Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1323
Кыргызстандын тарыхында бир эмес, үч ирет (1967, 1990 жана 2010-жылдары) кайталанган Ош окуясынын жараты эми гана айыга баштаганда бул каргашаны кайра баштап, кылымдар боюу кошуна жашап, куда-сөөк болуп, базары менен мазары бир болупк алган кыргыздар менен өзбектердин ортосуна кайрадан от жагууну көздөгөн күчтөр чыгууда. 
 
Баарынан таң каларлыгы, эгер бул чагымчылыкты мурда сырткы күчтөр жашыруун, атайын кызматтар жана К.Батыров, И.Абдурасулов, К.Абдуллаева жана башка агенттери аркылуу жасап келишсе, бул ирет ачыкка чыгып жаткандыгы болууда. Эмне, алар ушунчалык эле кыргыздар менен өзбектерди келесоо ойлоп, Кыргызстандын бийлигин алсыз, кайдыгер сезишеби? Эгер эсиңиздерде болсо, быйыл июнь айында парламенттин каникул алдындагы жыйындарынын биринде түштүк коогалаңынын себеби, күнөөкөрлөрү тууралуу көптү билген “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу  “Түштүктө Ош окуясын кайра баштоону көздөгөн күчтөр пайда болууда”,- деп чырылдаса, эч ким укпай койгон эле. Балким, ошондо К. Ташиев, А. Келдибеков, Р. Жээнбеков жана башка мамлекет үчүн “коркунучтуу” оппозиция лидерлерин аңдыган биздин атайын кызматтар депутаттын ушул сөзүнө көңүл буруп, маселенин алдын алуу чараларын көргөндө, өткөн жумада Ошто болгон окуя кайталамак эмес беле?
 
Дагы бир таң каларлык жагдай, ошол Ошто ПРООН тарабынан алгач гендердик теңчилик темасында өткөрүлө турган тегерек столдо Жогорку Кеңештеги бийликтин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина модераторлук (алып баруучу) кылып, “Республика” фракциясынын экс-лидери Назарали Ариповдун да катышкандыгы болууда. Жыйын башталар менен эле уюштуруучулар кимдир-бирөөлөр тарабынан өзбек кызынын зордукталгандыгын айткан атасынын  алдын ала даярдалган сөзү тартылган тасма коюлган. Аны кайдан-жайдан жетип... барган “Азаттыктын” журналисттери тартып алып, өз сайтына жарыялап жиберген. Мындайды күтпөгөн тегерек столдун айрым катышуучулары ошол замат сыртка чыгып кетип калышкан. Ал эми Н. Ариповдун өзүнүн айтуусунда, ал дароо видеотасманы токтоттуруп коюптур.
 
Мындан мурда ошол эле чет элдик уюмдар Ошто өзбек улутундагы жарандардын арасында улуттук касчылыкты козутууга багытталган сурамжылоо да өткөрүшкөн. Анда “Өзбек тилиндеги гезит, журнал, телевидение, радиолор жетиштүүбү? Жашоо-турмушуңар кандай, эч кандай кысым жокпу?”,- деген суроолор коюлган. Чет элдик уюмдардын мындай чагымчыл мүнөздөгү сурамжылоосуна Бабур драма театрында өзбек тектүү тургундар калаадагы ар улутту бири-бирине кайраштырууга аракет жасаган чет элдик уюмдарга каршы пикирин билдирген акция өткөрүшкөн. Ал жыйынга шаарда жашаган башка улуттун активисттери, аймактык кеңештердин төрага-төрайымдары, шаардык кеңештин депутаттарынан өкүлдөрү да катышкан. Ош шаарынын өзбек тектүү тургундары улуттар аралык чыр-чатакты тутандырган айрым чагымчыл жарандардардын ишмердүүлүгүнө нааразы экендигин "Сулайман-Тоо" аймактык кеңешинин төрагасы Давран Абдумажитов да билдирген.
 
Ооба, депутат Н. Арипов гендердик теңчилик темасын жамынган иш чаранын иш жүзүндө башка максатты көздөгөндүгүн айтып актанды. Балким, И. Карамушкина деле ушундай жооп берер. Бирок өлкөбүздүн башкаруу бийлигинин өкүлдөрү болгон Жогорку Кеңештин депутаттары эмне үчүн кайда, эмне максат менен бара жатышкандыктарын, андагы тасманын мазмуну, талкуулануучу темаларды алдын ала текшерип барышкан жок? Бул той же спорттук иш чара эмес да. Дагы жакшы, кеч болсо да эми гана жалбырттаган өрттү өчүрүп калууга үлгүрүшүптүр. Баарынан да кыргыз тилин, кырыгыз элин, жада калса бийликке жакпаган кыргыздын мыкты жигиттерин жамандоо менен Ак үйгө “медвежий услуга” көрсөтүп, “торпедалык” милдет аткарган Ирина айымга Ошто бышырып коюптурбу? Эмне, ал ошончолук эле кыргыз, өзбек аялдарынын тагдырына күйүп жатыптырбы? Бийликтин андан башка “бычакка сап” элге кызмат кыла турган депутаты калбай калганбы?
 
Эмнегедир эки эле эле эмес, бүтүндөй мамлекетибиздин тагдыры менен ойноп, түндүгүбүздөн от ыргыткандай чагымчылыдык иш жасаган депутат айымдын жоругун бул жумада эч бир кесиптеши айыптап, сын-пикирин айткан жок. Балким, бул маселе ачыкка чыгарылбай, парламентте жабык эшик артында талкуулангандыр. Адатта оппозиция лидерлери тосмодон секире койсо же кыйшык басса да асман көңтөрүлүп кеткендей ызылдатып жазган мамлекеттик да, оппозициялык да маалымат каражаттары оозуна кум куюп алгандай, унчукпай коюшту. Жада калса белгилүү ырчы Б. Борбиевдин Беларуска баргандыгын чоң трагедия кылып,  юбилейлик концертин үзгүлтүккө учуратуу үчүн ага каршы акция жасаган “дежур” пикетчилерди “жылдызга” айлантып, күндө “кара жащиктен” көрсөткөн атың өчкүр КТР эмнеге унчукпайт? Элдин эсебинен жашаган бул телеканалга Ош окуясы менен ойношкондордун кылык-жоругу, алардын артында турган чоң күчтөр көрүнбөй жатабы. Балким, “Азаттык” менен Би-би-Сиден “агарып-көгөрүп” КТР жетекчилигине жеткен Султан Жумагуловго “кызыксыздыр”. Бирок от менен ойногон, болгондо да эл өкүлү болуп саналган депутаттардын мындай жоругу же чет элдик уюмдардын буюртмасын аткарган иши коомчулук тарабынан ачык сындалып, өз баасын алыш керек болчу.
 
Ооба, акыркы ирет, 2010-жылы июнь айында кайталанган Ош окуясында уккан адамдын төбө чачын тик тургузган, жүрөктүн үшүн алган көрүнүштөр болду. Согушта эч качан бир тарап эле жеңип. Экинчи тарап запкы тартпай, анда эки жак тең кандайдыр-бир деңгээлде зыянга учурайт. Бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйып, үй-жайын  өрттөгөн көпчүлүк кылмышкерлер сот жообуна тартылды. Тилекке каршы ошол кедеги Убактылуу өкмөттүн кайдыгерлиги менен коркоктугунан коогалаңды уюштурган өзбек спеаратисттери К. Батыров, И. Абдурасулов, К. Абдуллаева жана башкалар качып кетишти. Алар азыр да ал жакта жөн жатпай, Кыргызстанга, кыргыз элине тишин кайрап, ар кандай чагымчылдык аракеттерди жасап жатышы мүмкүн. Балким, өткөн жумада Ошто болгон тегерек столго жамынган акциянын артында да ошолор тургандыр?
 
Эгер мындан төрт жыл мурда болгон Ош окуясына калыс баа бере турган болсок, карапайым кыргыз элинин эч кандай күнөөсү жок. Алар азыркы Ураинадан Сочи менен Донецк жана Луганск облусттарындай бөлүнүп калуу коркунучунда турган Кыргызстандын түштүк аймагын сактап калышты. Эгер Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана башка аймактардан мекенчил жаштар келип, Ошто үч күн тишине чейин куралданган, ок-дарысы бир ай боюу түгөнбөгөн адамдарды өлтүрүп, имараттарды өрттөп, талкалаган спеаратисттерди таш, тяк менен уруп,  көкүрөгүн окко тосуп мизин кайтарып, кууп чыкпаса, алар максатына жетет болчу. Ал эми ошол кездеги убактылуу бийлик жүргүзгөн мыйзамсыз кыргыз бийлигинин башындагылардын аларга сокку берүүгө күчү да, духу да жок болчу...
 
Баса, Ош коогалаңында аялзатын зордуктоо мындай турсун, адамдарды мыкаачылык менен өлтүргөн, Адылбек Султанов жана башка милиция кызматкерлеринин  Ислам мамлекетинин согушкерлериндей башын алып, денесин кескилеп, сөөгүн өрттөгөн мыкаачылык кылмыштар жасалган. 40тан ашык кыргыз жигиттеринин өлүгү бүгүнкү күнгө чейин табылбай жатат. Деги айта берсең, жүрөктүн үшүн алган окуялардын аягы бүтпөйт. Эмне үчүн И. Карамушкина ушулар, баласынан, күйөөсүнөн, атасынан ажырап, азыркыга чейин көз жашы кургай элек энелердин трагедиясы тууралуу тегерек стол өткөрбөйт?
 
Б.Акылбеков
Булак: "Башат"