Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2378
Күз келгени саясий оюндардын күнү тууйт, бийлик атаандаштары кезектеги жыйындарын, көчө жүрүштөрүн, коомдук пикирди козутуучу иш чараларын башташат. Бийлик башындагылардын дарегине биртоп ачуу сындар айтылат. Нааразылык чегинен чыгып кетсе кезектеги “элдик революциянын” дагы бир сценарийи ойнолуп кетиши деле  ыктымал.
 
Эгемендик тушунда бийликти күч менен алмаштыруу жаңылык деле болбой калбадыбы. 2005-жылкы ыңкылап үй-бүлө өзүмбилемдиги, экономикалык мүмкүнчүлүгү чакталуу республиканын  кирешелүү тармактары мамлекет башчысынын күйөө баласы менен уулунун энчисине тийип, жооптуу кызматтарга дайындоолор “канайымдын” каалоо-тилегине жараша чечилип калышынан  чыкса, беш жылдан кийинки экинчи алаамат деле “үй-бүлөлүк башкаруу” деген балакеттин айынан башталганы элдин баарына дайын. Айтсак, кийинки ыңкылаптын чыгышына электр акысынын кескин көтөрүлүп кетиши, сүйлөөк калктын чөнтөк телефонунан өөнөлгөн 60 тыйын себепкер болгону белгилүү. Жаманатты бийлик эгедерлери ээрден шыпырылгандан кийин кадимки “тезек” икаясын каалаганча шакабага алган аткаминерлердин  итиркейин келтирген электр акы кайрадан быйыл күзгө чукул көтөрүлүп чыкпадыбы. Электр баа 1 фазалуу эсептегичтерди колдонгон кардарлар  үчүн баштагы калыбында калып, 3 фазалуу эсептегичтерди пайдалангандарга  70% кымбаттап, өкмөт капчыгы калыңдардан арбыныраак акча топтоонун аракетине киришүүдө.
 
Аяк-башы бир жылга жакын талкууга салынып, дыкат эсептелген кезектеги электр акы артынан чоң социалдык жарылууларды алып чыгышы деле күмөн. Электр тогун ээн-элкин пайдалангандар, көмүр жакпай ток менен үйүн ысыткандар жалпы колдонуучулардын теңине да жакынын түзө албайт экен. Бааны жалаң кардарлардын мына ушул катмарына карата көтөрө бериш да кыйын. Эртеңки күнү ортодон табылган 36 миллион доллар акча кайда, кантип жумшалганы суралары турулуу иш. Себеп дегенде, электр тогун тиричилик максатта арбын пайдаланган кардарлар катарында жаңы заманда байып алгандар гана эмес, бийликтин бир бутагын чоюп отурган аткаминерлердин катары калың армиясы да бар. Жаамы өлкөнүн биртоп социалдык проблемаларын чечип келаткан тармактын кирешесин жалаң 3 фазалуу электр тогун пайдалануучулар эсебинен толтуруу аракети капчыгы калыңдардын деле нааразылыгын жаратышы толук мүмкүн. Кыргызстан шартында жалпы нааразылык кезектеги элдик революцияны жаратып ийиш ыктымалдыгын ээрчите жүрөрүн да эстен чыгарыш жарабайт.
 
Саясий оюн эрежеси,  ыраатка салынып калган ортолук келишимдер көбүнесе революциялар тушунда бузулары тарыхтан белгилүү. Ушу тапта Кыргызстан башынан кечирип жаткан калтыс саясий окуяларды, тез-тез кайталанчу революцияларды Европа өлкөлөрү мындан  үч-төрт кылым илгерээк баштан кечирип, бийликти  алмаштыруунун алгылыксыз жолун эл тажаганча сыноодон  өткөрүшкөн. Маселен, чексиз бийликке ээ өкүмдардын бийлигинен тажаган англиялыктар королду кубалап аксарайды айтылуу Оливер Кромвелдин колуна өткөрүп беришкен. Бул тарыхый окуя 1649-жылдын 17-мартында болуп өткөн. Король бийлиги өлкөгө кереги жок артыкбаш, анан да коркунучтуу кызмат катары айыпталып, улуттун улук орду “лорд протекторатка”  берилип, парламенттин таасири күчөгөн. Өкүнүчкө, жаңыдан баш көтөрүп  келаткан  буржуа менен бийликке өзгөчө үмүт арткан дыйкандардын тилеги ишке ашпай, жаңы өкүмдар шаан-шөкөткө жакын, анан да кечээ эле колдоп-жөлөп келген карапайым калкка кызыл камчы, жөн адамды киши ордуна көрбөгөн текебер, той-тамашага жакын амалпараз адам болуп чыкпаспы.
 
Балээнин баары беш жыл бийликте турган “лорд протектордун” капыстан о дүйнө салышынан кийин башталган. Королдун бийлигинен тажап, бирок көпчүлүктүн каалоо-тилеги менен бийликке келген “элдик өкүмдардын” кылган-эткенинен жүрөкзаада жүрүшкөн бийлик билермандары акыл калчай олтурушуп, карабашын калкалап француз королунун аксарайында күн өткөрүп жаткан канзадага барышып, анын Лондонго кайтып келип атамурасын улантышын, бийликке келишин суранышат. Өкүмдардын баштагы бийлиги жок, парламент кабыл алган мыйзамдарга гана кол коюп, ажырым турган аткаминерлерге калыс арбитр болуп беришин суранышып, акысына өзү, бала-чакасы - түгөл баары мамлекет эсебинен жашарын айтышат. Канзада макул болот, бийлик кумары ушунчалык экен, майталкандан таламандын тал тушунда ажыратып койгон “лорд протектораттын”сөөгүн да тынч койбой, үч жылдан кийин бийлик билермандары О.Кромвелдин мүрзөсүн казышып, жансыз денесин борбор аянтка алып келип асышып, кайра дал ошол жерге көөмп, үстүн тегиздеп коюшат.
 
Канат-бутагы кыркылган королдун бийлиги аты бар тек тек кожокөрсүнгө гана турганына деле кайыл, атын сактап, мамлекет эсебинен бейкапар, сый-урмат үстүндө жашоону жактырган өкүмдарлык ушу кезге чейин Англияда сакталып, аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийликтерин теске салып, мамлекет кызыкчылыгы үчүн баарынын башын бириктирип баш-көз болуп келатат. Мындан төрт кылым илгери Англияда өткөн окуяга абай салып, андан азыркынын жаңырыктарын издеп атыштын жөнү мындай. Европа өлкөлөрүндө, өзгөчө Англияда феоалдык коомдон буржуазиялык мамиле-катыштарга өткөн чакта, айылдан дыйкандар, жакырланган феоалдардын көбү сүрүлүп шаарга көчүп, өнөржай өндүрүшү аз-аздан жандана баштаган кыйын кезеңдерде нааразылык жыйындар, азыркы тил менен айтканда “элдик ыңкылаптар – революциялар” өтө көп өткөн.
 
Бир коомдон экинчисине өтүү кыйла эле карама-каршылыктуу, оңбогондой оор болору белгилүү. Кыргызстан сындуу мамлекеттик башкаруу каада-салты бекем орун-очок ала элек өлкөдө коомдук кыймылды ыксыз чайпалта берүү өлкөнүн бүгүнкүсү менен келечегине коркунуч жараткандан башкага жарабайт.
 
Бекташ Шамшиев
Булак: Саресеп