Хожу по кладбищу, читаю надгробные надписи.
Интересно, а где похоронены негодяи и сволочи?
«Пшекруй»
 
7 - ноябрь , жума күнү «Алиби» гезитинин кезектеги жаңы саны жарыкка чыкпай калды. 6-ноябрдын түнүндөбү же таңындабы, айтор кошуналар кызуу уйкуда жаткан мезгилде Бишкек шаарынын чок ортосундагы Токтогул менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан редакциянын кеңсесинин эшигин талкалап, белгисиз бирөөлөр анын ичине киришкен. Эртең менен жумушка келген редакция кызматкерлери талкаланган эшикти, башкы редактордун кабинетиндеги туш келди чачылган кагаздарды, демейде бурчта туруп, бүгүн кабинеттин ортосунда чалкасынан жаткан сейфти көрүп эле мага кабарлашты. Мен эч нерсеге тийбей туруп Биринчи Май райондук милиция башкармалыгына жана массалык маалымат каражаттарына кабар берип, ыкчам группа чакыруу керектигин айттым.
 
Мен редакциянын кеңсесине келгенде кеңсе ичи кумурсканын уюгундай кыжылдап, милиция кызматкерлери менен журналисттерге толуп чыгыптыр. «Уурулар» редакциянын ичине сырткы эшикти талкалап киргени бир көргөндө эле маалым болду. «Алиби» гезитинин редакциясына жасалган «чабуул» жөнүндө бири-биринен уккан гезиттин кайдыгер эмес окурмандары бүгүнкүгө чейин телефон чалышып, бул окуяны уюштургандар бийлик экендигин баса белгилешүүдө. Эл болгондон кийин чыкпай койбойт экен, «өзүн-өзү пиар кылыш үчүн муну Жээнбеков өзү эле уюштурду»-дегендер да жок эмес. Ар бир адамдын өз оюн ачык айтуу укугун эске алуу, алардын ар биринин пикирин сыйлоо менен «Алиби» гезитинин кеңсесин талкалап кирүү кимдерге керек экендиги тууралуу ой учугун чубап көрбөйлүбү. « Алиби » гезитинин түптөлгөнүнө быйыл жети жылдан сегиз жылга аяк басты. Гезит алгачкы санынан баштап эле оппозициялык маанайды карманып, Бакиевдердин үй-бүлөлүк авторитардык бийлигин жеберине жеткире сындап, ошол убактагы оппозиция лидерлери Ө. Текебаевдин, А. Бекназаровдун, Т. Тургуналиевдин, А. Атамбаевдин, Р. Отунбаеванын, А. Жекшенкуловдун, Э. Каптагаевдин, И. Исаковдун, Болот Шердин, Э. Булекбаевдин жана башка жүздөгөн, миңдеген Бакиевдердин каршылаштарынын ой-пикирлерин, чакырыктарын карапайым калың калкка үзгүлтүксүз жеткирип турган жападан-жалгыз маалымат булагы болгондугун эч ким тана албайт. Фактыны бурмалоо, жалган жалаа жабуу жолу менен «Алиби» гезити сот жообуна тартылып, анын башкы редактору катары мага кылмыш иши козголуп, Бакиевчилердин мени убактылуу кармоо изоляторуна отургузган учурлары дагы болгон. Гезитти 1 миллион сом доого жыгып, Бакиевдердин баш кесерлери кабинетке чейин ачык эле келишип, «гезитиңди чыгарууну токтотпосоң мууздап кетебиз» деп кекиртекке бычак такаган мезгилдерди дагы баштан кечиргенбиз. «Алибини» чөнтөк соттор аркылуу жапканда, бир жумага жеткирбей «Ачык саясатты», андан кийин «Назарды» чыгарып, аргасы түгөнгөн Бакиевчилер кудум бүгүнкүдөй кадамдарга барышып, «Ачык саясаттын» эшигин бузуп киришип, компьютерлерди талкалап кетишкен. 2009-жылкы президенттик шайлоо алдында «Ачык саясатчылар» экиге бөлүнүп, бири А. Атамбаевди, экинчиси Т. Сариевди колдоп чыгышып, натыйжасында «Эл сөзү», «Фабула», «Назар» сыяктуу курч оппозициялык гезиттер пайда болгон. 2010-жылдын башында баягы эле бакиевчилер «Ачык саясат» менен «Назар» гезиттерин баягы эле чөнтөк соттору аркылуу жаптырганда «Алиби» кайрадан чыга баштаган. Айрыкча, ал ошондогу Баш прокурор Нурлан Турсункуловдун шилтемеси менен бир күндүн ичинде жабылган «Ачык саясат» менен «Назар» үчүн да, өзү үчүн да А. Атамбаевдин «Форум» кеңсеси сыяктуу эле Бакиев бийлигинин оппоненттерине экинчи штаб болуп берген. 7-апрель күнү Талас шаарындагы ызы-чуу башталар алдында областтык ички иштер башкармалыгында бекинип отурган А. Жапаров, М. Конгантиев, И. Айдаралиевдер менен сүйлөшүүгө мен жөнөткөн беш өкүлдүн бирөөсү «Алибинин» баяндамачысы Машакбай Рахманкулов болгон. Тилекке каршы, революция жеңип, Убактылуу Өкмөт бийликти өз колуна алгандан кийин «Алибинин» аларга кереги жок болуп калды. 2010-жылдын 7-ноябрь - басма сөз кызматкерлеринин күнүнө карата Убактылуу Өкмөт айрым бир сайда саны жок, ал гана эмес убагында өздөрүнө каршы иштеген журналисттерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлап, андай сыйга «Алибинин» бир дагы журналисти татыган эмес. Керек болсо, Убактылуу Өкмөт Бишкекте болобу, Таласта болобу оппозициянын ишин күн-түндөп күжүлдөп жасап, «чарчадым-чаалыктым» дебей алдыга жылдырып жүргөн М.Рахманкуловго берген «Алиби» гезитинин сунушун өткөрбөй, анын мүчөлөрү өз көмөчтөрүнө күл тартып кетишкен.
 
Революция жеңгенден бери «Алибинин» журналисттери алакчыланып, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга чакырылбай келет. Бул эмнени билдирет? «Туурасын айтсаң, тууганыңа жакпайсың»-деген сөз бар эмеспи элибизде.Ошол сыңары, Убактылуу Өкмөтүнүн дагы, андан кийинки Техникалык Өкмөтүнүн дагы, алардын соңунан удаама-удаа келип жатышкан коалициялык Өкмөттөрүнүн дагы былыктарын былтыйта чукуп, Президенттин өзүм билемдигин өзөртө жазып жаткан «Алибини» алардын кимиси маңдайынан сылап, бешенесинен сүймөк эле? Антейин десең, бийлигиң түшкүрүң деле коркуткандын кулу турбайбы? «Кечке эле гезит аркылуу элге мокочо көрүнө бербей, бирди-жарым тың чыкмаларын өз боорубузга тартып, кызмат берсек, уялса да мизи кайтып, мурдагыдай ажылдабай калат»-деп ойлошот тура. 2012-жылдын аягында бир топ маалымат каражаттары «Кыргыз гезиттеринин биримдиги (КГБ)» деген бирикмени түзүп, ар кандай иш-чараларды баштадык эле, мага куда түшүп, биринен сала бири кызматка чакырышып, менсиз мамлекеттин иши токтоп калчудай болушкан. Керек болсо, Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өзү КГБнын мүчөлөрүн кабинетине чогултуп, менин мамлекеттик кызматка баруума алардан уруксат сураган. «Ары карап ыйлап, бери карап күлүп» дегендей, акырында КГБ мүчөлөрү Премьердин сөзүн жерге таштай алган эмес. Тилекке каршы, Өкмөт башчысы КГБнын мүчөлөрүнө берген убадасынын өтөөсүнө чыга албады. Бирок, ал иш үчүн Жантөрө Жолдошевичти күнөөлөгөн тура эмес болуп калат деп ойлойм. Себеби, күнөө Премьер-министрдин көрсөтмөсүн аткарууга келгенде, «ана-мына» деп алаксытып жүрүп, акырында «аласалдырып» жок кылган ошондогу катардагы вице, бүгүн 1-вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев экенин мен жакшы билем. Т. Сарпашев бүгүн кайсы гезиттерди «крышалап», өзүнө керектүү материалдарды чыгартып тургандыгы да белгилүү. Кандай болгон күндө дагы, мени монополияны жөнгө салу мамлекеттик агенттигинин жетекчи кызматына алып келгенине акыр аягында Жантөрө Жолдошевич өкүнө баштады окшойт. Өкүнбөгөндө кантет? Бир жагынан Президент «жанагы Жогорку Кеңештеги попугайдай сайраган уулу Равшан Жээнбековдун жаагын жаппайсыңар»-деп зекип отурса, экинчи жагынан анын «шоопуру» «Бабырбек Жээнбеков деген балакетти жогот» деп кулагынын кужурун алып отурса, анан алардын тегирменине Б. Жээнбеков өзү да суу куюп, «энергетика саясаты туура эмес жүргүзүлүп жатат», «өкмөттүн кант маселеси боюнча токтомуна каршымын», «экономика министрлигинин ун боюнча таможня пошлинасы элге кыйынчылык алып келет»-деп эки күндүн биринде каршы каттарды жазып, бир нерсе жасайлы десе эле тизгиндеринен тартып жатса, андайды ким эле жактыра берсин? Кантсе да, Жантөрө Сатыбалдиевдин уяты да, адамгерчилиги да бар экен «өзүм кайра-кайра суранып жатып алып келдим эле. Эми ийлеп-ийлеп итке салгандай болбоюн»-деп унчукпай калды эле, бошотоордон бир жума мурда «өзүм кетейин»-дегенде, «мен турганда кетпейсиз. Мага сиздей кишилер керек»-деген Жоомарт Оторбаевдин «шоопур» бир бакырганда «алласы» оозунан ыргып, мени бошоткончо шашты. «Мени күнөөлөбөңүз, шарт ушундай болуп калды»-деп айтканга жараган жок. Ошентип, «үй күчүк» болуп, жата бергенден тажап, туура 5 айдан кийин жытыбыз сиңишкен «Алибиге» келген эле күнү бийликтин дагы бир караөзгөй «сюрпризине» кабылып отурам. Кээ бирөөлөр айткандай же божомолдогондой «Алибинин» кеңсесине көчөдө жүргөн уурулар кирбегендигине мен башымдагы бөркүмдөй эле ишенем. Биринчиден, кеңсенин сырткы дубалында килейген жазуулар менен «Алиби» гезитинин редакциясы» деген жарнак илинип турат. Түн ичинде светтин жарыгы менен ал жазуулар дапдаана көрүнөт. Анан кадимки Апенди айткандай «түн ичинде силер чырак менен эмес, күндүз өзүм эч нерсе таппаган» үйдөн, б. а. редакциядан кайсы акылынан айныган ууру «бир нерсе табам же алам»-деп кирет?
 
Экинчиден, мейли кирген «ууруларды» «акылынан адашкан немелер» деп эле коелу. Андай болсо, үч жылдан бери ачылбаган сейфти ары-бери тоголотуп, убара тартпай эле илинип турган 20 миң сомдук жаңы телевизорду, столдордо турган компьютерлерди көтөрүп кетишпейби. Же азыркы уурулар, эрмек үчүн эшик талкалап, кагаздарды ары-бери чачып ойноо менен алек болуп калышканбы? Жолуң болгур «современный уурулар» десе..
 
Үчүнчүдөн, башкы редактордун кабинетинде, бурчта, турган «советтик сейфтин» кабинеттин ортосунда чалкасынан жаткандыгы да кеңсеге жөн «уурулар» кирбегендигинен кабар берет. Себеби, зилдин ташындай болгон оор бул сейфти 5-6 киши болбосо ордунан козгоо мүмкүн эмес. Качантан бери көчөдөгү уурулар кагаздан башка калпып алаар эч нерсеси жок редакциянын имаратына 5-6 кишиден топтошуп кирип калышкан?
 
Төртүнчүдөн, башкы редактордун столунун үстүндөгү самандай сапырылган кагаздар, журналисттердин бардыгынын столдорунун тартмаларындагы кагаздардын аралашып калгандыгы бир гана версиянын чындыкка жакын экендигин айгинелейт. Ал версия-6-ноябрдын таңында «Алиби» гезитинин кеңсесине кирген «уурулар» бийликтин тапшыруусу менен келгендер.Бийлик «Алиби» гезитинин 4-ноябрдагы санынын биринчи бетиндеги Орусиялык белгилүү эки «абысынды» туураган өлкө башчысы менен өкмөт башчысынын коллажын, аны коштогон К. Мамыркулованын «Унутулган убадалар…» аттуу аналитикалык материалды, АКШнын элчиси Памелла Спратлендин «Россия менен өнөктөштүктүн тереңдеши Кыргызстандагы демократияны колдоодо көйгөйлөрдү жаратат»-деген билдирүүсүн, Азимбек Бекназаровго арналган бетти чагылган ургандай кабыл алгандыгы айтпаса да түшүнүктүү. Карапайым калк үчүн күйүп-бышып, алардын көйгөйлөрүн чечүүнүн ордуна буларың бар күчүн журналисттерге асылууга, «Алиби» сындуу гезиттердин кеңселерин талкалап киришип, кагаздарды сапырып, өздөрү жөнүндө компроматтарды издөөгө, кеңселерге тыңшагыч аппараттарды орнотуп кетүүгө, анан токтотууга алдары жетпей баратканда ар кандай айыптоолор менен каматууга биротоло өтүп алышпадыбы. Адамча сүйлөшүп, адамча маселе чечүүдөн калгандары качан бул бийликтин.
 
Пролетариаттын жол башчыларынын бири Карл Маркстын «Капитализм өз көрүн өзү казат»-дегенин универститетте окуган элек. Акаевдер менен Бакиевдер дагы өз көрлөрүн өздөрү жакындарынын жардамы менен казышкан. Бүгүнкү бийлик болсо алаңгазар аткошчулары менен сабатсыз «шоопурларынын» колу менен казып жатат.
 
Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ,
башкы редактор
Булак: "Алиби", № 83, 11.11.2014