Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1980
Бул баш аламан челкеш коомдо эс тутумдан жабыркап бүгүнкү айтканын эртең унутуп, ал эми бир ай, бир жыл мурдагы айткандарын таптакыр эстен чыгарып, ал түгүл, "Мен антип айткан эмесмин. Аны ким айтыптыр" -дегендер көбөйөт экен. Мындай көрүнүш бүгүнкү биздин коомдо медициналык чоң проблемага айланып, жалпы мамлекеттик түзүлүшкө чейин зыянын тийгизип коркунуч туудура баштады. Мындай коркунучтуу оору сасык тумоодон да жугуштуу болуп, 23 жылдан бери айыктыруучу дарысы табылбай, күчөгөндөн күчөп келатат. Белгилей кетүүчү нерсе, бул оору АК ҮЙДҮН ичине жайгашып. Ошол АК ҮЙГӨ кирип иштегендер гана ооруп калгандыгында.
 
Эстесеңер, Кыргызстан кантип 4-5 эле жылда Швецария болоорун ким биринчи айтты эле. Биринчи президент Аскар Акаев экенин чуулдап кыйкырабыз. Акаевдин күнөөсү АК ҮЙГӨ кирээри менен "айныкей эс тутум"- деген оору менен ооруп калып, айткандарын бүт унтуп, жалдырама тийип, катыны, кызы, баласы эмне айтса баш ийкеп калаарын билген эмес да. Кайран киши мыкты окумуштуу эле. Өзү да ак көңүл, жакшы адам болчу. АК ҮЙДҮН ичиндеги оору акыры күчөп отуруп түбүнө жетип эми бир тууган агасы кайтыш болсо, келип бир ууч топурак сала албай кор болуп, туулуп өскөн жеринен безе качып, бөтөн эл, бөтөн жер, бөтөн улутка бүжүрөп кызмат кылып күн көрүүдө.
 
"Быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз. Светти өчүрүү болот. Отун камдагыла. Кыргыз тезек терип жагып деле кыштан чыкчу эмес белек"- деп айта коюп. "Ушул заманда элге тезек тергизди"- деген лакапка, атакка калган ким болду? Курманбек Бакиев болчу дейсиңер. "Кыргыз эли үй-бүлө бийлигинин азабын жакшы эле тартты. Мен бийликке барсам бир туугандарымды түгүл, аты жыты жакындарымды бийлике жолотпойм. Бир туугандарым, балдарым, катыным, тыпыйып эле өз оокаттарын кылып, эл-журтка көрүнбөй жашашат. Мен эл менен гана болом"- дечү эле го чиркин. Кайран киши. Жигитчилиги өтө жогору, эмнеге болсо шар, айкөлдүгү да бар адам эле. АК ҮЙГӨ киргенде " айныкей эс тутум" оорусу менен ооруп, айткан убадаларын бүт унутуп, бир туугандары, баласы, катыны мамлекеттик бийликти жеке фирмасындай эле басып алып майкандап кирээрин кайдан билди. Эгер астына ала билгенде бийлигине деле барбаса эл катары оокаты өтмөк. Мергенчиликти жакшы көрчү экен. Белоруссиянын саз чиркей баскан токоюнда жапайы чочко атканына мактанбай кыргыздын шаңкайган тоолорунда аркарга аң уулап жүрөт эле го. Кымыздан кылгырта жутуп коюп. Бүгүн кыргыздын Ала-Тоосун бир көрүүгө зар болуп, чучук ордуна саала чайнап бозоруп эл-жеринен безип жүрөт.
Кыргыздын бир эмес эки мыкты деген уулдарынын башын жуткан АК ҮЙДӨГҮ "Айныкей эс тутум" оорусу бүт эл журтка белгилүү болуп, жүзү ачылгандан кийин экөөнүн артынан бийликке келгендер АК ҮЙДҮ аябай аластатып, менмин деген мыкты дарыгерлерге дезинфекция жасатып, бүт вирус- микробдорду өлтүртүп туруп, анан босогосун аттады го дегенбиз. Эл өтө чоң ишеним арткан.
 
Арадан үч-төрт жыл өтпөй белгилүү боло баштады, кудай урган " айныкей эс тутум" оорусунун вирусу эч өлбөй эле, АК ҮЙДӨ мурдагыдан да семирип жашап, өрчүп көбөйүп, ал түгүл мурда бирин-эки, ашса онун оорутса азыр ажосун баш кылып, өкүмөтүн төш кылып, 120 Жогорку Кеңештин депутатын жарымынан көбүн оорутуп сайрандап турганы ачыкка чыга баштады.
 
"Биз эл алдындагы убададан тансак, аны унутсак АК ҮЙ алдында каны төгүлгөн 95 баланын арбагы урбайбы. Алардын жакындарынын боздогон ыйы- убалы бизди уктатабы" - дешпеди беле. Бул убадаларды " айныкей эс тутум" оорусу эчак соруп жеп койгон. Ишенбесеңер сурагыла. "Качан айттык эле. Эсте жок. Анткен эмеспиз" - дешет. Азыр жогоркуну кой тээ төмөнкү айыл өкмөттөрүндөгү кызматтардан бери АК ҮЙДӨ отургандар бөлүшүп алышкан. Азыр билими, иш тажрыйбасы, жөндөмү деген сөз да болбой калган. Шопурлар, ашпозчулар, эт чапкычтар, наабайчылар, далдалчылар деле, "АК ҮЙДӨ акем отурат аким болуш кеп бекен, керек болсо министр болом"- дешет. Мурда бир эки ашса ону ой келди сайрандаса азыр 120масы бүт Кыргызстанды партиялар деген чепкенге жамынтып, бөлүп алып тытып жеп сайрандоодо. Карапайым эл балдарына "Жогорку окуу жайында окуп беш жыл коротуп эмне кыласың. Башыңды чиритип. Андан көрө эмитен алып- жулуп акча тапканга үйрөн. Акчаң болсо, дипломду сатып аласың. Бир партияга мүчө болсоң, сураган акчасын берсең депутат болосуң. Анан министр, кудай айтып койсо Прездент болуп калышың деле ажеп эмес. Кесипке ээ болом дегенди эмне кыласың. Ага убакыт короткуча бильярд ойногонду үйрөнсөңчү. Депутат болуп калсаң, кечке бильярт ойногондо өнөктөштөрүңө утулуп уят болбош үчүн"- дешет.
 
АК ҮЙДӨГҮ "айныкей эс тутум" оорусу баягы "Биз бийликке келсек, свет өчөт дегенди унутасыңар. Токтогул суу сактагычындагы сууну коррупцияга баткандар сатып жиберип эл электр энергиясыз, жарыксыз калды. Биз бийликке келгенде Токомдун суу сактагычындагы суу мелтиреп бөксөрбөй турат. Светке болгон баа кымбаттабайт. Тескерисинче, жыл өткөн сайын төмөндөйт" - деген убадаларды бүт жеп койду. Ишенбесеңер сурагыла. "Жо-ок. Антип айткан эмеспиз. Кантип эле ошентип айталы. Суу сактагычтагы суунун аз же көп болушу табиятка тиешелүү нерсе да. Жыл кургакчыл болсо азаят. Жанчыл болсо көбөйөт. Биз антип айтып акыл эстен айныгандардан белек. Кудайга шүгүр экономикалык жогорку билими барларданбыз. Билими жок түркөйдүн же акыл эстен тайыган оорулуунун кебин мага жабыштырбагылачы." -дешет. Эч кызарбай туруп эле ушинтип айтышат.
 
Жогорку качып кеткен бийлик башындагылардын аз болсо да абийирлери бар экен. Светти байма- бай өчүрсө да, тезек тердирсе да акыры 3 фазаны кырктырган эмес. Себеби, адам укугун бузуудан уялып тартынышкан. 3 фазаны адамдар бекер кийирткен эмес. 15 миңден 20 миң сомго чейин төлөп кийирткен. Бүгүн кесип атасыңбы акчасын кайрып төлөп бер да. Ал акча бийликти мыжып отургандардын атасынын чөнтөгүнөн чыккан эмес да. Карапайым калк жашообуз кичине жакшыраар бекен деп үмүттөнүп, маңдай тери менен тапкан кызылдай эмгегинен өөнөп төлөгөн. Балдарынын ырыскысынан кесип төлөгөн. Кимдин акысы бар келип эле "кесем" деп туруп кесип салууга. Бирөнүн тоогун деле бекер албай акчасын бересиң го. Кардар акча төлөп кийирткенден кийин ал анын менчиги. Менчик болсо "Баш мыйзам" менен корголот. "Айныкей эс тутум" оорусу менен ооругандарга бул түшүнүксүз. Алардын көздөрү тумандап, мээлери кыжылдап тигил оорусу ашынып, жөндүү иш ойлонууга акылдары да күчтөрү да жетпей калды. Эми булардын бир эле жолдору калды жакында жогоркулардын артынан качышат. Болгону бул жолу 120га чукулу качат. Биринчи жолку качкандардан экинчилеринин саны көп болгон. Эми үчүнчүлөрү андан да көп болот.
 
Маселе келечекти ойлонууда жатат. АК ҮЙДҮН ичиндеги "айныкей эс тутум" оорусунун вирустарын кантип өлтүрүп, эл бул балээден кантип кутулат? Жетет, эл үч жолу ушул "айныкей эс тутум" оорусунун азабын тартканы. Эмки бийликке келгендер эмне убада берсе да эл ишенбейт. Түңүлүп бүтүштү, не бир укмуш убадалардан. Андан көрө " айныкей эс тутум" оорусунун дарысын ким таап чыгат деп конкурс жарыялап, сынак өткөрүш керек. Кантсе да, түптүү эл эмеспизби арабыздан ооруну айыктыраар мыкты дарыгерлер чыгып калгысы бардыр.
 
Чолпонбек Абыкеев, жазуучу
Булак: "Алиби"