Азыркы өкмөт жаңы ишке киришип жатканда премьер-министр Жоомарт Оторбаев ар бир министрди маал-маалы менен маалымат жыйындарды өткөрүп, жарандык коомдун өкүлдөрү менен байма-бай жолугуп турууну милдеттендирген болчу. Оторбаев ушул айда өкмөт мүчөлөрүнөн отчет алат. Бийликтеги ишенимдүү булактардын билдиришинче, берилген планды убагында аткарбаган, ишин жөндөй албаган кээ бир министрлер кызматтан алынмакчы. Алардын арасында маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиеванын да ысымы аталууда.

 

Маданият министринин “маданияты”

 

Апрель айында азыркы өкмөттүн курамы бекип жатканда маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Камила Талиеванын көрсөтүлүшү кызуу талкуу жараткан эле. Бир катар маданият ишмерлери ачык каршылык билдиришкен. Жогорку Кеңештин өзүндө да курч талкуу болгон.

 

Камила Талиева депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып маданият тармагында реформа жасоого убада кылган: “Бул тармакта проблемалар, көйгөйлүү маселелер абдан көп. Айылдык маданият, айылдык китепканалар, клубдар, маданият үйлөрү боюнча системалуу иш жүргүзүү керек”.

 

Жоомарт Оторбаев премьер-министр кызматына эми дайындалганда Талиева ишин жөндөп кетет деп ишендирген эле: “Камила Талиева мамлекетке таанымал адис, саясатчы. Жогорку Кеңештин депутаты болуп, социалдык тармакты көзөмөлдөгөн вице болуп иштеген. Маданият тармагын да караган. Ошон үчүн ал бул ишти билет деп ишенем. Маданият тармагында чон реформа жасашыбыз керек. Буга Камила Абдразаковнанын деңгээли жетет. Реформа жасай алат”.

 

Талиева министр болгонго чейин эки жылдай өкмөт башчынын социалдык тармак боюнча орун басары болуп турду. Өзүнүн фракциялашы, депутат Айнуру Алтыбаева бул кызматта турган Талиева 12 катчы, 13 айдоочу жана 15 жардамчы алмаштырганын айтып чыкты.

 

“Азаттык” Талиеванын жардамчысы, катчысы, айдоочусу болуп иштеген бир катар адамдар менен байланышты. Дээрлик баары анын ачуусу чукул, кыялы чатак жетекчи экенин тастыкташты, бирок микрофонго сүйлөп берүүдөн баш тартты. Талиеванын кызматтык унаасын айдап калган бир айдоочу гана атын атабаган, үнүн өзгөрткөн шарттта гана маектешүүгө макул болду: “Жаңы ташып баштаганда үйүнүн алдына барып тура бериптирмин. Көрсө мен дароо үйүнө кирип, сумкасын көтөрүп чыгышым керек экен да. Чыгып алып “сен эмне отурасың”, деп мени урушту. Жолдо кетип баратканда урушуп турат. Жардамчыларына болсо такыр эле күн көрсөтпөйт. "Сен эмне мага упа-эндигимди бере калбайсың, мен деген боёнушум керек да" деп урушат. Урушканда да аябай орой урушат. Мен билгенден бери эле 7-8 айдоочуну алмаштырды. Келип алып эле "бул жакпайт, тигил жакпайт" деп эле сөгүп-сагып кетире берет. Убагында түшө калып эшигин ачып бербесең эле балээсине каласың. Өтө орой сөздөрдү колдонот. Көп балдар чыдабай качат. Басынтат, шоопурду киши катары көрбөйт. Жардамчысын да киши катары көрбөйт. Берки шоопуру ал вицеликтен түшкөндө аябай кубанып жүргөн, кутулганына сүйүнүп. Эми ким арызданат. Арызданганда деле ким аны карайт?”

 

Жогорку Кеңеште маданият министри кызматына Талиеванын талапкерлиги каралып жаткан чакта Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина ал жумуш убагында намаз окуп, иш боюнча келгендерди күттүрүп коёрун сынга алган эле: “Урматтуу Камила, мага Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү сизге байланыштуу арызданып келишти. Алар сизге отчет тапшыруу үчүн келсе, сиз "намаз окуп атам" деп аларды күттүрүп койчу экенсиз. Алар болсо мамлекеттик кызматкер иш маалында мамлекеттин ишин кылышы керек, эгер динге берилген болсо анда ошол динге кетиши керек деп нааразы болушту. Эми мындан ары кандай болот? Мен Конституцияны окуп чыктым жана сиз боюнча арыздангандардын дооматы жүйөлүү болгон деп эсептейм”.

 

Оторбаевдин тапшырмасы боюнча бардык министрлер май-июнь айларында жасаган иштери тууралуу кеңири маалымдап, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп турушу керек эле. Жалгыз Талиева гана “байланышта министр” деп аталган акцияны өткөргөн жок.

 

“Азаттык” министр айымдан маек алууга бир топ аракет жасады, бирок майнап чыккан жок. Өкмөттүн маалымат бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Торалиева Талиеваны көндүрүүгө күчү жетпесин мойнуна алды.

 

Камила Талиеванын жылдызы кантип жанган?

 

Эми Талиеванын кантип, кандай жагдайда мамлекеттик кызматка келгенин, депутат болуп өкмөт башчынын орун басары, министр деңгээлине көтөрүлгөнүн сөз кылалы. Камила Талиева 1995-жылы Ош педагогикалык университетин аяктаган. Эмгек жолун ошол эле жылы Жалал-Абад университетинде лаборант болуу менен баштаган жана 2005-жылга чейин иштеген. Бул убакыт аралагында кандидаттыгын жактаган.

 

Жалал-Абаддагы ысымы ачыкка чыгуусун каалабаган жарандык активисттердин бири Талиеванын саясий жылдызы март ыңкылабына чейин нааразылык акцияларда жанганын кеп салды:

 

- Жалал-Абад шаарында 2005-жылы, 23-февралда нааразылык акциясына чыккан эл мэриядан облакимчиликке чейин жөө жүрүш жасаган. Ошондо Камила биринчи жолу эл алдына чыккан. Жөнөкөй эле аял болчу. Ачык сүйлөп, бийликке акаарат келтирип, туура эмес жактарын айтып, элдин көзүнө көрүнгөн. Ошондо биз каякта иштейсиз, гезит-журнал окуйсузбу деп сураганбыз. ЖАМУда иштейм, гезит-журнал деле окубайм, аны сатып алганга акчабыз деле жок деп жооп берген. Саясаттан такыр эле алыс аял экенин билгизген. Бардыгы эле айылдан келген аялдар болгон да. Билимдери орто болгон. Ошолордун арасында Камила өзгөчөлөнүп турду да. Кантсе да ЖАМУда иштеген. 24-мартта бийлик алмашканда митингге чыккандар өздөрүн өздөрү билип, кабинеттерди талкалап кирип, бийликтин өкүлүбүз деп отурушту да. Анан Камила дагы мен губернатордун орун басары болом деп эле анын кабинетине кирип отуруп алган. Ошол кызматта иштеп турганда Майлы-Сууда мектеп окуучулары тамактан ууланган окуядан улам кызматтан алынган. Андан соң Бишкекке өкмөттө иштейм деп кетти. Бирок кызматка орношо албай бир жылдай жүрдү окшойт.

 

Талиева митингдерге катышканын танбаганы менен айтылуу ОБОНчулардын бири болчу деген сөздү четке кагып келет.

Талиева 2010-жылы Жогорку Кеңешке “Ар-намыс” партиясынын тизмеси менен келди. Парламентте “арнамысчылардын” лидери, “темир генерал” аттыккан Куловго каршы чыгышы менен аты чыкты. 2011-жылы сентябрь айында Токон Мамытов, Акылбек Жапаров жана Анвар Артыков баштаган 15 депутат кезексиз жыйынга чогулуп, Феликс Куловдун ордуна фракция лидери кылып ал кезде аты анча чыга элек Камила Талиеваны шайлашкан. Кулов бул чечимдин укуктук да, саясий күчү жоктугун айтып чыккан.

 

2012-жылы Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүнө Камила Талиева социалдык тармак боюнча орун басар болуп келди. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиева ал кызматын жөндөп кете алган жок деген баа берди: “Адам катары сын берүүдөн алысмын. Министр катары өзүн жаңыдан гана көрсөтүп келе жатат. Социалдык тармакты тейлеген вице-премьер-министр кезинде мен аны көп сындап келдим. Ишин натыйжалуу, жигердүү алып бара алган жок. Өзүн социалдык тармакты жакшы билген адис катары көрсөтө алган жок. Жеке адам катары Камила Абдразаковна менен жакшы мамилем бар. Адам катары, кыргыздын жакшы аракетчил аялдарынын бири катары сыйлайм”.

 

Камила Талиева Маданият министри кызматына Социал-демократтар фракциясынын атынан барды. Президент Алмазбек Атамбаевдин партиясы көрсөткөндүктөн,” анын колдоочусу - президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Икрам Илмиянов”,- деген сөздөргө жем таштады.

 

Талиева министрлик кызматка киришип-киришпей жаткан чакта четтеги кыргыздарды нааразы кылды. Казакстан, Орусия жана Түркиядагы кыргыз диаспора өкүлдөрү ага бойкот жарыялашты. Буга Астанада Талиеванын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган илимий жыйындагы, андан кийинки аракети негиз болду. 

 

Иш-чараны уюштургандардын бири, “Кыргызстан-Астана” этно-маданий биримдигинин жетекчиси Шавкат Исмаилов четтеги мекендештерди Талиеванын жергиликтүү телеканалдардын бирин бул иш-чараны өзү өткөрүп келгендей айтканы, жыйынга көңүл бурбай телефон менен сүйлөшүп отуруп алганы нааразы кылганын айтып берген эле:

 

- Камила Талиеваны конок катары чакырганбыз. Иш-чараны өзүбүз уюштурганбыз. Бардыгын даярдап программасын жибергенбиз. Аэропорттон тосуп алдык, бардык шартты түзүп бердик. Жыйындын төрүнө отургуздук. Иш-чара бийик деңгээлде өттү. Талиевадан акча сураган жерибиз жок. Жөн гана “балдар, азаматсыңар” деп койсо жетет эле. Менде "Замана" студиясындагы берүүнүн көчүрмөсү бар. Анда Талиева Астанадагы иш-чараны өткөрүп келдик деп сүйлөп жатат. Ал деген мен барып өткөрүп келдим деп айтканы да. Ошол жыйында академик чыгып сүйлөп жатканда телефон менен сүйлөшүп отуруп алганын биздин бир өкүлүбүз соткасына тартып алыптыр. Интернетке жаям дегенинен биз аны өчүртүп, тыйып койдук.

 

“Азаттык” парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын төрагасы Феликс Куловдун Талиева боюнча пикирине кызыкты. Кулов Талиева партиянын тизмесине кантип, кандай шартта киргенин айткан жок, бирок кийинки кызматтык дайындоолору боюнча кеп салды. Кыялы чатак деген сөздөр ага да жеткенин тастыктады:

 

- Вице-премьер кызматына көрсөтүлгөндө анын иши тууралуу олуттуу доомат жок болчу. Жазында өкмөттүн жаңы курамын талкуулап жатканда коопсуздук, чек ара маселелери боюнча вице-премьерди биз сунуштадык. Азыр Валерий Диль отурган вицелик кызматка да талапкерди биз сунуштадык. Эки вице бизден болуп калгандан кийин КСДП социалдык тармак боюнча өкмөт башчынын орун басарлыгына өздөрүнүкүн көрсөттү. Ушул жерден Талиеванын талапкерлиги боюнча суроо жаралды. Ал өкмөт башчынын орун басары болуп турганда маданият тармагын да караган. Бул тармакты билет. Шайлоого аз эле калгандыктан бул тармакка жаңы адамды дайындоо орунсуз болоор эле. Мен Талиеванын өзү менен бул темада сүйлөштүм. Тармакты башкарып кете аларын бышыктады. Талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан чакта ага каршы ар кандай акциялар болду. Мен адамды эч качан жамандабайм. Мен адамдын позициясын, айткандарын сындайм. Мисалы ал өзүнүн жардамчыларын, катчыларын, айдоочуларын бир канча жолу алмаштырды деп айыптады. Мен Камиладан эмнеге мындай доомат айтылып жатат деп сурадым. Ал болсо “мен эркек мүнөзмүн, мага жакпаса бетке айтам, бизде деген демократия да, жакпасам кете беришсин”, деп жооп берди. Мен мындай учурда эмне кыла алмак элем? 

 

Талиева баатырдын жары кандай болушу керектигин да изилдеп жүрөт

 

Камила Талиева илимден да алыстаган жок. Ушул тушта Манас эпосундагы баатырларга жар болуучу аялдардын сапаты тууралуу докторлук ишин жактаганы жатат.  “Азаттык” Талиева вице-премьер кезинде докторлук иши боюнча талкууларга өзү катышпаганына күбө болгон эле.

 

Ишеналы Арабаев атындагы педагогикалык университеттин Манас таануу институтунун жетекчиси Топчубек Тургуналиев Талиеванын катышпаганын эрөөн-төрөөнү жок деп билдирген:

 

- Ал киши кызматы боюнча Жалал-Абад жакта жүрөт. Ал киши талкууга катышса да, катышпаса да болот. Ал киши жок болсо деле мындай талкууну өткөргөнгө болот. Себеби ал үчүн протокол жазылат. Ал жерде биздин сунуш-пикирлерибизди түшүрөбүз да. Дисертант кайсы каалоолорду эске алат, же эске албайт, өзү билет. Талиеванын бул эмгеги Манас таануу илимине чоң салым экен. “Түрк тилдүү элдердин эпикалык чыгармаларындагы баатырдын үйлөнүү мотиви” деген темада жазды. Манаста баатыр деген көп. Бирок мамлекет, эл башчыга кандай жар керек деген маселе бар. Карабөрк дагы, экинчи аялы "Шоруктун кызы Акылай, Шоодураган капырай" дагы акылы орто экен. Ал эми Манаска акылман жар керек экен.

 

Жакында өкмөттө министрлер отчет беришмекчи. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев анда планды белгиленген мөөнөттө аткарбагандар, ишин жөндөй албагандарга чара көрүлөөрүн эскерткен:

 

- Көп иштерди бүтүрүүгө сентябрь айына чейин мөөнөт берилген. Биз ага чейин буйурса тыянак чыгарабыз. Талиевага дагы план берилген. Эгер ал план аткарылбаса ошого жараша чечим кабыл алабыз.

 

"Азаттык" байланышкан айрым аттуу-баштуу маданият кызматкерлери Талиевага министр катары баа берүүдөн баш тартышты. Айрымдары чоңдордун жаалына калуудан чочулап турушканын тымызын кыйытышты. 

 

Камила Талиева кичи ажылыкка - умрага да барып келген. Анын жүргөн-турганы, айткандары кызуу талкуу жаратып жүрөт. Өкмөт башчынын орун басары болуп турганда Нарында эл менен жолугушууда жардамчыларына кол чатыр карматып койгону менен эсте калды.

 

Министр кезинде Саякбай Каралаевди “композитор” деп айтты деп чуу жаралды. Эл артисти Нурак Абдрахмановдун тажыясында туура эмес кийингени сөз болду. Зейнеп Шакеева ырдаган “18 жашты”  Гүлсүн Мамашевага ыйгарып алды. Ушул тушта болсо интернетте Талиева “Кадиллак” үлгүсүндөгү кызматтык унаасын дем алыш күнү жеке маселелерин чечүү үчүн пайдаланып  жүргөнү кызуу талкууланып жаткан чак.

 

Элеонора Бейшенбек кызы

"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти