Баш кесмек бар, тил кесмек жок.

                                                                       Эл макалы

 

Айланайындар?! Менин көзүм жумулганда өлүмтүгүмө- ашты кошуп өткөзгүлө? Себеби, бир жылдан кийин(1916) кыргызга кыргын түшөт. Андан ары деле журтубуз жыргап кетпейт. Ошондон кылым аралыгы «Сууга заара ушаткан (кабат үйдө жашаган) кайридин заман», анан «Кыргыз-ит жээр, бит жээр, ар ким өзүн хан шайлаган-убара

     заман» (2016) өткөндө гана кыргызга - «кыр ашкан заман» келет.

                                                                                                                           Байзак

 

Портфел колтуктаган бир мыйзамчы-тапанча кармаган жүз

каракчыга караганда көбүрөөк талап-тонойт.

М.Пьюзо

 

Эгер президент шалаакы болсо бийлик аялына өтөт.

Аялы да анча болбосо шоопуруна өтөт.

Ө.Текебаев

 

Ат бастыра албаган жолду бузат, эл башкара албаган букарасын бузат. Мынакей эгемендиктен бери Р.Отунбаевадан тышкары үч президент шайланганы менен Акаев “Швейцария кыламдан” баштап, Бакиев “тезек тердирем” деп элирип... акыры экөө теӊтышка куйрук түйдү. Азыр деле абалыбыз оор - теӊибиз тентип, калганыбыз ар кандай партиялык топко бөлүнүп, күндө пикет, Өкмөт үйдө өкүрүк, жол тосмой… ызы- чууда жашап келебиз. Кыргызстанда жалпы жонунан парламенттик башкаруу системасы бар. Бирок, жоопкерчиликтүү бийлик жок. Эч ким эч нерсени моюнга жүктөөдөн качат. Мыйзам боюнча президент Ангилиянын Королевасындай сый, баардыгын үстүнөн көз салып отурушу… партиялар уставы боюнча иш алып баруусу керек эле. А бизде андай эмес, масален социял-демократтар аталган «Ата-Мекен» - батыштын тилинде «солчулдар», азыр «оңчулдардын» таламында жалаң Текебаевдин кызыкчылыгы үчүн  кызмат өтөйт. Ал кааласа элди көчө тостурат, тиги же бу депутат сөзүн укпаса катардан кубалап чыгат. Натыйжасы көпчүлүк эч нерсе чечпей бу системада башкаруунун аты бар, заты жок. Ошондуктан биз кудум Крыловдун тамсилиндей бир жиптин учун чаян – жерге, балык – сууга, ак куу - асманга тарткан үч хандыктын астында жашап жатабыз. Жыл сайын өкмөт алмашат. Сатыбалдиев бере турган отчетту Оторбаев берет. Ал эми парламенттин ичи Ош базарынан жаман - депутаттар өз кызыкчылыгы, өз соодасы үчүн иштейт.

 

2010-жылкы ынкылаптан бери канча убакыт өттү? “Демократия - башкаруунун эӊначар системасы”,- деп Черчилл айткандай, кана эл турмушу жакшырганы? Андыктан, сөз башында “абал оор” экенин эскерткен себебим: өткөндө Бишкек шаарындагы митингке чейин “3- революция болот. Ошто-Мырзакматов, Көлдө- Жапаров, Жалал-Абадда- Ташиев, Нарында –Мотуев, Алайда-Келдибековдун тарапташтары биригиптир”,- дешип, ага тажиктердин чек арадан согуштук курал менен аткылоосу, жана Ж.Бакиевдин Үрүмчүгө келип кеткени жөнүндө суук кабар элдин үшүн алды. Көрсө бизде кыйраткан оппозиция деле жок экен. Бирок,буларга ички тышкы күчтөр кошулуп, жалпы тил табышса оор коркунучтун бардыгы да чындык. Себеби, революциянын бары чоӊакчасыз бүтүүчү эмес, мисалы 1917-жылы В.И.Ленин немис көпөсү А.Барбустун байлыгын колдонгондой... Мына “Манас” аэропортунан куулган АКШ бийлиги карасанатайлык кылып, жалпы бюжетинин 40%ин жалаӊдоллар басып чыгаруудан тапкан немелер капчык оозун ачып жиберсе, кенедей Кыргызстан Украинадан жаман ахыбалга кептелиши толук мүмкүн. Бул бир. Экинчи  жагы -Бакиевдер. Үчүнчүсү - диний экстремисттик топтор. Төртүнчүдөн коӊшулар ортосунда чечилбеген чек ара, суу маселеси бар. Андыктан, өткөндө “Биз негизи сырттан инвестиция тартпасак өзүбүздү-өзүбүз өнүктүрө албайбыз. Кокуй! Каражаттан мурун билим деӊгээлибиз жетпейт. “Кыргызгазды” орустарга сатуу, Камбар-Ата 2ни тажиктердей 12 эмес, 25 жылга кармата берүү керек”,- деген бийлик «дүжүрлөрүн» өзүбектер заматта жаактарын жап кылды. Эми муну укканда алар Атамбаев ойдаа сонун иштеди,өнүгүү үчүн улуттук идеология жок, ал жок, бул жок, эӊаягы шайлоого чейин жаштардан саясий элитаны калыптандыруу керектигин айтып актанып чыгышаары маалым. Ооба, кыргыз-казак президенттеринин жолугушуусунда Н.Назарбаев эӊтуура белгилегендей, Кудай сурап (протянутой рукой) жашаган турмушуӊделе курусун. Бизде анысы да, мунусу да бар. Менимче саясий эрк гана жетишпегенсийт. Маселен Манас бабабыз Алманбет-кытай, Эр Шууту- аӊгличан, Ыраман- орус, Көкчө-казак сыяктуу ар улут 12 хандыктан биримдик түзүп, “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” деген сөзү, же чогуу- чаран ынтымакта жогоркудай “кыргыз болуунун” өзү идеология эмей эмне? Эзелтен ар улуттун өзөгү эки нерседен тураары бышык. Алгач анын басып өткөн жолу. Андан соӊал жашаган ушу доор. Биринчиси Манас сыяктуу тарыхынан, экинчиден жалпы биримдик келип чыгат. Же улут өзгөчөлүгү калыптанат.

 

Эми биз “Кыргыз болгонубуз” кандай? Негизинен идеология: менменсинген дүйнөлүк философтор баш катырган менен так формулировкасы жок, илим жүзүндө мазмуну аныкталбаган иллюзиялык түшүнүк. Болгону ар бир элдин салт-санаасына жараша, К.Маркс белгилеген “Не в идеологии и пустынных гипотезах нуждаетя наша жизнь, а в том, чтобы мы могли бы жить, не зная смятения” деген эле кеп. Ооба. Кээде биз экөө эки башка түшүнүк экенине карабай улуттук идеяны, башкаруунун идеясына алмаштырып жүрөбүз. Маселен араб өлкөлөрүндө динден ашкан мыйзам жок. Ошентсе да, алардын ичинен мамлекет катары өнүгүп өсүп жашагандары көп. Айтмакчы Чеченстан Кыргызстан сыяктуу дини, дили, Совет доорунда баскан жолунан өйдө окшош калк. Бирок, бу жерде адамды адам кылган баш, а мамлекетти мамлекет кылган жакшы жетекчи экени чындык.

 

Кээде “Чыӊгыз чыккан кыргыздан - эмне үчүн Рамзан Кадыровдой элдик лидер чыкпайт?” деп ойлоном. Мындан жарым жыл мурун Москванын “Железная леди” телеберүүсүндө анын айтканын угуп кайрадан Манас тирилгендей сүйүндүм. Нака улутмандын улутманы экен. Жада калса журналистердин бирин, эгер андан интервью алгысы келсе мусулман аялдардай жоолук салынып отурууга мажбурлаганы дин тутунгандардын жүрөгүн туйлатаар көрүнүш го. Анан алиги “Сизди көпчүлүк эмнеден улам экинчи Сталинге салыштырышат?” деген (Хакамада) айымга: “Хан бир сүйлөйт. Ошого жараша ар улуттун өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Эгер мен, карапайым калк үчүн динге таянып,  бирок жалпы Россиялык мыйзамдардын чегинде катуу тартип колдонбосом - коррупция менен күрөшүү, же согуштан тыптыйпыл талкаланган Грозныйды 7, 8 жыл аралыгында азыркыдай гүлдөгөн шаарга айландыруу мумүн беле” деди. Мына чыныгы жетекчинин сөзү. А бизде болсо теӊирден тескери. 2010- жыл. Түштүктө кыйраган Ош, Жалал- Абадды кайра курууга кеткен грант, бюжеттик акчаларды кошсок- алданемедей жаӊы шаар курууга жетмек эле. Эми ошо салынган  үйлөр 3 жылга жетпей урай баштаптыр. Күнөөлүлөр бийлик башында отурду. Андыктан бизде кайдагы өнүгүп-өсүү. Жок. Муну айрымдар: “Абалыбызды таптакыр жаман дешке болбойт. Мына А.Атамбаевдин мөөнөтү бүткөн чакты дагы 3 жыл бар. Парламенттик шайлоого чейин саясий элитаны жаӊы көз караштан түзүп алсак эле, жыргап куунап жашап калабыз” деп жоромол жасоодо. Макул. Жаштардан батыштан окуган илим, билимдүүлөр табылаар. Бирок, мен ошол эгемендиктен бери калыптанбаган саясий элита аз убакыт аралыгында даярдалып, азыркы кыргыз жашоосунун казанында шакардай кайнабай  кантип өлкөнү өргө сүйрөп кетээрин ишенбейм.

 

Экинчиден ооба, Алмаз Шаршенович “2014- жыл мамлекеттүүлүктүн жылы” деп канчалык аракеттенбесин жалгыз дарак бак болбойт. Макул анын 7%тик барьерден өтүп, партиялык башкаруунун 30 пайызына жетпеген СДПКсы бар. Бирок, жеӊилин жерден, оорун колдон алган дасыккан командасы жок болгондон кийин жоопкерчилиги да жок. Үчүнчүдөн, жемкорлукту жоюуну этектен баштоо майнапсыз. Себеби, кескелдириктин куйругун кескен сайын, ал кайрадан жаӊырып чыга берет. Андыктан жогортон, же саясий коррупцияга каршы күрөшсө эӊтуура болмок. Менимче, бизде ошо жемкорлукту ооздуктоонун ордуна ага тескерисинче шарт түзгөн мыйзамдарыбыз жайнайт. Мисалы; “кылмыш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу”, же “шайлоо тизмесинде артта турган адам астыңкы менен сүйлөшүп депутат болот” дегени. Андан да, партия лидерлери майлуу, майлуу жерлерди бөлүштүрүп алганы - сизге кадимки соода-сатык базарды элестетпейби? Кыскасы, каолициялык көпчүлүк менен алар өздөрү түзгөн өкмөт ортосунда бири-бирине карама-каршы иштерди жасагандары кандай? Алсак, “Кумтөр” боюнча өкмөт - өздөрүнүн мээси жетпей кеңеш бергени үчүн 88 миллион сомду бюжеттин эсебинен батыштын акылмандарына төлөгөнү буга айныгыс далил. Андан дагы куру сөзгө курсак тойбойт.

 

2011-жылдан бери сот реформасы, акыйкаттык, балан- байтүкүн дейбиз. Кана турмуш өзгөрүп, ошо Апрель коогалаӊында 100дөй кишинин канына забын күнөөлүлөр жазаландыбы? Ачык айтканда арбак ыраазы болмоюн - азыркы кыргыз бийлигинин иши алга жүрбөйт. Парламентте Текебаев менен Кулов отурганда жалпы журтка жакшылык караманча жок. Мусулманчылыктын шартында суу сатуу (стратегиялык обьектилердин ичинен ГЭСтердин берилиши), тилемчилик менен жашоо - күнөө. Демек мындай башкаруу кыргыздын менталитетине дал келбээрин Кудай буйруса - Алмаз Шаршенович акыр түбү сезген окшойт. Себеби Кытайга барган сапарында биздеги Конституция түп нускага салыштырмалуу айрымачылык бардыгын ачык айтты. Негизинен партиялык башкаруу системасы элдин да тартибин бузуп бүттү. Ушундай, Кыргызстан жарга кептелген маалда улуу урматтуу президентибиз чечкиндүү кадамдарга, темирдей тартип колдонгон өнүгүүнүн кыска жолуна барып, ошо шайлоого чейин “... эгер мага ишеним артсаңар эл үчүн иштейм. Кийин силер балама ысык чай берип койгула?” деген убада сөзүн бүгүн да карманса, бул депутаттык корпусту таркатып, ага кошуп окмөт аппаратын жоюу менен АКШ, Өзбекстан мамлекетиндей – премьер-министрдин милдетин да өз мойнуна алуусу зарыл. Ооба муну Б. Обама жана И. Каримов бийлик жетишпегендиктен эмес, жалаӊүнөм үчүн жогоркудай жолду тандап отурушат. А бизде болсо теӊирден тескери, кенедей Кыргызстанда чиновниктердин саны жайнап, алар карапайым калктын эсебинен багылат. Маселен жыл сайын парламентке 700, өкмөт аппаратына 350 миллиондон ашык сом бюджеттен каржыланат. Бул сандар коомчулукка белгилүүсү гана... а жашыруун делгени канча.

Эми жогорку кепти уккан менин оппоненттерим “Ие, кокуй! Мурдагы аз санда депутаттар менен президенттик кошмо бийликке кайра барып, демократиядан таптакыр таябызбы,  ия?” деп, айкырып чыгышы мүмкүн. Эгер кимде-ким биздеги чүйгүндөп согумдун этин бөлгөн сыӊар бийликти ээлеген “үч хандыктын” кылыктарын, ачык айтканда СДПК партиясынын атынан борбор шаардын мэрдик кызматына - К.Кулматовдун талапкерлигин кудум КПССтин учурундай альтернативасыз шайлаганын; “Ата-Мекенден” Өмүрбек мырзанын кайта-кайта коалициялык көпчүлүктөн чыгып, кирүү менен парламентти базар кылып, өз кызыкчылыгына пайдаланган мыйзамдарын; “Ар-Намысчы” Ф.Куловдун кыргыз элинин тил саясатына каршы В.Дилди вицеликке дайындашын; Кыргызстанда жашап туруп, Барак анклавынын эли Американын президенти Б.Обамадан жардам сурап кайрылганын; былтыр Сарууда мамлекет ичинде мамлекет сыяктуу коменданттык саат жарыялап ийишкенин; соттук реформа жүрбөгөндүктөн Апрель Баатырлары төш белгилерин тапшырганын; Батукаевди качырып, Көлбаевди актаганын; тоок уурдаган тутулуп, миллион уурдаган кутулган акыйкаттуулуктун жоктугун; кен казууда “Кумтөрдөгү” жаратылышка келтирилген зыянды; баарынан кызыгы СДПК партиясынын сьездинде деӊгээлиӊтүшкүр Э.Эрматов “Президентти Баткендиктер “алкаш” деп атат” деп, келген конокторго уят кылганын - демократиялык жетишкендик катары бааласа, анда алар тереӊжаӊылышат. Ошондуктан жогоркудай башаламан үч хандык парламентаризмдин ордуна Ж.Сатыбалдиевди кетирген соӊ, ажо Ф.Кулов башкарган каолициялык көпчүлүктөн  Ж. Оторбаевди шайлатпай бул депутаттык корпусту таркатып тынса эӊтуура болмок...

 

Бирок мен өткөн макаламда эскерткендей, бир президентине ок атуу менен 6 коогалаңды башынан өткөргөн Түштүк Кореянын мисалында, же  кудум эле биздегидей  жыл сайын өкмөт алмаша берип бу калк түндүгүнөн да жакыр, ОПГ бийлик башына жетип, ийги иш жүрбөй кен байлыктар тышка ташылып, кара таман калк кыйналганда башкаруунун жаңы системасын ойлоп тапкан Че Пьэйдей өндүрүш тармагын теске салса, Р.Кадыровдой 2-сталиндик тартипти сактаса, ошондой эле интеграциялык жолдо эң биринчи кезек Н.Назарбаевдей чек ара маселесин чечип, анан адатынча “Кудай буйруса оңолуп кетебиз” деп ишин баштаса - азыр деле кеч эмес. Негизи, келээрки шайлоого чейин дагы далай убакыт калгандыгына карабай эмне үчүн дал ушул жолго түшүүнү суранганым: ооба, А. Атамбаев калган мөөнөтүн ушу бойдон отуруп аягына чыгышы да мүмкүн. Мейли тынчтык жол менен эле бийлик алмашсын. Бирок анда... жашоо кыйындаган соң жаӊы такка келген киши деле мурункусунан калган  жүктү астыга сүйрөп кетүүгө чама чаркы жетишпейт. Себеби, ие айланайндар! Бүткүл дүйнөлүк банктардын шартында эмес, түсмө-түс коңшу Кытайдан алган карыздын ордуна жерибизди берип кутулабызбы. Сөздүн ачыгы, А.Акаев Москвадан “Силер Кыргызстан үчүн коркунучтуу адамдын бийлигинде жашап жатасыӊар” деп, интернетке жазып коӊгуроо каккандай... бу жолдо кетсек - биринчиден эл турмушу ого бетер начарлайт. Экинчиден улуу урматтуу президентибиз такай көпчүлүктүн астында Кудайды кошуп сүйлөгөндү жакшы көргөндүктөн, Ыйык Куранда - суранып жашоо, же  суу сатуу күнөө экенин мурунтан туюнушу керек эле. Азыр биздин тышкы карыз 4 млрд.дан ашты (айрым эксперттердин эсебинде мунун тең чамасы акыркы жылдарда жыйылды). Алмайдын бермейи бар, (эгер 3- революция болбогон күндө деле жана “жарга кептелдик” деген сөздүн экинчи мааниси ушу) эмики президенттик шайлоого чейин бул сандар мындан дагы өсүп, мунун залдары келечек муунга тиет. Анан айланайын ак көз, кара көз билермандар!? Алардын убалы кимге? Ошондо убакыттан, баардык жагынан уттурабыз. Андыктан кыргыздын Настрадамус, Вангасы - олуя Байзак айткандай “Кыргыз кыр ашкан заманга “ жетүү, бүгүнкү баш аламандыкты токтотуу үчүн А.Атамбаев кескин кадамга, керек болсо Н.Назарбаев, Ч.Пьэй,  Р.Кадыровдой улутман атуулдук милдет аткарууга барат деп тереӊишенем. Бул жеке мен эмес, көпчүлүк күткөн кырдаал. Улуттун келечеги бүгүнкү шалтурук “начар системанын” же айрым алысты көрө билбеген адамдын айынан жабыркабашы керек.                             

 

ШАХ ЖУМА, жазуучу

Булак: “Майдан.kg”