“Кумтөр” кени боюнча ачуу чындыкты айтып, камалып, депутаттык мандатынан ажыраган К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытовго анда “орден” бериш керек беле?!

 

2012-жылдын 3-октябрында Бишкекте “Кумтөр” алтын кениндеги коррупциялык көрүнүштөргө, аны иштетип жаткан канадалык шылуундарга каршы “Ата-Журт” партиясынын тынчтык митинги ар кандай провокациялардын айынан ызы-чуу менен аяктап, жыйынтыгында үч депутат камакка алынып, дээрлик 9 ай абакта жатып, акырында “Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет” жасаганы үчүн соттолуп, депутаттык мандаттан ажыратылган болчу.

 

Ошол кезде бул үч депутат кандай маселелерди көтөргөн болчу?

 

Биринчиден,1992-жылы “Кумтөр” ачылгандан баштап бүгүнкү күнгө чейин чет элдик шылуундар менен биздин өзүбүздүн эле жүзү кара аткаминерлери мамлекеттин байлыгын уурдап эле тим болбостон, бизге ууланган суу ичирип, уулуу аба жуткузуп, элибиздин канын соруп келе жатышкандыгы айтылган.

 

Экинчиден, 2010-жылы оппозициянын башында тургандар (азыркы бийликтегилер) “Кумтөрдү” элге өткөзүүнү убада кылып, унутуп койгондугу, алтын деген балакетиң азыркы бийликте тургандарды да ажыдаарга айлантып салганы белгиленген. “Эгер байлыгыбызды эле уурдап, талап-тоноп кетип жатышса, ток пейил кыргыздар, мейли “байлык кайда калбаган” деп бейкапар жата берсек болот эле. Андай болбой жатпайбы. Элибизге ууланган сууну ичиргени аз келгенсип, төрт миң метр бийиктикте жайгашкан, көлөмү 360 гектар, тереңдиги 30-35 метр, көлөмү 100 млн тонна цианид жана башка уулуу химикаттар аралашкан коркунучтуу, капкара болгон көлдү кыргыздардын мойнуна өмүр бою илип кетип жатышпайбы. Азыр бизди Кудай эле сактап турат. Кокус Петров көлү жырылып кете турган болсо, бул хвостохранилищени кошуп туруп Нарын дарыясына куят. Нарын дарыясы жок эле дегенде 15-20 метрге көтөрүлүп агат. Бул деген эки жак жээгинде жашаган элди, ГЭСтерди кошо жууп барып, Арал көлүнө жетип токтойт деген сөз. Өзүн сыйлаган бир дагы мамлекеттен мындай көрүнүштү көрө албайсыңар. Ошондуктан тез арада мамлекеттин көзөмөлүнө алыш керек. Канадалык бизнесмендер болсо эртең чемодандарын көтөрүп алып эч нерсеге жооп бербей баса беришет. Мамлекет катары биз жооп беребиз”,- деген болчу Садыр Жапаров.

 

Үчүнчүдөн, биздин экологиябызга 5 млрд доллар зыян келтирилгениа биз 20 жылда 50 млн доллар да пайда көрбөгөнүбүз айтылган. Акыркы 15 жылда 270 тонна алтын казылып алынса баары ташылып чыгып кетип биздин мамлекетке калган пайдасы 1 тонна 400 кг., күмүш болсо 78 тонна казылып алынып, биздин мамлекетке 1 кг. дагы калган эмес. А бирок, тентип кеткенден калган 4 миллион калкыбыз уулуу суу ичип, ууланган аба жутуп, жай өлүм менен өлө баштагандыгы митингде сөз болгон.

 

Камалган соң, сот залында Садыр Жапаров Ташиевдин кадамына мындай баа берген: “Мен Ташиевдин саясий кадамын төмөнкүчө түшүндүм: “эл үчүн иштегиле” деп эл шайлаган бийлик төбөлдөрүбүз алтынга, акчага сатылгандары аз келгенсип, Ташиев ошол күнү митингке барып сүйлөп келейин деп жатса, “Кумтөрдү” козгоп эмне кыласыңар, колуңардан койдун корголу дагы келбейт”,- деп шылдың кылышканына чыдабай парламенттин көңүлүн бурдуруу максатында ушундай кадамга барды деп ойлойм. Ооба Ташиевдин мындай кадамынын айынан биз 6 айдан бери түрмөдө олтурабыз. Биз бир аз кыйналганыбыз менен Ташиевдин бул кадамы жалпы кыргыз элине, мамлекетке пайда алып келди десем мен жаңылышпайм. Себеби, биз камалып калганыбыздан кийин бул маселе абдан резонанстуу болуп, “Кумтөр” 20 жылдан бери кыргыз элине кандай кыянатчылык кылып жаткандыгын кыргыз эли билип алды. Эгер биз камалбай, ызы-чуу болбогондо, дагы эле жабылуу аяк жабылуу бойдон калып, бир Кудай өзү билет дагы канча жылдан кийин ачыкка чыкмак. Элибиз уулуу суу ичип, ууланган аба жутуп олтурушканын билишпей ар кандай онкологиялык оорулар менен жашай беришмек. Эми бул ишти биз аягына чыгара албасак дагы эл өзүлөрү аягына чыгарып алышат деп биз толук ишенебиз. Биз камала электе президент, премьер-министр дагы: “Кумтөр” маселеси каралбайт, ал жактан бизге пайдадан башка зыяны жок”,- деп жатышкан. Биз камалгандан кийин жанталашып мамлекеттик комиссияны жиберимиш болуп, зыяны бар экен деп 152 миллион доллар штраф салымыш болуп коюшту”.

 

Эми бүгүнкү кырдаалды караңыз. Кечээ жакында Кеминдеги сейрек кездешчү металлдар чыккан Куттуу-Сай кени боюнча канадалык Stans Energу компаниясынын арызын караган Москва Соода-экономикалык палатасынын алдындагы Арбитраж кыргыз өкмөтүн 118 млн. долларга доого жыккан. Ал чечимдин негизинде 14-октябрда Канаданын Онтарио соту “Кумтөр” долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алган. Бул чектен чыккан акмакчылык боюнча бийлик унчукпай коё албайт болчу. Ошондуктан, А.Атамбаев бул иштин тегерегинде Кыргызстан чечкиндүү чараларды көрө турганын билдирди.

 

“Канаданын сотторунда Кыргызстан үчүн чыгашалуу чечимдерге алып келген Centerra Gold inc. акцияларынын тегерегиндеги түрдүү оюнчулардын чайкоочулугу Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасынын менчиги болуп  эсептелген “Кумтөр” алтын кенин иштетүүгө карата мамилени кайрадан карап чыгууну талап кылууда. Кыргызстан бийлигинин 90-жылдардагы кылмыштуу шалаакылыгынан же үстүртөн мамилесинен улам, андан соң 2003-жылдагы улуттук кызыкчылыктарга жасаган түздөн-түз чыккынчылыгынын айынан дүйнөдөгү эң ири алтын кенин  иштетүүчү “Кумтөр” көп жылдар бою өлкөбүзгө жадагалса кирешенин салыштырмалуу адилеттүү бөлүгүн алып келбей жатат.

 

Түзүлгөн кырдаал үчүн айыпты Кыргызстандын ошол кездеги  бийлигине тагуу менен бирге, биз кыргыз бийлигинин терс жактарын Канаданын инвесторлору дагы пайдаланып жаткандыгын белгилебей кое албайбыз. Сөз 90-жылдардын башталышындагы алгачкы макулдашуунун Кыргызстан үчүн өтө пайдасыз шарттары жана 2003-жылдагы долбоорду реструктуризациялоо абдан жаман жүргүзүлгөндүгү туурасында жүрүп жатат. Тилекке каршы, канадалык азыркы өнөктөштөр болгон Centerra Gold inc. менен өз ара пайдалуу консенсуска жетишүү боюнча КРнын кийинки аракеттери азыркы күндө  биз каалаган жыйынтыктарды бербей жатат.

 

Акыркы жылдары ошол эле Канаданын сотторунда “Кыргызалтын” ААКына таандык акцияларды камакка алуу тууралуу Кыргызстанды кысмакка алган чечимдерди кабыл алуу боюнча прецедент түзүлдү. Оболу 2012-жылдын 17-августунда «Ак кеме» мейманканасынын тегерегиндеги мүлк талаш боюнча Sistem Muhendishlik Insaat Sanayi ve Ticaret A.S. түрк компаниясынын доо арызын камсыз кылуу боюнча чечим кабыл алынды. Эми болсо, 2014-жылдын 14-октябрында Кутту сай II сейрек кездешүүчү металл кенинин тегерегиндеги чарбалык талаш боюнча канадалык Stans Energy Corp. кен казуу компаниясынын талабы боюнча чечим кабыл алынып жатат.

 

Кыргыз Республикасы сот системасынын ишинин принциптерин урматтайт, бирок азыркы пайда болгон тенденция Өкмөттүн алдына Кыргызстандын активдерин коргоо жана мындан ары мындай коркунучтарды алдын алуу боюнча кыйла таасирдүү механизмдерди пайдалануу милдетин коюп жатат. Тактап айтканда, Торонтодогу канадалык фондулук биржадагы листингден Centerra Gold inc. акцияларын чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маселени коюуга мажбурлайт. Же мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо боюнча кыйла чечкиндүү чараларды көрүп, Кыргызстандын дүйнөдөгү эң ири алтын кенинен түрдүү ыкмалар менен пайданын көп бөлүгүн алып чыгып кеткен компания Канаданын сотторунда “Кумтөрдүн” тагдырын чечүүгө жол бербешибиз керек.

 

Кыргызстандын улуттук байлыгы чарбалык талаштарда чет элдик компания же уюм тарабынан кандайдыр бир кысым көрсөтүүнүн жана соодалашуунун куралына айланган жагдайга жол берүүгө болбойт”,- дейт Атамбаев.

 

Башкача айтканда, С.Жапаров жетектеген парламенттик комиссия иликтеп чыккан нерсенин баары туура экенин мамлекет башчысы тастыктап койду. Анда  депутат Ахматбек Келдибековдун Садыр Жапаровду орден менен сыйлоо тууралуу орундуу болуп атпайбы. Парламентте ал мындай деген: “Өз кезегинде Садыр Жапаров башында турган парламенттик комиссия "Ата-Журт" фракциясынын демилгеси менен түзүлгөн. Бүгүн мамлекеттик комиссия анын жыйынтыгы туура болгонун айтууда. Эгер ал туура жасаган болсо, анда эмнеге, анын башчысы Садыр Жапаровду камакка алып атасыңар? Бүгүн "Кумтөр" боюнча келишимдин жокко чыгарылышы боюнча гана маселе турушу керек. Силер канадалык компаниясыз "Кумтөр" иштебей калат деп атасыңарбы? Бүгүн келишимди жокко чыгарбасаңар, эртең силерди жоопкерчиликке тартпайт деп коркпойсуңарбы? Садыр Жапаров отчетун алып чыкканда эч ким ага олуттуу караган эмес, бүгүн мамлекеттик комиссия ошондой эле корутунду чыгарды. Жапаровду бошотуп, ага орден бериш керек”

Мына, убакыт баарын таразалап, ордуна коёт. Учурунда бул көйгөйдү алып чыккан үч депутатты туш-тарабынан шылдыңдап, кодулап жатышты эле. Эми гана күч келгенде, ошондогу жаңылыш кадамдарын бийлик башындагылар сезип жатат. Көрсө, үч депутатты учурдан пайдаланып, саясий куугунтукка алып, оппозициялык демин басып, сындыргылары келген турбайбы. Эми кеч болсо да акыйкаттуулукту ордуна койсо болот. Анүчүн үч депутатты актап, ыраазычылык билдирүү керек.

 

Куугунтуктагы дагы бир депутат Ахматбек Келдибеков тууралуу да чындык акыры орнойт. Себеби, ал “Кыргызгаздын” 1 долларга сатылышы чыккынчылык экенин айтып, камалган. Азыр абакта жатып оорусу күчөп, чет жакта дарыланып жатат. А элди газ менен камсыздоо “Кыргызгаз” сатылгандан кийин аябай начарлады. Акыры барып газ маселеси да бийликтин чоң баш оорусу болот. Ошондо Ахматбекти эстешет го кебетеси...

 

Жогорудагы С.Жапаровдун сөзүн кайталасак:“Тез арада мамлекеттин көзөмөлүнө алыш керек. Канадалык бизнесмендер эртең чемодандарын көтөрүп алып эч нерсеге жооп бербей баса беришет”. Азыр да кеч эмес.. Эртең кеч болуп калышы мүмкүн...

 

А.Сатындиева

Булак: “Майдан.kg”, №39, 29.10.2014-ж.