Эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстандын  мамлекеттүлүгүнө зыянын тийгизип, карапайым элдин жашоо турмушунун оңолушуна каскак болгон бир келишимди оңдоого умтулуп,  бир нече өкмөттөрдүн, министрлердин, эки президенттин бели сынып кулашса да тигил экө жомоктогу өлбөс Кощейдей нечен “баатырлардын” башын жутуп коюп, өз уяларында кезектеги өкмөт, министр, Президенттин “канын” тилеп кымпыйып жатышат.

    

Алар кайсылар экенин айта элегимде эле акылы зирек окурман биле баштаса керек. Бири “Ширшовдун схемасы” аталган энергетика тармагындагы коррупция. Экинчиси – “Кумтөр” келишими.

 

Сөздү энергетикадан баштайлы. Электр энергиясын өндүрүү боюнча Орто Азияда алдыңкы өлкөлөрдүн катарында турган Кыргызстан үчүн электр жарыгы эгемендүүлүктү алгандан бери карапайым элдин жашоо турмушун түйшүккө салып жүдөтүүдөгү башкы ооруга айланды. Раматылык СССРдин учурунда алыскы тоо арасындагы кой сарайларга чейин электр жарыгы тартылып, туут өнөктүгүнүн учурунда керек болсо сарайларда жарык күнү-түнү өчпөй тураар эле. Деги эле свет өчөт деген ойго да келчүү эмес. Туура, кай бир учурда авариялык абалдан убактылуу өчүү болоор эле, бирок  ал бат эле оңдолчу. Ар бир сарайдын жанында трансформаотр туруучу. Канчалаган чөп майдалаган, жем чыгарган агрегаттар, электр тегирмендери күнү түнү иштөчүү. Шаарларда канчалаган завод-фабрикалар иштөчү. Айылдардан бери көчөлөргө түнкүсүн жарык берилүүчү. Өзгөчө шаарлардын четки көчөлөрүнө чейин түнкүсүн жаркырап күйүп туруучу. Электр жарыгы баарына кенен жетчү. Анан эле эгемендүүлүк алдык деп кубанганыбызга кошулуп электр жарыгы байма-бай өчкөн оору кошо кирип келди. Көрсө эгемендүүлүгүбүздү колтуктап, “ Мен силерди жыргатам, аз эле жылда гүлдөгүн мамлекетке айлантам”- деп жылмайып  коррупция деген балекет кошо  кирип келген экен. Эркиндиктин алгачкы абасына мас болуп турганда мындай кутулгус  ажыдаарды төрүбүзгө өткөрүп жибергенибизди билбей калыптырбыз. Алгач “Электр жарыгы жетпей атат режимдик өчүрүүгө өтөбүз”- дешип бүт айылдарды райондорду саатка ченеп өчүрүү башталды. СССР учурунда элекир жарыгына баа жарым жыл сайын кымбаттайт дегенди укпаган эл улам ченеми жок кымбаттаган электр жарыгына кеткен чыгымды көтөрө алышпай, “ ууру свет” – деген балээни ойлоп табышты. Ага электр энергиясына кеткен чыгымды эсептеген контролерлор кошумча болушту. Маселен; “1500 сом төлөйт экенсиң. 500дү төлөдү деген квитанция берейин. 500дү мен алайын, 500үн кечели”- дегендей. Бул схеманы жоготууга: “Мына мен ал ажыдаардын башын алып канжыгама байлап келем”- деп аттанган баатырларыбыз барып бир башын алса ордуна үч баш өсүп чыгып өздөрүнүн  “баштары” топудай учуп, эч кимдин алы жетпей арадан 23 жыл өтүп айла кетип турган чак.

 

Көрсө Ширшов деген бир гений жүүт электр өндүрүү тармагына схема кийирип койгон экен. Ал схеманы качууга аргасыз болгон эки Президент да жыл сайын алмашкан өкмөт да буза албай, бузууга мээлери жетпей, балким чындап каалабай, “Ширшов схемасынын” курмандыгы болушканына бир чети анча деле жандары кейибей тымпыйып калышууда.

 

Учурдагы бийлик, орундарына отуруп жайгаша электе эле ийгилике ээлирип кетиштиби ким билсин “Ширшовдун мурдун кандайбыз. Башын жулабыз. Тымтыракайын чыгарып талкалап бүт жеп ичкенин кустурабыз. Деги эле электр жарыгын өндүрүүдөгү коррупция деген балекетин тамырын жулуп тазалап салабыз.” – дешкен. Бабановго окшогон бизнестин “битин сыгып, канын жалаган” эсеп- кысапты мыкты билген атуу- баштуу эле жигиттерибиз, “ Электр жарыгына кеткен чыгым 4 тыйындан ашпайт. Калганын ортодогу мителер бүт ичип жеп атышат,” – дешкен. Булар туура эмес айтышты деш кыйын. “Электр жарыгына болгон баа эзели кымбаттабайт. Өчүрүү дегенди унутасыңар” – дешкен бийликке келгенде. Канча өкмөт алмашты? Канча министр кетти? “Ширшов байке” баягы эле ордунда жылмайып отурат. Электр жарыгын өчүрүүлөр күчөдү. Турмушубуз цивилдүү жолго түшөөр бекен деп 15-20 миң сомдон кызылдай акчаларын төлөп 3 фаза кийиргендердин фазаларын бүгүн зордук менен бекер кыркышууда. Алыскы Баткен өңдүү аймактарда жарык 15 сааттан өчө баштады. Карапайым эл “кыштан кантип чыгабыз”,- дешип үрөйлөрү учуп турат. Ал ортодо элдин кейпинен сезденген бийлик баягы көнгөн соттордун колу менен “Электр жарыгына болгон баа туура эмес көтөрүлгөн.” – деген “адилеттүү” чечим чыгарта салышып, О. Артыкбаев деген министр “садагага чабылды” Болгондо да “Артыкбаев таза ичип жебеген мыкты адам бирок энергетика тармагында иштей албады” – дешип чала-була мактап туруп садага чабышты. Бул улам боркулдап кайнап келаткан элдин кыжырын басаңдатууга карата “хан жүрүш” болуп калганы оркоюп көрүнүп турса да бийликтегилер “ Элди алдадык”- дешип өздөрүн- өздөрү  сооротушту көрүнөт.  Бирок ушул “хан жүрүштүн” артында жарыла албай турган чуу турганын байкабай жатышат окшойт. Эми “Артыкбаев ашыкча кетиптир “ – дешсе эле 3 фазасын кырктырып жибергендер чуу чыгарат. “Кайра туташтыргыла”- дешип. “Артыкбаев туура кылган”-дешсе анда эмнеге кызматтан кетиришти. Кышка даярдыкты Артыкбаев көрдү да. Өз кылганын өзүнө тарттырып жазга чыдашса болбойт беле.  Анан калса 3 фазаны эмнеге бекер кыркат. Төлөгөн чыгымды кайтарып берүүлөрү керек да. Кызык тамаша ушул жакта жатат. Эки Президент качып, канчалаган өкүмөт министрлер садага чабылса да карапайым эл бүгүнкү күнгө чейин электир жарыгын өндүрүүгө кеткен чыныгы баа канча!? Кыргызстандагы ГЭСтер канча көлөмдөгү электир жарыгын өндүрөт!? Канча ортомчу фирма бар!? Алар электир жарыгын канчадан алып кайра коңшу мамлекеттерге канчадан сатышат!? Ачыкка чыга элек.. Бул мамлекеттик жашыруун сырдан да катуу катылып элдин кулагына жетпес болду. Азыркы бийликтин деле бул сырды ачууга күчтөрү келбеси билинип калды. Аны ачканга караганда качкан оңтойлуу окшойт.

 

Кумтөр. Чуусу көп келишим. Деги эле алтын жүргөн жерде чуу болбой койбойт. Учурунда легендарлуу парламенттин депутаты Т. Усубалиев “16 тонна алтын кайда кетти? Жооп бергиле?”- деп чуу чыгарып ошондогу бийликти кекиртектеп, Кыргызстанды көңтөрүп жибере сактаган. Бир жүүттүн  менчик учагына тараза жок болгондуктан салмагын тарттырбай туруп эле жүктөп жөнөткөнүн айтып атуу- баштуу, билимдүү деген депутат ошондогу “Кыргыз алтындын” башчысы лакап сөзгө калган. “ Я-а айланайындар колхоздо чөп жүктөсө деле таразага тартып жөнөтөт. Алтынды. Мамлекеттин бар байлыгын кантип таразага тартпай жөнөттүңөр” – дешип далайлар жакаларын кармашкан. (Анда колхоздор толук тарай элек кез эле) Айласы кетип алактаган Президент А.Акаев бурчка камалып кызматынан кол жууй турган чекке жетип калганда,  жүүт кеңешчи келе калып баш мыйзам дегенди өзгөрттүрүп, анын шылтоосу менен ЖК тарап Акаев тузактан аман чыгып кеткен. Анан кумтөр келишими түзүлдү. Эмне деген чыр, эмне деген тирешүүлөр менен биринчи келишим түзүлгөнүн ага күбөө болгондор акыры айтышаар. Башкы байге 2000 – жылы Кумтөр бүт бойдон кыргызстандын менчигине өтмөк да Камеко кетмек. 2000- жыл деле бат эле келди. Камеко кетпеди. Кетмек түгүл тамырлашып терең кирип, кен каза турган аймагын кеңейтип, алтындан ала турган үлүшүн мурдагыдан канча эсе көбөйттү. Ошентип ырынан чыры бүтпөгөн, коррупциянын классикалык үлгүсүнө айланды. Акыры  Президенттин тактан шыпырылып качышына локоматив болуп берди. Бакиев бийлике келгенде сезденишкен да жок. Кимдин болсо да талуу жеринен кармашты жакшы өздөштүргөн, дүйнөлүк амалкөйлүктүн жолдорун мыкты билген бул фирма өкүлдөрү алабарман Бакевди кыскартып айтканда “ чайнабай жутту”. Көрсө астына ала эле Максим деген мырзаны кармашса калганы былк этпей балык болуп отуруп беришээрин, ал эми Максимдин алкымы эч убакта “жашыл долларды” жок дебесин билишсе керек. Эрке талтаңга айланышып, Мамлекеттин ичиндеги өзүнчө мамлекет болуп алышты. “Кой дээр кожо. Ай дээр Ажо жок” болду. Мөнгүлөр бузулуп, кыргыз жерине кыямат келатса да көз жумду болуп эч ким үн дебеди. Арамдыкты адалдык, караны ак акыры жеңээри тарыхтагы тастыкталган чындык эмеспи. Бакев Акаевче 15 жыл сайрандай албай 5 эле жылда качууга аргасыз болду. Бирок 5 жыл  отурса да Акаевден кем эмес дүйнөнү артынып качууга жарады.

 

Парламентик бийлик орунотсок эле оңолобуз дегендер акыры максаттарына жетип көп партиядан куралган парламенттик бийликти алып келишти. Ошондо Кумтөр боюнча бираз болсо да “Эми чыныгы адилет келишим түзүлүп, элдин ырыскысы өзүнө берилет го”- деген үмүт пайда болгон. Эл 120 депутат кантип сатылсын деп ойлошкон. Тилекке каршы улам бир өкүмөт жаңы келгенде билек түрө “Бул фирманын көзүн ачам. Ордуна отургузам. Кимдин абасынан дем алып атканын таанытам”- дешет да көп өтпөй эле Кумтөрдүн кожоюнуна жан дили менен берилген адвокат жактоочусу болуп калышат. Ошентип үч өкүмөт алмашты. Бири да Кумтөр боюнча майнап чыгара алган жок.  Дүйнөлүк аферанын көзүн билген бул фирмада кимдин болсо да мээсин айлантып өздөрүнө кызмат кылдырып алуучу сыйкырчы гипноздор отурабы деп да ойлойсуң. Арадан төрт жыл өттү Кумтөр кожоюндарынын кылдары деле кыйшайган жок. Баягыдай эле каалашынча кыргыз элинин ырыскысын майкандап атышат. Ал түгүл дүйнөлүк сотторго кайрылып миллиарттарды өндүрүп алабыз деп коркутушчуу да болушту. Эми болсо “Дагы чегибизди кеңейткиле. Жаңы жерлерди казабыз. Жок десеңер көрсөтүп коебуз.”- дешип опузалашууда. Бийлик болсо тамактарына талкан туруп калгансып унчугушпайт. Парламенттеги бирин-экин кыйкырчаак депутаттар мандаттарынан айрылып бүгүн кара жанын кайда катаарын билбей качып жүрөт. Бир учурда Т. Усубалиев 16 тонна алтын үчүн Кыргызстанды көңтөрүп жибере сактаса бүгүн жүздөгөн тонна алтындар кайда кетип жатканы жөнүндө эч ким сөз да кылгысы келбейт. 20 жылга чукул убакыттан бери Кумтөрдөн канча тонна таза алтын казылып алынды, анын канчасы Кыргызстанга калды да канчасы четке кетти эч ким так айтпайт. Оппозиция болуп бийликке жулунгандардын айтканы бөлөк. Бийликте отургандардын айтканы бөлөк. Кечө эле бүгүнкү бийликтегилер оппозицияда жүргөндө Кумтөр боюнча башканы сүйлөшчү. Бүгүн ал айткандарынан танып Кумтөрдүн кожоюндарынын оозунан эмне чыкса туура дешип баш ийкеп калышты. Деги кимиси чындыкты айтууда билбей элдин башы маң. Кумтөрдөн чыккан башка кендер, маселен күмүш канча деги эле сөз да болбойт. Кумтөргө парламенттик бийликтин алы жетпегенден кийин карапайым элдин үмүтү өчүп, “ Буларга кудайдын эле алы жетпесе жер бетинде алы келчүүлөр жок го”-дешип ишенимдери өлүп турган кези. Кайран кыргызымдын чеги такталбай канча жерибиз коңшу мамлекеттерге өтсө ичинде кендерин ар ким талап алып тоосун бузуп, мөнгүсүн талкалап жатат.

 

Карапайым эл мамлекеттен эмнени күтөт? Калыс башкарууну. Мыйзамдуулукту сактоону. Мамлекетин мамлекеттүүлүгүн чыңдоону. Мамлекетибиздин байлыгын ар кимге талоон кылбоону. Парламентик башкаруу аталган бүгүнкү бийлик ушул талаптарды аткара алдыбы!? Жок. Башканы койдук жогорудагы сөз болгон эки тармактагы проблемаларды чечип, тартип оруното алышпады анан эмнени күтсө болот!?  Бул бийлик да эл ишениминен чыгып үмүттү үзүп турат. Кезектеги революция жакын калды көрүнөт.

 

Чолпонбек Абыкеев,

жазуучу

Булак: “Майдан.kg”