Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1408

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) жалпы көлөмү 306 млрд сомго тең болуп, өсүү темпи 110,8% түзгөн. Бул көрсөткүч 2012-жылга салыштырмалуу бюджетке түшкөн каражаттын көлөмү 14-16% тегерегинде көбүрөөк. Бирок, ИДПга таасир кылчу ири тармактар бар. Алсак, тоо-кен тармагы, байланыш тармагы, энергетика тармагы, айыл чарба тармагы ж.б.у.с тармактар. Башкача айтканда бул тармактарда өнүгүү, өсүү жана жылыш болгондо Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы да сезилеерлик болот.

 

Айрым объективдүү себептерден улам, быйыл айыл-чарба жана энергетика тармагы кыйынчылыктарга тушугуп, абал оор болуп, ИДПга терс таасир этиши ыктымал. Анткени бул эки тармактагы азыркы абалга кептелишине, жайдын кургактыгынан суунун аз болушу башкы себеп болду. Аны менен бирге эле кирешелүү тармактар да жок эмес. Алсак, Кыргызстандын бюджетине уюлдук байланыш же “Мегаком” компаниясы тоо-кен тармагындагы эң эле көрүнүктүү болгон “Кумтөр” компаниясы менен тең-тайлаша алчудай кубаты бар экендигин баары биле бербейт.  

 

Кыргыз экономикасына “Мегаком” компаниясы “Кумтөрдөн” кем эмес салым кошобу?

 

Кыргызстандын экономика тармагында “Мегаком” менен “Кумтөр” компаниясынын орду жогору экендиги жана бул эки компания бюджетке ири салым кошоору билгендерге белгилүү. Андыктан бийликтегилер уюлдук байланыш жана тоо-кен тармагына көңүлдү көбүрөөк бурууда. Тактап айтканда, Кыргызстандын бюджеттине уюлдук байланыш тармагы “Кумтөр” алтын кенинен кийинки эле эң көп салык төлөчүү кирешелүү тармакка айланган. Мисалы, “Кумтөр” ишканасынын расмий сайтында Кыргызстандын ИДП-нын  2,5-8,5 % чейинки көөлөмүн түзөөрү тууралуу маалымат берилген. Буга далил катары, 2011-жылы 18,1 тонна алтын казылып алынып, өлкөнүн казынасына түшкөн салыктар менен төлөмдөр 8 млрд. сомду түзгөн. 2012-жылы “Кумтөр” кен ишканасы 9,8 тонна алтын өндүрүп, КР бюджеттине салык жана башка милдеттүү төлөмдөр 128 млн доллардан ашык түшкөн. Ал эми 2013-жылы “Кумтөр” кен ишканасы 18,6 тонна алтын өндүрүп, мамлекеттин казынасына салык жана милдеттүү төлөмдөр түрүндөгү которуулар 108 млн доллар төлөгөн. Ал эми “Мегаком” компаниясы 2011-жылы 6,9 млрд сом киреше таап, КР казынасына 1,3 млрд сом салык түрүндө, ал эми дивидент катары 541,4 млн сом төлөгөн. Кийинки жылы 7,7 млрд сом пайда көрсө, өлкөгө салык түрүндө 1,5 млрд сом жана 663,6 млн сом дивидент төлөгөн. Ал эми өткөн жылдын тогуз ай ичинде 6,33 млрд млн сом пайда көргөн. Анын ичинен 1,36 млрд сом салык төлөгөн.

 

Расмий ирет “Мегаком” компаниясынан жылына 30 млн доллар көлөмүндөгү каражат мамлекеттик бюджетке түшүп турат. Учурда бул менчик компания толугу менен мамлекеттик болуп калган. Тарыхка кайрылсак, 2005-жылдан бери “Мегаком” деген ат менен таанымал бул компаниянын акцияларына алгач “Бимоком” ишканасы ээлик кылып, 2009-жылы банкрот болгондугуна байланыштуу, бул компаниянын мүлкүн ошол учурда Максим Бакиевдин эң жакын өнөктөшү Алексей Елисеев түзгөн “Альфа Телеком” компаниясы сатып алган. Ошо кездери компания Максим менен Алексейдин көзөмөлүндө жүргөндүгү тууралуу сөздөр айтылып келген. Ал эми 2010-жылкы апрель окуясынан кийин “Мегаком” улутташтырылып, “Альфа телеком” ишканасынын 49% акциясы мамлекеттин колуна өткөн. Бирок калган 51% акциясына Елисеев ээлик кылып, негизги көзөмөлдү жүргүзүп келген. Аны менен кошо, айрым маалыматтарга караганда, “Мегаком” компаниясында чет элдик “Penwell” менен “Serpeus” компаниясынын үлүшү бар экендиги айтылса, айрым маалыматтарда бул эки кампаниянын “Мегакомдун” акцияларына түздөн түз тийешеси жоктугу айтылып, “Мегаком” компаниясынын 51% акцияларынын 1% “Vesatel United Limited” деген компанияга, калган 50% -ы Southfield компаниясына тиешелүү экендиги тууралуу маалымат пайда болгон. Кийинчерээк “Альфа Телекомдун” ээси Елисеев “Vesatel United Limited” жана “Southfield Management Inc” менен сатып-алуу боюнча жасалма келишим түзгөнү белгилүү болот. Ал ортодо мындай чуулганду ишке чекит коюу үчүн, “Мегакомдун” акцияларын мамлекетке толук өткөрүү демилгеси көтөрүлгөн. Бул компаниянын ишин иликтеген жумушчу комиссиясынын жетекчиси, “Ар-Намыс” партиясынын экс-депутатты Акылбек Жапаров, “Penwell” менен “Serpeus” болобу, Максим же Елисеев болобу, “Мегаком” компаниясын толук мамлекеттин карамагына өтүшү керектигин билдирип чыккан.

 

2013-жылы Елисеевдин менчиги Ош шаардык сотунун айыптоо өкүмүнүн негизинде конфискацияга алынып, мамлекеттин менчиги катары катталган. Ал эми жакынкы айларда эле, Бишкектин райондор аралык сотунун чечими менен "Альфа телекомдун" 51% акциясына коюлган сот камоосу алып салынды. Бул чечим менен мамлекет “Мегаком” компаниянын 100% акциясынын ээси болуп калды. Натыйжада компаниянын мамлекеттик бюджетке которо турган каражаттын бир жылдык көөлөмү 2,9 млрд сом түзөөрү аныкталган.  

 

Мындай кирешелүү компаниялардын мамлекеттик бюджетке салымы да чоң болоору шексиз. Болгону алардын иштеп-өнүгүүсүнө жарашыктуу шарт түзүп, ишинде тоскоолдуктар азайтылса, эффективдүүлүгү өсөт. Ошондо гана киреше бөлүгүн өстүрө алган мекемелер салык жагынан мамлекеттик бюджетти камсыз кылганга кудурети жетет. Бирок, кыргыз экономикасын калыптандырууда “Мегаком” жана “Кумтөр” компаниясы гана жетиштүү эмес. Буларга окшогон дагы 4-5 ири ишкана, мекемелер болгондо, анда  Кыргызстандын экономикасы алдыга жыла тургандай жагдай түзүлмөк. Жаңы ишканаларды бутуна тургузуу, бул өзгөчө Кыргызстан ЕАЭСке киргенден кийинки абдан маанилүү маселе болуп чыгып келүүдө. Уюмга кирүүдө анын талаптарын аткаруу максатында, Россия Кыргызстанга жардам ирээтинде 500 млн доллар берерин убада кылган. Кыргызстандын бизнес-чөйрөсү бутуна тезиреек турууга шарт ыңгайлуу болуп турган учурду колдон чыгарууга болбойт. Ал эми бюджеттик тартыштыкты жамоо азыркы иштеп жаткан ишкана-мекемелердин чамаасы ЕАЭС киргенде толугу менен аныкталат. Демек ошого жеткирбестен “Мегаком” жана башка ири компанияларды колдоо саясатын улантуу зарыл.

 

“Тренд” социоогиялык изилдөөлөр борбору, Бишкек