Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1416
Электр акынын айланасындагы талаш кышка чукул күчөйт окшоп калды. Эмнеликтен электр акы кымбаттаганын өкмөт башчы өзү илимий тилде ырастап, үч фазалуу электр тогун колдонуучуларга акынын кымбатташынын жөн-жайын жакшылап түшүндүрүп берди. Электр акы айына 150 киловатт-сааттан ашуун пайдалангандарга кымбатташы керектигин Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министрлиги жаздан бери  эле айтып келе жаткан. Маселе парламентке барып, андан кайра өкмөткө жөнөтүлүп, соңунда салыгы кошулуп 3 фазалыктарга электр акы 1 сом 23 тыйынга көтөрүлдү. Талаш ошондон кийин чыкты.
 
Эмнеликтен 3 фазалуулардын электр акысы кымбатташынын жөн-жайын министрлик алардын жалпы кардарлар арасындагы саны аз болгону менен, иштеп чыккан электр энергиянын теңине жакынын пайдаланып ийишерине байланштырылып түшүндүрүүдө. Жаамы дүйнөдө кардарлардын көбөйүшү ага кызмат көрсөткөн компанияларды ыраазы кылса, Кыргызстанда баары тескерисинче. Социализм тушунда курулуп калган кубаттуулуктарга ээ чыккан тармак заман талабына ылайык жаңыланып, кызмат көрсөтүүнүн  заманбап ыкмаларына өтө элек, кризиске белчесинен баткан тармакты алдыга сүрөштүн ордуна эскиче башкарууну калтырууну каалагандар бул жерде арбын. Мындай шартта электр энергиясын арбын колдонгондорго акыны кымбаттатып, тармакка аябай керектүү каражаттарды алардан өндүрүп алуудан башка арганы тармак жетекчилери ойлонбосо деле керек. Анын үстүнө жаңы экономикалык шарт тушунда Кыргызстан энергетикалык базарында үстөмдүк кылган бөлүштүрүүчү компания бирөө эле – “Түндүкэлектр” акционердик коому. Ага жакын арада атаандаш чыкчу компания деле көрүнбөйт.
 
Баарынан кызыгы - 3 фазалуу электр энергиясын колдонуучулар кымбаттаган бааны деле төлөшкө макул. А бирок, өкмөт кычыраган кыш келе электе кымбат баа электр акысы кайыл кардарларынын үшүн алып, кышкысын кыйгыс өчүрүүлөр болорун эскертүүгө өттү. Анын себеби деле элге дайын: кышкыга делген “Токтогул” көлүндөгү суу электр энергиясын азыркы ыраатынан жанбай ток иштетип чыгара берсе, кыш ортосуна жетпей көлдүн суусу тайыздап, төмөнкү ГЭСтердин баары токтоп калыш коркунучуна капталганы турат.
 
Кыргызстан өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев тармак кризиске белчесинен батып, өз арбайын сого албай, ал эми тарифтер өзгөрүлбөй, өтө эле оор жагдай түзүлгөнүн жашырбай жазды. Кызыккан окурмандар премьер-министрдин макаласын расмий сайттардан таап окуса болот.
 
Мындан төрт жыл илгери азыркы президент Алмазбек Атамбаев “электр акыны эч качан көтөрбөө керектигин”, андай иш “күнөөгө жатарын” жалпы эл алдында жар салып айтып чыккан. Президенттин ошондогу жалындуу сөзү ушу тапта маалымат каражаттарында кайрадан жаңырыктап,  жайкысын энергияны Орусия менен Казакстанга сатып, элге арзан электр энергиясын берише тургандыктарын ырастаган билдирүүсү, мурдагы бийликти кетирип, жаңысын орнотуп жатканда айтылган  жаамы журтка майдай жаккан убадасы элдин эсинен чыга элек экен. Президент карылар менен бюджетте отургандарга 200 сомдон акча берилерин да ошол 2010-жылы жарыя кылган. Арадан төрт жыл өткөндөн кийин айтылган сөз менен жасалган иштин айырмасы чыгып, өкмөт электр акыны азырынча 3 фазалууларга көтөрүүдөн, эмдиги жылдан тарта электр акы бардык кардарларга кымбаттатууда.
 
Жаңы тарифтердин киргизилиши мыйзамсыз экенин белгилеп, энергетика жаатындагы белгилүү эксперттердин бири Расул Умбеталиев  министрликти сотко берди. Парламенттин электр акыны өкмөт өзү жөндөшү керектигин тастыктаган мыйзам долбоору биринчи окуудан соң 15 күндөн кийин экинчисинен өтүшү керек эле. Мыйзам кабыл алуунун мына ушул эреже-талабы сакталбай, ушул жылдын 20-августунда күчүнө кирчү мыйзамды күтпөй Энергетика жана өнөр жай министрлиги жаңы тариф тууралуу буйругун 14-августта чыгарган. Эксперттин экономикалык талаш маселелерди карачу Бишкектин райондор ортолук сотуна берчү доо-арызы кандай укуктук баасын аларын эмитен болжош кыйын. Бирок да, социалдык орчун маселенин айланасында жаңыдан тутанып келе жаткан талаштын учугу дагы кыйлага созуларына кадиксиз ишенүүгө болот. Базар-нарк мамилелери үстөмдүк кылган шартта кайсы бир себеп-жагдайларга шылтоолоп, убада кылынган кызматты үзгүлтүккө учуратуу укуктук баасын алышы абзел. Андай болбогон күндө да электр баасынын көтөрүлүшү ушу тапта бийлик тизгинин кармап отургандардын саясий кадыр-баркын түшүргөндөн башкага жарабасы белгилүү.
 
Электр акынын аздыгы – энергетиктер алдыга жайчу жүйөөлөрдүн эң негизгиси. Эчен ирет айтыла берип, жазыла берип кулакка сиңип, өңү өчүп кеткен маселе. Тармактын жабдуулары эскирип, техникалык жабдыктары бир четтен жарактан чыгып жатканы деле талаш туудурбай турган жүйөө. А бирок ошол эле мезгилде энергетика тармагы белчесинен жем корлукка батып, оңор эмес акчалар кумга сиңген суудай дайынсыз жоголуп, көпчүлүк арасында “Ширшов схемасы” атын алган көрүнүштөн арыла албай келе жатканы деле жаңылык эмес. Энергетика тармагындагы реформалар ара жолдо токтоп, атаандаштыктын жайыла электигинен кирешеге айланчу тармак эмдигиче кризистен башы чыкпай келе жатпайбы.
 
Бекташ Шамшиев
Булак: "Саресеп"