Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2847

23 жылдан бери мамлекет катары өнүгүүнүн туура жолун таба албадык. 100 пайыз билимдүү элбиз, интеллектуалдык денгээлибиз жогору деп мактанабыз. Деги эле мактана келгенден астыга улут салбайт болсок керек. Сураштыра келсек баарыбыз эле хандын- бектин, болбой калганыбыз бир өрөөнгө аты чыккан ууру баатырдын тукуму болуп чыга келебиз. Бирок эгемендүүлүк колго тийип өз алдыбызча мамлекет болгондон бери мамлекеттүүлүгүбүздүн түбөлүк бекемдигине көзүбүз жеткидей иш жасай элекпиз.

 

Биринчи президентибиз Аскар Акаев бийликке келгенде “ Кыргызстанда бардык мүмкүнчүлүк бар. Жер байлыгыбыз жетиштүү. Элибиздин билим денгээли жогору. 5 жылда Азиянын жолборсу болобуз. Азиянын Швейцариясы болобуз. Анүчүн “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, биргелешип иштейли,”- деген. Анан 15 жыл ар түрлүү шылтоо айтып, карапайым элдин мээсине чалмакей чалды. Акыры миллиарддарды бөктөрүп алып кете берди. Чын эле эптеп оокат кылган Акаевдин үй-бүлөсү Швейцариялыктардан бир нече артык байлыкка ээ болду. Эл болсо итке минип кала берди.

Курманбек Бакиев бийликке келди. “Эми биз эч кимден кайыр сурабайбыз. Өзүбүздү өзүбүз багууга күчүбүз жетет. Кайыр сурагыдай биздин бир жерибиз кем элбизби. Иштин көзүн таап иштесек эле байыйбыз,”- деди. Чын эле беш жылга жетпей Бакиевдердин бүт үй-бүлө, тууган урук-журугу тукумдан-укумуна чейин кайыр сурабагыдай байлыкка ээ болушту. Анан чет жерге Акаевден ашса ашык, акыры кем эмес миллиарддарды бөктөрүп алып жылт койду. Карапайым эл дагы жер сыйпап кала беришти.

 

Үчүнчү бийлик “Мындай кылган болбойт экен, парламенттик башкарууга өтөбүз”- дешти. Ошентип көп партиядан турган Жогорку Кеңеш келди. Турмуш оңолдубу? Жок. Башаламандык мурункудан да күчөдү. Эч ким эч нерсеге жооп бербей калды. Министр премьер-министрге баш ийбей калды. Себеби аны премьер-министр эмес, кайсыл бир партия кызматка койгон. Айыл өкмөт райакимга баш ийбей калды. Себеби жергиликтүү депутаттар шайлаган.

 

Президентибиз А.Атамбаев акыркы кездерде “ Мен ишенем, биз башкача мамлекет болобуз. 3 жылга жетпей онолобуз. Ал үчүн иштеш керек. Иштеш керек,”- дей баштады. Жогорку эки президенттин сөзү жыттанган жокпу?!  Алар да бүт күнөөнү массалык маалымат каражаттарына шылтап, “Өлкөдөгү өсүп өнүгүүнү кандайча көрбөйсүңөр? Жалаң эле жаманды жазасыңар.  Эл укмуштай үйлөрдү салып, чет элдик машиналарды алып атат го. Аны эмне жазбайсыңар,”- дешчү. Булар да ошону айта башташты. Журналисттеди күнөөлөй башташты. “Эртең менентен баштап элдин маанайын бузган жалаң жаман кабарларды таратасыңар. Эмнеге жетишкендиктерди жазбай жатасыңар,”- дечүү болушту.

 

Эмне үчүн биз туруктуу мамлекеттик башкаруу системасын кура албай, мамлекеттин каны менен бирге жүгүрүп, мээсине терең отурукташып  алып, бүт жашоосун бузуп ордунан тургузбай очорулткан коррупциядан кутала албай 23 жылдан бери жүдөп келатабыз? Мунун жөнөкөй бир гана жообу бар. Чындыктын көзүнө тике карай албайбыз. Эки жүздүү (двойной стандарттагы) саясат жүргүзөбүз. Ал эми чындык чыркырап өлгөн жерде эч убакта оңолуу болбойт.

                                  

Чындыкка тике карасак

 

Бүгүнкү бийлик “Коррупция менен күрөшүп атабыз,”- дешүүдө. Бул “Ууруну карма, ууруну - деп ууру кыйкырып атат”- дегендей эле кеп. Себеби Коррупциянын өзөгү туура Жогорку Кеңеште, президенттин адиминистрациясында, өкмөттүн аппаратында сайран куруп жүрөт. Далилдерге өтөлү. Коррупциянын жаралышына жол ачкан иш Жогорку Кеңешке депуттаттарды шайлоодон башталды. Партиялык тизме менен шайлоого барышты. Бүгүн шайлоодон өтүп бийликке келген СДПК, “Ата – Журт”, “Республика”, “Ата- Мекен”, “Ар намыс”- партияларынын тизмеси кандай түзүлдү эле. 1-ондук, (Тизменин башындагы ондук дегенибиз), 2-ондук болуп уланып түзүлүп, ар бир ондуктун өз баасы болбодубу. Абройлуу, шайлоодон сөзсүз өтөт деген партиялардын 1-ондугундагы тизмеге кириш үчүн 300 миңден, 500 ал түгүл астынкы бештикке миллионго чейин доллар төлөнгөндөр болгону калппы. Эртең ЖК тарап шайлоо башталып кетсе кайра эле ушул көрүнүш кайталанат. Маселен СДПКнын тизмесине киребиз дегендер долларларын капка салып көтөрүп алып, кезек талашышат. Ал түгүл аукцион да кылып жиберишет. Бул эмне коррупция эмеспи. Так коррупциянын булагы, чириген өзөгү ушул. Депутат бир жылда мамлекеттен айлыгы, сыйлыгы болуп отуруп ашса долларга айландырсак 50- 60 миң доллар алат. Беш жылга көбөйтсөк 300 миңдин тегереги болот. Депутат болуш үчүн миллионго чейин төлөп эмнеге башына күч келди. Шайлоого баратканда эле бергенин эки-үч эсе кылып кайтарып алаарына так ишенген арам ой жатат да. Кантип кайтарып алат. Коррупциялык жол менен. Демек коррупциянын “кор башчысы” ЖК өзүндө отурганда биздин мамлекетте коррупцияны жоюу мүмкүнбү? Жок.

90- жылдардын башындагыга караганда бүгүн мамлекет коррупцияга кекиртегине чейин батып кетти. Легендарлуу парламентти эстегиле. Депутат болуп Текебаев, Жекшеев, дегендей жылаңач баатырлар, калеминен башка эч нерсеси жок Төлөгөн Касымбеков, Казат Акматов, К.Борбуев сыяктуу жазуучулар, нечен юристтер, окумуштуулар депутат болуп келишкен.  Ошол үчүн “ легендарлуу парламент” аталып аттары тарыхта калды. Кийин канча парламент алмашты биринин аты калган жок. Бүгүнкү ЖКтеги депутаттарды карагыла, айрым аялдарда кошпогондо бүт “доллар жыттангандар” отурат. Мурунку чакырылыштагы “Ак жолду” карагыла. Анда да ушундай. Демек бизде жыл өткөн сайын коррупциянын гүлдөшүнө шарт түзүгөн мамлекеттик система атайлап уюшкан топтор тарабынан түзүлүп, оңолуу жолуна түшпөй эле жоголуу жолуна баратканын билип, көрүп туруп, акыл эсибиз менен чөгүп баратабыз.

 

Партиялык тизме менен шайлоо өзүн актадыбы? Жок. Себеби партиялык тизме менен шайлоодо очойгон акча жумшалат экен. Аз болгондо 15-20 миллион, орточосуна 30-40 миллион, болбосо 80-90 миллион доллар жөн эле кетет экен. Мындай акча кайдан алынат. Бир киши баарын төлөп койбойт да. Демек тизме менен чогултулат. Жыйынтыгында чөнтөгү калың болгону үчүн оозуң кайда десе мурдун көрсөткөндөр депутат болуп келип, мамлекеттин тагдырын чечип жатат. Алар алып жулганды, ичип жегенди, эби келсе эле уурдаганды мыкты өздөштүрүшкөн абийир, ынсап, намыс дегенди четке кагып түшүнүшпөйт. Мамлекеттин мамлекеттүүлүгүн чыңдоо, мекенчил болуу, улут кызыкчылыгына кызмат кылуу дегенди ойлой да алышпайт. Ойлосо да үчүнчү же төртүнчү кызыкчылык катары карашат. Мамлекеттин иш багытын ушундай адамдар тескеп турганда кайдагы оңолууну айтууга болот. Партиялык тизме дегениңди эл көрбөйт экен. Кимдер депутат болоорун ( астынкы орундагы 2-3нөн башкасын) шайлоочу билбейт экен. Шайлоочунун көзүн партиялык тизме деп алдап таңып коюшат экен да алдым жуттумдар кылтыйып гана өтүп кетет экен. Эгер өз жүздөрү менен эл алдына чыгышканда бүгүнкү 120 депутаттын ашса 15- 20сы өтмөк. Калганы тим эле акчаларын суудай чачса де ЖКга жакын жолошмок эмес. Эстегилечи Аксыдан А.Бекназаровду депутаттыкка өткөрбөйбүз деп ошондогу бийлик 12 Аксыдан чыккан байды атаандаш кылып койдурушкан. Тигилер акчасын суудай чачкан. Бирок бири да өтпөй биринчи эле турда эл Бекназаровду шайлап коюшкан. Т.Усубалиев “Алтын чырын” көтөрүп чыгып А.Акаевге жакпай турганда Кочкордон Усбалиевге каршы ар бир айылдан экиден акчалуу атаандаш койдурушкан. Ошондо баса албаган чал-кемпир да “Усубалиевге өзүбүз барып добуш беребиз”,- дешип, арабага түшүп барышып добуш беришип биринчи эле турда өткөрүп кетишкен. Бүгүнкү парламентти карагылачы ошондой артындагы шайлоочуларына, элге таянган легендарлуу депуттар калдыбы!? Жок. Шайлоочуларды кандай жол менен болсо да алдап, депутаттыкка жетүүнү көздөгөндөр партиялык тизме дегенди ойлоп табышып ЖКда отурушат.

 

Парламенттик башкаруунун экинчи чоң жаңылыштыгы кадрларды мамлекеттик кызматка коюда айыл өкмөткө чейин партияларлын бөлүп алышканы болду. Башкаруучу коалициядагы партиянын биринде болбосоң тим эле билим- акылың ашып ташып, иш тажрыйбаң мол болуп турганда да райакимдик ишке орношо албайсың. Тескерисинче самсы бышырып сатып жүрүп эки иштен бир иш деп бийликтеги партияга кирип көрүнүп койсоң министр болуп калышың толук мүмкүн. Мамлекеттик кызматка карата, кадр маселесине карата мындай ыймансыз, кош көңүл, текебер мамиле мамлекеттик кадр резервин толук талкалап таштады. Буга бир эле мисал - маданият тармагын башкарган министрлик орунга кадр табылбай карайлап калышты.

 

Бүгүнкүлөр: “Биз парламенттик башкарууга өттүк. Президент көп укуктарынан айрылып отуруп калды. Баарын парламент чече баштады,”– дешүүдө. Эмне деген көшөкөр алдамчылык. Элди дөдөй, сокур, билимсиз кайбир катары карагандык. Бүгүн деле президенттин макулдугусуз “куурай башы сынбасын” ким көрбөй жатат. Себеби СДПК башкаруучу партия катары Жогорку Кеңешти толук кармап турат. СДПК дегени - бетпарда (маска) тагынган Атамбаев деген сөз экенин ким билбейт. “Ата- Журт” деген партиядан анча-мынча чындыкты айтып кыйшаңдагандар чыкты эле, таш талканын чыгарып, таруудай чачыратып жок кылды. Асты соттолуп, арты чет өлкөгө качты. Акыры бийликке тизелеп жүгүнүп беришти. “Республика”- деген партиянын тың чыкмалары жаштык кылып койкоңдойбуз дешти эле бүгүн “короосу” кайда экенин билбей калышты. Такыр тарап жок боло турган болгондо бийликтин айдагына кире качышып эптеп аттарын сактап коңулда баш көтөрбөй отурушат. Себеби бул партияларды коргоп кала турган күч жок. Артында калдайган шайлоочулары жок. Бир кезде аттары легендага айланган депутаттардын шайлоочуларындай.

 

Парламенттин үчүнчү жаңылыштыгы өздөрүн өздөрү сыйлабагандыгы, сөздөрүнө, убадаларына туруксуздугу, кубулма эки жүздүүлүгү. Жогорку Кеңешке тийиштүү милдет укуктарын кыйшаюуусуз так аткарышпагандыгы.

 

Биз эки эле так мисал келтирели. “ Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамында мамлекеттик тилди билбеген жарандар мамлекеттик жогорку башкаруу орундарында иштебеши керектиги тууралуу талап бар. Бизде вице-премьер министрден баштап, каржы министри сыяктуу жогорку кызмат орундарында бир ооз мамлекеттик тилди билбегендер отурат. “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”  мыйзам бар. Анда мамлекеттик жогорку кызмат орундарына иштеш үчүн мамлекеттик кызматтарда иштеген иш стажысы канча болушу керектиги так жазылган. Бизде вице-премьер министрден баштап маданият, маалымат жана туризм министири өңдүү министирликтерде мамлекеттик кызматта бир күн да иштебегендер министр болуп отурат. Минтип мисал келтирсек ого эле көп. Демек бизде мамлекеттик мыйзамды так көзөмөлдөө жана анын кыйшайуусуз аткарылышын камсыздоо принциби жок. Жогорку Кеңештин башкы милдети мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөө. Бизде “мыйзам диктатурасы” деген түшүнүк жок. Мамлекеттүүлүгү жокко эсе мамлекеттерде гана мыйзамдарды ким көрүнгөн каалаганындай буза алат. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда жогорку бийликте иштегендер, акчалуулар үчүн мыйзам деген жок. Каалаганын жасаса болот. Мыйзам  талабы деген эң төмөнкү катмар карапайым эл үчүн гана дегендик. Мындай мамлекетте эч убакта коррупция жоюлбайт.

 

Кантип оңолобуз?! Чындыкка тике карай алганда гана. Эл бийликке толук көзөмөл жүргүзө алганда гана. Азыркы бийлик системасынын биринде да эл астында так жоопкерчилик жана элге отчет берүү механизми жок. Ошондуктан өз билгендерин кылышууда. Бир учурда уруучулук, кландык, жердештик топтоп биригип алышып жогорку бийлике жетишип, мамлекетти башкарып келишсе бүгүн партиялык атка жамынган кызыкчылыктары бир мафиялык топтор топтошуп, биригип алышып мамлекеттик бийликти басып алышты. Партиялык деген атка жамынган мафиялык топторду бийликтен кетирүү өтө оор экенин турмуш өзү көргөзүүдө. Себеби ар бир топтун күчүнө жараша бийликти бөлүшкөн механизмди иштеп чыгышты. Ар бири өз күчтөрүн сезишет жана өздөрүнө тийген “устаканга” ыраазы. Бирок булар таза ак ниет башкарса, мамлекет өнүгүү жолунда түшсө бүт коомчулук колдоп сүйүнмөк. Тилекке каршы андай болбой жатат. Мындай түбү арам системада мамлекетке ак ниет кызмат кылуу жөнүндө сөз кылуу да мүмкүн эмес. Ошондуктан мамлекеттин мамлекеттүүлүгүнө шек келтирген коррупция улам тереңдеп тамырлашып, күчөп баратат. Мунун аягы жакшылык менен бүтпөйт. Кайрадан эл көтөрүлөт, революция чыгат. Бирок келечекте кандай бийлик келет!? Мына ушул чоң суроо.

 

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Булак: “Майдан.kg”, №37 (166), 15.10.2014-ж.