Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 5373
Кыргыз саясатындагы үй-бүлөлүк, жердешчилик кландар.
 
1950-жылдардан берки Кыргызстандын тарыхын карап көрсөк, ошол кездерден тарта эле бийлик башына келгендер бирде түштүктөн, бирде түндүктөн чыгып, бүгүнкү түндүк-түштүк деген бөлүнүүнүн нугун ошондо эле баштап коюшкандай. Албетте, бул атайылап болбосо дагы биздин мамлекетибиздин жайгашуу ордуна каратабы, балким, совет бийлигинин тең салмактуулукту сактоо саясатыбы ким билсин. Бул бүгүнкү бөлүнүп-жарылууларды тереңдетүү үчүн айтылган сөз эмес. Болгону тарых барактарына көз чаптыра келгенде кимди болбосун кызыктыра турган маселе. Анткени, бүгүнкү күндөгү уламдан-улам курчуп бараткан өлкөнү түштүк-түндүккө бөлүү, уруу-урууларга бөлүнүү, ал тургай бийликке келгендер жер-жерлердеги таасирдүү бийлик бутактарына өзүнүн туугандарын, куда-сөөк, дос-тамырын тартуусу күч алып, анын аркасында саясий-үй-бүлөлүк кландардын уламдан улам көбөйүп, түптөнүп баратышы мамлекеттин келечектеги тагдырына тескери таасир калтырып жаткандай туюлат.
 
Эми тарыхты карайлы. Орустарга кошулганы, тагыраагы 1917-жылдан бери дейличи, Кыргызстанда кыргыз улутундагы адамдар болгону экинчи катчылык орундарды гана ээлеп келишкен экен. 1934-1935-жылдарда Коммунисттик партиянын БКнын экинчи катчысы болуп Таластан чыккан белгилүү жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов олтуган. Кийин 1950-жылдан 1961-жылга чейин Республикалык коммунисттер партиясынын 1-катчылыгына түштүктүн уулу, Лейлектик Искак Раззаков (бул кызматка биринчи жолу кыргыз шайланган) иштеген экен. 1961-жылдан 1985-жылга чейин Кочкор районунун сарбагыш уруусунан Турдакун Усубалиев 1-качылык кызматты ээлейт. Ал эми 1985-1990-жылдары бул кызматты кайрадан түштүктүн уулу, ичкилик уруусунан Абсамат Масалиев аркалаган. Ошол эле учурда бардык лидерлер бийлик бутактарын башка аймактардын өкүлдөрүнө бөлүшүшүп келишкен. Мисалы, Жогорку Кеңештин президиумунун төрагалыгын 1945-жылы эле И. Раззаков тарабынан сунушталган түштүктүк Төрөбай Кулатов 1978-жылга чейин ээлеген. 1950-1959-жылга чейин өкмөт башында  Кетмен-Төбөлүк Абды Сүйөркулов, 1959-1961-жылы бугу уруусунун өкүлү, Түптүк Казы Дыйканбаев, 1968-1978-жылдары Чүйдүн Солтосунун өкүлү А. Сүйүнбаевдер иштеген. 1990-жылы түштүктүк А. Масалиевдин ордуна түндүктүн Сарбагыш уруусунан Кеминдик Аскар Акаев келген.
 
Акаев бийликке келгенде деле мурдагылардай бийлик бутактарын башка уруулардын өкүлдөрү менен бөлүшүүгө аргасыз болгон. Бирок, билинбегени менен кадрдык тандоолордо кол ийрисине тартуу саясаты акырындап баштала баштагандай. Ал бийликке келген учурда Жогорку Кеңешти Чүйдүн Солтосунан чыккан Медеткан Шеримкулов жетектесе, премьер-министрлик кызмат дагы (1993-1996-ж.ж) Чүйлүк Апас Жумагуловго таандык болгон. 1992-жылы вице-президенттикке да Чүйдүн өкүлү Феликс Кулов келген. 1990-жылдары маминвеском жана финансы министрлик кызматтары Таластыктардын шыбагасына тийген. Түштүктүн өкүлү, Оштун Ноокат районунан Н. Исанов өкмөттү (1991-жыл) жетектесе, ал каза болгондон кийин 1992-1993-жылдары өкмөттүн жетекчилик кызматы менен өлкө башчылыгк эки кызматты тең Асар Акаев өзү колго алган.  
 
Ошол кездердеги шайлоолордо кыргыз саясатчыларынын эң сакалдуусу дагы, салмактуусу дагы Турдакун Усубалиев өзүнүн партиялашы Абсамат Масалиевди колдобостон, уруулашы Аскар Акаевди колдогондугу дагы коомчулукта айтылып келет. Мунун себеби айрым маалыматтарга таянсак, 1985-жылы Москванын колдоосу менен өлкө жетекчилигине келген Абсамат Масалиевдин Турдакун Усубалиевди партиядан чыгаруу үчүн жасаган аракетинен улам болгон делет.
 
Негизи эле 1990-жылдарга чейин И. Раззаковдон башка түштүктө көрүнүктүү лидерлерлер жетишпей келгендиги да мезгилдүү маалымат булактарында көп эле айтылгандыгына күбө болуп келебиз. 1990-жылдары гана Базар-Коргондун уулу Бекмамат Осмоновдун аты таанылып, Акаев аны саясаттагы күчтүү оппоненти катары жолунан алыстатуу үчүн Жалал-Абад областынын губернаторлугуна олтургузууга аргасыз болгон деген да коомчулукта пикирлер бар. Ошентип, 1995-жылы Аскар Акаев экинчи, анан 2000-жылы үчүнчү ирет президенттикке шайланып келет.
 
Кыргызстандагы саясий чөйрөлөрдүн активдүүлүгүнүн жанданышы ушул жылдарга туура келет. 2002-жылдын жаз айларында “түндүк-түштүк” каршылыгы, бөлүнүүлөр күч алат. 2002-жылдын 17-18-мартындагы Жалал-Абад облусундагы кагылышуунун себеби Аксынын уулу Азимбек Бекназаровдун 5-январда камалышы болуп эсептелет. Ал учурларда А. Бекназаров ЖК депутаты катары Кыргыз бийлиги тарабынан Кытайларга жер берилип жаткандыгын сындап чыккан. Ошентип, улам курчуган кырдаалдын натыйжасында Бекназаровду колдоп ачкачылык жарыялагандардын катарындагы Шералы Назаркулов көз жумган. Кийинки Кербендеги күч органдары менен элдин ортосундагы кагылышууда 6 адам окко учкан.  
 
Биринен сала бири чыккан нааразычылык акцияларынын шарданы менен Аскар Акаев түштүктөн келген премьер-министр К. Бакиевди отставкага кетирет жана бийликке болгон көп кырдуу нааразычылыктардын аркасында 2005-жылы Акаев президенттиктен кетип, Кыргызстандын тарыхында экинчи президент болуп Курманбек Бакиев бийлик башына келет. Бирок, Акаевдин бийлигине болгон нааразычылыктар Бакиев бийлигине да болуп, натыйжада 2010-жылдагы бийликтин алмашуусуна алып келген. Учурда Кыргызстандын биринчи президенти делген А. Акаев дагы, экинчи президенти делген К. Бакиев дагы Кыргызстандан тышкары, качкында жүрүшөт.
 
Кыргыз саясатчыларынын үй-бүлөлүк жана жердешчилик кландарга бөлүнүшү так ушул А. Акаев жана К. Бакиевдин өлкөнү башкарууну колго алган мезгилдеринде өзгөчө күч алган жана ал бүгүнкү, үчүнчү президент Атамбаевдин учурунда дагы орун алууда.
 
Акаев бийлигинин жарыгы кимдерге тийген?
 
Кыргызстан эгемендикти алгандагы биринчи президентибиз Аскар Акаевдин бийлигине болгон кыргыз коомчулугунун нааразычылыктарынын башында анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын, дос-тамыр, куда-сөөгүнүн бийлик бутактарына тамырлап баратышы болгон. А. Акаев бийликте болгондо кимдер үчүн ар дайым жашыл жарык күйгөндүгүнө абай салалы.
 
- Акаев Аскар Акаевич - президент
 
- Акаева Майрам Дүйшөновна – президенттин жубайы, биринчи канайым аталып, “Мээрим” аттуу фондду жетектеп турган, дээрлик бардык кадрдык тандоолор ал аркылуу болгон дешет.
 
- Акаева Бермет Аскаровна – кызы, 2005-жылы парламенттик шайлоого катышып, депутаттыка келген, бирок, революциянын аркасында иштебестен өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгон.
 
- Акаев Айдар Аскарович – уулу, 1999-2001-жылдары “Казкоммерцбанк” ААКтын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору, 2001-жылдан тарта КРнын каржы министринин кеңешчиси болуп, Париж клубундагы өлкөлөр менен жана Россия, Турция менен Кыргызстандын мамлекеттик карыздарын ресруктуризациялоо боюнча иш алып барган. 2004-2005-жылдары бул кызматы менен катар эле Улуттук олимпиада комитетинин президенти болгон. Биринчи жолу Казакстандын президенти Н. Назарбаевдин кичүү кызы Алияга үйлөнүп, кийин экинчи ирет ”НБТ” телеканалынын алып баруучусу Сайкал Чокубаева менен баш кошкон.
 
- Адил Тойгонбаев- күйөө баласы, кызы Берметтин күйөөсү. «Аалам сервис»ЖАКын 6 жыл жетектеген.Авиаташуу тармагын күйүүчү май менен камсчыз кылуу рыногун көзөмөлгө алган бул ишкананын  аркасы менен мамлекетке 16,5 млн. доллар зыян келтирген. Төлөбөгөн салыктарынын суммасы 1,3 млн. доллар.  
 
Ал эми Акаев бийликте турганда ар кандай кызмат орундарын ээлеген атка минерлердин аттарын атай турган болсок, дагы көп маалыматтар чыгат экен.
 
Бермет Акаевага үйлөнгөндөн кийин сүймөнчүктүү күйөө бала Адиль Тойгонбаев Кыргызстандагы дээрлик бардык кирешелүү тармактарды көзөмөлгө алгандыгы убагында көп жазылган. Биринчи эле алкоголдук секторду, анын ичинен “Кыргызалко” АК жана Кара-Балта спирт заводун, кийин кабельдик ТВ, “Вечерний Бишкек” гезитин басып алган. Оппозициялык маанайдагы бул гезиттин редактору Александр Ким баштаган жамаат бүтүндөй кызматтан кетип, кийин “Моя столица” гезитин түптөгөндүгү да маалым. Бирок алардын аркасынан баскынчылар, бийлик адамдары аңдышып, оппозициялык маанайдагы материалдар жарык көргөндүгү үчүн “Учкун” басмаканасы дагы бийликтин көрсөтмөсү менен гезитти басуудан баш тарткан. Тойгонбаевге таандык Конституциялык соттун имаратына жанаша жайгашкан имараттагы “Инвестпроект” фирмасы, кандайдыр бир жолдор менен 5 миллион долларга бааланып, саттыкка коюлуп, анан 1, 7 миллион долларга эле казакстандык ишкерлердин колуна өтүп, кийин Тойгонбаевге таандык болуп калган “Кант цемент-шифер заводу”, Манастагы американын аскер базасына күйүүчү май ташып жеткирүү боюнча алектенген “Международный сервис Манас”, “Аалам Сервис” компаниялары. Бул күйүүчү майларды ташып жеткирүү боюнча алектенген эки фирма менен америкалык аскерлердин ортосундагы финансылык катышты эмнегедир Европалык чиновниктер казышып, 2001-жылдын декабрь айынан тарта эл аралык террорчулукка каршы коалиция Кыргызстанда күйүүчү май сатып алууда 13 миллион доллардын тегерегинде ашыкча короткондугун айтып чыгышкан. “Алга, Кыргызстан” деген партиясын негиздеген деп да эсептелет. Бул партия 2005-жылкы шайлоодо эң көп добуш алгандыгы маалым. Акаев бийлиги кулагандан кийин ага карата бир нече талап-тоноо, салыктан качуу, мамлекеттик мүлктү менчиктеп алуу ж.б. беренелер боюнча иш козголуп, бирок, аны Кыргызстанга алып келип соттоого кийинки бийликтегилердин күчү жеткен жок. Ал азыр Казакстандагы опозициялык Улуттук Конгрестин лидери деген маалыматтар бар.
 
Манжага алып санаганда Акаевдин күйөө баласы Адиль Тойгонбаев Кант цемент- шифер заводун, Кадамжай ртут комбинатын, Карабалта кант заводун, "Аэропорт Манас"АКын, "КыргызАлко" АК, "ШНОС"май куюуучу жайлар тармагын, "МИС" ЖЧК, "Бишкек-СЭЗдеги"   "Аалам Сервисти",    "КООРТ" телеканалын, "Вечерний Бишкек" газетасын, "Love Radio" радиостанциясын, "Айрек" рекламалык агенттигин, "КыргызИнфо" маалымат агенттигин, "Норус" лыжа базасын жана "КыргызТелеком" АКын башкарып турган.
 
Ал эми Акаевдин улуу баласы Айдар Акаевдин аты “Кумтөр” алтын кени менен да байланышат. Аны менен кошо экс-премьер Николай Танаевдин да ысымы кошо жүрөт (Бул боюнча өзүнчө кеп кылабыз).
 
Бул алтын кени иштеп баштагандан бир аз өтпөй эле аны иштеткен канадалык инвесторлор менен биздин чиновниктердин ортосунда башталган талаш-тартыштар бүгүнкү күнгө чейин токтобой келатат. Жылына 18 тоннанын тегерегиндеги алтын чыгат деген бул кенге негизи көп чиновниктерибиздин ысымдары байланышат экен. Ортодо канча деген комиссиялар түзүлүп, кыргыз бийлиги менен канадалыктардын ортосундагы түзүлгөн келишимдеги мыйзам бузууларды таап-таппай келишет. Ошол көп комиссиялардын биринде Айдар Акаевдин 2003-жылы Торонтодо өткөн “Кумтөр” долбоорун реконструкциялоо боюнча “Камеко” канадалык корпорациясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдө катышкандыгы айтылат. Белгилеп койчу жагдай, бул учурда Айдар мырза эч кандай мамлекеттик кызматта эмес болгон. Ошол сүйлөшүүдө мурда 66, 7 % болгон республиканын үлүшү жаңы компания  Centerra Gold Inc тарабынан 33% акция болуп калган. Бул реконструкциянын натыйжасында Centerra Gold 67% акция менен “Кумтөр” алтын кенин көзөмөлдөөгө ээ болгон экен.
 
Айтор, Айдар Акаев америкалыктарга күйүүчү май сатып ондогон миллион долларларды мамлекеттик каражаттан тоногон америкалык авиабаза жайгашкан “Манас” аэропортуна ээлик кылгандардын бири, ФБРдин маалыматына таянсак, Айдарга тиешелүү бул базада курал сатуучулар жана башка кылмыш топтору менен сүйлөшүүлөр жүрүп турган. Ошондой эле “Рентон-Групптун” акциялар пакетинин ири бөлүгүнө, өлкөдөгү Bitel GSM-операторуна ээлик кылган. Кыскасы, ММКлардагы маалыматтарга тансак, Айдар Акаев "НК Альянс" май куюуучу жай тармагын, "BITEL",   "FONEX" байланыш тармактарын,  "Иссык-Куль-Аврора" санаторийи,   "Кыргызское взморье" санаторйиндеги аймак, "Гүлкаыр” пансионаты,   "Silk Way"соода үйү, "Irish Pub"рестораны, "FIRST"бий клубу, "STARS" рестораны, "Народный" соода тармагы, "Бишкек” гостиницасы,  "Темир" ишканасы, "Кумтөр" ОА, "ЭлКат" ЖАК, "НБТ", "Пирамида" телеканалдары, Токмоктогу “Интергласс" айнекзаводу, "Мерседес-Барат” станциясы, Джалал-Абад пахта заводуна ээлик кылуу менен "СеверЭлектро" АК, "ОшЭлектро" АК, "Кыргыз Газ" АК,  "Кыргызнефтегаз"АК,  "Электрические станции" АК, "КыргызТелеком" АКтарынын каржылык чыгаша-кирешелерине көзөмөл кылып турган. Ага карата Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан финансылык мыйзам бузуулар менен мамлекеттик каражатты талап-тоноо, башка бирөөнүн мүлкүнө күч колдонуу менен тартып алып ээлик кылуу боюнча кылмыш иштери козголгон.
 
Биринчи канайым Майрам Дүйшөновнанын карамагында иши түшкөн бизнесмендер тарабынан байма-бай акча которулуп, капчыгы толуп турган «Мээрим» фонду жана бир катар кадрдык маселелерди чечүү иштери, "Берекет Гранд" соода борбору, "Континент" рекламалык фирмасы болгон.
 
 М.Акаеванын сиңдилеринин бири кадрлар боюнча агенттикте стат-катчы болсо, экинчиси Аязгүл Саркишева Талас областынын губернаторунун орун басары болуп, Таластагы «Дан Азык” комбинатын көзөмөлдөгөн. Үчүнчүсү У. Исаева Ысык-Көл областынын губернаторунун орун басары, бир тууганы А. Шамбетов Бишкектеги Ош базарын көзөмөлдөсө, дагы бири Германиядагы элчиликте кеңешчи, жээни Москвадагы элчиликте 2-катчылык орунду ээлеген.
 
Ал эми Аскар Акаевичтин бир бир тууганы “Кемин” улуттук паркын жетектесе, жээндери Манас аэропортундагы “СЭЗ-Бишкектин” начальниги, ИИМдин консулдук башкармалыгынын начальниги, ОАЭнин генералдык консулу болгон.
 
Кызы Бермет Акаева да мындай жетекчи болуу шыбагасынан куру болгон эмес. Ал   компании "Интраком Дженерал Машинери" компаниясында директор болуп, 2003-жылга чейин Женевада жашап, аба-деңиз жабдыктарын жана жаңы химиялык жана аскер технологияларын сатуу жаатында алектенген. Андан тышкары,   «Ага-Хан фонду», Орто Азиялык Америка Университетин  , «Алга, Кыргызстан!» партиясын жетектегендердин катарында болгон.   
 
Ушинтип, бийликтин аркасы менен үй-бүлөсү акырындап мамлекеттеги ылтыр-жылтырлардын баарын басып алганы аз келгенсип, Аскар Акаевдин тегерегинде жердешчилик, дос-катыштык өкүм сүрүп, Акаевдик Чүй-Кемин кланы акырындап кулач жайып баштайт.
 
Чүй-Кемин кланы
 
Бир канча салмагы бар бул кланга Сарбагыш уруусу басымдуулук кылат. Тагыраагы Аскар Акаевдин кичи мекени Кеминдиктер. Анан Нарын облусунун Кочкор, Нарын, Ат-Башы районунун бөлүгү. Кыргыз ССРин 25 жыл жетектеп келген Турдакун Усубалиев (ал Сарбагыш уруусунан болсо да аны Нарындыктардын кланына да кошуп жүрүшөт), Кыргызстан эгемендикти алгандагы биринчи президент Аскар Акаев, Акаев убагында Улуттук коопсуздук кызматын жетектеген Болот Жанузаков, Каржы министри Темирбек Акматалиев, ИИМ министри, Т. Усубалиевдин кадры Таштемир Айтбаев, Акаев бийлигин чыңдоого өзгөчө салым кошкон Конституциялык Соттун төрайымы- Чолпон Баекова, азыркы учурда ЖК депутаты, Акаев учурунда “Учкун” АКсын жетектеген Каныбек Иманалиевдер так ушул Сарбагыш уруусунан. Жердешинин президент болушу андагы сот департаментин жетектеген Карыбек Дүйшеев, Кырг ССРинин жогорку советинин президиумунун башчысы Арстанбек Дүйшеевдин уулуна да жардамын берген.
 
Бул Кеминдин Сарбагыш уруусундагы Акаевдин атасы Акай уулу Токойдун биринчи президент болгон уулу  Аскардан башка дагы бир уулу Асанкул Акаев дагы Кыргызстандагы 100 эң байдын катарына кирет. Бир катар партиялык иштерде иштеп, 1987-1998-жылдары “Чоң-Кемин” совхозун жетектеген. “Чоң-Кемин”  улуттук  жаратылыш паркын жетектеген адам.
 
Ал эми азыркы өкмөттү жетектеген, кадимки Жоомарт Кайыпович Оторбаев дагы Аскар Акаевдин туугандарынан болот экен. Анын атасы убагында университеттин ректору болуп, Аскар Акаевдин карьерада өйдөлөөсүнө жакшы салымын кошуптур. Көбүнесе Чүй кланынын өкүлү катары айтылып келаткан Жоомарт Оторбаев туурасында да өзүнчө сөз болот.
 
Бул Чүй кланынын Солто жана Тынай урууларынан бийлик бутактарында иштеп келген өкүлдөрү негизинен Мисир Ашыркулов, Ильяс Бекболотов, Чубак Абышкаев, Кубат Кожоналиев, Феликс Кулов. Булар негизинен Мисир Ашыркуловдун тегерегиндеги жакын адамдар жана прокуратура органдарына жана коопсуздук тармактарына таасирлери чоң.
 
Саясий чөйрөдө аты таанымал адамдардын катарында Сарбагыш уруусунан чыккан Султан Ибраимов, Арстанбек Ибраимов, Арстанбек Дуйшеевди жана Солто уруусунан чыккан Темирбек Кошоев, Кеңеш Кулматов, Апас Жумагуловдорду да айта кетүүгө болот.
 
Бул аты аталган адамдардын ар бирине токтолуу менен биз бүгүнкү күндөгү бийликтегилердин кимиси ким аркылуу саясатка келгендигине да күбө болчудайбыз.
 
(Уландысы бар)
 
Аида Надырбекова 
Булак: "Башат"