партия гана Өкмөттүн курамын түзүүгө тийиш. Булл Кыргызстандагы жаандан кийин жамыраган козу карындай партиялардын биригишине шарт түзөт. Региондук бөлүнүүгө чекит коет. Мамлекетибиздин биримдүүлүгүн чыңдоого өбөлгө жаралат. Бизде мындан башка ишенимдүү жол жок экенин “парламенттик башкаруу” принциби көргөзүп койду.

 

Жаштарга кезек келчү күн барбы?

 

Дүйнө жүзүндө калктын саны аз мамлекеттердин бири экенибизди тана албайбыз. Өкүнүчтүүсү, өлкөнүн экономикалык потенциалын көтөрө турган ишкерликке караганда, эки-үч адамга болсо да “началникмин” деп “папке” кармоо адатка айланды. Калктын жашоо-деңгээлин көтөрүүгө каражаттын таңкыстыгы астрономиялык даражага жетти деп калп эле каңырыгын түтөөнүүнү бийлик модага айландырууда. Беш миллион калкынын бир-бир жарым миллиону жумушсуздуктан айынан Казакстан, Орусия жергесинде өмүрүн жана келечегин кылга байлап, кулдукта жүргөнү баарыбызга белгилүү. Булардын баары иш десе ишке тойбой турган негизги жумушчу күчү. Эгерде чечкиндүү чара көрбөсө, дагы он-он беш жылдан кийин Кыргызстан жалаң «карылардын» өлкөсүнө айланары шексиз. Бул опурталдуу көрүнүш.

 

“Жылкыбызга карап, мурдубузга ченеп ышкырбай” ушул абалга жетип отурабыз. Айталы, алакандай кыргызга 120 депутаттын канчалык кереги бар? Мыктаса бизге 30-35 депутат деле көптүк кылат, демек, депутаттардын санын кыскартуу зарылдыгы келип чыкты. Туруктуу иштеген 20-25 депутат ЖоКеде жетиштүү эле болмок. Аларга эч кандай артыкчылык берүүнүн эарылдыгы жок.

 

Тарыхка кайрылалы. Эсил кайран СССРдин учурунда СССР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сессия учурунда орточо эмгек акысы сакталып, барып-келишине унааларга, мейманкаларга орундар брондолуп коюлуучу. Мамлекет ар бир депутатты автоунаа менен камсыз кылган эмес. Сессиядан тышкаркы мезгилде унаага жана мейманканага кезексиз билет алууга укук берген.

 

А бизде депутаттар кымбат баадагы жеңил авто менен камсыз болот. Күйүүчү жана майлоочу майы, ремонту, ал гана эмес мобилдик телефонунун бирдиктери мамлекет  тарабынан бөлүнүп берилет. Мындан тышкары, катчысы, кеңешчиси, жардамчысы бар. Депутаттардын төрттөн үчү кыскартылса, канча каражат үнөмдөлмөк. Бул каражаттарды жумушчу орундарын түзүүгө жумшаса элибизге канчалык пайда болмок.

 

Жер-жерлерде “мааракелер” тынымсыз өткөрүлөт. Ондогон жылкы, уй, койлор союлат. Башка учурда элге жолукканга “чолосу жок” чиновниктер, депутаттар ал жерге убакыт таап жете барышат. Юбилейдин «күнөөкөрүнүн» 120 жылдыгы болсо, ошончо боз үйдү айыл Өкмөттөрү таап тиктириши, конокторду тосушу керек. Боз үйдүн акысы да бар. Ошол каражаттар айылды көрктөндүрүүгө, же калктын жакыр катмарына жардамга берилсе канча муктаждыктар жоюлмак.

 

Атти-иң, “эл аралык стандарттагы мыйзам жазгандар” ушундай элемантардык маселени чечкенге убактылары жетишпей жаткан сыяктанат.

 

Илгери бир жогорку окуу жайынын бир окутуучусу “азыркы студенттер окубайт” деп зар какшай бериптир. Ошондо Салижан Жигитов агайыбыз: “Сабыр кыл, сөзүңө жооп берейин. Кыргызстан боюнча он миңден ашуун мыкты уул-кыздарыбыз келет. Ошолордун ичинен 50 жалкоолорун, келесоолорун тандап алсаңар, алар окумак беле?” - деп кепке жыгыптыр. Биздин парламентке ушинтип катыра жооп берер Салижан Жигитовдордун жоктугуна ич күйөт да, ич күйөт.

 

Алдыда кайрадан ЖоКеге шайлоого эмитен даярдык көрүлүүдө. Эмики шайлоодо добуш берген мандатыңарды министрликке алмаштыра турган “парламенттин Жамийлаларынан” сак бололучу. Абайлап добуш берели.

 

Эртабылды АТТОКУРОВ

Булак: “Майдан.kg”, №045 (174), 10.12.2014-жыл.